Азербейжандын Эл жазуучусу Анар Рзаев: “Кыргызстан мен үчүн – үй-бүлөлүк тарыхымдын жана эс тутумдун бир бөлүгү”
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Ч. Айтматов атындагы Ысык-Көл форумунун вице-президенти жана башкы катчысы, Эл аралык элдик дипломатия ассоциациясынын вице-президенти, "ASSOL" Эл аралык коомдук кайрымдуулук фондунун президенти Ассоль Молдокматованын «Дүйнө лидерлери» автордук рубрикасы.
Жыйырмадан ашуун жыл мурда Азербайжанга жасаган биринчи сапарым эсимде түбөлүккө калган жолугушууларды тартуулаган. Ошол кезде өлкө тууралуу документалдуу фильмдердин циклинин үстүндө иштеп жатып, түрк дүйнөсүнүн эки көрүнүктүү ойчулу – Олжас Сулейменов жана Анар Рзаев менен тааныштым.
Жылдар өттү. Тагдыр мени кайрадан Бакуга алып келди. Биз кайрадан жолугуштук, ошондо чыныгы улуулук кооз сөздөрдү талап кылбай турганына дагы бир жолу ынандым. Ал жөнөкөйлүктө, терең ойдо, адамга урмат-сый менен мамиле кылууда жана таң калаарлык ички эркиндикте жатат.
Азербайжандын эл жазуучусу Анар Рзаевдин ысымы азербайжан адабиятынын тарыхынын бир бөлүгүнө айланганына көп болду. Анын китептери дүйнөнүн көптөгөн тилдерине которулган, чыгармаларынын негизинде тасмалар тартылган, чыгармачылыгы өлкөнүн маданий жашоосунун маанилүү бөлүгү бойдон калууда. Бирок бул жетишкендиктердин артында өмүр бою өз принциптерине бекем туруп, өзүнүн адабият адамга кызмат кылышы керек деген башкы ишениминен эч качан баш тартпаган адам турат.
Баарлашуубуз китептер тууралуу гана болгон жок. Биз ата-энелер, тарбия, жазуучунун эл алдындагы миссиясы жана жоопкерчилиги, Чыңгыз Айтматов, Олжас Сулейманов, Карабах, маданият, достук, эс тутум, түрк дүйнөсүнүн келечеги жана аларсыз адамды да, мамлекетти да сактоого мүмкүн болбогон адеп-ахлак баалуулуктары тууралуу сүйлөштүк.
Анар менен сүйлөшкөндө чыныгы адабият атактуулукка жетүү каалоосунан улам жаралбай турганын өзгөчө ачык түшүнөсүң. Ал адамда элге айта турган сөзү чындап болгон учурда гана жаралат.
– Анар муаллим, бул жолугушуу үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Он жылдай мурун атаңызга арналган китепти белек кылган элеңиз, эсиңиздеби? Мен аны бир дем менен окуп чыккам, андан алган сезимдер азыркыга чейин менде сакталуу. Бул жөн гана көрүнүктүү адам жөнүндөгү китеп эмес, бул сүйүү, эскерүү, ыраазычылык жана үй-бүлө жөнүндөгү терең сүйлөшүү болчу. Ошондо мен адамдык сезимдердин чыныгы баалуулугунан өткөн эч нерсе жок экенин ачык түшүнгөм.
Атаңыз Расул Рза көрүнүктүү акын гана болбостон, татыктуу балдарды тарбиялады. Артка кылчайып карасак, сиздин тарбияңыздын пайдубалын кайсы үй-бүлөлүк баалуулуктар түзгөн? Ата-энеңиздин үйүнөн жашооңузга эмнени алып кеттиңиз?
– Бизди көбүнчө апам Нигяр Рафибейли тарбиялады. Атам көп коомдук иштер менен алектенип, тынымсыз эмгектенчү. Биз азыркыга чейин ыраазычылык менен эстеп жүргөн маанайды энем түзгөн. Бирок эң башкысы башкада болгон. Ата-энем бизди сөз менен дээрлик эч качан тарбиялашкан эмес. Алар туура делген жашоодо жашап бизге үлгү болушту. Күн сайын алардын бири-бирине болгон сый-урматын, адамдарга мамилесин, адептүүлүгүн, кадыр-баркын көрчүбүз. Алар эч качан эч кимди артынан жамандашчу эмес, бизге акыл үйрөтүп, узун-узун насааттарды да айтышкан жок. Алардын негизги сабагы – өздөрү үлгү берүү болгон. Балким, дал ушул эң маанилүү тарбия болгондур. Катуу сөздөр эмес, ата-эненин күнүмдүк жашоосу баланын мүнөзүн байкалбай калыптандырат. Анан бул сабак адам менен түбөлүккө калат.
