Турсунай Каримова: Өз икигайына ээ болгон адам акчаны кыйналып эмес, ырахаттанып табат
Замандын агымы менен жашообузга улам жаңы кесиптер, концепциялар жана аталыштар кирүүдө. Алардын бири – Икигай. Бул көпчүлүккө бейтааныш болушу мүмкүн, анткени Кыргызстанда бул жаатта бир гана адис бар жана ал Икигай адиси деп аталат. Биз учурда икигайды Кыргызстанга жайылтууга аракеттенип жаткан Турсунай Каримова менен байланышып, бул философиялык концепциянын адамдардын жашоосун жеңилдетүүгө канчалык салым кошоору тууралуу сурадык.
– Биринчи икигай деген эмне экенин түшүндүрүп берсеңиз?
– Икигай эмне экенин айтаардан мурун мен аны кайдан таптым, кантип бул адистикти окудум жана кантип бир жарым жылда миңден ашуун адамдарга өз багытын таап бердим – ушул тууралуу айтып берейин. Икигай деген дүйнөнү Маргулан Сейсембай деген Казакстанда таанымал киши аркылуу билдим, ал кишинин китептерин окуп, интернеттен видеолорун көрүп турчумун. Бир ирет: “Силер икигайыңарды таппасаңар, бул өмүрдө бактылуу боло албайсыңар”, - дегенин угуп калдым. Негизи мен 2018-2019-жылдан бери изденүү жолунда жүрчүмүн, көптөгөн окууларды окудум, өзүмдү табууга аракеттендим. А икигай деген мага кызык болду, окубаганым ушул эле калган болчу, муну да байкап көрөйүн дедим. Бирок издесем бул дүйнөнү билген адамдар бир гана Казакстанда бар экен, издештирип жатып китебин таптым. Бирок үч сыйра окусам дагы, өзүмдү ал жактан таба албадым. Китептен түшүнгөнүм – бул япондорго таандык түшүнүк, алардын көп жылдык өмүр сүрүүсү – 100 жаштан аша жашагандардын көптүгү так ушул түшүнүктү карманганынан улам экен. Анан алар 60тан ашса дагы, көңүлү сүйгөн иш менен алектенип, бош отурушпайт. А бизде көбү эле 50дөн ашкандан кийин өзүнө “крест” коюп коет эмеспи. Көбүнчө балдарына, неберелерге өзүн арнап, а жеке кызыкчылыгын, каалоосун тереңге жашырат. Бул мага абдан жакты, Казакстанга келип, бул жактан окудум.
– Анан өзүңүз икигай адиси болдуңузбу?
– Окуп бүткөндөн кийин жакындарыма мен өзүмдүн икигайымды таптым деп айта баштадым. Мен аркылуу алар да кызыгып мени окуткан устатыма келип окуп башташты. Анан устатым бир күнү айтты: “Кыргыздар казакча жакшы түшүнбөй жатышат, мен сени икигай адистикке окутайын, сен кыргыздарга жеткир”, - деп. Ошентип, бул багыттагы ишим башталып кетти.
– Эми икигай бул кандай түшүнүк экенин, аны окуу менен адамдар эмне табышаарын айтып бериңизчи?
– Бул жашоого өмүргө ар бир жаратылыш бекеринен келген эмес. Ар кимдин өзүнүн аткара турган функциясы бар. Мен дайыма балык менен кушту мисал келтирем: балык сүзүү үчүн, куш учуу үчүн жаралган. Ушул сыяктуу ар бир адамдын бул өмүргө келгендеги өз орду менен аткара турган кызматы бар. Бирок өмүрдө учууга жөндөмү бар экенин билбей кыйналып сүзүп жүргөн же сүзүүгө жөндөмү күчтүү экенин билбей тырмышып учуп жүргөн адамдар бар. Өз жөндөмүн, багытын билбеген адамдар миңден ашуун курста окуп, ондон ашуун кесипке ээ болсо дагы, жарытарлык жыйынтыкка жете албай, убактысын, акчасын ысырап кылышат. А икигай – боюбуздагы, өзөгүбүздөгү жөндөмүбүздү жана сүйүктүү ишибизди аныктоочу методика.
Бирок белгилеп кетчү нерсе, япондор бул ыкманы өмүрдүн мааниси деп карашат. А биз мусулман болгондуктан, өмүрдүн мааниси бул Жаратуучуга кызмат кылуу деп билебиз. Андыктан, икигай – биз үчүн Кудай берген өмүрдөгү сүйүктүү ишибизди аныктоо.
– Адамдын икигайын кантип аныктайсыздар?
