Жамин Акималиев, академик: “Элдин сыйы, илимдеги изим, өнөрдөн кол үзбөй ырдап жүргөнүм мен үчүн бакыт”
Адам тагдыры кээде өзү кыялданбаган нукка бурулат. Бирок ошол бурулушта намыс, эмгек жана сабыр коштосо, тагдырдын өзү да бийиктикке жетелейт. Академик Жамин Акималиевдин өмүр жолу дал ушундай. Комуздун күүсүн угуп, ырчы болууну самаган айылдык бала кийин кыргыз илиминин академиги, мамлекеттик ишмер, эл сыйлаган инсан болуп калыптанды.
– Жамин агай, бала чагыңызда илим эмес, өнөр сизди өзүнө көбүрөөк тарткан экен...
– Чын эле, жаш кезимде илимпоз болом деген ой оюма да келген эмес. Ырчы, обончу болуп, кыргыздын кымбат ырларын элге жеткирсем деп кыялданчумун. Айрыкча 12 жашымда айылга Муса Баетов келип, комуз менен “Ак Зыйнат”, “Даанышман”, “Ойгоном?”, “Окудуң борбор шаарынан” сыяктуу ырларды таң аткыча созуп ырдаганда жүрөгүм дирилдеп, сөзсүз Мусакемдей ырчы болушум керек деп өзүмө убада бергем.
– Бирок башка кесипке ээ болуп калыпсыз…
– Ооба, 10-классты бүткөндөн кийин ырчы болом деген оюма атам каршы чыкты. “Балам, ырчы менен соодагер болбойсуң”, – деп кесе айтты. Атамдын сөзү биз үчүн мыйзам эле. Ошол учурда ичимде канча бороон болсо да, каршы сөз айта алган жокмун. Ошентип, кыялым башка нукка бурулду.
– Айыл чарба институтуна келген учурду тагдыр чечкен учур десек болобу?
– Албетте, Айыл чарба институтунда абитуриенттер аз экенин угуп бардым. Зоотехник же ветеринар болом деп ойлогом. Бирок Горин деген агай: “Агроном бол”, - деди. Ошол бир ооз сөз менин тагдырымды өзгөрттү. Агроном, кант кызылчасы боюнча адис болуп калыптандым. Кийин кандидаттыкты, профессорлукту, академик даражасын алдым.
– Студенттик күндөрүңүз кандай өттү?
– Беш жылда эки институтту аяктадым айыл чарба жана орус тили. Үчүнчү курстан баштап 4–5 деген бааларга окуп, жогорку стипендияга жетиштим. 15 жашымда студент болгонум үчүнбү боюм башкалардан бир топ кичине эле. Орус балдар "Пацан" дегенине намыстанып, гимнастика менен машыктым. Бир жылдын ичинде боюм өсүп, келишкен жигит болуп чыга келдим.
– Чыңгыз Айтматов менен да өзгөчө мамилеңиз болгон экен. Кайдан, кантип таанышып калдыңыз эле?
– Институттагы алгачкы 1-сентябрдагы жыйында жарашыктуу кийинген, өзүнө ишенген, орусча таза сүйлөгөн жигит чыгып сүйлөгөн. “Бул ким?” десем, “Сталин стипендианты Чыңгыз Айтматов” дешти. Эки жыл бир окуу жайда окудук. Москвадан жакындан тааныштык. Андан кийин жарым кылымдан ашуун сырдаш, ишенимдүү мамиледе болдук. Ал мен тууралуу макала жазса, мен анын чыгармаларын ар дайым колдоп турдум. Турмушта да бири-бирибиздин сырларыбызды сактаган жакын адамдардан болдук.
– Турдакун Усубалиев менен иштешүү сиздин тагдырыңыздагы өзгөчө барак болсо керек…
– Ооба. Ал менин устатым, экинчи атамдай болду. 26 жашымда семинарда тааныштык. Бир жылда эки түшүм алуу тажрыйбабызды көрүп, ишеним артты. Ал менин тарбиям менен карьерама чоң таасир берди. 24 жыл бою анын көзөмөлүндө иштеп, чоң мамлекеттик мектептен өттүм.
– Артка кылчайып караганда, өзүңүздү бактылуумун деп эсептейсизби?
– Албетте. Элдин сыйы, илимдеги изим, өнөрдөн кол үзбөй, токсонго чыгып да комуз чертип, ырдап жүргөнүм - бул мен үчүн чоң бакыт.
– Сизди элге тааныткан нерсе эмнеде болду?
– 24–25 жашымда “Жалжалым” деген ыр менен радио жана телекөрсөтүүлөрдө популярдуу болдум. Элдин суранычына ылайык ырларым көп жаңырып турду.
