Айнек Муратбекова: Өспүрүмдөрдүн агрессивдүү болушуна кайсы факторлор таасир этүүдө
Мектеп курагындагы, айрыкча өспүрүм курактагы балдар арасында эмнеге чыр-чатактар көп кездешет. Бүгүнкү күндүн өспүрүмдөрү эмне үчүн агрессияга бат алдырышат? Учурдагы муун кандай көйгөйлөрдүн курчоосунда чоңоюп жатат? Мына, ушул суроолордун тегерегинде балдар психологу Айнек Муратбекова Караван Инфого маек берди.
– Акыркы учурда болуп өткөн окуялар азыркы муун олуттуу көйгөйдүн арасында өсүп жатканын далилдеди. Эмне себептен өспүрүм курактагы окуучулар арасында конфликт көп болот?
– Ооба, бул жеке үй-бүлө же билим берүү тармагына гана таандык эмес, комплекстүү ишти талап кылган олуттуу көйгөй. Өспүрүмдөр менен иштешүүдө биз алар кандай жүрүм-турумга барбасын, психолог катары биринчи кезекте эмне муктаждыгы бардыгын карайбыз. Эмне үчүн бул ишке барды, ага эмне түрткү болду деген суроолор башкы орунда турушу керек. Терс кадам жасаган өспүрүмдү сөзсүз баары сынга алышат, күнөөлөшөт. Бирок биз адис катары, ал эмне себептен ушул ишке барды, кандай каалоосу бар эле, эмне түрткү болду деген себептер менен иштейбиз.
– Кандай себеп түрткү болот деп айта аласыз?
– Мында бир себепти айтуу кыйын, көп факторлор бар. Анын негизгисин алсак, биринчиси – чөйрө. Балдар кандай чөйрөдө чоңоюп жатат, достору кандай, достор бири биринен эмнени талап кылат? Экинчиден, баланын үй-бүлөдөгү мамилеси, эмоционалдык жактан байланышы үзүлүп кеткен эмеспи. Өспүрүмдөрдүн бир өзгөчөлүгү бар – эң жакын адамдары аны чоң, жеке инсан катары кабыл алып, каалоосу, пикири менен эсептешүүсүн аң сезиминин түпкүрүндө күтөт. Ата-эне ал каалоосун кабыл алып, «ооба, сен барсың, сенин каалоо-пикириң биз үчүн маанилүү», – деп айтышын каалап, талап кылып дагы, балким жеке пикири, көз карашы бар чоң адам экенин далилдегиси келип, терс кадамдарга барышы мүмкүн.
Үчүнчү фактор – мамиленин туура эместиги. Өспүрүмдөр өз ара мамиле кура албай жатышы ыктымал. Же мамилени агрессивдүү эмоциянын негизинде түзүшүүдө. Бул эмнени билдирет? Демек, азыркы муун эмоциясын жашыра албайт. Эмоцияга карата туура реакция кылганды билбейт. Мисалы, өзүнө жакпаган нерсе болсо же улуулар менен мамиледе үнү угулбай калса же кимдир бирөө акаарат келтирсе, ага каршылыгын туура жол менен билдирүүнү билбейт.
Биз окуучулар менен иштешип жатканда, адис катары карманган принциптерибиздин бири – ар бир окуучу уникалдуу. Ошондуктан, бир гана себепке байланбай, бир нече факторду эске алабыз.
– Өспүрүмдөргө байланыштуу ар кандай кейиштүү окуяда тараптар бирин бири күнөөлөйт: мугалим ата-энени, ата-эне мугалимди. А сиздин көз карашыңызда жоопкерчилик кайсы тарапта көп?
