Александр Зеличенко: Дүйнөдөгү эң мыкты атайын кызматтар да баңгизаттын 10-12% гана кармашат
4 февраль

Александр Зеличенко: Дүйнөдөгү эң мыкты атайын кызматтар да баңгизаттын 10-12% гана кармашат

Александр Зеличенко, милициянын полковниги, илимпоз, баңгизатка каршы күрөшүү боюнча адис. Республикалык Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик комиссияны түзгөн жана жетектеген. Кыргызстан журналисттер союзунун мүчөсү. Кылмыштуулукка, баңги бизнесине жана терроризмге каршы күрөшүү маселелери боюнча жүздөгөн аңгемелерди, макалаларды жана очерктерди жазган. Бүгүн ал “Караван-Инфого” “Наркономика”, баңги экспансиясы жана кара куурайга толеранттуулук тууралуу айтып берди.

– Талибдер иш жүзүндө таанылгандан кийин Афганистандан баңгизаттардын экспансиясы күч алдыбы?

– Тарыхый талкуудан баштайлы. Мен бул темада 1990-жылдары “Афганистандан чыккан баңги экспансиясына каршы күрөшүүнүн эл аралык процессиндеги Кыргызстандын интеграциясынын тарыхы” деген диссертация жаздым. Ал эми ага чейин бул нерселерди көп жылдар бою практикалык жактан да, теориялык жактан да терең изилдеп чыктым. Чынында өмүрүмдү ушуга арнадым.

2000-жылдын башында, Талибан Афганистанда бийликке келгенде, Куранда алкоголдук ичимдиктер жана баңгизаттар сыяктуу акыл-эсти тумандаткан нерселердин баары күнөө экенин, мусулмандар андай нерселерди пайдаланууга укуксуз экенин жарыялаган. Бирок баңгизатын өндүрүү жана өстүрүү күнөөбү же жокпу? Менин көз карашымда, бул такыр эле акылга сыйбаган нерсе, кийин дүйнөлүк коомчулук да аларды колдоого алды, ошондо, өндүрсө болот, анан аны кайда катасың – каапырларга бересиңби?

Ал убакта Талибан бүтүндөй диний талаш-тартышты жараткан. Эки жылдан ашуун баңгизатты өндүрүү күнөөбү же күнөө эмеспи деген суроону эксперттерге талкуулатты. Анан бул күнөө деген бүтүмгө келип, баңгизат болуучу өсүмдүктөр себилген жерлерди жок кыла башташты. Бүткүл дүйнө – такыр жок кылышты, карагыла! - деп кыйкырды.  

Бирок бул эки жарым жылдын ичинде баңгизаттын ири запасын толтуруп алышкан, кийин дүйнөдө баңгизатка көз каранды болгондордун саны кескин көбөйгөнүнө карабастан, баарына апийим да, героин да жетиштүү болду. Баңгизат эч кимди аябайт – анын моралдык принциптери, улуттук, расалык, гендердик артыкчылыктары жок. Ал эми бүгүнкү күндө алардан коркунучтуу химиялык баңгизаттар, жада калса табигый героин эмес, бардык тирүү жандыктарды өлтүрүүчү баңгизаттар келе баштады.

– Кыргызстан аркылуу наркотрафик кайсы жакка жол тартат жана биздин өлкөдө канчасы калат? 

– Аны кантип өлчөө керектигин эч ким айтып бере албайт. Бул Ош базары эмес. Адистер жеринде өндүрүлгөн жана биздин өлкөгө киргизилген көлөмдүн 10-12 пайызы калат деп божомолдошот. 

– А бул каналдарды ким көзөмөлдөйт, бул ишке аралашкан абийирсиз милиция кызматкерлери да болушу мүмкүнбү? 

– Тилекке каршы, аралашкандардын арасында милиция кызматкерлери да бар. Муну жашырууга болбойт, ансыз биздин сүйлөшүүбүздүн мааниси жок. Бул көйгөйгө айланган. Бирок биздин системанын урматына айта кетчү нерсе, форма кийген шылуундарды өзүбүздүн эле кызматкерлер кармашат. Бир окуя болгон – милициянын полковниги кызматтык кийимчен жеке унаасында отуруп алып баңгизатын дозалап саткан факты катталган. Бул жеткен чек. 