– Негизги 4 пункту карманабыз. Мисалы, адам кайсы бир ишти аткарганда, биринчиден андан өзү ырахат алышы керек, экинчиден, ал жасаган жумуш коомго, адамдарга пайдалуу болушу керек. Үчүнчүдөн, ошол иши аркылуу акча табышы керек. Төртүнчүдөн, бул ишти ал кыйналбай, колунан оңой келип жасашы керек. Ушул төрт нерсе болгон учурда адамды өз икигайында деп билсе болот.
Ар кандай кесиптер бар, анын бири мамлекеттик кызматтарда иштегендер – булар өз милдетин аткарып жүргөндөр деп аталат. Аларга аскер кызматкерлери, дарыгер, мугалимдер да кирет. Булар жасаган иш коомго пайдалуу жана ал үчүн алар эмгек акы алышат. Бирок көкүрөктөрүндө жаңы нерсе жок, бир жумушту жылдап кайталашат.
Экинчиси – бул өзүнүн кесибин тапкандар. Жумушун оңой аткарат жана ал аркылуу акча табат. Бирок көкүрөгүндө үңүрөйгөн бир суроо бар – бул чын эле меникиби, кесипти туура эле тандаганмынбы же жаңылышып калганмынбы, эмнеге мен алдыга умтулбайм, эмнеге мен бир ордумда эле турам? Эгерде адамда ушул суроо жаралса, анда ал өз икигайынын табышы керек.
Үчүнчү – бул кумар, бул хоббисин тапкандар. Кудай берген талант аркылуу акча табышат. Мисалы, ырчы, куудул, музыкант, бийчи, акын, блогер ж.б. Эгерде Нурлан Насип жүк ташыгыч болсо, балким, бул өмүргө эмнеге келдим деп өзүнө суроо бермек. Бул ырчы ырдаганда ырахаттанып ырдайт, демек, өз икигайында.
Төртүнчү, миссиясын, жолун, ордун тапкандар, булар көбүнчө кайрымдуулук иштери менен алек болушат. Аларда чоң акча болбойт, себеби элдер кайрымдуулук кылса акчасы болот, кылбаса жок. Бирок “ооба, акчам жок, бирок мен элдерге соопчулук кылуудамын” деп өздөрүн алдап жүрө беришет.
– Адамдар сизди кайдан табышат жана денесиндеги жөндөмүн ачтыруу үчүн канча убакыт кетет?
– Мен күн сайын саат 9.00дөн кечки 17.00гө чейин онлайн байланышта болом. Бир адамдын жөндөмүн табуу үчүн аны менен 3 сааттай иштешем. 22 суроо бар, аны берүү аркылуу ошол адамдын миссиясын сууруп чыгабыз. Мага аялдар жана мектеп жашындагы балдар көп кайрылышат. Мен жөндөм, багыттан тышкары, айрым учурда адамдын энергиясын азайткан тешиктер болот, аны да табууга аракеттенем. Мээбизде бизди тосуп, өстүрбөй жаткан ойлор, адаттар да болот, аны да издейбиз.
– Адам өзүн өзү кандайдыр бир кыйынчылыкка, турмуштук оор кырдаалга туш келгенде гана издеп баштаса керек. Бул туура түшүнүкпү же жаңылыштыкпы?
– Ооба, адам өзүн кыйынчылыкка кабылганда табууга аракеттенет. Бул менин мисалымда да бар. Алматыда көп жыл иштедим, саанчы болчумун. Башка бирөө үчүн иштегенде жандүйнөңдө кысылган, басынган сезимдер болот. Ошол убакта эле эмнеге бул өмүргө келдим, эмнеге өз каалоомо ылайык келбеген ишти аткарып жатам деген ой мээмди көзөчү.
– Икигайын таап бергенден кийин деле аны жөндөп, алып кетүү ар бир адамдын өзүнөн көз каранды болот эмеспи. Аны таптырып алгандан кийин деле баштагы жашоосунан чыга албай кала бергендер кездешеби?
– Ооба, тапкандан кийин ошол жол менен кетиши керек. Биз сеники бул деп эле айтып койбойбуз, ошол ишти баштоосуна тоскоолдук кылган ойлорун, адаттарын таап, ошолорду жоюунун үстүндө иштөөгө үйрөтөбүз. Албетте, туура багытты карманып, жумушун таштап кеткендер да болот, өз икигайын кабыл алуудан баш тартып койгондор да болот. Беш кол тең эмес да. Жыйынтык адамдын өзүнөн көз каранды. Мен деле бир баштаган бойдон улантып кеткен эмесмин, орто жолдо күмөн санап, артка кеткен күндөр болду. Бирок бир күч кайра эле тартып алып келе берген. Адамдын жөндөмү эч убакта өзгөрбөйт, куралдар өзгөрөт.