– Мындай учурда күнөөлүүнү издебей, ошол окуяга алып келген себеп менен иштешүү туура болсо керек. Ар бир окуя бизге сабак болуп, алдыда анын кайталанбашына аракет кылышыбыз зарыл. Мен борбор калаадагы мектептердин биринде психолог болуп иштейм, бизде мынчалык олуттуу болбосо да, буллинг сыяктуу көйгөйлөр кездешет. Буллинг да эч убакта бир тараптуу болбойт. Билим берүү процессинде үч бурчтук бар – мугалим – бала – ата-эне. Ар бир окуяда сөзсүз түрдө бардык бурчту эске алуу керек. Мисалы, миграция абдан чоң көйгөйлөрдүн бири экенин тажрыйбабызда көрүп жатабыз. Окуучуларга жөн гана байкоо жүргүзгөндө, ата-энеси жанында болгон бала менен ата-энесинен алыста жүргөн баланын айырмасы болот. Ошол эле учурда баланын базалык муктаждыктарын: кийим, тамак-аш менен камсыз кылып, бирок руханий жактан байланыш түзө албаган ата-энелердин балдары да айырмаланып турат. Мисалы, бала бойго жеткенде “Менин балам чоңойду, мен сага ишенем, сен менин тирегимсиң, сенин негизги баалуулуктарың булар, биз ушунун үстүндө иштейли” деген сыяктуу диалогго барып, баласына мээрим аркылуу жоопкерчилик берип кое албаган ата-энелүү өспүрүмдөн эмне күтүүгө болот? Стаканда кандай суу болсо, биз аны көрөбүз жана ошону алабыз. Бала да ушундай, ичине сүйүү, мээрим жок болсо, туура мамиле кылуунун эрежелерин билбесе, өзү билген жолго – агрессияга барат да. Мамиле түзүү эрежелерин ата-энесинен мээрим, сүйүү аркылуу албаса, анда башка жактан – кинолордон, чөйрөсүнөн же улуулардын өзү күбө болгон терс кылыктарынан алат.
– Агрессиянын көбөйүү себептеринин дагы бири соцтармактар десек болобу?
– Азыркы муун – альфа муун, эмнеге агрессивдүү деген суроого жооп бериш үчүн анын бир себеби катары соцтармактарды алсак болот. Мисалы, азыр кыска видеолор абдан өнүккөн. Аны көргөн бала бир мүнөттүн ичинде бир канча эмоцияны жашап коет. Бир видеону көрүп кубанса, биринде кайгырат, дагы биринде ачууланат... Анын баарын мээ иштеп чыкканга жетишпей калып, ичине топтой берет. Бала башка бирөө менен сүйлөшпөйт, байланыш түзбөйт. Негизи, алган эмоцияны адам ошол маалда сүйлөшүү жолу менен же кайгырганын же ачууланганын, балким кубанганын ачыктап, сыртка чыгарышы керек. Ичине эмоциялар топтолгон бала өзүнө жакпаган бир сөз укса эле же бир учур болсо, анын баарын дароо терс-жүрүм менен чыгарып жатат. Бизге байкалбаган, көрүнбөгөн муктаждык ушул жакта да болушу мүмкүн.
– Сизге өспүрүм курактагы балдар кандай көйгөйлөр менен кайрылышат?
– Мен көбүнчө эрте курактагы өспүрүмдөрдү: 5-6-7-8-класстын окуучуларын кабыл алам. Алар көбүнчө электрондук сигареттерге байланыштуу келишет, албетте, өз ыктыяры менен эмес, ата-энеси же мугалиминин суранычы менен келет. «Балам электрондук сигаретке көнүп баратат. Көз карандуулук эмнеге алып бараарын жана сигареттин зыяны тууралуу түшүндүрүп койсоңуз», – деп кайрылган ата-энелер бар. Экинчиден, окууга мотивациянын жоктугу. Кээде «ата-энем кыйнаган үчүн гана окуйм, жайыма койсо окубай, өзүмө жаккан нерселер менен алек болмокмун», – деген балдар кездешет. Үчүнчүдөн, достук мамиле кура албаган окуучулар кайрылышат. Булардын көбү 5-6-класстын окуучулары. Бул эмнени билдирет? Балдарыбыз достошконду билбей калышты. Дос – эки тараптуу мамиле, бирөөдөн жакшы мамиле талап кылыш үчүн өзүң да жакшы мамиле кыл деген түшүнүккө жете албай жатышат. Дагы бир нерсе, мен муну парадокс деп атайт элем, өзүнө болгон ишеними өтө жогору жана өзүнө болгон ишеними өтө төмөн окуучулар көбөйүүдө. Андан сырткары, телефонго, компьютердик оюндарга көз карандуулук басымдуулук кылууда. Айтор, системалуу түрдө иш алып баруу керек болгон факторлор абдан көп.