Дагы бир маанилүү нерсе. Көңүл бура турган эки жагдай бар. Биринчиси, “мурунку” талибдердин тушунда, баңгизатын легалдуу өндүргөн өлкөлөр бар деген суроо көтөрүлгөн. Медицинада илимий максаттар үчүн керектелген апийим тууралуу айтылып жатат да. Чийки-апийимден операциялар үчүн анальгетиктер жасалып, БУУнун патенти боюнча бир нече өлкөлөр онкологияда колдонот. 

А афгандыктар баарынан алып, бизге бергиле, биз өзүбүздүн апийимди жеткиребиз дешет. Анан маселе ушуну менен чечилди деген адамдар да табылды. Мен ошондо билдирүүмдө биринчиден, биз – жеңилдик, болду, жакшы калгыла – дегендей эле алсыздыгыбызды моюндап жатабыз, экинчиден, силер афгандыктарды жакшы билбейт экенсиңер – аларга кичинекей жылчык эле берип көргүлө, дүйнөнү арзан баңгизат менен толтуруп салышат деп белгилегем. Буга эч убакта жол бербешибиз керек, афган баңгизат өндүрүшүн легалдаштырууга болгон ар бир аракет трагедияга айланат. 

Экинчиден, мен диссертациямда “Наркономика” терминин киргизгем, башкача айтканда, баңги өндүрүшүнө жана аткезчилигине негизделген экономика. Афганистан – наркономиканын кадимки мисалы. Мурдагы Афганистанды айтып жатам, бирок азыр деле көп нерсе жакшы жагына өзгөрүп кетти деп ойлобойм. Алар баңгизаттын эсебинен жашашат – бул токтосо, жашоолору да токтойт. Алардын акчасы ушул убакка чейин тоңдурулган бойдон турат,  өлкө эмненин эсебинен жашап жатканын айтыш кыйын. 

– Наркотрафик жана чек ара жаңжалдары кандайча байланышкан? 

– Баңгизат бизнеси – негизги сөзү “бизнес” болгон сөз айкалышы. Мунун баары бизнес мыйзамы боюнча өнүгөт, криминалдык бизнестин криминалдык мыйзамы, а бизнеске революция жана жаңжалдардын, чек арадагы согуштун кереги жок. Анда бардык иш көзөмөлгө алынган, баары үчүн акча төлөнгөн, өзүнүн каналы бар, ошентип иштешет. 2010-жылдагы окуядан кийин баары муну наркобизнес уюштурду деп айтышты, биз “Кыргызстан наркономиканын призмасы аркылуу” аталыштагы толук изилдөө жүргүзүп, Ош окуясын изилдедик жана ооба, наркобизнес башка криминалитет сыяктуу эле ага катышкан, наркоканалы боюнча курал-жарактарды жөнөткөн, акча жагынан жардам берген ж.б. деген корутундуга келгенбиз. 

Бирок башка жагынан караганда, наркобизнес ызы-чуу салууга такыр кызыкдар эмес. Ошондуктан бул призма аркылуу бардык жаңжалдарды кароого болот. Ойлоп көргүлө, Афганистан, Тажикстан, Баткен, андан ары Ош, Оштон кийин Бишкек, Бишкектен ары Казакстан, андан ары Россия. Бул түндүк каттам, анын негизги каналдарынын бири, мына, иштеп жатат, ар ким ар кандай нерсе ташып жатат, атаандаштарды кармап жатат, дагы бирдемелер кармалууда. Анан чек арада чыр чыгат, Бишкектен мисалы, "Скорпион" спецназдары келди дейли, чек араны жаап салышты, соода жок, эч кимди киргизбейт, баарына пара бере да албайсың. Жыйынтыгында, бизнес урады. Ошол эле учурда ал тургай дүйнөдөгү эң мыкты атайын кызмат дагы баңгизаттын болгону 10-12 пайызын кармай турганын эске алуу керек. Болбосо наркобизнес кирешелүүлүгүн жоготот, эгерде тескерисинче, 10-12 пайызы өтүп, а 90 пайызы кармалса, анда бул эч кимге кереги жок жана эч ким аны менен алектенбей калат. Бизнестин мыйзамы ушундай. 

