Өзбек кинорежиссеру Эльдар Юлдашев: "Чыныгы кыргыз керемети – "Бейиш эненин таманында" тасмасы, миллиондогон адамдар көзүнө жаш алды"
Ассоль Молдокматованын автордук рубрикасы. “Мезгил, адамзат жана искусство тууралуу терең маек”
Менин бүгүнкү маектешим – өзбек кинорежиссёру, сценарист Эльдар Юлдашев – азыркы кинематографиянын тагдыры, коомдун руханий кризиси, искусствонун жана адам жандүйнөсүнүн табияты жөнүндө өткүр менен ой жүгүрткөн адам.
Биз дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү эл аралык долбоорлордо, кинофестивалдарда жана маданий аянтчаларда бир нече жолу жолугушканбыз. Ар бир жолку биздин баарлашууларыбыз кадимки маектердин чегинен чыгып кетчү. Анткени үстүртөн эмес, түбөлүктүү нерселер жөнүндө сүйлөшкүң келген адамдар бар.
– Урматтуу Эльдар, биз сиз менен ар кайсы өлкөлөрдө жана эл аралык долбоорлордо жолугуп турабыз. Бүгүн терең темаларда сүйлөшүүнү сунуштайм.
– Урматтуу Ассоль, мен сизди харизматикалуу замандаш, интеллектуал жана кыргыз элинин жаркын өкүлү катары билем. Сиздин терең жана маанилүү суроолоруңузга кубануу менен жооп берем.
– Бүгүнкү күндө дүйнө маалыматка толуп кетти, бирок адамдар ички боштук жөнүндө барган сайын көп айтышууда. Кино жандүйнө үчүн куткаруучу боло алабы?
– Чыныгы кино ар дайым жөн гана көңүл ачуудан да көптү берип келет. Бул адам, анын оорусу, сүйүүсү, коркуулары, үмүттөрү жөнүндө сөз. Жакшы кино сени титрлерден кийин эле коё бербейт, ал ичиңде жашоону улантат. Кээде бир эле көрүнүш адамды өз жашоосу жөнүндө ойлонууга ондогон сүйлөшүүлөргө караганда көбүрөөк мажбурлай алат.
– Кино аркылуу сезгичтиги жок болуп калган адамдын жандүйнөсүн каккылоого болобу?
– Кинотеатрдын экраны – бул жашоонун күзгүсү. Акыркы жолу күчтүү флешбэктерди, өзүмдү бул кинематографиялык күзгүдөн таануу сезимин мен «Оппенгеймер» тасмасынын акыркы көрүнүшүн көрүп жатканда сезгем.
Эгерде биздин борбордук азиялык коом жөнүндө айта турган болсок, анда чыныгы кыргыз керемети – «Бейиш эненин таманында» тасмасы ачык мисал боло алат. Көрүү учурунда миллиондогон адамдардын көздөрү жашка толуп, тамагына кесек тыгылып, териси дүркүрөп кетти. Бул чыныгы кино эң калың соотту да тешип, адамдын жандүйнөсүнүн эң терең кылдарына жете аларынын далили.
– Сиздин тасмаларыңыз психологиялык тереңдикке жана ой жүгүртүү атмосферасына толгон. Окуя кантип жаралат: жеке тажрыйбаданбы, байкоолордонбу же чыныгы адамдардын тагдырынанбы?
– Менин дистрибьютор катары чыккан акыркы долбоорум – бул Амир Темур же бүткүл дүйнө атагандай Тамерлан жөнүндөгү көркөм тасма. Ооба, бул көркөм тасма, анда ойдон чыгарылган элементтер бар, бирок ал Амир Темурдун мамлекеттик башкаруу, аскердик тактика жана адилеттик принциптери боюнча эрежелер жыйнагы болгон «Темур кодекси» («Темур тузуклари») эмгегинин негизинде түзүлгөн. Башкача айтканда, ал жөнүндө кино анын автордук эмгеги боюнча тартылган. Бардык долбоорлордо ошондой: реалдуулуктун жиби сөзсүз болот, анан ага калган нерселер оролот.
– Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы сиздин дүйнө таанымыңызга жана режиссёрдук ой жүгүртүүңүзгө канчалык таасир этти?
– Мага Айтматовдун чыгармачылыгына караганда анын жашоо жолу, тагдыры көбүрөөк таасир этет – кээде татаал, кээде жаркын. "Тикенектер аркылуу жылдыздарга" («Через тернии к звёздам») – ал жөнүндө. Ал Өзбекстанга көп келчү, Өзбекстанды жакшы көрчү, бул жерде достору, санаалаштары, күйөрмандары бар болчу. Ал чыныгы бийиктик эле, анын пикирин мамлекет башчылары да укчу. Дал ушул Айтматов Оштогу улуттук жаңжалды жөнгө салууга салым кошкон, ал биздин биринчи Президентибиз Ислам Каримов менен жолуккан.
Айтматов – Кыргызстандын гана эмес, бүткүл аймагыбыздын сыймыгы.
– Чыңгыз Айтматовдун кайсы чыгармасын экрандаштырууну каалайт элеңиз жана аны азыркы заманга шайкештирүүнү кандай элестетесиз?
– Менде Чыңгыз Төрөкуловичтин сүйүктүү чыгармасы бар, анын чыгармачылыгын ошол аркылуу тааныгам. Кудум эле биринчи сүйүүдөй – бир жолу жана биротоло, эч качан унутпайсың. Бул – "Ак кеме" повести.
– Улуу тасмалар комфорттон эмес, ички кризистерден жаралат дегенге кошуласызбы?
– "Сүрөтчү ачка болушу керек" деген сөз көбүнчө өтө эле түз мааниде кабыл алынат. Бирок мен тамак-аштын жоктугун стереотип деп эсептейм. Ооба, жаратуучу ачка болушу керек, бирок кеп жаңы жетишкендиктерге, эмоцияларга жана өнүгүүгө болгон ачкачылык тууралуу. Албетте, муза көбүнчө эмоционалдык шок аркылуу келет жана дал ушул учурларда чыныгы шедеврлер жаралат. Бирок ошол эле учурда тарыхта бакубат жашап, дүйнөгө улуу маданий мурас тартуулаган көптөгөн генийлер бар.
– Сиздин оюңузча, азыркы көрүүчү тереңдедиби же кино барган сайын үстүртөн керектелүүдөбү?
– Көпчүлүк учурда кино, албетте, бир тууган Люмьерлер ойлоп тапкандай көңүл ачуу, интертеймент бойдон калууда. Ал эми авангарддык, артхаус кино ар дайым көрүүчүлөрдүн тар чөйрөсү үчүн жашайт. Мындай нерсе мурда болгон, бар жана боло берет – бул постулат.
Жеке мен үчүн идеалдуу кино – бул алтын орто, тасма бир эле учурда терең, мазмундуу, бирок ошол эле учурда коммерциялык ийгиликке ээ болушу керек. Мен жогоруда айткан "Оппенгеймер" да буга ачык мисал болуп берет.
– Социалдык тармактар жана кыска видеолор чыныгы кинематографиянын кабылдоосун канчалык өзгөртөт?
– Рильстер жана шортстор массанын кабылдоосун өзгөртөрү шексиз. Ал эми "кардар дайыма туура" жана "ким төлөсө, ошонун музыкасы угулат" деген принциптер автоматтык түрдө иштейт, анткени биз базар экономикасынын шартында жашайбыз жана кааласак да, каалабасак да, анын мыйзамдары менен жашайбыз. Натыйжада, мунун баары кинематографияга таасир этет: стилистика, оператордук техника жана жалпысынан баяндоо тили өзгөрөт.
– Элдин барган сайын терең искусствонун ордуна көңүл ачууну тандап жатканына кандай карайсыз?
