Шахзадакан Жумабекова, Асанкалый Керимбаевдин карындашы: “Асан акем телевизордон чыкканда бүт айыл сүйүнгөн”
Асанкалый Керимбаев бул жарыкчылыкта болгону 49 жыл өмүр сүргөн. Кайталангыс обончуну эскерүү үчүн бир тууган карындашы Шахзадакан Жумабекова менен маектештик.
– Эже, кыргыз эли сүйгөн обончунун бир тууганы болгонуңузга сыймыктанасызбы?
– Сыймыктанбагандачы?! Асан акем кандай гана мыкты инсан эле. Ал мен үчүн атамдан кийинки таянар тоом болгон. “Жакшы адамдар аз жашайт” деген чын окшойт, 49 жашында бизди арманга салып кете берди. Азыр аны эскерүүдөн башка аргабыз жок.
– Бүгүн агайды эскерип сиздердин балалыкка кайрылалы.
– Оо, биздин балалык аябай бактылуу болгон. Ата-энебизге эркелеп чоңойдук. Мен Асан акемден 7 жаш кичүүмүн. Менин атымды Шахзадакан деп Асан акем койгон экен. Көрсө, ал ошол мезгилде эле “Миң бир түн” жомогун, “Курманбек”, “Жаныш-Байыш” аттуу кичи эпосторду шар окуп калыптыр. Себеби эң улуу агабыз Султанкалый менен чогуу 5 жашында өзбек мектепке барып тамга таанып алат. “Асан “Курманбекти” окуганда ыйлай берчү, тим эле китептин барактары суу болуп калчу”, – деп апам айтып калар эле. Бала өңдөнүп бири-бирибизге каяша айтышкан эмеспиз. Аябай ынтымактуу чоңойдук.
– Асанкалый агай өзбек мектепте окуганбы?
– Ооба, өзбек мектепте окуган. Себеби манаптын тукумдары болуп советтик саясаттын айынан куугунтукталышкан да. Анан тагдыр ата-энебизди Өзбекстанга айдап барыптыр. Асан акемдин өз атасы Ысакжан ата 49 жашында каза болот. Апамды кийин тагдыр менин атам Ырысбекке жолуктурат. Ошондо 4 жаштагы Асан акем: “Өзүмдүн өлгөн атам тирилип келди”, – деп сүйүнүп, чыбык минип элге сүйүнчүлөгөн экен. Атам да Султан акем менен Асан акемди өз балдарындай көрүп, аябай эркелетип, өтө ынак мамиледе болот. Асан акем дароо эле “ата” деп алыптыр, апам кайын журтунан ыйбаа кылып “аке” деп айткын деп урушуп жүрүп атамды “аке” дедирген экен. Атам Улуу Ата Мекендик согушка катышкан, арабча кат тааныган, эл башкарган киши болгон. Асан акемди өзгөчө жакшы көрчү.
– Асанкалый агай кантип чыгармачылыкка аралашып кетти?
– Асан акем мектепте окуп жүргөндө эле чыгармачылыкка аралашып, оюн коюп, чоң атасы Керимбайдын ролун аткарып эл көзүнө көрүнөт. 5-классынан тартып Тургунаалы Орозов деген музыкант агайдан аккордеон үйрөнөт. Эң биринчи Какен Алмазбековдун калемине таандык “Кайдасың?” деген ырга обон чыгарат. Ал обону ак жолтой болуп элге тарап, чыгармачылыкка биротоло киришип кеткен. Эсимде, Асан акем алгачкы жолу 1968-жылы телевизорго чыкты. Анда элде телевизор жок болчу. Биздин айылда Орозбек Мырзырайымов деген киши телевизорду сыйлыкка алган. Бир айылга бир телевизор. Асан акем телевизордон ырдап чыкканда биз эле эмес, бүт айыл сүйүнгөн. Атам тим эле терисине батпай: “Асандын ыры чыгып... Асан ушинтип ырдап...” – деп ал окуяны далайга чейин мактанып жүрдү. Асан акемдин ар бир ыры чыкканда жарыктык киши баласын мактап эле жатып калчу. Бир да жолу ага өгөй баласындай мамиле кылган эмес. Асан акем да атама аябай жакын болчу. Атам “Асан келатат” дегенде малын союп, дасторкон жайдырып төрөдөй эле тосуп алчу. Ал өзгөчө куурдакты, дымдаманы жакшы көрчү. Анан Асан акем менен тамак ичүү өзүнчө бейиштей эле болчу, ар кайсыны айтып берип, ырдап берип, түн бир убакка чейин маектешип олтурчу элек.
