Гүлнара Сыдыкбекова, кыл кыякчы, “Даңк” медалынын ээси: “Көз алдымда канчалаган адамдар өтүп кетишти, мени болсо чыгармачылык сактап жүрөт”
11 июль

Гүлнара Сыдыкбекова, кыл кыякчы, “Даңк” медалынын ээси: “Көз алдымда канчалаган адамдар өтүп кетишти, мени болсо чыгармачылык сактап жүрөт”

Кырк жылдан бери Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринде кыл кыяк чертип келген Гүлнара Сыдыкбекова үчүн чыгармачылык жөн гана кесип эмес, жашоонун өзү болуп калды. 15 жылдан бери рак илдети менен күрөшүп келаткан өнөрпоз бир эмес, эки жолу колун сындырып, оор операцияларды, химиялык дарылоолорду башынан өткөрдү. Бирок бир да жолу сахнадан баш тарткан жок. Тескерисинче, чыгармачылык анын жашоого болгон үмүтүн арттырып, ооруну жеңүүгө күч берип келет. Гүлнара айым менен ден соолугу, сахнанын керемети, мамлекеттик сыйлыкка болгон үмүтү жана өмүр үчүн күрөшү тууралуу баарлаштык.

– Гүлнара эже, мындан бир жарым жыл мурун сиз менен маектешкен элек. Ошондон бери ден соолугуңузда кандай өзгөрүүлөр болду? Азыр өзүңүздү кандай сезип жатасыз?

– Кудайга шүгүр! Мени билесиңер го, позитив менен жашаганды жакшы көрөм. Ошондуктан эмне болсо да даттанып, нааразы болгон жан эмесмин. Ден соолугум боюнча жаңылыктардан айтсам, жакында эле оң колум билегинен сынып калып Санкт-Петербург шаарына барып дарыланып келдим. 2-апрелде жакшы болуп калды деп сүйүнүп келсем, 11-апрелде жаандын суусуна тайгаланып кетип экинчи колум сынып калып жатпайбы. Бул беш жылдан бери гормоналдык дарыларды үзгүлтүксүз ичип келатканымдын кесепети. Сөөктү жумшартып салат экен да. Анын үстүнө жаш курак да өзүнүкүн алат экен, мына, 62 жашка келсем, анын 15 жылын рак илдети менен күрөшүп өткөрүптүрмүн.

Азыркы учурда онкология борборунда колу, буту шишиген айымдарга швейцариялык Соня деген реабилитолог экөөбүз онлайн сабак өткөрүп турабыз.  ТТөшүн алдырган айымдарга протез, парик бекер берип турабыз.

– Эки колуңуздун тең сынып калганы чыгармачылыкка олуттуу тоскоол болду окшойт. Кыл кыякчы үчүн бул кандай сыноо болду?

– Сынганга чейин деле мен колумдун азабын көп тарттым. Көкүрөк алынганда лимфа түйүндөрү кошо алынат да, ошондуктан көп учурда кол шишип кетет. Менде да ошондой болду. Бизде лимфолог врач жок болгондуктан мен Казань шаарына барып дарыланып келип аттым. Атайын көнүгүүлөрдү жасап, өзүнүн кол кабын кийип шишикти андан ары күчөтпөгөнгө аракет кылабыз. Бул кол менен жумуш жасаганга, оор көтөргөнгө болбойт, бирок мен башка иш кылбасам да кыяк ойноп аттым. Антпесем мен ооруп калам. Ал эми сынганда аспабымды ойной албай дагы бир жолу стресске кабылдым. Азыр баарыбыз эс алуудабыз, буюрса, эс алуубуз бүткүчө колум жакшы болуп калат деген үмүттөмүн.

Азыркы учурда онкология борборунда колу, буту шишиген айымдарга Швейцариялык Соня деген реабилитолог менен онлайн лечебный физкультура откоруп турам бир айда эки жолу , кабинет равного консультированиеде тошун алдырган айымдарга протез, парик бекер берип турабыз Тынара Касымалиева эже координатор мен руководительмин. Колу, буту  шишиген айымдарга консультация берип турам кандай жол менен туура даарыланса болоорун жол корсотуп берем.

– Көпчүлүк адамдар рак диагнозун укканда үмүтүн үзүп коюшат. Сиз болсо күрөшүүнү тандадыңыз. Сизге мындай кайратты эмне берди?

– Онкологиялык оорудагы эң чоң ката ошол экен. Дароо эле өздөрүн таштап пессимисттик жашоого өтүп кетишет. Анткен сайын жашоосу кыскара берет. Мага деле оңой эмес, бирок мен позитивдүүлүктү, жашоо үчүн күрөшүүнү тандадым. Үй-бүлөм үчүн, чыгармачылыгым үчүн өмүрүмдү узартканга аракет кылып келатам.

– Негизи оорунун башы качан башталган эле?

– 2011-жылы башталган. Анда оорунун 2-стадиясы эле. Ошондо эле “эки эмчегиңди тең алабыз” дегенде коркуп качып кеткем. Индияга барып дарыланып, Тибет чөптөрүн төрт жыл ичип жүрдүм. Пандемия учурунда бир көкүрөгүмдү толугу  менен, экинчисинен шишикти алдырууга туура келди.  Ошондон бери күн сайын саатынан калтырбай гормоналдык дары ичем, 18 жолу химия алдым. Ошого карабай учурда кабыргаларыма метостаз кетиптир. Оң жагымдагы 3-4-кабыргам сынык деп чыгып жатат.

