Акимжан Пернеев, илимий кызматкер: «Жаңгак токойлорун сактоо жана жаңыртуу – келечек муун үчүн жоопкерчиликтүү иш»
Жаңгак токойлору дүйнөлүк маанидеги уникалдуу генетикалык фонд болуп эсептелет. Бирок акыркы жылдары климаттын өзгөрүшү, мал чарбачылыгынын күчөшү жана адам фактору бул экосистемага олуттуу коркунуч жаратууда. Адистер бири-бири менен тыгыз байланышкан жана татаал тоо-токой экосистемаларын тез арада калыбына келтирүү зарылдыгын белгилешет.
– Акимжан Нуруллаевич, жаңгак токойлорунун бүгүнкү абалына кандай баа бересиз?
– Жаңгак токойлору – дүйнөдөгү эң уникалдуу экосистемалардын бири. Алар миңдеген жылдар бою сакталып келген табигый генетикалык фонд болуп саналат. Бул токойлор Кыргызстан үчүн гана эмес, жалпы адамзат үчүн баалуу табигый мурас.
Тилекке каршы, бүгүнкү күндө бул экосистема олуттуу коркунуч алдында турат. Эгер азыртан чечкиндүү чараларды көрбөсөк, келечекте бул кайталангыс байлыкты жоготуп алуу коркунучу бар.
– Жаңгак токойлоруна кайсы факторлор көбүрөөк таасир этүүдө?
– Негизги факторлордун бири – адам фактору. Малдын көзөмөлсүз жайылышы, токойду жайыт катары пайдалануу жана топурактын тапталышы экосистеманын табигый абалын бузууда.
Мындан тышкары, табигый факторлор дагы чоң таасир тийгизет. Ар кандай зыянкеч курт-кумурскалардын көбөйүшү, оорулардын таралышы жана климаттын өзгөрүшү токойдун табигый жаңылануу процессин кыйла начарлатууда.
– Климаттык өзгөрүүлөр жаңгак токойлоруна кандай таасир берип жатат?
– Климаттын өзгөрүшү бүгүнкү күндө эң олуттуу көйгөйлөрдүн бири болуп калды. Өзгөчө жаз мезгилинде кайра келген үшүктөр жаш өсүп чыккан жашыл бутактарды, гүлдөрдү жана жаңы байланган мөмөлөрдү үшүккө урунтуп, чоң зыян келтирет.
Кыш мезгилиндеги катуу сууктар дарактардын кабыгына терс таасирин тийгизсе, жайкы узак кургакчылык өсүмдүктөрдү суусуз калтырат. Натыйжада дарактардын адаптациялык мүмкүнчүлүктөрү начарлап, алар алсырайт, түшүмдүүлүгү төмөндөйт жана айрым учурларда эрте куурап баштайт.
– Жаңгак дарагынын түшүмдүүлүгү тууралуу эмне айтасыз?
– Токой шартында уругунан өсүп чыккан жаш жаңгак дарактары адатта 10–15 жашында, айрым учурларда 20–25 жашында гана алгачкы түшүмүн бере баштайт.
Жапайы жаңгак дарактары жай өсөт, бирок алардын өмүрү өтө узак болот. Кыргызстандын табигый жаңгак токойлорундагы жаңгак дарактары 300–350 жыл, кээде андан да узак жашашы мүмкүн. Бул алардын экологиялык туруктуулугун жана өзгөчө баалуулугун көрсөтүп турат.
– Малдын токойго тийгизген таасири кандай?
– Мал көп жайылган жерлерде топурак катуу тапталып калат. Натыйжада чөптөр азайып, жердин үстү жылаңач абалга келет. Мындай шартта жаан суулары жерге сиңбей, беттик агын суулар көбөйөт.
Бул көрүнүш сел жүрүү жана жер көчкү коркунучун күчөтөт. Ал эми мал киргизилбеген корголгон аймактарда чөптөр кайра өсүп чыгып, топурак жумшарып, табигый тең салмактуулук акырындап калыбына келе баштайт.
– Жаңгак токойлорунун көп ярустуу (катмарлуу) түзүлүшү деген эмне?
– Жаңгак токойлору көп ярустуу жана биологиялык ар түрдүүлүктү өзүнүн ичине сактаган туруктуу экосистема болуп эсептелет.