– Сиз республикада кара куурайды легалдаштырууга каршысызбы, эгерде каршы болсоңуз эмне үчүн? Анткени кара куурайдан көптөгөн пайдалуу нерселерди өндүрсө болот эмеспи. 

– Мен БУУ, милиция жана көп өлкөлөрдүн укук коргоо органдары менен кызматташкан расмий өкүл катары легалдаштырууну жактай албайм. Бүгүнкү болуп жаткан окуяларга келсек, мен нөлдүк толеранттуулуктан кара куурайга өттүм. Аны легалдаштыруу керек дебейм, бирок эч кандай жагдайда жок деп да айтпайм. Кыргызстанга кара куурайды 30-жылдары эле алып келишкен, ага чейин бизде жок болчу. Пенькоджут фабрикаларын куруп башташкан, алардын бири Фрунзеде жайгашкан. Бул өсүмдүктөрдүн көбү Кордайда, Чүй өрөөнүндө өсөт. Башында кара куурай зыянсыз көрүнгөн, гашиштин негизи болгон тетрагидроканнабилондун үлүшү 0,6 пайызды түзгөн, а азыр 6-8 пайыз. Эгерде азыр жаңы кара куурай алып келишсе, ал кайра өзгөрүп, баңгизаттык эффект берет, ошондуктан мында абдан абайлаш керек. 

Бирок дагы башка жагынан караганда, мен аны медициналык максатта легалдаштырууну колдойм, бул көп өлкөлөрдө жасалды. Альцгеймер, онкология – кара куурай чынында көптөгөн дарттарга даба болуп берет, бирок биздин азырынча бул өсүмдүктөр өстүрүлгөн талааларды кайтарууга жана ишенимдүү коргоого алууга физикалык жана экономикалык жактан чамабыз жетпейт. Хаос болот. Көбү эмнеге чөпкө тыюу жок дагы, апийимге тыюу салынган деп сурашат. Бул жөнүндө азыр айтып жатышат, өтө көп айтып жатышат, апийимди өстүрүүгө уруксат берүү тууралуу билдирүү жасаган, конференция өткөргөн бүтүндөй кыймыл пайда болду. Бул кадамдан кийин терс көрүнүштөр толтура болот. Баарын ойлонуп, тобокелчиликтерди азайтып, анан гана кыйкырыш керек.  

Эмне үчүн нөлдүк толеранттуулуктан кеткениме себеп болгон дагы бир жагдай. Милицияны бул чөптөн бошотуу керек. Бизде милиция эмне менен гана алектенбейт, олуттуу иштерди илгерилетүүнүн ордуна орок кармашып, жапайы кара куурайды орушат. Буга канча деген убакыт кетет. Бул айыл өкмөтүнүн милдети болууга тийиш. Опер кызматкерлерине тийишпегиле! 

– Кандай ойлойсуз, Кыргызстанда наркокурьерлерге жана баңгизат колдонуучуларга карата өкүмдөр жетиштүү түрдө катаал элеби? Же баңгизат керектөөчүлөр боюнча мыйзам өзгөртүүгө муктажбы? 

– Кичинекей дозаны керектөө үчүн кылмыш жоопкерчилиги жок, бирок административдик жоопкерчилик бар. Эгерде баңгизатын колдонуучу бир жылдын ичинде эки жолу административдик айып менен кармалса, анда ал бир топ катуу жоопкерчиликке тартылат. Мында терс көрүнүштөр жетиштүү. Жаза мөөнөтү жетиштүү, олуттуу, 20 жыл абакка эркинен ажыратылат. Мыйзамдарды катаалдантуунун кажети жок, иштеп, өз ишибизди жөндөшүбүз керек.