– Дүйнө мурдагыдан да ылдам өзгөрүүдө. Жасалма интеллект, санариптик технологиялар, социалдык тармактар күнүмдүк жашоонун бир бөлүгү болуп калды. Бирок ошол эле учурда адамдын руханий өнүгүүсү техникалык прогресске үлгүрбөй жаткандай сезилет. Сиз болуп жаткан окуяларды кандай кабыл аласыз?
– Сиз белгилегендей. Техникалык прогресс адамдын адеп-ахлактык жактан жетилишине караганда бир топ ылдам өнүгүүдө. Биз эң татаал технологияларды жаратууну, маалыматты дүйнөнүн экинчи четине заматта жеткирүүнү үйрөндүк, бирок өз сөздөрүбүз жана иш-аракеттерибиз үчүн толук жооп берүүнү али толук үйрөнө элекпиз. Социалдык тармактар ар бир адамга сүйлөө мүмкүнчүлүгүн берди, бирок айткандары үчүн жоопкерчиликти үйрөткөн жок. Бүгүн анонимдүү бойдон калып, кесепеттерин сезбей туруп, жалганды жайылтууга, башка адамды жаманатты кылууга, кемсинтүүгө мүмкүн. Көпчүлүк үчүн бул өзүн көрсөтүүнүн, эсептешүүнүн же көрө албастыкты билдирүүнүн жолу болуп калды. Бирок күнөө технологияларда эмес. Алар эч качан жакшы да, жаман да болбойт — алар адамдын ичиндеги нерсени гана күчөтөт. Эгер адамда абийир, маданият жана ар-намыс жашаса, технологиялар ага жаратууга, агартууга жана адамдарды бириктирүүгө жардам берет. Эгер ичи боштук, агрессия же көрө албастык болсо, алар бузуу куралына айланат. Мына ошондуктан бүгүн жасалма интеллектти гана эмес, биринчи кезекте адамдын интеллектин – адеп-ахлакты, маданиятты, жоопкерчилик сезимин жана жакшыны жамандан айырмалоо жөндөмүн өнүктүрүү өтө маанилүү.
– Сиз жалаң гана жазуучу эмес, көркөм тасмаларга сценарий жазган автор дагысыз, алардын көбү азербайжан киносунун классикасына айланган. Кино жашооңузда кандай орунду ээлейт?
– Мен үчүн кино ар дайым адабияттын табигый уландысы болуп келген. Жазуучу окуяны сөз менен баяндайт, ал эми кино аны көрүүчүгө көзү менен көрүүгө мүмкүндүк берет. Менин сценарийлерим боюнча тартылган тасмалар бар, алар мен үчүн кымбат. Аларда мезгилдин, мен сүйгөн адамдардын, мекенимдин эс-тутуму сакталып калган. Автор үчүн ойлору китеп барактарында гана эмес, экранда да жашап калышы чоң бакыт.
– Эң маанилүү эмгектердин бири «Коркут Ата» («Деде Коркут») тасмасына жазылган сценарий болду. Бул чыгарманын үстүндө иштөө сиз үчүн эмнени билдирген?
– Бул чоң жоопкерчилик эле. Деде Коркуттун китеби – бул жөн гана адабият эстелиги эмес, биздин элдин руханий негизи, анын тарыхый эс-тутуму жана адеп-ахлак кодекси. Сценарийдин үстүндө иштеп жатып, жалганчылыкка да, орой мамилеге да жол бербөө керектигин түшүндүм. Эпостун рухун, анын каармандарынын кадыр-баркын, миңдеген жылдардан бери актуалдуулугун сактап келе жаткан адамдык мамилелердин акылмандыгын жана тереңдигин сактоону кааладым. Чыныгы классика эч качан эскирбейт, анткени ал адамга түбөлүк баалуулуктар жөнүндө айтып берет.
– Чыгармачылыгыңыздын аркасында көптөгөн байыркы түрк ысымдары жашоого кайтып келди. Сиздин үй-бүлөңүздө да ар бир ысымдын өзүнүн тарыхы бар экендиги белгилүү.
