Нурзат Абдыбаитова: Айлыкка жашаган адам дагы акча топтой алат
Канча акча тапканың эмес, канча акча коротконуң маанилүү, – финансы эксперттери дайыма ушул сөздү айтышат. Рынок шартында ар бир адам өзү үчүн эмгектенет жана киреше-чыгашасы үчүн өзү жооптуу. Эмнеге көп учурда кирешебизден чыгашабыз көп болот жана аны кантип теңдештирүү керек? Аз айлык менен акча топтоого мүмкүнбү? Карызга батуу – турмуш кыйынчылыгыбы же адамдын катасыбы? Ушул жана башка суроолорго экономист-финансист Нурзат Абдыбаитова жооп берди.
– Каржы сабаттуулугу адам үчүн канчалык маанилүү?
– Негизи акчаны табуу эмес, аны башкара билүү маанилүү. Тилекке каршы, бизге чейинки муун балдарын тарбиялоодо каржы сабаттуулугуна маани беришкен эмес. Бирок бүгүн – каржы жаатынан сабаттуулардын заманы. Бакыбаттуулугубуз, ал турмак ийгилигибиз – биз акчаны канчалык башкара алаарыбызга байланыштуу. Эгер сиз айлыкты жеткирүүдөн чарчасаңыз, акчаңызды көзөмөлдөгүңүз келсе жана кирешеңизди тартипке салууга умтулсаңыз, анда каржылык сабаттуулукка ээ болууга аракеттениңиз.
– Бирок каржы сабаттуулугу байлар үчүн керек деген түшүнүк дагы жок эмес. Айдан айга айлыкка жашаган жана айлыгынын көбөйүшү өзүнөн көз каранды болбогон адам каржылык сабаттуулукка ээ болуу менен эмнеге жетишет?
– Каржы сабаттуулугу ар бир адам үчүн керек: ал бай же катардагы жөнөкөй адам болсун. Сабаттуу болуу эмнени өзгөртөт дегенди талдайлы: акча кайда кетип жатканын билесиң; акчаны топтой баштайсың; акча сени эмес, сен акчаны башкарасың.
Ал эми каржы сабаттуулугу жок болсо, айлык тез түгөнөт, карыз көбөйөт, инфляция жеп кетет, анын айынан адам стресске батат, эртеңки күнгө болгон коркуу орун алат.
– Айлык менен жашагандар, айдан айга күнүмдүк чыгымдарды эптеп жаап жаткандар акчаны кантип топтойт? Бул реалдуубу?
– Биринчи, акча эмнеге сакталбайт деген суроого жооп берели. Адам айлык алат, менимче, баарында эле айлыгынан кайсы бир сумманы сактоо кыялы бар. Бирок айдын аягында эч нерсе калбайт. Себеби, көбү артып калган акчаны топтойм деп ойлошот. А акча качан эле артып калчу эле. Акча сактоо – бул айлык түшкөндө дароо өзүңө бөлүп коюу. Балким жалпы сумманын 5 пайызын же 10 пайызын. Аз болсо дагы туруктуу негизге топтоо көп нерсеге жол ачат. Биринчи – өзүңө болгон ишеним жогорулайт, анткени сенде аз болсо да “финансылык жаздык” бар. Экинчи – сен акча топтоого көнө баштадың, бул адатка айланууда.
– Карызга батып калуу бул эмнени билдирет: кирешенин аздыгынбы же чыгашанын көптүгүнбү?
– Карызга батуу – айлыктын суммасынан эмес. Анын негизги 5 себеби бар:
1. Акча эсептелбейт. Айлык келет, акча алат, бирок анын кайда кеткенин өзү да билбей калат. Эсеп жок жерде – карыз орун алат.
2. Карыз нормалдуу көрүнүш болуп калган. Карыз ала турайын, кийин берип коем да, – деп алып отуруп, жашоосунун бир бөлүгүнө айланат.
3. Чыгаша- кирешеден мурда, каалоосун биринчи орунга коюп алышат. Башкача айтканда, “жуурканына жараша бут сунбайт”. Мисалы, телефон алат, белек алат, тойго барат. Анан карыз ушул жерден башталат.
4. Резервде акча жок. Кээде күтүлбөгөн чыгым болуп калса, айласыздан карызга батууга туура келет.
5. Чечимди эмоция менен кабыл алат. Дүкөндөн, интернеттен бир оокат көрсө, ойлонбой сатып алат.
– Карыз чынжырын кантип үзүүгө болот? Карызга батып калган адам карызынан кутулууга жана экинчи карыз албоо адатын калыптандырууга мүмкүнчүлүк таба алабы?
