Мелис Музулманов: Биздин коомдун билимге болгон мамилеси – алтын алган спортчуну даңазалайт, алтын алган окуучу унутта калат
Мелис Музулманов – Кыргыз билим берүү академиясынын вице – президенти. Ал кесиптик ишмердүүлүгүндө орто мектептин катардагы мугалиминен тартып директоруна чейинки жолду басып өткөн, илимий жаатта – педагогика илимдеринин кандидаты, ошондой эле “Жылдын мыкты мугалими” наамына 2014-жылы ээ болгон. Бараандуу тажрыйбага ээ адис учурдагы кыргыз билим берүү системасы, алдыда боло турчу өзгөрүүлөр жана анын негизги максаты тууралуу айтып берди.
– Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз, кайсы жерлерде иштедиңиз, кандай тажрыйбага ээ болдуңуз?
– Орто мектептерге өмүрүмдүн 14 жылын калтырдым. Өзүм Аксынын «кулунумун», Токтогул Сатылганов атындагы орто мектептен 11 жыл билим алгам. Андан соң Ош мамлекеттик университетинде кыргыз тили жана адабияты мугалими адистигинде окудум. Мен кесип тандаган чакта мугалим болом деген окуучулар дээрлик жок болчу. Азыр эми кайра жанданды, окуучулар менен сүйлөшүп калсаң, педагог болууну каалагандар кездешет. Ачыгын айтканда, мен деле мугалимдикти тандоону ойлогон эмесмин. Бирок ЖРТдан алган балл ошого туура келип, кыргыз тили жана адабияты боюнча бюджеттик негизде билим алдым. Биринчи жолу Ош шаарынын четиндеги Кеңеш айылында өзүмдөн 3 жаш кичүү балдарды, орто мектептин бүтүрүүчүлөрүн ЖРТга даярдап иштедим. Андан кийин А.Навои атындагы №18 мектепте, ОшМУнун алдында ачылган “Ыйман” гимназиясында эмгектендим. 2014-жылы “Жылдын мыкты мугалими” конкурсуна катышып, баш байгени алдым. 2015-жылы Ош шаарындагы №52 Кыргыз-Түрк достугу мектеп-лицейине директор болдум. Бирок мектептин түйшүгү менен жүрүп, илимий ишим кийинкиге калып жатты. Акыры жетекчимдин катуу кийлигишүүсү менен мектепти таштап, университетке өттүм. Диссертация жактап, илимий даражага ээ болдум. Өмүрзак Мамаюсупов агайыбыз түптөгөн Ноокат билимканасында 2 жыл иштедим. Андан соң Кыргыз билим берүү академиясына келдим.
– Мектеп менен билим берүү академиясында иштөөнүн айырмачылыгы эмнеде экен?
– Биздин академия илим менен практиканы айкалыштырган мекеме. Бул жакка келгенден кийин өзүмдүн тажрыйбама да таянып байкап көрсөм, орто мектептерде окуйун, үйрөнөйүн, изденейин деген мугалим дээрлик жок экен. Алардын катарын убагында мен да толуктагам. Илимий жактан изилдөө, жыйынтыгын көрүү, анализдөө, салыштыруу дээрлик жоктугу өкүндүрөт.
Алардын катарын мен да толуктагам дегенимдин себеби, мектепте иштеп жатканымда, бизде Европадагыдай же башка өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй жакшы жазылган документ жок, аны академия же Билим берүү министрлиги камсыздашы керек деп ойлончумун. Бирок бул жакка келгенимден кийин карасам, окуу программа, предметтик стандарт баары эле кынтыксыз жазылганы билинет экен. Ошонун эле минимумун өздөштүрүшсө, мектептерде бир топ ийгилик болмок. Демек, мектеп илимий изденүү жагынан бир топ артта.
– Нормативдик документтер кынтыксыз жазылыптыр дедиңиз, бир караганда мектеп деле аракет кылып жаткнадай. Бирок ошол эле убакта коомчулукта Билим берүү академиясына жана мектептерге айтылган сын көп. Мунун себеби эмнеде болушу мүмкүн?
– Билим берүү деген бул бир гана академия же министрлик тарабынан чечиле турган маселе эмес. Бул даана, ачык эле көрүнүп турбайбы. Мектеп миң аракет кылбасын, ага жараша ата-эненин, окуучунун өзүнүн да аракет болбосо, билимдүү адамдарга коомдук суроо-талап көбөйбөсө, билимдүү адам биринчи орунга чыкпаса, билим берүүнүн деңгээлин жогорулатуу кыйын. Бизде акыркы жылдары гана кримтөбөлдөрдүн, байлардын коомдук авторитети азайды. Ушул жагдайдан пайдаланып, мугалимди, билимдүү окуучуну алдыга чыгарыш керек. Ушул жерде бир тенденцияны айта кетпесе болбойт: спортчуларга коомчулук, жетекчилик бергендей артыкчылыкты билим берүүгө дагы деле бере элекпиз. Мисалы, жакында бир окуучу Кыргызстандын атынан барып, 90дон ашуун мамлекет катышкан дүйнөлүк олимпиададан математика боюнча алтын медаль алып келди. Ооба, президентибиз окуучуну мугалими менен чакырып, сыйлык берди. Бирок коомчулук алтын медаль алып келген спортчуну даңазалагандай ал окуучуну даңазалаган жок, билинбей деле калды. Болбосо, бул алтын 30 жылдан ашуун эгемендүүлүгүбүздөгү биринчи алтыныбыз болчу!
