Кубатбек Маматов, ветеринар: «Кээде бир айылдын тагдыры ветеринардын чечиминен көз каранды болуп калат»
1 июль

Кубатбек Маматов, ветеринар: «Кээде бир айылдын тагдыры ветеринардын чечиминен көз каранды болуп калат»

Мал чарбачылыгы кыргыз элинин турмушунун ажырагыс бөлүгү. Бирок малдын ден соолугуна байланышкан коркунучтар көп учурда көз жаздымда калат. Айрыкча адамга жугуучу оорулар жөнүндө сөз болгондо ветеринардын жоопкерчилиги бир нече эсе жогорулайт. Көп жылдык тажрыйбасы бар ветеринар Кубатбек Маматов менен малдан адамга жугуучу илдеттер, кутурмага каршы күрөш жана бүгүнкү ветеринариянын көйгөйлөрү тууралуу маектештик.

- Кубатбек ага, ветеринар десе көпчүлүк малга укол салып, дары берип жүргөн адамды элестетет. Сиздин оюңузча, коом ветеринардын чыныгы ролун толук түшүнөбү?

- Толугу менен түшүнөт деп айта албайм. Көпчүлүк биздин ишти ооруп калган малды дарылоо менен гана байланыштырат. Чынында ветеринарлар адамдардын коопсуздугу үчүн да иштейт. Себеби дүйнөдөгү көптөгөн жугуштуу оорулар алгач жаныбарлардан чыгат. Биз оорунун алдын алабыз, вакцинация жүргүзөбүз, эпизоотиялык абалды көзөмөлдөйбүз. Бир сөз менен айтканда, малдын ден соолугун сактоо аркылуу адамдардын саламаттыгын коргойбуз.

- Сиздин тажрыйбаңызда бир айылдын тагдырына таасир эткен учур болгонбу?

- Болгон. Унутулгус окуялардын бири кутурма чыккан учур эле. Бир күнү аким шашылыш телефон чалып, айылдагы иттердин жүрүм-туруму өзгөрүп жатканын айтты. Дароо жетип бардык. Барсак, иттер бири-бирин тиштеп, эл арасында кооптонуу күчөптүр. Абалды көргөндө эле кутурма болушу мүмкүн экенин түшүндүм. Эгер ошол күнү чечкиндүү кадам жасалбаса, оору малга да, адамга да жайылып кетмек. Ошондуктан дароо санитардык чараларды көрүүгө кириштим.

- Бирок мындай чечимди кабыл алуу оңой болбосо керек?

- Албетте. Иттерди жок кылуу керек болгондо мергенчилер да кооптонду. «Эртең жооп берип калбайлы» дешти. Анан райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисине өзүм бардым. Ага: «Эгер бүгүн чара көрбөсөк, эртең кеч болот. Илдет жайылып кетсе жоопкерчиликти экөөбүз тең тартабыз», – дедим.

Ошондон кийин гана абалдын олуттуулугун түшүнүп, кызматкерлерди бөлүп берди. Натыйжада оорунун очогу дароо локалдаштырылды. Кийин лабораториялык анализдер менин шегимди тастыктап, кутурма экени аныкталды.

Эң негизгиси – оору айылдан сыртка чыккан жок. Ошондо ветеринардык кызматтын бир күндүк кечигүүсү кандай кесепетке алып келиши мүмкүн экенин дагы бир жолу түшүндүм.

- Кутурма эмне үчүн коркунучтуу оору болуп эсептелет?

-Анткени ал дээрлик айыкпас оору. Белгилери пайда болгондон кийин жаныбарды сактап калуу өтө кыйын. Ооруган жаныбар адегенде тынчсызданат, кийин агрессивдүү болуп калат. Ээсин тааныбай, кол салуусу мүмкүн. Оозунан көбүк агып, акырында шал болуп өлөт. Эң кооптуусу – бул оору адамга да жугат. Ошондуктан кутурмага шек жаралган учурларда убакытты өткөрбөй адистерге кайрылуу зарыл.

- Эл арасында “жылкы оорубайт” деген түшүнүк бар. Чын эле жылкы оорубайбы?

-Бул жаңылыш түшүнүк. Жылкы дагы бардык жаныбарлар сыяктуу эле ооруйт. Ал тургай кутурмага да кабылат. Мен мындай учурларды өз көзүм менен көргөм. Кээде эл жылкыны өтө чыдамкай жаныбар катары көрүп, анын ооруп жатканын кеч байкайт. Натыйжада жардам берүү кечигип калат.

- Ветеринардын ишиндеги эң оор учур кайсы?

- Малдын өзү сүйлөбөгөнү. Адам дарыгерине бейтап кайсы жери ооруп жатканын айтып берет. Ал эми ветеринар жаныбардын жүрүм-турумуна, сырткы белгилерине карап жыйынтык чыгарат. Кээде бир жаңылыш диагноз бүтүндөй чарбанын чыгымга учурашына алып келиши мүмкүн. Ошондуктан бул кесип чоң билимди гана эмес, чоң жоопкерчиликти да талап кылат.

- Айрым мал ээлери вакцинациядан качып жүрүшөт. Бул  кооптуубу?

- Өтө кооптуу. Көпчүлүк эмдөөгө кеткен чыгымды үнөмдөйм деп ойлойт. Бирок оору чыкканда тартылган чыгым андан бир нече эсе көп болот. Мисалы, бруцеллёз сыяктуу оорулар адамга жугат. Бир малдан башталган көйгөй бүтүндөй үй-бүлөнүн ден соолугуна зыян алып келиши мүмкүн. Ошондуктан алдын алуу – ветеринариянын эң күчтүү куралы.

-Ооруган малдын этин жеген учурлар дагы кездешет. Бул канчалык туура?

- Бул өтө чоң ката. Кээ бир адамдар чыгым болбосун деп оорулуу малды союп алышат. Бирок анын эти аркылуу адамдын организминине кооптуу микроорганизмдер түшүшү мүмкүн. Ден соолук акчадан кымбат. Ошондуктан оорулуу малдын этин колдонууга болбойт.

- Азыр ветеринария тармагынын эң чоң көйгөйү эмнеде?

-Айыл жеринде кадр жетишсиз. Жаштардын көбү бул кесипти тандагысы келбейт. Себеби иши оор, жоопкерчилиги чоң. Бирок кандай болгон күндө да ветеринария мамлекет үчүн стратегиялык тармак болуп саналат. Мал чарбасы өнүккөн өлкөдө ветеринардык кызмат дагы күчтүү болушу керек.

- Эл арасында малга дем салдырып айыктырууга ишенгендер бар. Сиз буга эмне дейсиз?

- Мен бир гана нерсеге ишенем: туура диагнозго жана туура дарылоого. Оору илим менен гана жеңилет. Малга дары керек болсо, аны сөзсүз адис аныкташы керек.

-Көп жылдык тажрыйбаңызга таянып айтсаңыз, жакшы мал ээси кандай болушу керек?

- Жоопкерчиликтүү болушу керек. Малды бактым деген адам анын тоютун гана эмес, ден соолугун дагы ойлошу зарыл. Убагында эмдетип, текшертип турушу керек. Анткени мал – бир эле үйдүн байлыгы эмес. Анын ден соолугу бүтүндөй айылдын, коомдун коопсуздугуна байланыштуу.