Манас Саматов: Элибиз менчик жерин өздөштүрүп, тың оокат жасоону үйрөнүп алды. Болду, аларга тийбегиле, байболгурлар...
Жакында Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Махабат Мавлянова өлкөдө айыл чарба өнүкпөгөнү үчүн айыл жергесинин калкынын басымдуу бөлүгү чет өлкөлөрдөн иш издөөгө аргасыз болуп жатканын айткан. Ошондой эле Кыргызстандын айдоо жерлери 1,2 миллион гектар гана экенин, бул коңшу өлкөлөрдүн бир районуна гана тең келээрин билдирген депутат, биз органикалык продукцияны өндүрүү менен гана тышкы рынокто атаандаштык жарата алышыбыз мүмкүндүгүн белгилеген. Кыргызстандын бүгүнкү айыл чарбасынын өнүгүүсүнө эмнелер тоскоол болууда – бул тууралуу фермер, техника илимдеринин кандидаты, эл аралык консультант Манас Саматовдон сурадык.
– Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери айыл чарбасы боюнча жасалып жаткан иштерге сын айтылып келет, бирок жыйынтык жок. Эмнеге мындай болууда?
– Айыл чарба тармагына тынымсыз сын айтылып келе жатканынын себеби бар. Негизги себеп - Талгарбеков жүргүзгөн алгачкы жер реформасы туура эмес аткарылган.
Жердин менчикке өтүүсү өтө туура болгон. Бирок бул жерде эки орчундуу ката кетирилген.
Биринчиси айдоо жерлердин 25 пайызы мамлекеттин эсебинде калып кеткен. Дал ушул жерлерди пайдалануунун, ижарага берүүнүн айланасында коррупциялык көрүнүштөр тамырлап, отоо чөп сыяктуу тармакка зыян келтирүүдө.
Экинчиси, колхоз-совхоз системасын, ири чарбаларды таркатууну кесипкөйлүк менен жүргүзүү зарыл болчу. Кантип? Мен ошол учурда эле сунуштагам – совхоз аттуунун баарын жоюп, колхоздорго айландыруу керек болчу. Совхоздордон айырмаланып колхоздор менчик кооперативдер эле. Кооперативдерди башкаруунун ыкмаларын замандаштырып, айылдагы негизги өндүрүш каражаттарын талап-тоноп, бөлүшүп, талкалап салуу аракеттерин алдын алыш керек болчу.
Мына, азыркы учурга чейин бардык министрлер ирилештирүү сасясатын козгошт. Бирок бөтөлкөдөн чыгып кеткен жинди кайра бөтөлкөгө киргизе албай убара. Ошондуктан айыл чарба тармагынын башы сындан чыкпай калды.
Айылдарыбызда түзүлгөн кырдаал инвестиция тартууга мүмкүн эмес абалда асылып турат.
– Кыргызстанда айдоо жерлер аз экени айтылды, бул айыл чарбасынын өнүкпөй жатканынын дагы бир себеби эмеспи? Аз айдоо жер менен айыл чарбасын өнүктүрүүгө мүмкүнбү жана кандай жол менен?
– Жер тартыштык көйгөйү дүйнө жүзүндө илгертеден бар. Дал ушул көйгөйдүн өзү бардык согуштардын себепчиси болуп келгендиги сыр эмес.
Бизде да жер тартыш - маңдайыбызга жазган 1 250 000 гектар айыл чарба жербизди чоюп чоңойто албайбыз.
Өкмөттүн элге сунуштаган кошумча 614 000 гектар кунарсыз жерлери да бул көйгөйдү чечпейт.
Биз адамзаттын арттырган тарыхый тажрыйбасына, илимге кайрылганыбыз оң.
Билесиздер, өндүрүштү өнүктүрүүнүн жолу бар - экстенсив жана интенсив.
Биздин айыл чарба өндүрүшүнө карата экстенсив жолу - бул айдоо жерлеринин аянтын кеңейтүү. Бирок өйдө жакта айтып кеттик - жерибизди чоюп чоңойто албайбыз. Демек, 614 миң кунарсыз жерди эсепке албаганда, экстенсив ыкмасы менен өнүгүү мүмкүн эмес.
Ошондо бизде бир гана жол бар - айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүнү интенсив жолго жетелеп, “ара төрөлгөн” жер реформасын аягына чыгаруу актуалдуу.
– Интенсив ыкмасын түшүндүрүп берсеңиз?
– Бул өзүнчө чоң тема.
Кыргызстанга айыл чарба продукциялары көбүнчө сырттан киргизилет. Бизде өзүбүздү, ички рынокту камсыздоого эмне жетишпейт?