Өткөн жылы информатика боюнча жалпы командалык эсепте Кыргызстан тарыхында биринчи жолу 96 мамлекеттин арасынан 25-орунга чыкты! Бизден алдыга кеткен коңшу мамлекеттердин бири 28-орунга жетсе, экинчиси 32-орунда калды.
Биз коомчулук билимди даңазалай турган деңгээлге жетишибиз керек. Ал үчүн бири бирибизди күнөөлөй бербей, колдоп-таяп, кызматташуубуз зарыл. Ата-эне өз көртирилиги, мугалим сабак өтүп эле, үйүнө барып жасачу оокаты менен алек боло берсе, билим деңгээлин көтөрө албайбыз.
– Сиз Билим берүү академиясына келгенден кийин мугалимдерде изденүү жок экенин байкаптырсыз. Эмнеге мындай ажырым болуп жатат деп ойлойсуз, эмнеге илимий жаат менен мугалимдер эриш-аркак иштеше албай жатат?
– Мен Казакстандын мектептериндеги билим берүүгө абдан таң калдым, бир мектебинин директору менен таанышып калдык, ал Оксфордду бүтүп келиптир. Чынында, бизде Оксфордду бүтүп келип, орто мектепке директор болгон көрүнүш такыр жок. Экинчиден, аларда мектеп менен университеттер кызматташып, университет илимий жактан аныктап берген нерсени мектептер улантып кетет. А бизде университет менен мектептин байланышы практикада гана. Практиканттарды бир ай же жарым айга жөнөтүшөт, ошону менен бүттү. Мектеп менен университеттин кызматташтыгы мыкты деңгээлде жолго коюлмайын, илимий жактан аксай беребиз. Бирок бул жерде да эске ала турган жагдай бар, илимий кызматкерге стимул көп: илимий макала жазса, илимий даражасы көтөрүлсө, ага кошумча төлөм төлөнөт. Ал эми мугалимди изденүүгө кызыктыра турган механизмдер жок.
– Сиз университет менен мектептин кызматташуусун жандантуу боюнча кандай сунуштарды берет элеңиз?
– Аны бир топ жагынан иликтеп чыгыш керек, кайсы бир кадам таштаардан мурда анализ кылуу маанилүү. Мисалы, ОшГПИнин жакшы жөрөлгөсү бар эле: өздөрүнүн жана башка окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнө конкурс уюштурушчу. №52 мектепте директор болуп турганымда, республиканын ар кайсы аймактарынан келген студенттерге сабак өтүүгө класстарды уюштуруп бергенбиз. Ушул нерсени да жандантып, салтка айлантсак болот, бул бүтүрүүчүлөрдүн педагогикалык жөндөмүнө, умтулуусуна кайсы бир деңгээлде өбөлгө болоору анык.
Негизи ар бир мектеп, ар бир университет жогору жактан команда күтүп отурбай, өздөрү демилгелеп, иш чараларды өткөрө берүүсү маанилүү. Анткени, баарыбыз бири бирибизге көз карандыбыз: мектеп кандай окуучу даярдаса, университет ошондой студентке ээ болот, университет кандай адис чыгарса, ал мектепке барат.
– Кыргыз билим берүү академиясы эмне иш менен алектенерин жөнөкөй тилде түшүндүрүп бере аласызбы?
– Мектептик билим берүүнүн ички мазмунун аныктайт. Демек, ал коомдук өзгөрүүлөрдү, коомдук талаптарды, коомдук буйрутманы жана дүйнөлүк тенденцияны эске алуу менен окуу программасын, предметтик стандарттарды улам жаңылап, заман талабына ылайыктап иштеп чыгуучу мекеме.
– Бүгүнкү күндүн ачуу чындыгы – эл аралык тенденцияга, дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграциялоо жаатында канчалык аракет жасалбасын, мектеп билим берүү системабыз дагы деле артта калгандай. Аны ыкчамдатуу үчүн кандай иш чараларды көрүп жатасыздар?
– Баарыңыздарга маалым болгондой, 12 жылдык билим берүү системасына өтүп жатабыз. Башында буга мен да каршы болгом, анчалык кызыккан эмесмин. Бирок бир нерсени эске алыш керек – бардык мугалимдер, билим берүү чөйрөсүнүн өкүлдөрү, эксперттер Кыргызстандын билим берүү системасына реформа керектигин айтышат, бирок 95 пайызы эч кандай альтернатива, сунуш бере албайт. Талап кылышат, сындашат, бирок сунуш жок.