– Буга мен терс карайм. Анткени терең искусство инсанды, ал эми көңүл ачуу керектөөчү homo sapiensти калыптандырат. Мен экинчилердин эмес, биринчилердин арасында жашагым келет.
– Бүгүнкү күндө искусстводогу жакшылык түшүнүгү кандай болууда?
– Искусстводогу жакшылык чоң тартыштыкка айланууда. Көбүнчө коомчулуктун суроо-талабы боюнча. Жаман балдар кумирге айланууда. Бүгүнкү күндө ошол эле Жокер көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө айланды, тескерисинче эмес. Ооба, финалда классика боюнча баары бактылуу аяктайт, бирок иш жүзүндө "акча жакшылыкты жеңет". Көрүүчү билет менен Жокерге же Дракулага добуш берет.
– Режиссура жана фестивалдык кино дүйнөсүндө көрө албастык жана катуу атаандаштык болобу?
– Өтө катуу. Аны жок кылуу мүмкүн эмес, анткени бул адамдын табиятынын бир бөлүгү. Леонид Быков бир кезде, 1974-жылы Василий Шукшиндин "Кызыл калинасынын" пайдасына "Согушка бир гана карыялар барат" тасмасы үчүн Бүткүл союздук кинофестивалдын башкы сыйлыгынан баш тарткан, андайды бүгүнкү күндө, менимче, эч ким кайталабайт.
– "Оскар" сыйлыгы искусство гана эмес, чоң дүйнөлүк саясат дегенге кошуласызбы?
– Ар кандай ири сыйлык же фестивал бүгүнкү күндө тигил же бул даражада коомдун маанайын, ар кандай тенденцияларды жана агымдарды чагылдырат, демек, сөзсүз түрдө саясий өңгө ээ. Бул кинематографиялык аянтчаларга гана тиешелүү эмес – бул башка максаттар үчүн да колдонулган ар кандай абройлуу эл аралык иш-чарада болот.
– Сиздин оюңузча, өзбек жана жалпысынан Борбор Азия киносуна бир күнү "Оскар" алуу үчүн эмне керек?
– Биздин казак боордошторубуз 2007-жылы биринчилерден болуп "Монгол" тасмасы менен "Оскар" сыйлыгына талапкерлердин катарына кире алышкан. Биз алар үчүн чын жүрөктөн күйүп, тынчсызданганбыз. Күчтүү кино жаратууну улантуу, темаларды жана жанрларды тандоодон коркпоо керек. Чыгармачылык учуу алкак менен чектелбеши кажет. Ошондо баары сөзсүз ишке ашат.
– Эгер сизге Голливуд үчүн эч кандай чектөөсүз тасма тартуу сунушталса, Борбор Азия тууралуу дүйнөгө кандай окуя айтып бермексиз?
– Мен активдүү катышкан акыркы долбоорубуз Голливуд менен биргеликте тартылып, анын ичинде Америка рыногуна багытталган. Бул "Амир Темур" тасмасы. Аны Apple жана Amazon сыяктуу дүйнөлүк алптар сатып алышты, бул бизге чейин өзбек киносунда эч качан болгон эмес. Тасманын биринчи көрсөтүлүшү Канн кинофестивалында болуп өттү, ал эми санариптик релиз бир эле учурда дүйнөнүн 120 өлкөсүндө өтүүдө.
Биз Тимуриддердин тарыхын андан ары да ачууга ниеттенип жатабыз, анткени бул чоң кинематография үчүн чыныгы кенч.
– Сиздин көркөм ой жүгүртүүңүздү кайсы дүйнөлүк режиссёрлор калыптандырды?
– Мен штамптарды айтып, таанылган классиктерди гана санабайм. Мага жана менин муунума замандаш режиссёрлор да катуу таасир этти. Биринчи кезекте – Квентин Тарантино. Албетте, Гай Ричинин да таасири болду. Мага Жора Крыжовниковдун кино тили жакын. Бир кезде маркум Бахром Якубов да мага абдан кызык болчу.
