Керим Турапов: Чыныгы концерт элдин духун бийиктетип, руханий жактан жаңылашы керек
25 декабрь

Керим Турапов: Чыныгы концерт элдин духун бийиктетип, руханий жактан жаңылашы керек

“Түндүгүнөн түтүн булатып,

Апам жапкан нанды сагынам... ” – туулган жерине, ата-энесине болгон кусалыкты көтөрүп жүргөндөрдүн гимнине айланган бул ыр КР эл артисти, белгилүү опера ырчысы Керим Тураповдун калемине таандык. Ал бизге бул ырдын жаралуу тарыхын, энесине болгон кусалыгын, эки доорду көргөн маданият өкүлү катары алардын айырмачылыгын жана бүгүнкү доордун өзгөчөлүгүн айтып берди.

– Керим Ырысалиевич, инсандык жана чыгармачылык өмүр жолуңузда эгемендүүлүккө чейинки жана эгемендүүлүктөн кийинки эки башка доорго күбө болдуңуз. Мына, ушул доорлордун алмашуусунда эл турмушундагы, искусство менен маданияттын өнүгүшүндөгү кандай өзгөчөлүктөрдү байкай алдыңыз?

– “Элүү жылда эл жаңы” деген сөз бекеринен айтылбаптыр, муну бүгүнкү күндөгү турмуш чындыгы ырастап отурат. Карасаң элдин жашоо турмушунан баштап бүтүндой мамлекеттик башкаруу системасында, деги эле мамлекеттин өзүндө чоң өзгөрүүлөр, жаңылануулар бар. Мисалы, мен 80-жылдарда Бишкекке келип, 85-жылдары оркестрде иштей баштагам. Азыркы отурган кызмат штатым ошол жылы ачылып, ошондон бери ушул оркестрде келе жатам. Айырмачылыгы ушул – Союз учурунун саясаты элдин жашоо- турмушунун баарын бирдей шартта кармоо болчу. Ошондуктан эл бири-биринен жашоо-шарты, тутунган буюму, кийген кийими менен да анчейин айырмаланчу эмес. Ал эми искусствонун бардык тармагы бирдей тарбиялык багытты көздөгөн иштерди алып барышар эле. Багытыбыз – эл-жерди, мекенди сүйүүнү пропагандалоо, эмгекчилдикти пропагандалоо, патриоттук сезимди өстүрүү эле. Бул албетте, жакшы нерсе.

Кийин 90-жылдарда мамлекетибиз эгемендүүлүккө ээ болду. Эгемендүүлүккө ээ болуу менен катар бизге дүйнөнүн ар тараптуу эшиги ачылгандай болду. Себеби союздук республика ага чейин батыш өлкөлөрү менен анчейин карым-катышы жок эле да. Эгемендүүлүк менен катар бизге батыштын көшөгөсү ачылды. Ага чейин билбейт элек. Заматта ары жактагы мурда биз билбеген, биз көрбөгөн жашоо көрүнүп, акырындык менен эл өзүнө керектүүсүн кабыл алып, бүтүндөй жашоо өзгөрө баштады. Албетте, жакшы жактарын кабыл алдык. Анан жашообузга демократия деген түшүнүк кирди. Демократияны айрымдар түшүнүп кабыл алса, айрымдар түшүнбөй кабыл алды. Дегеним, ар ким өз оюн ачык айта берүүгө укуктуу деген принципке таянып алып, адамдар айрым учурда бирин-бири каралоого, жамандоого киришти. Ушул начар нерсе. А негизи демократияны туура түшүнүп, сабаттуу пайдалана билсе жакшы эмеспи. Ошентип, эгемендүүлүктүн кийинки жылдарында өнүккөн өлкөлөрдөн тажрыйба алып, бара-бара бүтүндөй элдин жашоого болгон көз карашы өзгөрө баштады. Мисалы, бизди 80-жылдарда окуткан музыкант агайларыбыз бүгүнкү күндөгү технологияны, санариптик доорду түшүнбөшү мүмкүн, себеби заман ушунчалык жаңыланды. Ошол эле 80-жылдары нотаны кагазга кол менен көчүрүп, эчендеген убаракерчиликтер менен жаттап ырдап көнгөн болсок, азыр анын баары компьютерлешкен. Бир ырды компьютерге салсаң дароо ырдын тарых-таржымалы даяр чыгат. Бул да доор алмашуунун жемиши деп айтаар элем.