12 жылык билим берүүнүн артыкчылыктарынын бири – мектептеги билим берүү толугу менен масштабдуу өзгөрүүгө учурайт. Билим берүү академиясы 12 жылдык билим берүүнүн концепциясын иштеп чыктык. Ага алайык, коомчулуктун сунушун эске алып, билим берүү стандарты түзүлдү. Жакын арада өлкө боюнча 600дөй окуу бөлүм башчыларын окутабыз. Биз аларга окуу программаларына, предметтик стандарттарга киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу маалымат беребиз. Мисалы, эмне себептен 1-6-класстар башталгыч класс болду, бир сааттык окуу жүктөмдөрү эмнеге алынды? Мындан аркы иш чарабыз – ушул маалыматтарды мугалимдерге жеткирүү, жайылтуу менен алектенебиз.
– Коомчулукта балдар 11-класска араң чыдашчу, эми 12 жыл кантип окушат деген сын пикир көп. Сиз практикалык мугалим катары айтсаңыз, 12 жылдык билим берүү эмнеге керек?
– Жогорку класс үчүн утуштардын бири – 10-11-12-класста профилдик окуу киргизилет. Туура, 10-11-класста эң чоң көйгөй окуучуларды мектепке келтириш болчу. Бирок эми жогорку класстарда кесиптерге багыттоо башталат, окуучу келечектеги кесиби боюнча предметтерди көбүрөөк окуй баштайт. Азыр 30 сааттан окушса, эми 18-20 саатка чейин кыскарат. 10 саат мамлекеттик компетенттеги, табигый илим сабактарына кетсе, 10 саат жалаң келечектеги кесипке багытталат. Ошол эле мезгилде милдеттүү мектептик билим 9-класс бойдон кала берет. Каалаган окуучу 9-классты аяктап, билимин кесиптик лицейлерден, орто окуу жайларынан улантат. 12 жыл окуу окуучунун, ата-эненин келечек планына, каалоосуна жараша болоорун белгилей кетейин.
Кандай өзгөрүү болбосун, негизги жумушту аткара турган – бул мугалим. Анын карамагындагы 45 мүнөт. Биз жасаган аракетти ошол 45 мүнөттө мугалим колдоп, аракет кылса, сөзсүз жыйынтык болот. Бир нерсе бар – жаңы муун менен мектеп мугалиминин ортосундагы карама каршылыктар, технологиядагы, ой жүгүртүүдөгү дал келбестиктер кездешет. Мисалы, бүгүнкү окуучунун өзүнүн тили бар. Экинчиден, баштагыдай «булгабай, сулуу жаз» деген талап азайды. Анткени, көп нерсени уюлдук телефон, планшет, компьютер менен бүтүрүп калдык. Анан дагы азыр балдар кыска нерселерди кабыл алат, соцжеледеги, коомдогу күр-шар ошого алып келди. Мурдагыдай узак лекция түрүндөгү сабактар, көчүрүп жаз дегендер азыркы окуучуларга кызыктуу эмес. Ушул нерсени мугалим да, ата-эне да эске алуусу керек.
– Азыркы, альфа-муун менен мугалимдердин ортосундагы ажырымды азайтыш үчүн бүгункү мугалим кесиптик, инсандык жактан канчалык деңгээлде даяр?
– Бул маселенин мектептерде өтө курч болуп кеткенин байкаган жокмун. Себеби, жаш мугалимдер көбөйүүдө. Бир гана шаарда эмес, айыл жергесинде дагы гаджет менен бала чагында таанышкан муундун өкүлдөрү мугалимдик кесипти аркалап жатат. Демек, алардын ой жүгүртүүсү, дүйнө таанымы альфа-муунга жакыныраак. Эң чоң маселе пенсия курактагы «мыкты мугалим бор менен эле мыктылыгын далилдеп коет» деген өзгөрүлгүс концепция менен иштеп келген мугалимдерде болууда.
– Коомчулукта ЖРТдагы суроолор менен мектеп программасы дал келбейт деген пикирлер айтылат. Сиз буга кандай жооп бересиз?
– Ооба, бул көп айтылган пикир, бирок туура эмес. Мен ЖРТга окуучуларды даярдап жүргөн жана аны ичинен билген адам катары айта алам, толугу менен дал келет, бирок суроо берүү тили башка. Аны жакшы өздөштүргөн мугалим менен окуучу кеп эмне тууралуу болуп жатканын дароо билет. Мисалы, мени мектепте кыргыз тили жана адабияты сабагынан окуткан Санамбү Шатманалиева эжейим бир нече жыл мурда эле муну мага жеткирип койгон. Мисалы, эжейим айтчу «Мен сага Айтматовдун аты ким?
А)Чыңгыз;
Б) Касымалы;
В) Түгөлбай;
Г) Аалы, десем, сен дароо Чыңгыз дейсиң. А бирок сага ушул эле жооптун башкача суроосу – «Айтмат атанын небересин тап» деп берилиши мүмкүн», – деп. Тест жөн гана суроонун жообун таптыруу үчүн эмес, окуучуну логикалык ой жүгүртүүгө да түртүп жатат. Так ушул нерсени, мугалимдерге, окуучуларга кеңири жеткирүү зарыл деп ойлойм.
