Гүлмира Мукамбетова, милициянын отставкадагы подполковниги: “Балдарга байланыштуу кылмыштын бетин ачканда жүрөгүм тилинип кетчү”
29 март

Гүлмира Мукамбетова, милициянын отставкадагы подполковниги: “Балдарга байланыштуу кылмыштын бетин ачканда жүрөгүм тилинип кетчү”

Гүлмира Мукамбетова көп жылдар бою кылмыштарды иликтеп, татаал иштердин бетин ачып, адилеттик үчүн кызмат кылган айымдардын бири. Ал ички иштер органдарында узак жылдар эмгектенип, өмүрүнүн көп бөлүгүн  тергөөчү болуп иштөөгө арнаган. Кесиптик жолунда көптөгөн оор, татаал окуяларга туш болуп, адам тагдырлары менен байланышкан иштерди иликтеген. Бул маекте Гүлмира Мукамбетова ошолор тууралуу эскерет.

– Гүлмира эже, такай иштеп жүрүп көнгөн адам бош отуруп калууга көнбөсө керек. Эс алууңуз кандай өтүп жатат?

– Мен милицияда 25 жылдан ашык иштеп, өткөн жылы эле эс алууга чыккам. Балким дагы деле иштей бермекмин, бирок ден соолугум жакшы эле кетиптир, тергөөчүнүн ишин билесиңер да, оңой эмес. Бирок эс алууга чыккандан бери менин бош отурган күнүм боло элек. Кесиптештерим кеңеш сурап дээрлик күн сайын чалып турушат. Кылмыштын бетин ачуу болобу, документ иштери жагынан болобу, алардан жардамымды аябай кеңешимди берип турам. Анан калса мени зериктирбеген эки неберем бар, алар менен алек болом. Бош болуп баратсам тергөө иштеринин сырлары боюнча документалдуу фильмдерди көргөндү жакшы көрөм.

– Негизи бул кесипке кандайча келдиңиз эле?

– Мен мектепте окуп жүргөндө спортко кызыкчумун. Эжем экөөбүз баскетбол боюнча Караколдун намысын коргогон командасында ойночубуз. Кийин эжем окууга тапшырып Фрунзеге кетип калды. Мен мектепти аяктаганда борборго келип дене тарбия институтуна тапшырдым. Кайра Караколго барып дене тарбия мугалими болуп иштегенге да жетиштим. Ошол маалда турмушка чыгып, кыздуу болдук. Тилекке каршы, кызым тогуз айлык болгондо атасы ооруп каза болуп калды. Ошондо айылда тургум келбей кызымды боорума кысып борборго келдим да, кесибимди өзгөрткүм келип милиция академиясына тапшырып алдым. Ушунчалык кызыгып окуп, кызыл диплом менен аяктадым. Анан сержанттыктан баштап милициянын жашоосуна кириштим.

– Аял киши үчүн оор эле кесип болсо керек?..

– Албетте. Жеңил эмес. Айрыкча эне үчүн. Мен алгач иштеген жылдары заман оор болчу. Айлыкты буудай, арак менен алабыз. Кызым экөөбүздүн кыйналган күндөрүбүз көп эле болду. Каякка барсам жанымда жүрчү, жумуш абдан көп болгондуктан бөлүмдө экөөбүз дээрлик жашап эле калганбыз. Политех жакта квартирада турчубуз, эртең менен алты жарымда туруп алып, жол киреге акча жок ошол жерден Аламүдүн РОВДсына жөө жөнөйбүз. Экөөнүн аралыгы 10 чакырымдан көп болсо керек. Кечинде кайра жөө кетебиз. Кызым чарчаганда көтөрүп алам, кайра түшүрөм... Ошентип жүрүп экөөбүз тең чийдей болуп арыктап кеттик. Ошондо атам келип, кызымды Караколго алып кетти. Ошо менен кызым мектепти бүткөнгө чейин атам менен апамдын колунда чоңойду.

– Иш деп жүрүп кызыңыздын жанында боло албай калганыңызга өкүнбөйсүзбү?

– Ошол кезде башка айла жок эле да. Бат-баттан сүйлөшүп, барып турганга аракет кылчумун. Бирок барганда деле көрүп эле кайра кайтканга туура келчү. Башында сагынып жүрдүм. “Р” тамгасын айта алчу эмес да, бир жолу “рыба” деген сөздү айтканында алып кетем” деп койгом. Кийинки жолу барсам: “Мама, мен “Р” ны айттым, мына, рр-рыба! Мени алып кет!” – деп тызылдап артымдан чуркап жүрөт. Көзүмдүн жашын билгизбей сүртүп алып жөнөп кеттим. Алып кеткенге такыр шарт жок эле. Анын үстүнө ал кезде тергөөчү болуп калгам.

– Тергөөчү катары эң биринчи ишиңиз эсиңиздеби?

– Ооба, эсимде. Жогорку окуу жайдын бир профессору менен доценти урушуп кетишиптир. Профессор – эркек, доцент – аял. Эркек алды тепкичтен түртүп  жиберген экен, аял жыгылып башынан жеңил жаракат алыптыр. Экөөнү чакырып сурак жүргүзсөм бала бакчанын балдарындай ызылдашат. Кезек менен сүйлөгүлө десем да болбойт. Аларды сырттан карап алып кулкүм бир келет. Күлгөнгө да болбойт да, өзүмдү тыя албай араң турдум. Биринчи ишим ушунусу менен эсимде калыптыр.

– Аялдык, энелик кылып гумандуу чечим чыгарып койгон учурларыңыз болдубу?