Мен 1983-жылдары чет өлкөгө көп чыгар элем, эсимде, чет жактан кайсы бир ичимдиктерди ала келсең, бул жакта анын идиши да көзгө бөтөнчө кооз учурап, сонуркашар эле адамдар. А эгемендүүлүктөн соң ошонун баары бир заматта бизге келип калды.

Ал эми Союз мезгилинин бир артыкчылыгы катары айта турган нерсе – ал кезде адамдын ден соолугуна өзгөчө маани берилип, сергек жашоону пропагандалоо жалпы мамлекеттин саясаты болуп, ар бир жарандын ден соолугуна жоопкерчилик менен мамиле жасашат эле. Азыркы учурдун бир көйгөйү – сырттан кирген тамак-аш, азык-түлүктөр белгисиз жагдайда келип жатат. Жеп жаткан тамагыбыз канчалык деңгээлде экологиялык жактан таза, ден соолугубузга коопсуз экени да бүдөмүк... Ал эми тамак-аш адамдын ден соолугуна, эс-акылына, бүтүндөй жашоо образына чоң таасирин тийгизет.

Ал эми маданиятта, искусстводо ал учурда “Репертуардык саясат” деген нерсе иштин жүрүшүнүн орчундуу болүгүн камтыйт эле. Мисалы, ар бир жигит мекенин коргош керек, ал үчүн сөзсүз аскердик кызматты өтөш керек, окуучулар жакшы окуш керек, коомдук иштерге жигердүү катышыш керек, мамлекеттин ар бир адамы эмгекчил, чынчыл, ак ниет болушу керек деген түшүнүктөр маданияттын бардык тармагы аркылуу аркылуу элге чагылдырылып, биз ырдоо аркылуу жалпы элге жеткирчүбуз. Ошол нерсе бүгүнкү күндө солгундап кетти. Эгер Репертуардык саясатты бүгүн да колдончу болсок, коомдогу жаш муундарды, дегеле өлкө жарандарын руханий жактан агартууда чоң жардамы тиймек. Репертуардык саясатты жандандырыш керек. Бул түгөнбөгөн кенч, идеология. Азыр болсо чыгарма канчалык жөнөкөй болуп, элге өтүмдүү болсо ырдай берсек болот деп ойлошот. Классикалык чыгармалар бар экенин да унутпаш керек. Чоң-чоң коллективдерде  ырдалып жаткан ырлардын репертуарларын баарын сындан өткөрүп карап койгон комиссиянын болгону жакшы нерсе. Азыр болсо кайдагы бир ырларды деле эл алдына алып чыгып жатышат.

– Кээде табияты оркестрге коошпогон ырлар да оркестрге салынып калган учурлар кездешүүдө?

– Оркестрде маани-мазмуну терең, сөзүнө обону төп келген ырлар ырдалышы керек негизи. Оркестрдин өзү музыкалык сабаттуулукту талап кылган нерсе. Эл концертке келгенде атайын руханий жактан пайда алат элем деп эмес, жөн гана эс алууга келет. Мына, ошол эс алуунун ортосунда эле жакшынакай руханий байлыкка ээ болгонун адам өзү да түшүнбөй калган абалда жан дуйнөсү тазарып чыгышы керек. Чыныгы мыкты концерттен кийин элдин духу бийиктеп, руханий жактан жаңыланып, жашоону жарык көз менен карап, жок дегенде колундагы таштандыны мурдагыдай туш келди ыргытпай, таштанды челекке барып салып калгандай деңгээлге жетип өзгөрүлө түшүүсү керек. Агартуучулуктун бир милдети ушул. Азыр карап турсан баары тескерисинче болот, кээде айрым ырчылардын жеңил-желпи коюлган концерттеринде көрүүчүлөр отурган жерин таштандыга толтуруп чыгып кеткен учурлар кездешкен.Чыгарма канчалык жеңил болсо, аткаруучу да, көрүүчү да ошол жакка оой берет. Ошондуктан ар бир чыгармачыл адам өзүн-өзү тарбиялаш керек.