– “Атама” деген ырын Ырысбек атага арнап чыгарган да ээ?
– Албетте, атам каза болгондо аябай жаман болгон. Анан кыркылыгында ушул ырды чыгарып келген экен. “Апа, акеме арнап ыр чыгардым, ырдап берейин угуңуз”, – деди. Аккордеонун сыздатып, өзү ыйлап ырдады, угуп олтургандардын баары ыйладык. Баарыбызды ыйлатып туруп, кайра тамашалап: “Апа, көрүндүк бересизби?” – деп күлдүрүп бир торпок алган. Кийинчерээк Салижан Жигитовдун “Шуулдаба, терегим, теректерим” деген ырына обон жазды. Ошол ырдагыдай атабыз чын эле миң түп терек тиккен.
– Ал өмүрдөн эрте кетерин билген дешет...
– Билген окшойт, сезген окшойт. Бир ирет апама: “Мен деле өзүмдүн Ысакжан атама окшоп элүүгө чыкпай өлөт окшойм”, – деп атпайбы. Апам: “Каяктагыны айтпачы, менин энем 19 жашында өлгөн, мен жүрөм го силердин жаныңарда. Пенденин оозунда болсо, Кудайдын кулагында болот. Жакшы сүйлөсөң”, – деп урушуп койгон. Өлөрүнө жакын: “Рысбай Абдыкадыров түшүмө кирип мени ээрчитип кетти”, - деп да айтып жүргөн экен. Айтор, ошол жылы мен үчүн аябай оор жыл болгон. 1999-жылы 28-майда апам каза болду. Арадан алты ай өтүп 10-декабрда Асан акем каза болду. Бир жылда эки тирегимден айрылып кан жутуп катуу кайгыргам.
– Асан акеңизден айрыларды сиз дагы сездиңизби?
– Менин үйүмө кайдан-жайдан бир ургаачы ит байырлап келди. Апам ыраматылык: “Үйдөгү аялдын жакшысы короодогу итинен билинет, итти жакшылап карагыла”, – дечү. Ал итти аябай бактым. Үч күн катары менен улуду. Иттин улуганы жаман эмеспи. Ичимден “өз башыңа көрүнсө экен” деп коём, же тигинин жаагы басылбайт. Тандырга нан жаап, жаңы бышкан нанды бир тегеретип алдына ыргыттым. Бирок болгон жок. Жүрөгүм бир жамандыкты сезгенсип өзүмө-өзүм батпай, бир орунда тура албай жаман болуп аттым. Асан акемди эмнегедир өлөт деп такыр ойлобоптурмун. Түн ортосунда короого дабырап эле кирип келишти, эшикти ача салсам, “Асандан айрылдык” дешти. Өзүмдү жоготуп коюпмун. Эми айта берсем арман көп, эрте кетти да, жашай турса болмок. Канча сонун тилектери бар эле, канча сонун ырларды жаратмак. Асан акемди азыр эстесем, азыр ыйлайм. Теле-радиодон ырларын уксам да ыйлайм. Анан кайра каниет кылам, ал өлбөс инсандардын катарында. Чыгармачылыгы менен экинчи өмүрүн жашап атат. Дүйнөгө түркүк болгон эч ким жок. Канча залкарлар өткөн. Кээ бири такыр унутта калды, ал эми Асан акемдин ырларын элибиз сүйүп угуп келет, ошондуктан анын ысмы унутулбайт дегим келет. Кудайга шүгүр, аркасында үч уулу калды. Ошолордун өмүрүн тилеп жүрөм.
