Тилек Токтогазиев: Кыргызстандагы ири соода дүкөндөрү эмнеге жергиликтүү дыйкандардын продукцияларын албайт
“Мөмө” ассоциациясынын түптөөчүсү Тилек Токтогазиев “Караван-Инфо” редакциясына жергиликтүү дыйкандар кез келген кыйынчылыктар тууралуу жана аны чечүү боюнча өзүнүн сунушун айтып берди.
- “Мөмө” ассоциациясы дыйкандарга канчалык деңгээлде жардамын тийгизүүдө?
- Бул ассоциацияны уюштуруудагы максатыбыз – дыйкандардын продукциясын экспортко чыгаруу болгон. Ал үчүн беш программа иштеп чыктык, биринчи – жаңы технологияларды алып келүү, дыйкандар үчүн жаңы технологиялар көчөттөрдү тамчылатып сугаруу системасын жеткиликтүү кылмак. Ошондой эле өсүмдүктөрдүн зыянкечтерге болгон туруктуулугун камсыз кылат. Экинчи – каржы системасын киргизүү. Дыйкандар жеңилдетилген насыяларды оңой алуусун шарттайт. Үчүнчү – кадр маселеси. Ал үчүн агрономдорду даярдоочу мектептерди ачып жатабыз. Ал жакта дыйкандарга консультациялар берилип турат. Төртүнчү – мамлекет менен кызматташууда жакшы шарттарды түзүү, жалпы бюрократиялык элементтерди жоюу. Бешинчи – продукцияларды экспортко чыгаруу.
- Бул программалар ишке ашып баштадыбы?
- Бардык жагынан иштеп жатабыз, бир жарым жыл болуп калды. “Мөмө” түзүлө электе сырттан келген көчөттөр 40 сомдон 60 сомго чейин баада сатылчу. Биз Италияга барып, багбандарга жолугуп, реалдуу бааларын билип, ортомчулардын “аппетитин” эпке келтирип, учурда бир көчөттүн орто баасы 25 сомго түштү. 1 гектар жерге 50 миң көчөт кетет, ошондо дыйкандарга 1 миллион сомдой үнөмдөөгө ассоциация шарт түзүп берди.
Андан тышкары клубника жана малина өстүрүүгө кызыккандар көбөйдү. Бирок аны өстүрүүгө билим керек. Биз агрономдорду даярдап, Колифорниядагы алдыңкы адистерди Кыргызстанга чакырып жатабыз. Июль айында дүйнө жүзү боюнча малинанын сырын эң жакшы билген адис Мигель Эрмес Ахумада келип, биздин агрономдорго сабак берип кетти.
- Ал адистерге сиздер кандай жол менен чыгып жатасыздар?
- Америкада бир жарым айдай жүрүп калдым. Ошондо Вашингтондо атайын Кыргыз-Америка бизнес кеңеши бар, ошол жактарга кайрылып, кат жазып, бизге адистер керек болуп жатканын билдиргем. Алар Колифорниядагы университет менен байланыштырып беришти.
- Союз убагында агрономдорду даярдоого өзгөчө көңүл бурулчу, азыр бизде бул тармак кандай акыбалда? Агрономдорду мыкты даярдоочу окуу жайлары барбы?
- Агрономдорду мугалимдер даярдайт эмеспи. А мугалимдер күчтүү болуш үчүн илим болушу керек. Көп тармактарда илим токтоп калып, биздин технологияларыбыз абдан артта калып кеткен. Жогоруда айткандай, бизде 8 тонна алынган түшүм, башка жакта 80 тоннадан алынат. Ушундай айырма өзү эле агрономия кандай деңгээлде экенин айтып тургандай. Биз ал боштукту жоюп, келечекте мыкты, күчтүү агрономдорду даярдоону максат кылып жатабыз.
- Дыйкандарды учурда кандай маселелер түйшөлтүүдө?
- Дыйкандар көп салыктан бошотулган. Бирок ошол эле убакта дыйкандар продукциясын бирөөгө, ошол эле супер маркеттерге сатам десе, эсеп фактураны сурашат. Аны дыйкандар бере албайт, анткени өздөрү КНС төлөшпөйт. Ошондо кырдаал мындай: башка мамлекеттерден айыл чарба продукцияларын ташып келип жаткандар эсеп фактура менен соода борборлоруна товарларын өткөрөт, а жергиликтүү дыйкандар өткөрө албай калат. Кокус соода маркеттер атамекендик дыйкандардын продукциясын сатабыз дешсе, анда үстүнө айла жоктон 12 пайыз кошуп туруп сатууга туура келет. Бул КНС, андан тышкары сатуудан түшкөн салыкты кошкондо.
Ошону менен башка мамлекеттен келген товарларды алуу биздин соода борборлоруна пайдалуу болуп калат. Жергиликтүү дыйкандардын товары алар үчүн кымбатка түшөт. Мисалы, клубниканы алалы, “Азия” же “Глобуска” тапшырчу болушса, дыйкан КНСтен бошотулган, а соода маркет бошотулган эмес, ошону менен сатыкка чыгарганда автоматтык түрдө үстүнө 12 пайыз кошулуп, 112 сом чыгып атат. Алып келген клубниканын баары сатылбайт, арасында чириги болот же өтпөй калышы мүмкүн, ал эсепке алынып дагы 20 сом кошуу керек. Акырында клубника 132 сом менен витринага чыгарылат. Эми мисалы, казакстандык импортер келип жатат дейли, ал айтат “эсеп фактура бар, 100 сомдон берем” деп. Ал 100 сомдун ичинде 12 пайыз КНС жатат. Ошону менен казакстандык клубника 122 сом болсо, Кыргызстандыкы 132 сом болуп калат.
Дыйкандарга ыңгайлуу болушу үчүн же баарын КНСтен бошотуу керек же баарына бирдей КНСти илүү керек. Ыңгайлуулук жаралса биздин соода маркеттер жергиликтүү продукцияларга басым жасап башташмак. Бул дыйкандарыбыз үчүн абдан чоң жардам болот болчу.