– Бүгүнкү күндө рольду ойноп гана койбой, анда жашай алган актёрлорду табуу канчалык кыйын?
– Бул абдан кыйын. Ар бир фильм жаңы каарманды ачышы керек: жаңы типаж, жаңы харизма, жаңы жүз. Бирок бул дээрлик мүмкүн эмес.
Мисалы, бизде Амир Темурду даниялык актёр Кристиан Мортенсен ойногон, бул дароо эле архаикалык консерваторлордун суроолорун жаратты: эмне үчүн актёр өзбек эмес? Бирок ошол эле "Гладиатордо" Рассел Кроу италиялык эмес, "Клеопатрада" Элизабет Тейлордун Египетке эч кандай тиешеси жок, ал эми Наполеондун ролундагы Хоакин Феникс француз да, корсикалык да эмес. Экранда эң негизгиси - эскирген догмалар эмес, жаңылык жана чындыктын болушу маанилүү.
– Жашооңузда кесибиңизди алмаштыргыңыз келген учурлар болду беле?
– Мен киного 2019-жылы Өзбекстанда кино боюнча докторлук диссертациясын биринчи болуп коргогондо келгем. Мен кесиптен кеткен жокмун. Бирок чиновниктик аппараттан кеттим жана чындыгында эч качан өкүнгөн эмесмин. Эң негизгиси, азыр менин айланамда бюрократизм жана чексиз кеңсе иштери жок.
– Заманбап кинонун барган сайын ызы-чуу, жаңжал жана чагымчылдыкка негизделишине кандай карайсыз?
– Хайп чындыгында заманбап медиа мейкиндигинин негизги валюталарынын бири болуп калды. Бул жасалма дүрбөлөң жаратып, тез арада көңүл бурдуруунун жолу. Негизинен - агрессивдүү жарнама же бир нерсенин же кимдир бирөөнүн айланасындагы ызы-чуу.
Бирок көйгөйдүн баары хайп көбүнчө терс мааниге ээ экенинде. Бул жакшы эмес.
– Сиз эл аралык кинофестивалдарга катыштыңыз. Кооз аземдердин жана кызыл килемдердин артында эмне катылган, көрүүчү адатта эмнени билбейт?
– Мен эки жыл Ташкент кинофестивалынын жана башка ушул сыяктуу иш-чаралардын уюштуруу комитетинин мүчөсү болдум. Фестивалды даярдоо жана өткөрүү - бул бир нече айлык стресс, уйкусуз түндөр. Үй-бүлөңдү дээрлик көрбөйсүң, жолдо тамактанасың, тынымсыз чыңалууда жашайсың. Көрүүчүлөр жана ЖМКлар кызыл килем менен софиттердин жарыгында кооз картинаны көрүшү үчүн ушунун баарына чыдайсың.
– Эл аралык фестивалдын чоң залында сиздин тасмаңыздын аталышы жаңырганда кандай сезимде болосуз?
– Сезимдер ар дайым аралаш болот. Бул эки эмоциянын аралашмасы: адегенде сыймыктануу, анан катуу толкундануу.
– Сыйлыктар жана таанымалдык режиссёр үчүн канчалык маанилүү? Же чыныгы таануу – бул көрүүчүлөрдүн көргөндөн кийинки реакциясыбы?
– Мен көптөгөн сыйлыктардын ээси болгон режиссёрду билем, анын ичинде Берлиналенин "Аюусу" да бар, бул айсбергдин чокусу, дүйнөлүк деңгээл. Бирок ошол эле учурда ал толугу менен кредиттерге батып калган. Ал эми Тарковскийди же Феллинини эч качан көрбөгөн, бирок люкс жашоодо жашаган коммерциялык комедияларды чыгарган балдарды билем.
Тавтологияны жактырбайм, бирок кайталайм: жашоонун реалдуулугун жана дүйнө дагы эле материалдык экенин эске алганда, алтын ортону табуу керек – жакшы кино тартуу жана ошол эле учурда өзүңө татыктуу жашоону камсыз кылуу.