– Ошондо икигайын табуу менен адам эмнеге жетишет: ийгиликкеби же жандүйнө тынчтыгынабы?
– Экөөнө тең. Жандүйнөсү тынч адам – бул өмүрдө өз ордуна отурган адам. Сен каалаган, көңүлүң сүйгөн иш менен алектенүү – бакыттын бир бөлүгү. А бакыт ар дайым жандүйнөнү тынчтандырат. Өз икигайындагы иш менен алектенген адам акчаны кыйналып эмес, ырахаттанып табат, а ырахаттанып табуу берекени алып келет. Жакында биз Кыргызстанга да окуу ачып, Икигай адистерди окуталы деп жатабыз.
– Каалаган адамдын баары адис боло алабы?
– Жок, мында да ошого жараша жөндөм керек. Бизге кайрылгандарды карап көрүп, жөндөмү барын окутабыз.
– Сиз жогоруда икигайындагы адамдар деп ырчы, эл алдында жүргөн адамдарды айткандай болдуңуз. Ошондон улам суроо жаралды, бир гана атактуулукка жеткен адамдар өз ордун тапкан болушабы?
– Жок, мен жумушун сүйүп жасагандарды айттым. Икигай – бир гана атакка же сахнага байланбайт. Кайсы кесиптин ээси болсоң дагы, ошол жумушту сүйүп жасасаң жана ал аркылуу өзүңдү бага алсаң, өз ордуңду тапканың ошол.
Кыргызстандын эмгек рыногундагы көп адистер өз икигайында эмес. Мисалы, барсаң кагынып-силкинген дарыгерлер бар, жумушун колко кылган мугалимдер же башка кесиптин ээлери бар. Ошол эле учурда бала менен бала болуп берилип өз жумушун аткарган педагогдор жана бейтапка чын дилинен айыгып кетүүсү үчүн кам көргөн дарыгерлер бар. Ушундан улам эле ким икигайында, ким адашып жүрөт жыйынтык чыгарса болот. Өз кесибин, жөндөмүн туура тапкан адам, кесибин милдет эмес, хобби катары көрөт. Ошол эле учурда адамда бир эле жөндөм болбойт, улам ача берсең, ар кыл жөндөмдөр белгилүү болушу мүмкүн.
– Ошондо икигайын таппаган адам бир гана өзүнө эмес, коомго да зыян келтирет деген ойдосузбу?
– Албетте. Кагынып-силкинип, бирөө мажбурлап иштетип жаткандай иштөө ошол адамга да, анын кызматына кайрылган тарапка да терс таасирин берет. Икигайын тапкандан кийин адамда жеңилденүү пайда болот. Мээсиндеги ар кандай керексиз ойлор кетет. Ийгиликке алып барчу барчу жол да кыскарат.
– Мисалы, бир адам өз кесибин жакшы көрсө, ал ага жумуш эмес, ырахаттануу, эс алуу катары эле кызмат өтөсө. Бирок көп киреше алып келбейт. Ошондо, кандай болот: ал өз икигайындабы же жокпу?
– Эгерде жумушуңузду жакшы аткара алсаңыз жана ал сизге ырахат алып келсе, бул сиздин ордуңуз болушу мүмкүн. Бирок ошол эле убакта сизде көп киреше жок деген күмөн саноо турат. Көп киреше канча сумма болот деген так аныктама жок, бул кээ бир адамдарга миң сом, кээ бирине миллион сом болушу мүмкүн. Эгерде адамда мен жогоруда айткан төрт нерсе боюнча, бирөөсүнөн эле күмөн ой жаралса, анда өз багытын кайра карап көрүүгө эмнеге болбосун.
– Мектепти бүтүрүүчүлөрү көбүнчө кайсы кесипти тандоо керек деген ойго туш болушат. Бул учурда сиздер жардам бере аласыздарбы?
– Бала мектепти аяктап жатканда көбүнчө ал үчүн ата-энеси кесип тандап коет. Мындай көрүнүшкө жашоодо жолугуп эле жүрбөйлүбү. Атасы бирди айтса, апасы башканы айтат. Бирок ошол атасы да, апасы да баланын боюнда кандай жөндөм бардыгын билбейт. Эч убакта баланы кыйнап, өзүң жетпей калган максатка аны жеткирүүгө аракет жасабаш керек. Андан көрө профориентологго жиберип, баланын жөндөмүн так аныктап, ошого жараша билим алуусуна шарт түзүп беришсе, бул баланын убактысы, өмүрү текке кетпешине өбөлгө болот.
