Темир Сариев: Өкмөт дайыма бизнестен көптү каалайт, а бизнес дайыма көбүрөөк жеңилдик алгысы келет
“Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы бизнес менен мамлекеттик органдардын ортосундагы аянтча болушу керек”, - дейт анын жетекчиси Темир Сариев “Караван-Инфого” берген маегинде. Ал уюм мамлекет менен бизнестин ортосундагы диалогду түзүүгө, алардын ортосундагы тең салмактуулукту сактоого кандайча жардам берери жана ишкерлердин көйгөйлөрүн чечүү үчүн кандай таасир этүүчү рычагдарды колдоноору тууралуу кеңири маалымат берди.
– Темир Аргембаевич, сиз жогоруда Соода-өнөр жай палатасынын ролу жана функциялары тууралуу айтып өттүңүз. Эми уюмга трендде болууга ким жардам берерин айтып бериңизчи?
– Биз комитеттердин алкагында мүчөлөрүбүз менен дайыма байланышып турабыз. Соода-өнөр жай палатасына караштуу 15 тармактык комитет бар, алар ар дайым рыноктун өзгөрүшүнө көз салып турушат. Бизге чет элдик кесиптештер да келишет, алар менен дайыма байланыштабыз. Андыктан, тонуста болууга жана рыноктун керектөөлөрүн билип турууга мүмкүнчүлүк бар. Албетте, ошону менен катар Кыргызстандагы бардык экономикалык саясатка, Министрлер Кабинетинин же мамлекеттик органдардын ишкердик жаатындагы бардык чечимдерине көз салып турабыз.
Ошондой эле бардык өзгөрүүлөргө, айрыкча өзгөчө көйгөйлөр жаралса, жооп берүүгө аракет кылабыз, бизде платформалар көп, ал жакта бардык актуалдуу маселелерди талкуулайбыз. Так ушул нерсе негизги милдетибиз болуп саналат. Соода-өнөр жай палатасы бизнес менен мамлекеттик органдардын ортосундагы аянтча болушу керек. Биз аны жөндөп жатабыз.
– Эки тараптын тең салмактуулугун сактаганга болобу? Анткени, мамлекеттин өзүнүн талаптары бар, а бизнес өз нугу менен өнүккүсү келет. Баары сапаттуу продукцияны жана өнөр жайдын өнүгүшүн каалайт, бирок ошол эле учурда ар кандай куралдарды колдонушат.
– Өкмөт бизнестен ар дайым көптү каалайт. Бизнес болсо дайыма жеңилдиктерди көбүрөөк алууга умтулат, а биздин милдет – ортоңку жолду табуу, мамлекеттин кызыкчылыгын эске алуу жана ошол эле учурда бизнеске өздөрүн ыңгайлуу сезиши үчүн өнүгүүгө жана иштөөгө мүмкүнчүлүк берүү. Бул издөөнүн чеги жок. Бүгүн биз суроо-талаптарды толугу менен канааттандыруудабыз десек туура эмес болуп калат.
Бизнес эч качан ыраазы болбойт, ошол эле учурда мамлекет ар дайым көбүрөөк салык чогултуш керек же көбүрөөк көзөмөлдөш керек же көбүрөөк жөнгө салуу керек деп ойлойт. Ал эми Соода-өнөр жай палатасынын платформасы дал ушул - талкуулоо жана компромисстерди табуу мүмкүнчүлүгүн берет.
Биз тармактык ассоциациялар менен тыгыз байланыштабыз, кабыл алынган чечимдерге жооп кайтарууга мүмкүнчүлүгүбүз бар, Министрлер Кабинетине караштуу инвестициялык кеңеш, Жогорку Кеңешке караштуу ишкерлер кеңеши аркылуу таасир этүү рычагыбыз бар. Мунун баары жумушта колдонулат.
– 2024-жылы мыйзамдарды кайра карап чыгуу боюнча кандай сунуштарды бердиңиздер?
– Бизде курулуш тармагына, инфраструктурага кирүү, тарифтер боюнча тармактарга кошулууга байланыштуу көп сунуштар болгон. Курулуш учурунда КНСти нөлгө түшүрүүнү коргой алдык. Эксперттердин катышуусунда ондогон тегерек столдорду өткөрдүк. Үй сатып алууда КНСти киргизүү али эрте экенин далилдей алдык. Курулуштун көлөмүн көбөйтүү үчүн башка рычагдар бар экендигин көрсөттүк. Курулуш индустриясы азыр локомотив сыяктуу болуп, мультипликативдик эффектке ээ. Кийим тигүү жана фармацевтика тармагындагы абалды көп талкуулайбыз. Бир нече ири өндүрүштөрдү ишке киргизүүгө жетиштик. Маанилүү нерсе – жашыл энергетиканы өнүктүрүү. Учурда 55ке жакын чакан ГЭСтер курулуп жатат. Иштей турган көйгөйлөр көп.
– ЭТТКга байланышкан кырдаал боюнча эмне айтууга болот, ал азыр өзгөртүлүп жатпайбы? Андан сырткары бизнесмендер үчүн өтө маанилүү болгон салык мыйзамдары да бир топ өзгөрүүдө. Түзөтүүлөрдүн чоң пакети кабыл алынды.
– Бул маселе боюнча мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү талкуулоого биз да катышып жатабыз. Мамлекеттик саясат - бул товарлардын эсебин жүргүзүү жана ишкердик үчүн бирдей шарттарды түзүү. Бири төлөп, экинчиси төлөбөсө, анда таза атаандаштык болбойт. Бизнестин туура иштеши үчүн дайыма туруктуулук, калыстык жана теңчилик болушу керек. Баарын уюштурууга убакыт келди. Ар бир адам салык төлөп, өзүнө жана коомдун өнүгүшүнө жардам бериши керек.