Элди азык-түлүк менен камсыздоо, азык-түлүк коопсуздугу, эттин баасын көзөмөлдөө, экспортко тыйуу салуу, антимонополиялык коррупциялашкан мекемеге шылтап актануу, жетишпеген продукцияны сырттан ташып келүү сыяктуу дооматчыл, большевиктердин ураан-багытына окшогон ыкмалардын баары тең жарабай турганы белгилүү болду. Нанды "нана" деп, тили чыга элек баланын акылы менен айыл чарба тармагын өнүктүрүү таптакыр мүмкүн эмес экендигин турмуш өзү көрсөттү.
Тилекке каршы, айыл чарба тармагын башкарууга бир да реформатор, новатор, кесипкөй жетекчи тартыла элек.
Эркин базар экономикасынын кучагында жашап жатабыз. Тактап айтканда айыл тургундары, фермерлер кимдир бирөөнү азык-түлүк менен камсыздоого милдеттүү эмес.
Фермерлер, айылдагы ар бир үй-бүлө рентабелдүүлүгү жогору болгон өсүмдүктөрдү өстүрүп, берекелүү киреше табууну көздөп иш тутуусу шарт. Кирешеси жок үй-бүлөнүн келечеги ички жана сырткы миграцияга барып такалышын башыбыздан кечирип келе жатабыз. Анан кантип айыл тургундары элдин башка катмарын арзан эт менен камсыз кылып турушу керек?
Өзбекстанга тирүү малды экспорт кылууга тыйуу салынган күндүн эртеси эле этин баасы өсө баштаган. Ошондогу эттин баасы 350 сом болчу, мына азыр 700 сомго көтөрүлдү. Эттин баасын эч ким көзөмөлдөп арзандата албайт.
Мал баккан фермерлерге мамлекет эркиндик берип, шарт түзүп берсе, өзүбүздө өндүрүлгөн эттин жалпы көлөмү көбөйсө эттин баасы салыштырмалуу туруктуу болоору анык.
Жыйынтык – бизге элди туура жолго жетелей билген кесипкөй жетекчилер керек.
– Айыл чарбасы майда чарбаларга бөлүнүп кеткени айтылды. Бул канчалык таасирин тийгизет? Майда чарбалардын иштегени натыйжалуубу же бирдиктүү бир чоң чарбанынбы?
– Майда чарба, ири чарба темасы бүтпөй койду. Анткени жетекчилерибиздин деңгээли ошол жомоктон өйдө көтөрүлбөй келе жатат. Уктаса, турса деле, түшүнө дагы баягы эле большевиктердин колхоз-совхоз системасы кирет. Башында "ирилештирүү" деген дооматтан башка идея таптакыр жок!
Бизде 50... 100 гектар болгон кенен талааларыбыз деле өтө аз. Арасынан жол өтөт, арык өтөт, сай өтөт дегендей. Айдоо жерлерибиздин өзү негизинен майда-майда. Алар менчиктештирилип кеткен. Элибиз менчик жерди натыйжалуу пайдаланууну өздөштүрүп, тың оокат жасоону үйрөнүп калды.
Болду, аларга тийбегиле, бай болгурлар деген киши жок.
Менчик жердин кол тийбестик макамына мамлекет өзү темир-бетондой болгон кепилдик берип аны камсыздай билиши шарт.
Биз, кыргыздар, кылымдар бою ханга да баш ийбей, өз алдыбызча көчүп жүрүп үйрөнгөн азоо элбиз. Бизди бир колхоздун короосуна камап башкаруу мүмкүн эмес. Биз кооперативдерге эч качан бирикпейбиз.
Элдин кулк-мүнөзүн, менталитетин көңүлгө албаган киши тармакты жетектей албайт.
Биз куру жомокторду токуй бериштин ордуна айыл чарбасына тиешелүү жаңы технологияларды өздөштүрүү, жаңылануу жолуна түшкөнүбүз оң.
– Органикалык продукция өндүрүү менен тышкы рынокто атаандаштык жаратуу канчалык реалдуу?
– Органикалык айыл чарба өндүрүшүнө өтүүнүн өзү жөн эле мода эмес – бул замандын талабы.
Жердин асылдуулугун сактап иш тутпасак, минерал жер семирткичтерин ашыра пайдаланып бара берсек, айлана-чөйрөбүздүн бузулушуна жеткиребиз. Анда эле жеген тамагыбыз өзүбүзгө "душман" болору анык. Өмүрүбүз дарыканаларга каттап жүрүп өтүп кетпесин деген жарга барып такалып калдык ансыз деле.
Элибиздин аң-сезими өстү, тың оокат кылып калдык, буйурса. Тамактын тазасын тандап жей турган болуп калдык.
Ошондуктан дал ушул факторду эске алып, фермерлерибиздин органик өндүрүмдөрдү өстүрүүгө өтүшүн колдоп, органик дыйканчылыктагы атаандаштыктын күчөшүн шарттап, шамалга каршы жүрүш жасаганыбыз дурус.
Таза азык-түлүк дарылап, "зордоп" өстүрүлгөн өндүрүмгө салыштыра келгенде эки эсе кымбат болсо таң калбашыбыз керек.