– Биздин үй-бүлөдө ар дайым кооз жана өзгөчө ысымдарды жакшы көрүшчү. Айта кетсек, Азербайжанга убакыттын өтүшү менен кеңири таралган бир нече ысымды тартууладык. Менин атым Анар, карындашымдыкы Фидан. Бул ысымдар бир кезде өзгөчө көрүнгөн, ал эми азыр кадыресе болуп калды. Атактуу опера ырчысы Фидан Касымованын ысымы карындашымдын урматына коюлган.
Кийинчерээк, "Коркут Ата" сценарийинин үстүндө иштеп жатканда, кайрадан байыркы түрк ысымдарына кайрылдык. Ошентип, Турал жана Гүнел ысымдары жаңы жашоого ээ болушту. Кызымды Айсел деп атадым, бүгүнкү күндө бул ысым да Азербайжанда эң сүйүктүү ысымдардын бири болуп калды.
Бир күлкүлүү окуя эсимде. Уулумду ЗАГСка каттоого барганда, кызматкер: "Бизде мындай ысым жок", - деди. Анда мен жылмайып: "Анда Анар деген ысым барбы?", – деп сурадым. Ал: "Бир кезде сиздин да ысымыңыз өзгөчө көрүнгөн. Эми дагы бир өзгөчө ысымды каттоого келдиңиз", – деп жооп берди.
Жылдар өттү, азыр бул ысымдардын баары биздин маданиятыбыздын табигый бөлүгүнө айланды. Бардык жаңы нерсе алгач таң калууну жаратат, андан кийин кадимкидей болуп калат. Кээде бир эле үй-бүлө убакыттын өтүшү менен бүтүндөй элдин байлыгына айланган нерсеге жол ачат.
– Сиз эки көрүнүктүү акын – Расул Рза менен Нигяр Рафибейлинин үй-бүлөсүндө чоңойгонсуз. Жазуучу болуу кандан берилеби же тарбияданбы?
– Тукум куучулук адамга белгилүү бир жөндөмдөрдү бере алат, бирок өз алдынча эч нерсени чечпейт. Улуу адамдардын үй-бүлөсүндө төрөлүп, бирок артыңа эч нерсе калтырбай кетүүгө да болот. Ошол эле учурда эң эле жөнөкөй үй-бүлөдө чоңоюп, чыныгы жазуучу болууга болот. Эң башкысы – сөзгө болгон ички жоопкерчилик сезими. Чыныгы жазуучу адабиятка атак-даңк, кызмат же карьера үчүн келбейт. Анын адамдарга айта турган сөзү бар жана ал унчукпай тура албайт. Калган нерселердин баары – талант, чеберчилик жана тажрыйба – чоң эмгек аркылуу гана жаралат.
– Сиз отуз жылдан ашык Азербайжан Жазуучулар союзун жетектеп келесиз. Сиздин колуңуздан жүздөгөн кол жазма өттү. Чыныгы жазуучуну кайсы белгилери боюнча тааныйсыз?
– Чыныгы жазуучуну кооз сүйлөмү аркылуу аныктоого болбойт. Окурманды таң калтыруу эмес, ага маанилүү бир нерсени айткысы келген каалоосу болушу керек. Адабият жалганды жанына жолотпойт. Эгер адам атак, сыйлык же кызмат үчүн жазса, бул дароо эле билинет. Чыныгы чыгарма автор унчукпай тура албаганда жаралат. Анын адамдарга айта турган чын эле бир сөзү бар.
– Азыр көпчүлүк адамзат руханий кризисти башынан кечирип жатат деп айтышат. Ушуга карабастан, сиз адам адеп-ахлак баалуулуктарына кайтып келе алат деп ишенесизби?
– Мен мунун сөзсүз болоруна ишенем. Бул Азербайжанга гана тиешелүү эмес, бүткүл дүйнөгө тиешелүү. Адамзат тарыхы мындай кризистерди бир нече жолу башынан өткөргөн жана алар эч качан түбөлүк болгон эмес. Менимче, бүгүн биз алардын эң жогорку чегине жеттик. Ал эми ар кандай чокудан кийин сөзсүз артка карай кыймыл башталат. Мен адам кайрадан жакшылыкты, ар-намысты, сый-урматты жана жоопкерчиликти баалай алат деп ишенем. Айрыкча жаш муундар түшүнүшү маанилүү: бүгүнкү болуп жаткан нерселердин баары убактылуу. Доор өзгөргөндүгү үчүн гана адеп-ахлак багыттарын жоготпоо керек. Ар кандай улуу ачылыштын эки жагы бар. Атомду бөлүү илимдин көрүнүктүү жетишкендиги болгон, бирок ошол эле учурда адамзатка жок кылуу коркунучун алып келген. Бардык ачылыштар ушундай болот. Алар адамга кызмат кыла алат, же ага каршы келиши мүмкүн. Баары технологияга эмес, адамдын өзүнө байланыштуу.
