Айгүл Курманова: 50 жаш – бирөө үчүн отуруп алып башка бирөөнүн чай куюп берүүсүн күтүү болсо, экинчи адам үчүн өз ишин ачуу
1 февраль

Айгүл Курманова: 50 жаш – бирөө үчүн отуруп алып башка бирөөнүн чай куюп берүүсүн күтүү болсо, экинчи адам үчүн өз ишин ачуу

Айгүл Курманова – теле алып баруучу, психолог, гештальт-консультант жашоонун маңызы жөн гана жашоодо деп эсептейт. Мүмкүн болушунча бактылуу жана пайдалуу жашоо керек. Карылыкка алдырып, агымдын сыртында калып калбаш үчүн ал айланадагылардын пикирине азыраак көңүл бурууну сунуштайт, жөн гана бактылуу жашооңузду улантыңыз, сиздин өмүрдү эч ким сиз үчүн сүрүп бербей жана аны кимдир бирөөнүн уурдап алышына жол бербеңиз. 

– Бүгүнкү күндө жаш куракка болгон көз караш кандай өзгөрүүдө? 

– Учурда жаш куракка болгон көз караш абдан өзгөрүп жатканы эч кимге жашыруун эмес. Мурда 18 жаш эрезеге жеткен курак болуп эсептелип, ар кандай кесепеттери менен чогуу толук кандуу жаран болуп калчу элең, үйлөнсөң да, ажырашсаң да болот, добуш да бере аласың, айтор, каалаганыңдын баарын жаса. Азыр 18 жаш – бул кеч өспүрүм курак, балдар ата-энелеринин уясында көбүрөөк болууга аракеттенишет, а ата-энелер балдарына бир топ жумшак жана сабырдуулук менен мамиле жасашат. 

Уулум азыр 25 жашта, азыр деле аны жаш бала катары кабыл алам, илгерки убак болгондо аны аскерге алып кетишмек, балким, бул кезде үйлөнүп, бир нече балалуу болуп калмак. Алыска барыштын кереги жок, мен өзүмдүн эле апаларымды алайын, жолдошум менен баш кошкондо, экөөбүздүн тең апаларыбыз тең, 44 жашта болушчу. Ошондо, азыркы бизден беш жашка кичүү куракта, бирок өздөрүн такыр башкача алып жүрүшчү, башкача да көрүнүшчү, ой жүгүртүүлөрү да такыр башка болчу. Алар үчүн 44 жаш балдары үй-бүлө күтүп, сый-урматка ээ болуп калган курак эле. Алар аябай таптап сүйлөшүп, бири бирине “О, кудагый, кайсы жериң ооруйт”, – деп калышчу. Мен үчүн азыр бул жүрүм-турумдун чоочун үлгүсү. 

Менин тобумдагы кыздар  50+ куракта, бул орто курак. Биз такыр эле башка нерселерди талкуулайбыз – кайда барабыз, кимдер барат, андан соң дагы кайда барабыз, майрамдарды кантип белгилейбиз, эч убакта оору тууралуу сүйлөшпөйбүз. Ким канчалык урмат-сыйга татыганын да кеп кылбайбыз. Ооба, жаш куракка болгон көз караш өтө өзгөрдү жана мага мындай парадигма абдан жагат: сенин жүрүм-турумуңду жаш курагың эмес, жаш курагың менен жүрүм-турумуңду сен аныктайсың.  

Мага 60 жашта да, 70 жашта да эч ким болду эми, тынч чай ичип, башкаларды жумшап коюп отур дей албайт. Эч убакта! Азыр ата-энелер бир топ аң сезимдүү, биз балдарыбызга алар өздөрүн узагыраак бала сезиши үчүн, өз жашоолорун толук кандуу жашашы үчүн баарын кылабыз. Уулума айтам, балалыгыңда дагы да жүрө тур, эгер шашылып үйлөнүп алсаң, анда жашооңдун бир толук бөлүмүн аттап өтүп кетесиң. Ырахаттан, үй-бүлө, бала деген чоң жоопкерчиликти алуунун азырынча кереги жок. Сүйлөшкөн кызың менен саякатта, жашоонун бардык жакшы нерселерин ал, деп. Мага жаш куракка болгон көз караштын өзгөргөнү жагат. 

– Бизде көп нерсе уят болуп эсептелинет, улуу муундагылар үчүн дагы. Башкалардын пикирине көз каранды болбой жашоонун ыкмасы кандай? 

