Бишкектеги улуттук китепканада «Кытайдын Нанкин жумалыгы» ачылды 
Маданият министрлиги
25 август

Бишкектеги улуттук китепканада «Кытайдын Нанкин жумалыгы» ачылды 

2026-жылдын 25-августунда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында «Кытайдын Нанкин жумалыгы» жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен соода-маданий алмашуу иш-чараларынын ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чаранын негизги максаты — Кыргызстан менен Кытайдын, анын ичинде Нанкин шаарынын ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо, адабият, искусство жана салттуу кол өнөрчүлүк тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү.

Ачылыш аземинде Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасынын илимий иштер боюнча директорунун орун басары Сайрагүл Кырчообаева, Бишкектеги Кытай маданий борборунун директору Гао Чэнь жана Нанкин шаарынын Элдик өкмөтүнүн тышкы иштер канцеляриясынын директорунун орун басары Сунь Мань куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Чыңгыз Айтматов атындагы Адабият институтунун директору Абдылдажан Амантурович Акматалиев «Классиканы которуу – адабияттарды байланыштырган көпүрө» аттуу баяндама жасады.

Мындан тышкары, «Салттардын өрүлүшү: Нанкин парчасы менен Борбордук Азия кийизинин диалогу» аттуу тематикалык көргөзмө ачылды. Көргөзмөдө Нанкиндин салттуу парча өнөрү менен Борбордук Азия элдеринин кийизчилик маданиятынын өзгөчөлүктөрү тааныштырылат.

Ошондой эле «Нанкинди окуйбуз» кыргыз-кытай маданий алмашуу китеп бурчу ачылып, Улуттук китепкананын фондуна китептердин алгачкы топтому тапшырылды.