– Сиз өзүңүздү бактылуу адам деп эсептей турганыңызды айттыңыз, бирок жашооңуз чыгармачылык жеңиштерге гана эмес, олуттуу сыноолорго да толгон. Бүгүн сиз үчүн чыныгы бакыт эмнени билдирет?
– Кээде мен өткөн өмүрүмө кыялчайып карайм. Бул жолдо көп сыноолор болду, азыркыга чейин баары бүтө элек. Бирок ага карабастан, өзүмдү бактылуу адам деп эсептейм. Жок эле дегенде үч улуу окуянын күбөсү болдум. Биринчиси – Азербайжан эгемендүүлүккө ээ болду. Экинчиси – элибиз өз аймактык бүтүндүгүн калыбына келтирип, ата-бабадан калган жерлерин кайтарып алды. Ал эми үчүнчүсү – Карабак маселеси толугу менен чечилди. Мунун баарын өз көзүм менен көрүү үчүн жашашым керек эле. Ушул окуялар мага артта калган сыноолор текке кетпегенин билдирет.
– Чыгармачыл жана коомдук ишмердүүлүк жылдарында ар кайсы доорлордун көрүнүктүү адамдары менен жолугуптурсуз. Чындап улуу деп эсептелгендерде кандай сапат бар?
– Ички кадыр-баркы. Чыныгы улуулук эч качан далилдөөнү талап кылбайт. Инсан канчалык масштабдуу болсо, ошончолук тынч жана жөнөкөй жашайт. Мындай адамдар таасир калтырууга эмес, алар пайда келтирүүгө умтулушкан. Алар өз эмгектери жөнүндө айтканга караганда көбүрөөк ойлонушкан, өздөрүнүн жетишкендиктери жөнүндө айткандан көрө көбүрөөк жаратышкан. Ошондуктан алардын элеси ар кандай даңктан алда канча узак жашайт.
– Сизди көп учурда азыркы адабияттын классиги деп аташат. Бул аныктамага өзүңүз кандай карайсыз?
– Жылмайып. Тирүү адамды классик деп аташса, таң калыштуудай сезилет. Классика – бул убакыттын баасы. Жазуучу адабияттагы ордун өзү аныктабайт. Муну окурмандар жана келечек муундар аныктайт. Ошондуктан мындай сөздөргө эч качан чоң маани берген эмесмин.
– Сиздин артыңызда чоң чыгармачылык жол гана эмес, бактылуу үй-бүлөлүк тарых да бар. Сиздин оюңузча, чыныгы сүйүүнүн сыры эмнеде?
– Сексен сегиз жашка чыктым, анын алтымыш жети жылын жубайым Земфира менен бирге өткөрдүк. Ушул жылдар ичинде мен эч качан тандоомо шек санаган эмесмин. Сүйүү ишенимсиздик, сый-урмат, сабырдуулук жана бири-бирине күн сайын кам көрүүсүз мүмкүн эмес. Эгерде ушулардын баары бар болсо, сезим жылдар өткөн сайын жоголбойт, тескерисинче, тереңдейт.
– Сиздин көп чыгармаларыңыз адамдын ички дүйнөсүнө арналган. Эмне үчүн дал ушул темалар эч качан актуалдуулугун жоготпойт?
– Анткени адам доорго караганда алда канча жай өзгөрөт. Технологиялар, саясат, мамлекеттик чек аралар өзгөрөт, бирок сүйүү, абийир, ар-намыс, достук жана кадыр-барк өзгөрүүсүз калат. Адам бар кезде, адабият кайра-кайра дал ушул темаларга кайрыла берет.
– Сизди Чыңгыз Айтматов менен көп жылдык достук байланыштырып турган. Адам катары анын эмнесин өзгөчө баалагансыз?