– Темага улай бир суроо пайда болууда, ырчылыгыңызда өз деңгээлиңизди жылдан-жылга өстүрүп, деңгээл бийиктигин кантип сактадыңыз?

– Бир ирет менден атайын эле оңой ырды аткарып көрүүмдү суранышты. Аны да эске алып, кайсы бир Жаңы жылдык чыгарылышта “Кошуна кыз” аттуу жөнөкөй, оңой ырды ырдап чыктым. Эл абдан жакшы кабыл алышып, социалдык тармактар аркылуу жакшы пикирлерин билдирип жазып жатышты. Бирок ошого сүйүнүп, жеңил чыгармаларга көчүп алган болсом эки жылдан кийин мени эч ким укпай калмак. Чыгармачылыкта деңгээлди сакташ үчүн же жогорулатуу үчүн тынымсыз изденүүдөн талыкпаш керек.

– Италия романстарын чеберчилик менен аткарасыз, тилдеги акценттик маселелерди кантип жойдуңуз эле?

– Консерваторияда, вокалда “жеке ырдоо” (сольное пение) деген сабак өтүлөт. Ошол сабакта сөзсүз италия тилин окутчу бизге. Албетте, италянча эркин сүйлөп чыкпасаң да, ошол тилде акценти жок сүйлөп, элементардык тилди түшүнүп каласың. Мунун баары ырды аткарыш үчүн. Ырдын маанисин түшүнүп ырдасаң гана жүрөктөн чыгат.

– Устат-шакирт темасына кайрылсак...

– Устатым – Владимир Иванович Муковников аттуу үлкөн киши, зор талант болгон. Бас үндүү, өз мезгилинде Эл артисти наамына татыган агай. Болот Миңжылкыев менен катарлаш улуу инсан эле. Муковников менен Миңжылкыев көзүбүзгө дөөдөй эле көрүнчү. Мына, ошол агайга шакирт болуу бактысы мандайыма жазылган экен, колунда алты жыл тарбияландым, артымдан сүрө түшүп жүрүп ырчылыкка тарбиялаган эмгегине азыр абдан ыраазымын. Муковников өзүнө шакирт тандоо маселесине келгенде абдан катаал жана кылдат киши эле. Ал эми өзүм шакирт күтүү тууралуу айтсам, ким туш келсе ошону шакирт кыла берген жокмун. Шакирттерим аз, бирок саз. Бири Жеңиш Усманов деген мыкты жигит, азыр Италияда жүрөт, жакында Кыргызстанга келет. Колумда беш жыл сабак алган.

– Учурунда бир топ маданий мекемелерде жетекчи болуп иштедиңиз. Админстративдик иштер менен алек болгон учурларыңыз жеке чыгармачылык изденүүңүзгө тоскоолдук жараткан эмеспи?

– Жаратты албетте, абдан эле таасирин тийгизди. Андай кездерде жеке чыгармачылык изденүүгө убакыт деле анчейин артпай калат экен. Анткени бүтүндөй бир чоң коллективдин, чоң мекеменин жүгү, жоопкерчилиги мойнуңда турат. Мен ага эч өкүнбөйм, себеби ошол учурларда жеке чыгармачылыктын жүгүнө тете маданият үчүн пайдалуу иштерди жасадым. Мисалы өзүңө билесиңер, филармонияны жетектеп турган учурда канча жылдан бери каралбай калган ички, тышкы ремонтторун жасаттым, чын дилимден оңдоп-түздөөгө бардык аракетимди жумшадым. Оркестрде канчалаган репертуарлардын үстүндө иштедик, акырындык менен К.Орозов атындагы Эл аспаптар оркестри классикалык чыгармаларды ойной башташкан. Ошентип жетекчилик иш менен алпурушуп он жылым өттү. Бул арада жеке чыгармачылыгыма анчейин көңүл бөлө алганым жок, чынымды айтсам. Анткен менен баары бир кыргыз маданияты, кыргыз искусствосуна кызмат кылып өттү ошол жылдарым.