Бул жерде жаңгак дарактары менен катар алма, алча, өрүк, долоно сыяктуу дарактар, ар кандай бадалдар жана чөп өсүмдүктөрү бир экологиялык системада жашайт. Ар бир катмар өзүнүн функциясын аткарат: дарактар нымдуулукту сактайт, бадалдар топуракты бекемдейт, ал эми чөптөр жер кыртышын коргойт.
Тилекке каршы, учурда көп жерлерде ушул көп катмарлуу түзүлүш бузулуп, экосистеманын туруктуулугу төмөндөп жатат.
– Бул бузулуунун кесепети кандай болот?
– Эгер табигый муун алмашуу процесси токтосо, токой жаңыланбай калат. Жаш дарактар эскилердин ордун баспай калганда токой акырындык менен карыйт.
Мындай учурда биологиялык ар түрдүүлүк азаят, оорулар күчөйт жана экосистема алсырайт. Бул процессти биз «домино эффектиси» менен салыштыра алабыз.
Домино эффектиси деген – мурда туруктуу болуп турган тоо-токой экосистемасынын бир элементи бузулса же жок болуп кетсе, убакыттын өтүшү менен бүтүндөй системанын түзүмү талкалана баштай турган көрүнүш. Башкача айтканда, бир звено үзүлсө, бүт система кыйроого учурайт.
– Токойдун табигый жаңылануу процесси кандай жүрөт?
– Табиятта жаңгактын мөмөсү жерге түшүп, ылайыктуу шарттар түзүлгөндө жаңы көчөттөр өсүп чыгат. Бирок малдын ашыкча жайылышы бул процессти үзгүлтүккө учуратууда.
Ал эми корголгон аймактарда уруктар өнүп чыгып, жаш көчөттөр өсөт. Ошентип токой акырындап өзүн-өзү жаңыртуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
– Топурактын чиринди катмарынын ролу кандай?
– Илгери жаңгак токойлорунун алдында бир метрге чейин жеткен чиринди катмарлары болгон. Бул өтө маанилүү биологиялык ресурс болуп эсептелет.
Чиринди топуракты азыктандырат, нымды сактайт, өсүмдүктөрдү сууктан жана ысыктан коргойт. Ошондой эле табигый жер семирткичтин кызматын аткарат. Азыркы учурда бул катмарлардын азайышы топурактын сапатына терс таасирин тийгизүүдө.
– Жаңгак дарактарынын көңдөйлөнүп кетишинин негизги себеби эмнеде?
– Кыргызстандын табигый реликттүү жаңгак токойлорунда жаңгак дарактарынын жыгачтарынын көңдөй болуп калышынын негизги себептеринин бири – өтө коркунучтуу Inonotus hispidus Kart. аттуу козу карын.
Бул козу карын дарактын өзөгүнө кирип алып, аны акырындык менен ичинен чиритет. Натыйжада сыртынан соо көрүнгөн дарактын ички түзүлүшү бузулуп, анын туруктуулугу төмөндөйт.
– Негизги көйгөйдү чечүү үчүн кандай чаралар зарыл?
– Биринчиден, малдын көзөмөлсүз жайылышын чектеп, токойду коргоону күчөтүү керек.
Экинчиден, көп ярустуу тоо жаңгак токойлорунун экосистемасын тезинен калыбына келтирүү боюнча чечкиндүү кадамдар талап кылынат.
Менин оюмча, төмөнкү эки демилге өзгөчө маанилүү:
Биринчи, Кыргызстандын табигый реликттүү жаңгак токойлорун сактоо, калыбына келтирүү жана аянтын кеңейтүү максатында туруктуу иштей турган Эл аралык экологиялык фонд түзүү зарыл.
Экинчи, Кыргызстандын табигый реликттүү жаңгак токойлорун байыркы геологиялык доорлордон сакталып калган уникалдуу табигый эстелик катары ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүү учурдун талабы болуп саналат.
– Маегибиздин соңунда эмнени белгилегиңиз келет?
– Биздин негизги максат – реликттүү жаңгак токойлорун сактап калуу. Бул биздин улуттук байлыгыбыз, биологиялык жана генетикалык мурасыбыз.
Эгер бүгүн аракет кылбасак, эртең бул уникалдуу экосистеманы жоготуп алышыбыз мүмкүн. Ошондуктан жаңгак токойлорун коргоо, калыбына келтирүү жана келечек муундарга бүтүн бойдон өткөрүп берүү – ар бирибиздин жарандык жана экологиялык милдетибиз.