– Чыңгыз Айтматов мага ар дайым иним деп кайрылчу. Мен үчүн бул жөн гана жылуу сөз эмес, терең ишенимдин жана адамдык жакындыктын белгиси болгон, мен аны абдан баалачумун. Ал абдан бийик инсан болчу, бирок ошол эле учурда таң калаарлык жөнөкөй эле. Эч качан өзүнүн авторитетин баса белгилечү эмес, маектешин кунт коюп угуп, бардык адамдарга бирдей сый-урмат менен мамиле кылчу.
– Чыңгыз Айтматовдун феномени эмнеде деп ойлойсуз?
– Биринчи кезекте, ал сөз чебери болгон. Өз элин терең сүйгөн, бирок бүткүл адамзаттын категорияларында ой жүгүрткөн. Анын чыгармаларында чек ара жок – ар кайсы маданияттагы адамдарга түшүнүктүү, анткени алар абийир, сүйүү, эс тутум, жоопкерчилик жана адамдык кадыр-барк жөнүндө сүйлөйт. Мындай жазуучулар өтө сейрек жаралат. Алардын китептери мезгилге карабастан жашай берет.
– Жакында Олжас Сулейменов 90 жашын белгиледи. Сизди көп жылдык достук байланыштырат. Канча жылдан кийин кайрадан жолукканда кандай сезимде болдуңуз?
– Юбилейине бардым. Залда Олжас Омаровичтин видеокайрылуусу көрсөтүлдү, себеби ден соолугуна байланыштуу ал өзү катыша алган жок. Бир аз убакыттан кийин мага жолугушкусу келип жатканын айтышты. Бул мени абдан толкундатты. Менин жашоомдун бүтүндөй бир доору – Советтер Союзунун мезгилинен бери, Олжаска байланышкан. Балким, ал доордун эң баалуу мурастарынын бири адамдык мамилелер болгондур. Мамлекеттер эгемендүүлүккө ээ болуп, чек аралар, саясий система, заман өзгөргөнү менен, чыныгы достук ушул өзгөрүүлөрдүн баарынан күчтүү болуп чыкты. Биз бири-бирибизге болгон сый-урматты, ишенимди жана адамдык жакындыкты сактап кала алдык. Мен достук – бул улуу искусство экенине ишенем. Ал убакытка да, аралыкка да, саясий жагдайларга да көз каранды эмес. Эгер ал чыныгы болсо, анда ал бардык сыноолорго туруштук берип, адам өмүрүнүн негизги баалуулуктарынын бири болуп калат.
– Ар бир улуу адамдын өзүнүн тагдыры бар. Сиз өз миссияңызды эмнеден көрөсүз?
– Бир кезде мен аны абдан жөнөкөй түрдө айткан элем. Чыңгыз Айтматов менен Олжас Сулейменов дүйнөгө өз элин ачып берген. Ал эми мен өз элиме өзүн ачууга аракет кылдым. Ошондуктан Азербайжанды түшүнүү үчүн зарыл болгон темаларга кайрылдым: "Коркут Ата китеби" эпосуна, байыркы Гобустанга, тарыхыбызга, адабиятыбызга, көрүнүктүү инсандардын тагдырларына. Азербайжандар өткөндүн барактарды жөн гана билбестен, аларды өз жанынын бир бөлүгү катары сезишин кааладым. Ар дайым коомго көмүскөдө калган ысымдарды, окуяларды жана көрүнүштөрдү татыктуу түрдө кайтарып берүүгө умтулдум. Эгерде адамдарда өз тарыхына кызыгууну жана өз маданияты менен сыймыктануу сезимин ойгото алсам, анда менин жашоом текке кеткен жок.
– Бүгүнкү күндө түрк дүйнөсүнүн маданий биримдиги жөнүндө көп айтылууда. Бирок мындай демилгелер кээде коркунуч катары көрсөтүүгө аракет кылынат. Буга сиз кандай карайсыз?
– Мындай коркууларды эч качан түшүнгөн эмесмин. Тилдин, маданияттын, илимдин жана гуманитардык байланыштардын өнүгүшү коркунуч боло албайт. Тескерисинче, элдер бири-бирин канчалык жакшы билсе, ошончолук ишеними артат. Тилекке каршы, бул теманын тегерегинде кээде жасалма чыңалуу жаралат. Бирок маданият адамдарды бириктириши керек, саясий талаш-тартыштардын куралы болуп калбашы керек. Маданият гана элдердин бири-бирин жакшы түшүнүүсүнө жана өз ара сый-урматты сактоосуна жардам берет.