– Бизде ушундай калыптанып калган, жашың 50гө таяганда тынчтык менен сый-урмат керек, сен байбичесиң же аксакалсың. Сага башка бирөө буйрук бербеши керек, ал уят болуп эсептелинет, мындай сөз үчүн таарынууга чейин барышат, анткени, 50 жашка жеткенде, отуруп алып, эми мага кызмат кылгыла деп айта аласың. Айрым адамдар өз каалоосу менен ушундай жүрүм-турумду тандап алышат дагы, өзүн аксакал, байбичеге чыгарып, ошол жашоосунан ырахаттанышат, буга чейин басып өткөн жолундагы кыйынчылыктын жемишин татышат. Бул бир ракурс. 
Дагы бир ракурс бар, эйджизм сыяктуу түшүнүк көптөгөн адамдарды жашоонун агымынан сырт калгандай сездирет. Мына, мен 50гө чыктым, ким мени ишке алмак эле же 50гө чыктым, баалуулугум нөлгө түштү, дешет. Бул жерде маселе бир топ жеке сезимге байланыштуу, мен өзүмдү кандай сезип жатам, канча жаштагыдай сезип жатам, мен канчалык эркин адаммын? Эркиндик деген эмне? Жасай алган нерсеңдин баарын жасоо, каалаган жана бара алган багытыңда бет алуу, сын-пикирден коркпоо. 

Адамдар 50 жаштан кийин өзүн бир аз татыксыз сезип, өзүн кимдир бирөө менен салыштырып, ар дайым кандайдыр бир коомдук пикирге байланып калганына коомубуз салым кошуп жатат. Бул жагынан алганда биз баарыбыз эркин эмеспиз. Өзүмдөн деле кээде бир учурларды байкап калам, ал мени бир аз чоочутат. Мисалы, пост жазып, сүрөт коеюн дейм дагы, дароо сен 50гө чыктың, эл түшүнбөшү мүмкүн деп өзүмдү тыйып баштайм.  Андан кийин мен өзүмдү 50 жаштагыдай сезбейм деп ойлоп калам. 

50 деген эмне? Кимдир бирөө үчүн 50 – отуруп алып, качан мага чай куюп беришет деп күтүү, а башка бирөө үчүн өз ишин ачып, өзү үчүн иштеп баштоо. Мен 50гө чыгаардын алдында магистратурага тапшырдым, аны аяктадым, институтта окуп жатам, психология жаатында билим алуудамын, адистикке ээ болгондон кийин өз ишимди ачууну, баш-отум менен психологияга кетүүнү пландап жатам. Кептин баары адамдын дүйнө таанымында, өзүн кабыл алуусунда, өзү таануусунда, өзүн аңдап билүүсүндө жатат. 

Сен өзүңдү жакшы билип, коомчулук сенден күткөн нерседен да көп нерсеге жөндөмдүү экениңди түшүнсөң, анда ал коомчулукка кылчактабай каласың. Батышта бул куракта адамдар саякатка чыгып, дүйнөнү таанып башташат. Бизде да ушундайлар көп болушун каалайт элем. Бизде бул процесс жай өнүгүп жатат. Карылыкка алдырып, агымдан сырт калып калбаш үчүн өзүңүздүн укмуштуудай жашооңузда жөн гана жашаңыз, сиз үчүн эч ким жашап бербейт жана аны кимдир бирөөнүн уурдап алышына жол бербеңиз. 

– Биз жашоого умтулуп жатабыз, а көрсө жашоо артта калыптыр. Өз куракты кабыл алууга кантип үйрөнүү керек? 

– Биз шашылып жашайбыз, баары классикадагыдай, бирдемени кубалап баратып эле, артты карасак – 50 жаш. Баары тез өтөт, алдыңда жүз жылдык бактылуу жашооң тургандай сезилет, анан эле анын жарымы өтүп кеткен болот. Өзү үчүн жашабаган, дайыма коомдук пикирге байланган, өзүнө ишенбеген, ошонун айынан эч нерсени үйрөнбөгөн адамдарда ушундай болот. Бул эки эсе ызалуу. 

