Чолпон Мадьяр кызы: Чыныгы балды кантип тандаш керек же тоо балынын касиеттери
11 ноябрь

Чолпон Мадьяр кызы: Чыныгы балды кантип тандаш керек же тоо балынын касиеттери

Биз маектешкен каарманыбыз – бал аарычы. Аялзатынын аарычылык менен алектениши сейрек кездешет эмеспи. Ага карабай, тоскоолдуктарды жеңип, ата тегинен калган өнөрдү улантып, кыргызстандыктарды жана чет өлкөлүктөрдү Алатай тоосунун гүлдөрүнөн топтолгон бал менен камсыздап келатат. Ал бизге бул ишмердүүлүктүн сырларын, аары дүйнөсүнөн алган таасирлерин айтып берди.

– Бул тармакка кандайча аралашып калдыңыз?

– Балчылык – ата тегибизден калган кесип. Биздин бал чарбабызга 72 жыл болду. Ошондо, мен 4-муундагы балчымын, 2008-жылдан бери бул тармакта иштеп келатам. Бир нече кесиптин ээсимин: экономист, бухгалтер, фармацевт, балчы.

– Үй-бүлөлүк чарба эмнеге сизге – кыз балага өткөн? Бизде “бул аялдын колунан келе турган иш” жана “бул аялдын колунан келбей турган иш”деген чектөө бар эмеспи, бул чектөө сизге канчалык тоскоолдук жараткан?

– Чектөө физикалык күчтү көбүрөөк талап кылган иш же жеңил иш деген мааниде болушу мүмкүн. Балчы болуу оор нерселерди жасоого муктаж кылат. Бирок менин жолдошум, балдарым бар, алар жардам берет. Оор жумуштарды албетте, эркектер жасайт, жеңилин мен. Ошондуктан, бул боюнча маселе жаралган эмес.

– Деги эле бул иштин кыйынчылыгы канчалык?

– Ар бир иштин кыйынчылыгы болот. Кыйынчылык аркылуу тажрыйба топтолот, андан коркпош керек. Мээнетсиз тиричилик болбойт эмеспи, кайсы кесипти тандап алсаң дагы, ошонун ысык-суугуна күйсөң, түйшүгүн көтөрсөң гана үзүрүн көрөсүң. Биздин бал челектер жапайы жаныбарлар байырлаган Алатай тоосунда жайгашкан. Бир ирет аюулар келип бал челектерди талкалап кеткен. Кайра ордуна келтирүү көп чыгымды жана убакытты алды, бирок сабырдуулук менен аны жеңип, ишибизди улап кеттик.

– Бал аарычы сөзсүз билиши керек деген эреже барбы?

– Бал аарычыга эң керектүү сапат – бул сабырдуулук. Бул иш көп түйшүктү, чыдамкайлыкты талап кылат. Ал эми ар бир балчы билиши керек болгон эреже – календарь менен иштөө. Бардык балчынын жеке календары болот, ошого жараша иш алып барышы керек. Эгерде аны сактабай койсо, аары ооруйт, варроатоз каптайт, кырылып өлөт.

– Аарыга чагылган учурлар болгонбу, негизи аарынын чакканы дары деп коет эмеспи, ушул чынбы?

– Аарыга чагылуу – апитерапия деп коет. Бирок аарынын уусу чектелген дозада гана пайдалуу болот, муну билиш керек. Пайдалуу экен деп болушунча чагыла берген болбойт, анда кооптуулук жаралышы мүмкүн. Аарылар менен иштешкенде чагылбай кое албайсың. Бирок дайыма сактоочу формалар менен жүргөндүктөн, бизде ашыкча чагылуу болбойт.

– Аарылардын да мүнөзү болобу? Сизге аарылар дүйнөсү эмнелерди үйрөттү жана алардан кандай сабак алдыңыз?

– Албетте, өздөрүнө таандык мүнөзү бар. Мисалы, кара өңдү жактырышпайт, спирт, духи өңдүү күчтүү жыттарды жаман көрүшөт. Эң кызыгы, аарылар ээсин таанышат. Мен алардан мээнеткечтикти, сабырдуулукту үйрөндүм.

– Таза балды кантип айырмалоого болот? Биз көбүнчө түсүнө, жытына карап эле тандайбыз, бирок жытты да, түстү да жасалмалап койсо болот. Андан башка дагы чыныгы балдын белгилери барбы?

– Чыныгы балды аныктай турган ыкмалар көп. Мисалы, салмагы. Чыныгы бал салмактуу болот. 1 литр банкага 1,4 – 1,5 бал батат. Жыты тоо гүлдөрүн эстетип турушу керек. Андан тышкары, йод менен текшерсе болот: 200 мл жылымык сууга бир чай кашык балды салып, үстүнө 2-3 тамчы дарыкана йодунан тамчылатып, аралаштырып коюу керек. 15-20 мүнөт өткөндөн кийин карайбыз, эгерде суу сары өң бойдон турса, анда сиз алган таптаза бар, а кокус суу карайып же көк өңгө өтсө, анда жасалма бал.

– Балчы катары балды сиз күнүмдүк жашоодо эмнелерге колдоносуз?

– Бал – бардык ооруга шыпаа, оору учурунда же ага чейин, профилактика үчүн колдонууга болот. Анткени бийик тоодогу, Кызыл китепке кирген, дарычылыгы күчтүү тоо гүлдөрүнөн чогултулат. Андан тышкары, териге кам көрүүдө: бетке маска жасоого кошсо, натыйжасы абдан жакшы.  

– Балды эмнеге жаз айларында чогултулган же күз айларында чогултулган деп бөлүп көрсөтүшөт? Мезгилдин кандай таасири бар?

– Негизи бал июнь-июль айларында чогултулат. Май айында аарылар физиологиялык жактан жаңыланып, жаңы чыгып, көбөйүп баштайт. Тоо гүлдөрү ар кайсы учурда гүл ачат жана ар биринин дарылык касиети ар башка. Ошондуктан, ага жараша балдын да жыты, даамы, касиеттери бир аз өзгөрөт. Мисалы, жайында өсүмдүктөрдүн көп түрү гүл ачкандыктан, балдын даамы каныккан, жыты күчтүү болот. А күздө чогултулган бал коюурак жана даамы тереңирээк. Ошондой эле, ал узак сакталат.

Жазгы бал – жүрөк ооруга, кан басымы барларга, ашказан оорусуна жакшы шыпаа берсе, күзгү бал – бөйрөк, боорго пайда, ошондой эле, иммунитетти жана гемоглобинди көтөрүүгө көбүрөөк жардамын тийгизет.

– Бал касиеттерин жоготпошу үчүн кантип туура сактоо керек?

– Туура сакталган бал узак убакыт пайдалуулугун жоготпой турат. Кургак, караңгы, салкын жерде сактоо сунушталат. Бензин, самын ж.б. жыттуу нерселерден алыс коюу шарт, себеби бал губка сыяктуу, бүт жыттарды өзүнө сиңирип алат. Ошондой эле, банкадагы балга кургак кашык салып, алуу керек, кокус суунун бир тамчысы түшсө дагы, ачытып жиберет.

– Сиздердин продукция дүкөндөргө чыгабы же өзүңүздөр аркылуу гана сатылабы?

-  Ар кандай. Туруктуу кардарларым да бар, өнөктөштөр аркылуу экспортко да чыгат. Япония, Дубай, Өзбекстан, Казакстан жана Россияга биздин продукция жеткирилип турат. Ал жактагы кардарларыбыз кыргыз балы тууралуу бир гана жакшы пикирлерди айтышат.