– Жалпы журттун калың катмарына сиңип, терең сүймөнчүккө ээ болгон      “Апам жапкан нанды сагынам” ырынын жаралышы, айтылуу Кызыл-Сууда өткөн балалыгыныз тууралуу эскере кетсеңиз жалпы окурмандар үчүн кызыктуу болор эле?

– Ыр тууралуу айтсам, “бул ыр – менин өмүр баяным”. Ушинтсем, айрым адамдар “жок, бул ыр менин өмүр баяным” деп айткан учурлары кездешти... Эми жаратылган ырдын кайрыктары, маани-мазмуну ушинтип жекеликтен – жалпылыкка өтө алса жакшы нерсе экен. Жараткан чыгармаңдан көп адамдар өзүнүн тагдырына тиешелүү сезимдерди, окуяларды таба алса демек, ошол чыгарманы сүйүп кабыл алышат. Ошондой чыгармалардын өмүрү узун болуп, дайыма өзүнүн деңгээлин сактап турат экен. Бул ырдын сөзү да, обону да өзүмдүкү. Балалыгым, жаштыгым тууралуу сөз кылсам деле ушул ырдын айланасында көп нерселер эске түшөт. Аскерден келсем апам каза болуп калыптыр... Атам жалгыз. Бир туугандарымдын кичүүсү мен элем, андай шартта атамдын жанына мен калышым керек болду. Бирок үйдөгүлөр “жок, сен окушуң керек” дешти. Ошентип борборго окууга кеттим. Ушунчалык туулган жерге көнүп алган экем, бассам-турсам ар бир ташы, бак-дарагы көзүмө элестейт. Бир эле учурда апамдан айрылып, ага кошул-ташыл туулган айылымдан алыстап кетишим менен аябагандай чоң кусалыкка кабылдым. Айылга баргым келбейт, барсам эле ыйлайм. Кайсы жерди карабайын апамдын баскан-турганы, очок боюнда казан кармаганы, нан жаап, сүт тартканы көзүмө элестейт да турат. Апаңды канча жашында эстесең да сагынып, куса болуп эстейт экенсиң. Бул ар бир адамдын башында бар кусалык. Караңызчы хирург Мамакеевди, апасы тууралуу сөз кылып сексен жети жашында да ыйлап жиберип атат. Эне деген өзү бул жарыкчылыкта жүрөгүң менен кошо бүткөн ушундай бир улуу зат экен да! Ошентип, айылга барганда апамды көрбөй каларымды эстесем жүрөгүм сыздап, төрт-беш жыл катары менен барбай койдум. Акырында “Жылаңайлак чырпык ат минип, жылгалардан тунук суу кечип” деп апам, туулган жер, балалык тууралуу ушул ыр жаралды өзүнөн өзү. Тез эле элге сиңип кетти.

– Чыгармачылык жолуңуздагы эң бактылуу күндөр же ирмемдер катары кайсы учурларды эскере аласыз?

– Андай күндөр өтө көп болгон. Ошентсе да мен үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон кездерди айткым келет. Мурда ар бир жылдын 5-мартында “Апаларга гүлдесте”деген жеке концертимди тартуулайт элем. 5-март менин күнүм болчу. Азыр жеке концерт берет деп коюп эле ага бир топ ырчы кошо катышып алышат. А ал кезде жеке концерт берген ырчылар концерттин башынан аягына чейин жалгыз ырдачу, ошонусу менен баалуу эле. Ошол бааланат эле. Жеке концерт берүүго ырчынын ырчылык дарамети жеттиби, жетсе репертуары кандай ырлар менен толукталган? Кандай жетишкендиктери бар экен деп тыгыз карап баалап, ошого жараша мамлекеттик жана башка наамдар ыйгарылат эле. Репертуарым бийик классикалык чыгармаларга бай болду. Дүйнөлүк классика, орустун романстарынан баштап өзүбүздүн классикага тете ырлар менен толукталып турду. Элдин алкоосу менен гүлго оролгон кездерим, мамлекет тарабынан татыктуу бааланганым – баары мен үчүн бактылуу ирмемдер.