Алмазбек Кожогулов, сүрөтчү: “Сүрөтчү дүйнөнү көзү менен эмес, жүрөгү менен көрөт”
27 май

Алмазбек Кожогулов, сүрөтчү: “Сүрөтчү дүйнөнү көзү менен эмес, жүрөгү менен көрөт”

Өнөр  адамдын жан дүйнөсүн сүйлөтүп, жүрөктөгү сезимди түскө айландырган өзгөчө дүйнө. Айрым адамдар бул дүйнөгө жөн гана кызыкса, айрымдары аны менен өмүр бою жашайт. Сүрөтчү Алмаз мырза дал ошондой чыгармачыл инсандардын бири. Үй-бүлөсүнөн келген өнөрдүн жолун улап, бүгүнкү күндө май боёк, жип жана жыгач аркылуу өзүнүн ички дүйнөсүн элге тартуулап келет. Анын эмгектеринде жаратылыштын сулуулугу, тарыхтын изи жана адамдын терең сезими чагылат. Биз сүрөтчү менен чыгармачылык, илхам жана өнөрдүн күчү тууралуу маектештик.

– Алмаз мырза, чыгармачылыкка болгон сүйүүңүз кайдан башталган?

– Чыгармачылык биздин үй-бүлөнүн канында бар десем жаңылышпайм. Апамдын өзүнүн табигый шыгы бар эле. Ал кооздукту сүйгөн, ар бир нерсеге өзгөчө көз караш менен караган адам болчу. 1950-жылкы эжем дагы чоң сүрөтчү болгон. Анын эмгектерин көрүп, сүрөт дүйнөсүнө кызыгып чоңойдум. Кийин мен дагы, иним дагы ушул өнөр жолуна түштүк. Кээде ойлоп кетем өнөр адамды өзү тандайт окшойт деп. Анткени сүрөтчүлүк жөн эле кесип эмес, бул  адамдын жан дүйнөсүнүн үнү.

Сүрөтчү  жүрөгү менен сүйлөгөн адам. Кээ бир адамдар сөз менен жеткире албаган сезимин сүрөтчү бир боёк, бир сызык менен айтып коёт.

– Сизге идеялар көбүнчө кайдан келет?

– Идея деген өзү жашоонун ичинен жаралат экен. Сүрөтчү эл менен аралашып жүрөт, адамдардын тагдырын көрөт, табияттын үнүн угат. Ошолордун баары акырындап жүрөккө топтолот дагы, бир күнү чыгарма болуп жаралат. Кээде бийик тоолордон илхам алам. Кыргыздын асман тиреген аскасын, мөлтүр суусун, шамалга термелген талаасын көргөндө жүрөгүңдө өзүнчө бир сезим ойгонот. Табият  эң улуу сүрөтчү. Биз болгону анын сулуулугун элге жеткиргенге аракет кылабыз.

Кээде тарых дагы шыктандырат. Кыргыз элинин өткөн жолу, баатырлары, эски доордун издери  мунун баары чоң дүйнө. Сүрөтчү ошол тарыхты боёк аркылуу сүйлөтөт.

– Сиз ар кандай техникалар менен иштейт экенсиз…

– Ооба, мен бир эле багыт менен чектелгим келбейт. Май боёк менен портрет, пейзаж тартам. Андан тышкары жип менен дагы сүрөттөрдү жасайм. Жип менен иштөө өзгөчө чыдамкайлыкты талап кылат. Ар бир жип өз ордун тапмайынча чыгарма толук болбойт. Бул дагы жашоого окшош. Адамдын тагдыры дагы майда жиптерден токулгандай сезилет кээде.

Жыгач менен дагы иштейм. Жыгачтын өзүнүн жаны бар деп коём. Аны кармаганда табияттын демин сезесиң. Андан ар кандай кооз буюмдарды, көркөм эмгектерди жасайм. Негизи сүрөтчүлөр көп өнөргө жакын болушат. Себеби чыгармачылык адамды токтотпойт, дайыма жаңы нерсе издетет. “Өнөрлүүнүн өрү бийик” деп бекеринен айтылбайт да. Өнөр адамды бийиктикке жетелейт.

– Жеке көргөзмөлөрүңүз тууралуу айтып берсеңиз?

– Эки жолу өзүмдүн жеке көргөзмөмдү ачтым. Бул мен үчүн чоң сыноо дагы, чоң бакыт дагы болду. Анткени сүрөтчү ар бир чыгармасына жан дүйнөсүн кошот. Көргөзмөгө эл келгенде сен алардын көз карашын байкайсың. Кээ бир адамдар сүрөттү узак карап туруп калышат. Ошондо “чыгармам алардын жүрөгүнө жетти окшойт” деп сүйүнөсүң.

Айрыкча жип менен жасалган портреттер менен пейзаждар элдин кызыгуусун жаратты. Жыгачтан жасалган эмгектеримди дагы жакшы кабыл алышты. Элдин жакшы сөзү сүрөтчү үчүн чоң дем берет. Анткени чыгармачылык мактоого эмес, түшүнүүгө муктаж.

Сүрөтчү үчүн эң чоң сыйлык – элдин суктануусу.

– Сүрөтчү болуунун эң оор жана эң бактылуу жагы эмнеде?

– Сүрөтчү ар бир ишин жүрөгү менен жасайт. Ошондуктан чыгармаңды эл жакшы кабыл алса, өзүңдү асманда учуп жүргөндөй сезесиң. Илхамың көбөйөт. Дагы жакшы иштерди жасагың келет. Ал эми эмгегиң бааланбай калса, көңүлүң ооруйт. Кээде илхам дагы алыстап кетет. Бирок чыныгы сүрөтчү эч качан токтобойт. Себеби өнөр  бул өмүр бою уланган сапар. “Сүрөтчү дүйнөнү көзү менен эмес, жүрөгү менен көрөт” деген сөз бар. Мен ушул сөзгө абдан ишенем.

– Келечектеги максаттарыңыз кандай?

– Мындан ары дагы чыгармачылыгымды өнүктүрүп, жаңы эмгектерди жараткым келет. Кыргыздын жаратылышын, улуттук дүйнөсүн, адамдардын ички сезимин сүрөттөрүм аркылуу көрсөтүүнү каалайм. Ошондой эле жаш сүрөтчүлөргө дем берип, өнөрдү сүйгөн адамдар көбөйсө дейм. Себеби искусство бар жерде руханий байлык болот. Өнөр адамдын жан дүйнөсүн тазартат.

Сүрөтчүлүк  бул жөн гана сүрөт тартуу эмес. Бул  убакыт менен сүйлөшүү, сезимди түскө айлантуу, өмүрдү түбөлүккө калтыруу.