– Режиссёр цинизм, атаандаштык жана тынымсыз күрөш дүйнөсүндө жанын кантип тирүү сактай алат?
— Клипмейкер жана жарнамачы болуп кеткен көптөгөн режиссёрлорду билем, аларды айыптабайм, анткени жакшы жашоого тыюу салынган эмес. Ошол эле учурда алар терең жана кызыктуу адамдар бойдон калганына кубанычтамын. Кандайдыр бир товарды же идеяны 25-кадр менен сатуу дагы жогорку чеберчилик жана искусство. Режиссёр эмне менен алектенбесин, эгерде анын ойлору ачык жана гумандуу болсо, анда ал өзүнүн бар болушун жана таанылышын сактап калат.
– Сизди заманбап коомдо адам жана режиссёр катары эмне көбүрөөк коркутат?
– Бүгүнкү күндө адамдар лакмус кагазына айланып баратат. Алар жеке пайда үчүн маскаларды, манипуляцияларды жана эки жүздүүлүктү колдонушат. Алар үчүн сөздөрдүн иш-аракеттерге дал келбегени жашоонун нормасына айланды. Мындай адамдар коомду ичинен жеген коррозия жана жара сыяктуу. Азырынча, менин оюмча, буга каршы эмдөө же дары ойлоп табыла элек. Тескерисинче, жасалмалуулуктун саны өсүүдө. Бул эпидемия эмес, чыныгы пандемия.
– Сиздин оюңузча, эмне үчүн адамдар барган сайын чыныгы эмоцияларын күч жана ийгилик маскасынын артына жашырып жатышат?
– Бул үйүр сезими. Башкача айтканда, баары агым менен кетип, тренддер менен жашашат. Социалдык тармактардагы жаркыраган рилстер – көпчүлүктүн көзүнө көрүнүү үчүн жашоо. Виртуалдык ийгилик алар үчүн кычкылтек маскасы, дем алган аба, допинг сыяктуу. Баары ийгиликтүү болгусу келет. Баарынын эле колунан келе бербейт, бирок онлайн-ийгилик аларга оффлайн мейкиндикте аман калууга жардам берет.
– Сиз кайсы фильмиңизди эң жеке деп эсептейсиз жана эмне үчүн?
– Ал азырынча тартыла элек. Ал алдыда. Азырынча жок, бирок идеясы бар, ичиме сактап жүрөм, аны менен жашайм. Бардык карталарды ачып, спойлер кылбайм, анткени бизде плагиатчылар жетиштүү.
– Фильмдериңиздеги кайсы каарман өзүңүзгө көбүрөөк окшош?
– Жогоруда идеясы бар, бирок тартыла элек кинону айтпадымбы, сиз сураган каарман ошондо болот. Ал мага географиялык, этникалык жана руханий жактан жакын. Ооба, кемчиликтери жана каталары бар, бирок ал дүйнөлүк тарыхтын жүрүшүн жакшы жакка өзгөрткөн нерсени жасады.
– Фильмдериңизде сизге өзгөчө оор тийген эмоционалдык көрүнүш барбы?
– Ооба. Биз фильмдерибизде саясий жактан туура болууга аракет кылабыз, анткени искусство саясаттан тышкары. Ошондуктан кээде бир жерде унчукпай коюуга, бир жерде кооздоого, бир жерде жакшылык үчүн калп айтууга туура келет. Бул мага өзгөчө оор жана катуу тиет, анткени ар кандай калп ичтен эмоционалдык жактан талкалайт.
– Жылдар өткөндөн кийин өзүңүздүн тасмаңызды көрүп, анын маанисин башкача кабыл алган учурлар болобу?
– Албетте. Жылдар деле эмес, беш мүнөттөн кийин эле. Менимче, бул ар бир чыгармачыл адамга тааныш нерсе. Дароо эле кантип жакшыраак кылса болмок экенин көрө баштайсың. Бирок поезд кетип калган болот.