– Карыздан кутулуунун биринчи кадамы – кагаз, калемсап алып карыздарды жазып алабыз: кимге, качан жана канча сумма. Туура тартиби менен төлөп баштайбыз. Көбү карыз бергендердин кимиси көп телефон чалып жана урушуп баштаса, ошонун акчасын кайтарууга аракеттенет. Бул эмоция менен төлөө болуп калат. Негизи эмоция эмес, стратегия менен төлөш керек. Туура төлөөнүн 3 тартиби:
1. Туум жүргөн карыз – бул күн сайын өсүп турат да, төлөгөн учурда да көбөйө берет. Ошондуктан, ушуну биринчи жабууга аракеттенүү керек.
2. Пайызы чоң карыз – бул мисалы, кредит. Пайызы көп болгондуктан, эрте жабуу – жүрөккө жеңилдик берет.
3. Майда карыз – аны жабуу адамга мотивация берет.
Ушул тартип менен жапканда карыздан эртерээк кутулуу мүмкүнчүлүгү жаралат.
– Бүгүнкү күндө көпчүлүк адамдардын акча жаатында кетирип жаткан эң чоң катачылыгы кайсы деп ойлойсуз?
– “Акчамды жеткире албай жатам, акчам аз” дегендерди көп угабыз. Бирок чындыгында, баары башкача. Биз көбүнчө майда чыгымдарга чоң акча коротуп коебуз. Эгерде аларды токтотсок, айына көп акча топтоого мүмкүнчүлүк жаралмак.
Майда чыгымдар – көп учурда көзүбүзгө көрүнө бербейт, бирок так ошолор аркылуу акча агып кетет. Мисалы, кофе – күнүнө 150 сомдон сатып алып ичкендер бар, ошондой эле такси – жумасына жок дегенде эки жолу таксиге отурабыз, анан ар кандай таттуулар – бул шам-шум эткенге. Бул чыгымдар ар адамда ар башкача алмашуусу мүмкүн, мисалы кофе – кээ бир адамдарда тамеки, такси – жеткирүү кызматын колдонуу же болбосо дүкөндөн кереги жок эле буюмдарды же азыктарды сатып алуу. Ушинтип жатып күнүнө 500 сом эле майда чыгымга кетсе, 30 күндө 15 миң сом. А аны бир жылга көбөйтсөк 180 миң сом. Ушул акчаны токтотуп, өзүбүзгө калтырыш үчүн 4 ыкма бар.
1. Майда нерселерге лимит коюу – мисалы, күнүнө 200 сомдон ашырбайм деген.
2. Конверт ыкмасы – майда чыгымдардан үнөмдөгөн акчаны конвертке салуу.
3. Жеткирүү кызматын колдонуу – мисалы, тамак тапшырык кылгың келсе, өзүң жаса дагы, ага кетчү акчаны үнөмдөп кал.
4. Таксиге көбүнчө шашып жатканда түшөбүз, бирок болжогон маалдан эртерээк чыгып, коомдук транспортко отурсаң деле, каалаган жериңе жетесиң.
5. Ал эми күнүнө көчөдө жүргөндө кофе ичүү адатка айланган болсо – термоско кофе жасап алып чыгууга болот.
Анан “бир нерсе алгың келсе, үч күн кое тур” деген ыкма бар. Ал үч күндүн ичинде адам эмоциясын басат, ошол буюм ага чын эле керекпи же жокпу – так баалай алат.
– Бирок жашоо – бир күндүк, бүгүнкү күн менен жаша деген көз караштагы да адамдар бар. Алар белгисиз келечекке акча топтоого караганда, бүгүн каалагандай жашоону баалашат. Алардын көз карашында да чындык барбы?
– Финансылык сабаттуулук эч убакта эч кимге зыян келтирген эмес. Албетте, ар бир адам өзү каалагандай жашайт, бирок мында көңүлгө алчу бир нерсе бар. Финансылык сабаттуулук – бул акчанын сиз үчүн иштешин камсыз кылуу, финансылык эркиндикке жетүү жөндөмү. Эмнеге ал маанилүү? Күтүлбөгөн кырдаалда – жумуштан күтүүсүз кетүү, ооруп калганда ж.б. кыйналбаш үчүн. Келечекте үй алуу, билим алуу, саякатка чыгуу, эркин жашоо сыяктуу максаттарга жетүү үчүн. Ошондой эле карызга батпай, эркин жашоо үчүн. Башкача айтканда, “акчаны башкарууну үйрөнбөсөңүз – ал сиздин тагдырыңызды башкарып калат”.