– Президенттин саясаты абдан эффективдүү болду. Азыр 9-10 пайыз туруктуу өсүш бар. ЭТТКга келсек, президент абдан тез реакция кылды, ошондуктан бизнесте маселелер өз убагында чечилет деген үмүт пайда болду. Ар кандай кыйынчылыктар пайда болгондо, президент анын маңызына үңүлөт. Ошол эле бизнесмендер менен жеке жолугушуусу, мисалы, “Дордой” базарындагы. Анын үстүнө азыр туруктуу өсүштү жаратуучу бир катар инвестициялык долбоорлор ишке киргизилди. Андан мамлекет дагы, бизнес дагы утат.
Азыр ЭТТКны колдонууга этап-этабы менен киргизүү идеясы оптималдуу болуп саналат. Импорттоочулар жана өндүрүүчүлөр үчүн ЭТТК калтырылышы керек, ошондой эле товарлардын акциздик тобу үчүн да эске алынууга тийиш. Калган нерселердин бардыгын мүмкүн болушунча жөнөкөйлөштүрүү жана балким, ЭТТКны эсеп-фактура менен бириктирүү керек. Санариптештирүү жана жаңы тиркемелерди киргизүү аркылуу көп нерсени жакшыртууга болот. Ал тургай, ири Кытай жашоону жеңилдетүү үчүн тиркемелерди колдонот.
Бардык жерде накталай эмес төлөмдөрдү киргизип, накталай төлөмдөрдөн баш тартуу керек. Бул чакан дүң жана чекене соодага тиешелүү.
Министрлер Кабинети товарлардын эсебин жүргүзүүгө тийиш, ал эми система жөнөкөйлөштүрүлүп, акырында ККМ киргизүү керек.
– Мурда ЕАЭБге киргенде бизде аз көлөмдөгү продукциялар дайыма эле тиешелүү сапатта боло бербейт деген маселе бар болчу. 10 жылдан кийин биз бул көйгөйлөрдү чечтик. Бирок продукциянын уникалдуулугу жоголууда. Кантип уникалдуулукту жоготпой, ошол эле убакта стандарттарды сактасак болот?
– Биз рынокту сегменттештирүүбүз керек. Мисалы, мөмө-жемиш өстүрүү тармагындагы абал. Бизде айдоо мыкты, бирок бышыкчылык мезгилде түшүм өтө көп болуп кеткенде, продукция арзандабашы үчүн кайра иштетүүнү уюштуруу керек, бул жерде кластердик мамиле зарыл. Бул жаатта баарыбыз көмөктөшүүбүз кажет.
Кыргызстанда бал да өндүрүлөт – жылына 10-15 миң тонна. Бирок Шанхай шаарынын эле потенциалы жылына 500 миң тоннаны түзөт. Мындай көлөмдү камтый албашыбыз анык. Бирок биз уникалдуу жана жакшы баадагы продукция жасашыбыз керек. Ал үчүн окуу зарыл. Ошол эле бал 50дөн ашык анализдерди жана корутундуларды талап кылат. Биз мынчалык жасай албайбыз. Бул рынок татаал, бирок абдан кызыктуу. Биз бул багытта иштеп жатабыз.
Айыл чарбасы, тигүү өнөр жайы жана соода калкты көбүрөөк иш менен камсыз кылат. Мында иштеген адамдын дайыма курсагы да ток, кийими да бүтүн. Биз бул аймактарды өнүктүрүшүбүз керек. Бирок жогорку технология жөнүндө ойлонууга убакыт жетти. Кеңири жана перспективалуу ой жүгүртүүгө убакыт келди. Техникалык прогресстин алдыңкы катарында болушубуз керек. Бул жашоону жакшы жакка өзгөртүүгө жардам берет.
Палата 64 өлкө менен иш алып барат жана алардын ар бири катышууну жана кызматташууну сунуштайт. Кытай менен чоң форум өткөрөбүз деген пландар бар. Ошондой эле укмуштуудай экономикалык өсүштү көрсөтүп жаткан Индия менен көбүрөөк иштешүүнү каалайбыз.
Кыргызстан араб рыногуна кызыгып, февраль айында Шаржада форум өтөт, бул эки тараптын тең кызыкчылыгын ырастайт. Турмуш бир орунда турбайт, биз окуп, байланыштарды түзүп чек араны кеңейтишибиз керек, бул жада калса өлкөнүн ичинде да зарыл.
Азыртадан эле ар бир облуста Соода-өнөр жай палатасынын бир нече өкүлдөрү ишин жаңы баштаган бизнесмендер менен иштешет. Бул формат баарыбызды бириктирип, Кыргызстанды ыңгайлуу өнөктөш кылууга мүмкүндүк берет.
Тилекке каршы, үнүбүз кубаттуу болушу үчүн бардыгын бириктирүү азырынча мүмкүн эмес. Биздин милдет – ишкерлерге жардам берүү, тажрыйба, адилеттүүлүк жана мыйзамдуулукка ишеним аркылуу бул чөйрөнү ыңгайлуу кылуу. Муну мамлекет дагы, ишкерлер дагы жасашы керек.
Пландар амбициялуу, укмуштуудай максаттарды камтууга тийиш! Баары ойдогудай боло бербейт, бирок алдыга умтулууга жардам берет!
