Канатбек Мурзахалилов: Кыргызстандагы жасалма интеллект жана шайлоолор: инструмент же тобокелчилик?
Жасалма интеллект технологиясы дүйнө жүзүндөгү саясий процессти тездик менен өзгөртүп жатат. Мындан Кыргызстан да четте калбады. Бүгүнкү күндө нейросеттер контент түзүүгө, коомдук маанайды талдоого жана ал турмак кампаниялардын жыйынтыгын болжолдоого жардам берүүдө. Бирок жаңы мүмкүнчүлүктөр менен бирге талапкердин жекелигин жоготуудан манипуляцияга чейинки олуттуу чакырыктар пайда болууда. “Гуров жана өнөктөштөр – Борбор Азия” байланыш компаниясынын башкаруу өнөктөшү, тарых илимдеринин кандитаты Канатбек Мурзахалилов менен биздин өлкөдөгү шайлоолорго жасалма интеллект кандай таасир берээри жөнүндө баарлаштык.
– Кыргызстандагы шайлоо процесстерине жасалма интеллектин аралашуусун кандай баалайсыз?
– Алгоритм эксперимент болуудан калды. Ал азыр практиканын бир бөлүгү. Нейросеттер саналуу мүнөттө текст, ролик же инфографиканы түзө алат, ошондой эле маалыматтар топтомун талдайт. Ага мурда команданын бир жумадан ашуун убактысы кетчү. Мындай мамиле штабдардын ишин тездетет, күн тартибиндеги өзгөрүүлөргө кыска мөөнөттө реакция кылууга мүмкүнчүлүк берет жана кампанияны бир топ динамикалуу кылат.
– Бүгүнкү күндө кандай конкреттүү тапшырмалар технологиянын жардамы менен чечилип жатат?
– Биринчиден, контентти даярдоо: баяндамалар үчүн тексттерден тартып визуализация жана анимациялык роликтерге чейин. Экинчиден, социалдык сурамжылоолордогу бир тараптуулукту оңдоо. Үчүнчүдөн, талапкерлердин соцтармактардагы активдүүлүк картасын түзүү, анда алсыз жактары жана аларды чыңдоодогу мүмкүн болгон жолдор ачык көрүнүп турат. Башкача айтканда, санарип программалары байланыш үчүн гана эмес, талдоо үчүн да колдонулат.
– Материалдардын сапаты өзгөрдү деп айтууга болобу?
– Албетте. Акыркы жылдары кыргыз жана орус тилдериндеги визуализация бир топ жогорулады. Инфографика бир топ тазаланып, тексттер сабаттуурак жана түшүнүктүүрөк болуп калды. Мисалы, система бир сценарийди жыйырма секундда түзөт, а тапшырманы коюудан тартып даяр жыйынтыкка чейинки бардык процесс бир мүнөткө жетпеген убакытты алат. Мунун баары промпттун шарапаты менен, ал туура түзүлсө жаңы кесиптик жөндөмгө айланат.
– Бирок пайда менен катар тобокелчилик да бар да?
– Албетте. Массалык жана үстүртөн колдонуу бир түрдүүлүккө алып келиши мүмкүн. Индивидуалдуулук жоголот, материалдар бири бирине окшошуп калат. Андан тышкары манипуляция тобокелчилиги жогорулайт. Deepfake талапкерди катыштырбай туруп “жандандырып” коет, бирок ушул жерден этика маселеси жаралат. Кайсы гана болбосун программа инструмент катары гана калып, а шайлоочулар эмнени көрөт деген жоопкерчилик дайыма адамга жүктөлөөрүн түшүнүү керек.
– Кандай санарип инструменттерин штабдар көбүрөөк колдоно алышат?
– Бүгүнкү күндө көңүл көбүрөөк практикалык чечимдерге бурулуп жатат. ChatGPT тексттерди жана сценарийлерди түзүүгө жардам берет, DeepSeek чоң көлөмдөгү маалыматтарды талдоо жана шайлоочулардын маанайын болжолдоо үчүн колдонулат. MidJourney жана Stable Diffusion визуалдык материалдарды түзөт. Кошумча – узун документтер менен иштөөдө Claude, мультимодалдык тапшырмалар үчүн Gemini, ийкемдүү ачык модель катары Llama 3 жана креативдүү визуалдар үчүн DALL•E жардамга келет. Мындай инструменттер барган сайын активдүү колдонулушу мүмкүн, анткени, алар ресурсту үнөмдөйт жана штабдардын ишин тездетет.
– Бул инструменттер шайлоонун логикасын кантип өзгөртөт?
– Алар стандартка айланып калды. Мурда штабдар материалдарды жана стратегияларды иштеп чыгууга айлап убактысын коротчу, эми даярдыкка бир нече күн же ал турмак саат гана кетет. Мындай практика шайлоону бир топ динамикалуу, бирок ошол эле убакта көбүрөөк аялуу кылуусу да мүмкүн. Жеңишке жетүүгө жардам берген инструменттер ошол эле убакта манипуляция жана реалдуулукту алмаштыруу куралына айланышы ыктымал.
– Качан биз ушул сыяктуу чечимдердин толук кандуу күчүнө киргенин көрөбүз?
– Жогорку Кеңешке шайлоо мөөнөтүнөн мурда, 2025-жылдын ноябрында өтүшү белгилүү болуп калгансыды. Анда бул технологиялар жаңы стандартка айланышы мүмкүн. Ал эми 2027-жылдын 24-январында болчу президенттик шайлоо жасалма интеллект саясий технологияда чечүүчү ролго ээ болгон биринчи шайлоо катары тарыхта калса керек.
– Кайсы тобокелчиликтерди сиз бир топ олуттуу деп эсептейсиз?
– Эң чоң коркунуч коомчулуктун ишенимине байланыштуу. Deepfake-роликтери, бурмаланган фактылар, манипуляцияланган контент – мунун баары шайлоонун легитимдүүлүгүн бузууга жөндөмдүү. Ошондуктан санарип системасын киргизүү ачык-айкын эрежелер жана көзөмөл менен коштолууга тийиш. Болбосо, мындай технологиялар демократияны күчөтпөйт, тескерисинче, саясий процесстерге болгон ишенимди алсыратат.
– Жасалма интеллект жакынкы жылдары Кыргызстанда шайлоодо ким жеңишке жетиши мүмкүндүгүн аныктай алабы?
– Жасалма интеллект барган сайын шайлоо процесстерине тереңирээк кирет. Ал штабдардын ишин тездетет, ресурстарды үнөмдөөгө жана бир топ так стратегия түзүүгө жардам берет. Бирок, мунун баарына карабай, шайлоонун жыйынтыгын программа эмес, стратегияны түптөгөн жана финалдык чечим кабыл алган адистер аныктайт. Алгоритмдер үгүт иштерин бир топ жакшырта алат, бирок алар саясий лидерликти жана коомдук ишенимди алмаштырбайт.