– Адабияттын келечегин кандай көрөсүз?
– Ар бир муун адабиятка өзүнүн үнү менен келет. Жаш жазуучулардан бизге окшош болууну талап кылбоо керек. Биз дагы бир кезде жаш болгонбуз, ошондо улуулар бизден күмөн санашкандыр. Бул табигый нерсе, бирок өзгөрбөгөн нерселер да бар. Чыныгы адабият эч качан карьера же даңк үчүн жаралбайт. Ал адамдын чындыгында айта турган сөзү болгондо жаралат. Калганын убакыт өзү чечет. Убакыт - эң адилет сынчы.
– Чоң авторитетке ээ болгонуңузга карабастан, белгилүү адам катары сынга кабылып жүрдүңүз беле? Азыркы учурда Чыңгыз Айтматов сыяктуу инсандар да сындалып жатат. Мындай көрүнүштөргө кандай карайсыз?
– Буга толугу менен көнүү мүмкүн эмес. Албетте, адамдар урмат-сый менен мамиле кылганда жагымдуу, бирок ар дайым баарын четке кагууга умтулгандар да болот. Айрыкча Айтматовду кемсинтүүгө аракет кылгандарга сөз угуу мага абдан оор тиет. Чынын айтсам, мен муну түшүнбөйм. Жок адам менен күрөшүүгө болбойт. Бул эң эле акыркы иш. Айтматов көптөн бери Кыргызстанга гана эмес, бүтүндөй дүйнөлүк адабиятка таандык. Миллиондогон адамдар Кыргызстанды дал анын китептери аркылуу таанышкан. Чыгармачылык жөнүндө талашса болот, бирок улуу инсандын улуулугу бүгүнкү баалоолор менен эмес, убакыт менен аныкталат. Улуу адамдарды сакташ керек. Алар ар бир муунда төрөлө бербейт.
– Айрым өлкөлөр адамдын өмүр баянынын бир бөлүгүнө айланат дешет. Кыргызстан сиздин жеке тагдырыңыздын бир бөлүгүнө айланды десек болобу? Сизди биздин өлкө менен эмне байланыштырат?
– Мен үчүн Кыргызстан – бул биринчи кезекте боордош өлкө жана Чыңгыз Айтматов. Ал дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдарга сиздердин өлкөнү, анын тарыхын, маданиятын жана руханий дүйнөсүн ачкан адам. Кыргызстан – бул элиңиздер сыймыктанган көрүнүктүү инсандар. Жогорку сценаристтик курстарда чогуу окуган Мар Байжиевге, чогуу тасма тарткыбыз келген Төлөмүш Океевге жана кыргыз интеллектуалдарынын башка көптөгөн өкүлдөрүнө чоң урмат менен карайм.
Кыргызстан менен жеке байланышым да бар. Сүргүнгө айдалган туугандарым — Рафибейлилердин үй-бүлөсү Кыргызстанда жашаган жана урпактары азыр да жашап келишет, аларга дайыма сый-урмат менен мамиле жасалган. Туугандарымдын бири министрдин орун басары болуп иштеген, ал эми бүгүнкү күндө Ардактуу көрүстөндө жерге берилген, ошондуктан Кыргызстан мен үчүн жөн гана достук өлкө эмес, үй-бүлөлүк тарыхтын жана эс тутумдун бир бөлүгү. Мени сиздердин өлкөңүздөр менен ондогон жылдардан берки достук, көптөгөн жолугушуулар жана жылуу эскерүүлөр байланыштырат. Кыргызстанга келген ар бир сапарыма чын дилимден кубанып, сиздердин элиңиздерге тынчтыкты, ынтымакты жана гүлдөп өнүгүүнү чын жүрөктөн каалайм.
– Сиз Чыңгыз Айтматов негиздеген Ысык-Көл форумунун катышуучусу болгонсуз. Азыркыдай дүйнө кайрадан оор мезгилди башынан кечирип жатканда, мындай диалогдун идеясы канчалык актуалдуу?