– Биздин жумушта сен аял да, эркек да болбой каласың. Бул жерде мыйзам биринчи орунга чыгат. Бирок албетте, кошо сарсанаа болуп, отуруп алып чогуу ыйлаган учурлар да болот. Ошого карабай мыйзам чегинде чечим чыгарасың. Мага эң оору — жаш балдарга байланыштуу кылмыштардын бетин ачуу. Кичинекей кыздар кордолгон, зордукталган окуяларды көрүп жүрөгүм тилинип-тилинип кетчү. Күйүп калган, дааратканага түшүп калган канча балдарды көрдүм. Андай учурлардагы абалымды сөз менен жеткирип айтып бере албайм. Бирок анын баарын жүрөгүңө жакын кабыл алып депрессияга түшүп жатып алганга да убакыт жок.

– Жогоруда ден соолугуңуздан улам эс алууга кеткениңизди айттыңыз. Ден соолугуңузга ушул сыяктуу окуялар залалын тийгизгендир?

– Ооба, андай болушу да мүмкүн. Бирок акыркы окуя башка болду. Ленин райондук ички иштер бөлүмүндө баңгизат менен иштеп турганымда канча деген ири көлөмдөгү анаша, героиндерди таптык. Наркомандар менен атышкан күндөр болду. Ошондой учурлардын биринде наркомандардын ийнелерин чогултуп жатканда ийнесинен учу колума тийип кеткен. Кол кабымдан өтүп, “тыз” эттиргенин сездим. Доктурга айтсам “эч нерсе болбойт” деп койгон. Ошо менен иштеп жүрө бердим, үч айдан кийин ооруп калдым. Ошондо В гепатитин жугузуп алган экенмин. Азыр Кудайга шүгүр, жакшымын, дарыландым. Бирок доктурлардын көзөмөлүндө турам.

– Бетин ача албай калган иштериңиз да болдубу?

– Тилекке каршы, андайлар да болуп турат. Бир жолу кышында короонун четинде аял кишинин денеси жатат деген чакыруу түштү. Барсак аялдын денеси жатат, башы жок. Башы сөөгүн кийин башка жактан таптык, иттер сүйрөп этин жеп салышыптыр. Баш сөөктөн аны таануу мүмкүн эмес эле. Көп аракет кылдык, бирок ошол кылмыштын бетин ача албай калдык.

– Сизге өзгөчө таасир этип, али күнгө чейин унута албай жүргөн окуялар болду беле?

– Бир жолу адам өлтүрүүгө байланыштуу оор кылмыштын бетин ачтык. Чакыруу болгон жерге барсак эки кабаттуу чоң үй экен. Үйдүн кожоюну, кожойкеси, уулу, кызы өлтүрүлүптүр. Аялдын башы тең экиге бөлүнүп калган, уулунун мээси дубалга жабышып, агып келип полго түшкөн... Акчага байланыштуу чыр болуп, өздөрүнүн эле таанышы баарын атып салган экен. Ошонун баарын улуу кызы келип көрүп, бизге телефон чалган. Элестеткиле, кандай оор көрүнүш. Эртеси эч кимди киргизбей үйдүн ичинен өзүм кылмышка шектүү буюмдарды издеп жүрөм. Туугандары, оперлер короодо турушат. Үйдү кыдырып жүрсөм мени менен кошо бирөө басып жүргөндөй сезилет. Дем алып, дем чыгарганы кадимкидей угулат. Артымды карайм – эч ким жок. Жайдын күнү, терезелер ачык. Бөлмөгө барып түнү жалгыз иштеп отурсам артыман терезеден бирөө мылтык такап тургандай сезилет, карайм – жок. Ошол дем алып, дем чыгарган үн мени бир жумадай ээрчип жүрдү. Кийин мындайларга көнүп деле калдык.

– Кызыңыз да сиздин жолуңузду жолдоптур. Жумуштун оор экенин айтып каршы болгон жоксузбу?

– Кесип тандоого келгенде кызым Динара “же сиздей укук коргоочу болом, же эч ким болбойм!” деп маселени кабыргасынан койду. Мен каршы болдум, бирок кызымдын да көңүлүн кыя албай “өтсөң окуй бер” деп койдум. Өзү барып академияга тапшырып, өтүп кетиптир. Окууну бүткөндө тергөөчү болом деди эле, анысына караманча каршы болдум. Динара назигирээк, ага мынчалык оор жумушту ыраа көрбөдүм. Азыр ал документтер бөлүмүндө иштейт.

– Өзүңүз үй оокатына кандайсыз? Жумуш деп жүрүп оокаттан алыс болуп калсаңыз керек?

– Үйдө башкалардай эле аял, энемин. Тазалыкты, иреттүүлүктү жакшы көрөм. Кызымды турмушка узатканда себинин баарын өз колум менен жасап бергем. Көптөр мени оокатка жок деп ойлошчу экен, жасаган төшөнчүлөрүмдү көрүп таң калышты.

– Жумушуңуз жеке жашооңузга кедергисин тийгизген жокпу? Балким башка кесиптин ээси болсоңуз турмушка чыкмак белеңиз?

– Жок, мен буга өкүнбөйм. Тергөөчү болуу менин айныгыс максатым эле. Ошон үчүн канча деген кыйынчылыктарга карабай максатыма умтулдум. Башка кесиптин ээси болгонумду элестете да албайм. Ал эми үй-бүлө жагына келсек, кызым бар, неберелерим бар, ушунусуна ыраазымын. Мен бактылуумун!