– Көп адамдын арасында да ички жалгыздыкты сезесизби?
– Калыстар тобунун, экзамендик комиссиялардын же көркөм кеңештердин мүчөсү болуп туруп, кимдир бирөөнүн талантына калыс эмес баа берилип жатканына туш болгондогу сезимдерим жөнүндө айтып бере алам. "Келишимдик" нерселер болгон жерде мен жалгыз калам, бирок сыймыктуу жалгыздыкта. Жоокер майданда жалгыз калса да, ал баатыр.
– Кино аркылуу айтып бере албаган оору же жеке окуя барбы?
– Тасманын убактысы эч качан жандүйнөңдү толугу менен ачып салууга жол бербейт. Ар дайым бир нерсе айтылбай калат. Кинонун күчү жана сулуулугу дал ушунда – тасмага тойбой калуу, бир нерсе жетишпегендей болуу. Дал ошондо көрүүчү өзү сүрөтчү болуп, окуяны өз ичинде толуктап баштайт.
– Кино аркылуу да айта албай турган нерсеңиз барбы?
– Албетте. Элге чыгарууга болбой турган еке окуялар бар.
– Балалыкта алган көңүл жаракаттары келечектеги режиссёрду канчалык калыптандырат?
– Бир кезде ВГИКке режиссёрлукка чоң, тажрыйбалуу адамдарды алышчу, анткени режиссёр болуш үчүн жашоо тажрыйбасы, башынан өткөргөн окуялары жана өзүнүн тарыхы болушу керек деп эсептелген. Ошондуктан чыгармачыл инсандын калыптанышына балалык травмалар да таасир этет. Бул аксиома.
– Режиссёрлукту адамдын өзгөчө бир тообо кылуусу деп атоого болобу?
– Ар кандай искусство чыгармасы – анын жаратуучусунун тообо кылуусу. Ал эми режиссёрлук – сахналык же экрандык болсун – ошондой эле. Бул ошол тообо кылууну жазган калем.
– Сиз үчүн эмне коркунучтуураак: жаман фильм тартуубу же бир күнү ички шыктанууну жоготуубу?
– Ички шыктанууну жоготуу коркунучтуураак. Кино өндүрүшү – бул ар дайым каталардын жана сыноолордун лотереясы. Эгерде сизде шыктануу болбосо, анда эч качан жакшы фильм жаралбайт.
– Кино тартылып бүткөндөн кийин ичиңде эмоционалдык боштук пайда болобу?
— Полотно жаратуу – эмоционалдык жана физикалык жактан оор. Ошондуктан акыркы көшөгөдөн кийин эмоционалдык жактан гана эмес, физикалык жактан да эч нерсе кыла албайсың. Бул режиссёрлорго эле эмес, актёрлорго, композиторлорго, сүрөтчүлөргө, жазуучуларга жана акындарга да тиешелүү.
– Эмне үчүн азыркы дүйнөдө ички жана адамдык тынчтык аз болуп калды?
– Анткени дүйнө өзгөрүүдө, айланасындагынын баарын өзгөртүүдө. Бир кезде агрардык экономика болгон, андан кийин индустриялаштырууга өтүү болду, машиналар адамдарды алмаштыра баштады, шаарлар тездетилген режимде өсө баштады. Азыр жасалма интеллект доору, бул да адамга таасир этет.
– Бир күнү дүйнөнү сезүү жөндөмүнөн ажырап калуудан коркосузбу?
– Адам айланасындагы дүйнөнү сезет же сезбейт. Бирок менимче, бул сезимди ойготуп, өнүктүрсө болот. Ал эми биротоло жоготуп алуу... мен ишенбейм. Кандай болгон күндө да оптимистмин жана адамдын жандүйнөсү дайыма жарыкка, искусствого жана чыныгы эмоцияларга жооп кайтарат деп ишенем.
– Кинематографтын келечегин кандай элестетесиз?