– Меним оюмча, бүгүнкү күндө ал ошондогудан да көп керек. Ысык-Көл форуму ар кандай көз караштагы, ар кайсы өлкөлөрдөн жана маданияттардан келген адамдар саясий билдирүүлөр үчүн эмес, адамзаттын келечеги тууралуу чынчыл сүйлөшүү үчүн чогулган уникалдуу аянтча болгон. Чыңгыз Айтматов дүйнөнү саясий чечимдер менен гана сактап калуу мүмкүн эместигин түшүнгөн. Маданият, илим жана искусство адамдары бири-бирин укканды үйрөнмөйүнчө, элдердин ортосунда чыныгы өз ара түшүнүшүүгө жетишүү мүмкүн эмес. Ысык-Көл форумунун духу жашай берсин деп чын дилимден каалайм. Саясат адамдарды бөлгөндө да, маданият адамдарды бириктирген көпүрө бойдон калышы керек. Адам артында калтыра алган нерсе гана калат. Башка нерселердин баары өтүп кетет. Кызматтар бүтөт, сыйлыктар унутулат, атак-даңкка болгон мамиле өзгөрөт. Бирок китептер, жакшы иштер, адамдардын эскерүүсү жана жакындарынын сүйүүсү калат. Эгер сен кеткенден кийин дүйнө бир аз болсо да жакшырса, эгер ойлоруң адамдардын жүрөгүндө жашай берсе, анда жашоо текке кетпептир.
– Эгер бүгүн жаш жигит сизден: «Чыныгы жазуучунун жолу эмнеден башталат?» деп сураса, эмне деп жооп бермексиз?
– Баарынан мурда – жашай, байкай жана сезе билүүдөн. Эгер адамдарга айтаар эч нерсең жок болсо, чоң китепти жаза албайсың. Адабият кооз тилден эмес, адамды жана өзүн түшүнүүгө болгон ички муктаждыктан башталат.
– Сиз доорлордун алмашуусуна күбө болдуңуз. Бүгүн өкүнгөн нерсеңиз барбы?
– Жок. Албетте, ар бир адамдын кайсы бир нерсени өзгөртүп, башкача кылууга каалоосу болсо керек. Бирок артты тынымсыз карай берсең, азыркы жашоону токтотуп коюшуң мүмкүн. Мен тагдырга баары үчүн ыраазымын — кубанычтары үчүн да, сыноолору үчүн да. Мунун баары менин жашоомдун жана китептеримдин бир бөлүгү болуп калды.
– Сиз үчүн бүгүн эң маанилүү нерсе эмне?
– Эс тутум сакталып калса экен. Адамдар, маданият, биздин тарых жөнүндөгү эстутум. Эл өз тамырын эстеп турганга чейин жашайт. Эс тутум жоголгондо, эл да акырындык менен жоголот.
– Биздин маектешүүдөн кийин, эң башкы суроону бергим келип турат. Көп жылдардан кийин сизди адамдар кандай эстесе дейсиз?
– Мага бийик чыккан сөздөр керек эмес. Бир күнү кимдир бирөө китебимди ачып, бир нече барак окуп, өзүнүн боорукер, акылдуу же чынчыл болгонун сезсе дейт элем. Эгер бул жок дегенде бир адамда болсо, анда мен жазгандын баары текке кеткен эмес. Менимче, жазуучунун чыныгы түбөлүк өмүрү дал ушунда.
– Эгер бүгүн жаштарга бир нече сөз менен кайрылууга мүмкүнчүлүк болсо, эмне деп айтмаксыз?
– Башка бирөөнүн ойлору менен жашаганга шашылбагыла. Жакшы китептерди окугула, ата-энеңерди сыйлагыла, тарыхыңарды сактагыла жана адамдын кадыр-баркы ал канчалык көп нерсеге ээ болгону менен эмес, артында эмне калтыра алганы менен аныкталаарын эч качан унутпагыла.
– Анар муаллим, чынчыл маегиңиз үчүн рахмат. Китептери Азербайжандын жана бүткүл түрк дүйнөсүнүн тарыхынын бир бөлүгүнө айланган сиз менен кайрадан жолугушуу мага чоң сыймык. Сизге чын дилимден бекем ден соолук, узак өмүр жана дагы бир муун ыраазычылык менен окуй турган жаңы китептерди каалайм.
– Рахмат, Ассоль. Мен ар дайым сөздүн адамдарды бириктире аларына ишенчүмүн. Адам окуган, ойлонгон жана башканы түшүнүүгө аракет кылган дүйнөнүн келечеги бар. Ал эми менин китептерим буга бир аз болсо да жардам берсе, демек, баары бекер эмес.