Мен жашоо өттү деген сөздү түшүнбөйм, жашоо - бул ар бир күн, а биз жашоо өтүп баратканын айтып наалый берсек, ал чынында эле кыйгап өтүп кетет. Мен бул жерде жана азыр жашаш керек дегенди жактайм.  Психологияда гештальт ыкмасын изилдеп жатып, мен мындай ыкманын, жашоо образынын мыктылыгына жана тууралыгына дагы бир жолу ынанып жатам. Ооба, биз баарыбыз өткөндүн өнүмдөрүбүз, бирок ошол эле убакта келечектин да өнүмдөрүбүз.

Жакындан бери менде бир адат пайда болду: токтоп, отуруп, физикалык деңгээлде өз денемди сезүүгө аракет кылам, айланадагы жашоону байкап, дем ала баштайм. Кар жылтыраганын, асман кандай түстө экенин, дарактагы жалбыракты байкайм- бул ошол маалдагы жашоону сезгенге жардам берет. Ар бир секунд өтүп бараткан өмүр. Ар бир күн – жаңы нерселерди жасоого, өзүңө жана айланаңдагыларга көбүрөөк сүйүү тартуулоого мүмкүнчүлүк. Жаш курак бардыгына эле бериле бербеген роскошь. Мен ичимден өзүмдү 27 жаштагыдай сезем, а паспорттогу курагымды белек катары кабыл алам. 

– Бизге бала кезден жашоодо үй куруп, дарак отургузуп, бала чоңойтуш керек деп айтышкан. Бул түшүнүк жашоону кандайдыр бир социалдык программага айлантып коет. Качан жана кантип өзүңдү реализациялашың керек? 

– Ооба, үй кур, дарак отургуз, балалуу бол деп айтышат. Баары көз карашка байланыштуу, кимдир бирөө айланадагылардын кеп-сөзүнөн коркуп, ушул айтылгандай жашап баштайт, аларды ишке ашырам деп атып жашоого үлгүрбөй калат. 

Сенде ички азарттын бары жогу же сенин ушул чийиндин ичинде дөңгөлөккө түшүп калган тыйын чычкандай чуркарыңды же супер Мариодой жашоого аңчылыкка чыгып, талантыңды көрсөтүп, күчтүүлүгүңдү далилдей турганыңды аныктайт. Көз караш ар кандай болот – же сен чийинге түштүң, өзүңдү стереотиптик ой жүгүртүүнүн курмандыгы сезесиң же жашооңдун өзүң каалагандай курасың. Мен жашоону өзүң каалагандай курууну тандайм. Менин реализациям так ушунда. Ар бир кичинекей жеңиш өзүңө болгон ишенимиңди бекемдейт. Эртең менен эрте туруу, түндө эрте уктоо, зыяндуу адаттардан баш тартуу – бул дагы жеңиш. Мен жашоомдун мыкты мүнөттөрүн азыр жана ушул жерде жашап жатам. Мунун баары ички түзүм жана жашоого болгон көз карашың. 

– Кыздар башкалар сын көз менен карабашы үчүн эртерээк турмушка чыгууну каалашат, анын айынан көбүнүн кыялы кыйрайт. Жашооңду өзүң каалагандай курууга күчтү кайдан тапса болот? 

– Өзүңдү, жүрөгүңдү угуу керек. Отуруп алып бул жашоодон эмне каалайм, так азыр, ушул жерден күткөнүм эмне деген суроого жооп берүү зарыл. Бул суроого жооп бергенден кийин кайра текшериңиз, бул чын эле менин каалоомбу же апамдын, коомчулуктун каалоосубу деп. Өзүңдөн кайра сура – эмне каалайм? Жашоомду башка адамга байлаганды каалаймбы же өзүм үчүн жашоонубу?

Бул жука муз, көбү катачылык кетирип, мажбурланган стереотипти, эрежени жана башка адамдардын каалоосун өзүнүкү сыяктуу кабыл алып алат, анда алар өзүнүн жашоосун жашай алышпайт. Адам артына кылчаят, жашоо өттү, мен жашаган деле жокмун, башкалардын ыңгайына жараша гана болдум. Канча жыл өмүрүң уурдалганын сезүүнүн өзү кайгы. Бул сен эмнени кааларыңды жана тандооң үчүн жоопкерчилик алууну түшүнүү. Балалыктын кайсы бир травмасына төңкөрүп салуунун кереги жок, бул менин жашоом, менин эрежем, мен аны аткарышым керек деп айт. Жөн гана жашоону башта, өзүңдүн суроо-талабыңды башкалардын суроо-талабынан ажыратып билүүнү үйрөн.