– Технологиялар өзгөрөт, жасалма интеллект өнүгөт, бирок адамдык эмоциялар башкы баалуулук бойдон кала берет. Адамдар ар дайым сезүүгө, ойлонууга жана жакшырууга түрткү берген окуяларга муктаж болушат. Жана жандүйнөнү козгой алган кино бар болсо, адамгерчилик жашай берет.
– Жакынкы 10–15 жылда өзбек кинематографиясынын тагдыры кандай болушу мүмкүн?
– Биздин Президент кинонун өнүгүшүнө чоң көңүл бурат, демек, бул тармакта активдүү реформалар жана олуттуу өзгөрүүлөр улана берет. Демек, индустриянын мындан ары өсүшү үчүн бардык шарттар түзүлөт.
Бизден – кинематографияга тиешеси барлардын баарынан, ошондой эле жергиликтүү чиновниктерден бир гана нерсе талап кылынат: өзүбүздүн үстүбүздөн иштөө жана бул кесипке чындап берилүү. Мен жогоруда айткандай, оптимистмин жана алдыда бизди прогресс гана күтөт деп ишенем.
– Кино тарыхында өзүңүздөн кийин эмне калтыргыңыз келет?
– Ар дайым жаңы нерсе. Мен ВГИКтин биринчи жана жалгыз чет элдик филиалын ачуу боюнча жумушчу топту жетектедим жана анын биринчи жетекчиси болдум. «Өзбеккинонун» аппаратынын жетекчиси кызматын түздүм жана бул кызматтагы биринчи адам да мен болдум.
Мен ар дайым биринчи болууга жана жаңы нерсе жасоого аракет кылам. Мисалы, "Амир Темур" тасмасынын аркасында биринчи жолу DCI стандарттары боюнча адистештирилген кызматтар системасы KDM (Key Delivery Message) санариптик файлы менен тасманы таратуу үчүн киргизилген. Буга чейин улуттук тасмалар физикалык жол менен — катуу дисктерде же USB-сактагычтарда таратылчу.
– Дагы бир, балким эң башкы суроо… Эгерде ондогон жылдар өткөндөн кийин көрүүчүлөр сиздин тасмаларыңызды кайрадан көрүшсө, алардын жүрөгүндө эмнени калтыргыңыз келет — үмүт, кайгы, ишеним, жарык же адамдын жашоосунун мааниси жөнүндөгү башкы суроонубу?
– Ар дайым ар кандай. Анткени үмүт менен кайгы – бул таптакыр башка сезимдер, таптакыр башка тасмалардан жаралат. Бирок баары бир, менимче, өзүңдөн кийин кайгы эмес, гумандуу сезимдерди калтыруу маанилүү.
Атүгүл ошол эле "Хатикодо" башкы сезим кайгы эмес, сүйүү – адамдын досуна, ишенимдүү итке болгон сүйүү бойдон калууда.
– Урматтуу Эльдар, терең, чынчыл жана абдан мазмундуу маегиңиз үчүн ыраазычылык билдирем. Бүгүн биз кино жөнүндө гана эмес, адамдын жандүйнөсү, жашап жаткан заман, кайгы, үмүт, маданият жана ички жарык жөнүндө да сүйлөштүк.
Сизге чыгармачылык илхам, күчтүү долбоорлор, дүйнөлүк таануу жана залдарды гана толтурбастан, адамдардын жүрөгүн да өзгөртө турган жаңы тасмаларды каалайм. Сиздин чыгармачылыгыңыз мындан ары да маданияттарды бириктирип, ойлондуруп, сездирип жана адамдарда адамгерчиликти сактап калсын.
Алдыда сизди дүйнөлүк чоң кинематографиянын тарыхына кирген дагы көптөгөн картиналар күтүп турсун.
Маектешкен Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
Чыңгыз Айтматов атындагы Ысык-Көл форумунун вице-президенти,
ASSOL кайрымдуулук фондунун президенти
Ассоль Молдокматова