– Элдик медицинага кайрылбай дароо эле операцияга макул болгонуңузда эмне болот эле?

– Ушул нерсеге өзүм да кээде өкүнөм, кээде өкүнбөйм. Өкүнгөнүм - ошондо эле алдырып койгонумда азыр колумдун азабын тартмак эмесмин. Бирок анда мен чыгармачылыкка келбейт элем. Оркестрде ага чейин эле иштечүмүн го, бирок өз алдымча чыгам деген оюм жок эле. Операцияга жазылып койгон жеримден врачтардан качып барып бир корей абышкага туш болуп калдым. Ал: “ичиңде бук бар экен, аны чыгарышың керек. Ал үчүн кайыңды кучактап ыйла, тоого чыгып кыйкыр же ырда”,-деди. Кыякчы катары атымдын таанылышына, ырдап чыгышыма абышка ушул сөзү менен мага түрткү берди. Айткандай эле чыгармачылык мага даба болду. Көз алдымда канчалаган адамдар өтүп кетишти, мени болсо сахна, чыгармачылык сактап жүрөт. Азыр деле ооруп төшөктө жаткан жеримден туруп бир жакшылыкка барып кыяк ойноп же ырдап келсем, куландан соо болуп калам. Социалдык тармактарга “ооругандай түрү жок го” деп жазып калышат. “Оомийин, айтканыңар келсин” деп коём. 

– Кандай күнгө туш болсоңуз да сиз чыгармачылыктан баш тарткан жоксуз. Кайра тескерисинче, былтыр сахнага чыкканыңыздын 40 жылдыгына арналган чоң концерт өткөрдүңүз. Бул да сиздин күчтүүлүгүңүздүн далили болсо керек?

– Мен 1986-жылдан бери филармониянын Карамолдо Орозов атындагы  академиялык эл аспаптар оркестринде үзгүлтүксүз эмгектенип келе жатам. Кудайым буюрса, быйыл толук кырк жыл болуптур. Ушул датанын урматына жеке концертимди уюштуруп, ийгиликтүү өткөрүп алдым. Кесиптештерим, оркестрдин жамааты колдоо көрсөтүп катышып беришти. Өзүм да оркестрде ойноп отурдум. Андан тышкары жеке чыгармаларымды аткарып эл алдында отчёттук концертимди бердим. Зал толуп эл да жакшы келип берди.

– Сиз 40 жылдан бери мамлекеттик оркестрде үзүрлүү эмгектенип, оор сыноолорго карабай чыгармачылыкты таштаган жоксуз. Бирок эмнегедир тиешелүү наам берилбептир сизге.

– Мен өзүм сыйлыкка умтулган жокмун. Бирок чын дилим менен берилип эмгек кылдым. Филармония менин экинчи үйүм. Жумуш эртең менен тогуз жарымда башталат, мен күн сайын сегиз жарымда жумушта болом. Мындан туура 40 жыл мурун ушул оркестрдин босогосун аттагам, андан бери чыгармачылыктын эмне деген гана ашууларын ашпадык. Мунун баары көз жаздымда калбайт го, татыктуу наамыбызды алабыз деген үмүт менен күтүп жүрөм.

Сыйлык дагы керек экен, бул биринчиден чыгармачылыкка стимул болсо, экинчиден мен сыяктуу ден соолугунан жабыркагандар үчүн жеңилдиктер болот. Мен онкологиялык борбордо дарыланам, бирок кышында суук тийип ооруп калган күндөрү тынчыраак дарыланайын деп Клиникалык атайын ооруканага барсам наамыныз жок экен деп албай койду. Ошондон кийин сыйлык  дагы керек экен деп ойлонуп калдым.

– Чыгармачылыкка бала кезиңизден кызыкчу белеңиз?

– Ооба, мен Ат-Башыдагы музыкалык мектептин комуз бөлүмүнүн алгачкы бүтүрүүчүлөрүнөнмүн. Ушул өзүм окуган Ат-Башы райондук Ж.Шералиев атындагы балдар искусство мектебинин 60 жылдык мааракесинин алкагында 2024-жылы “Гүлнара Сыдыкбекова атындагы  кыл кыяк классы”  ачылды.

1979-жылы Бишкекке келип Күрөңкеев атындагы музыкалык училищеге тапшыргам. 2-курсумда Москвада болуп өткөн КПССтин 26-съездине катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгом. Болот Миңжылкыев, Самара Токтакунова, Чалагыз Исабаев, Сардарбек Жумалиев өңдүү залкарлар менен Кремль сарайында бирге болуу мен үчүн чоң сыймык болгон.  Анда мен болгону 17 жашта элем. Кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство университетинин кыл кыяк бөлүмүн аяктап, оркестрдин босогосун аттагам. “Дарак бир жерден көгөрөт” демекчи, ошондон бери үзгүлтүксүз иштеп келатам.

– Чындыгында эмгегиңиз бааланууга убакыт келиптир. Искусствого кошкон ушунча салымыңыз менен көз жаздымда калбайсыз деген үмүттөбүз. Маегиңиз үчүн ыраазычылык! Ден соолукта болуп дагы да маданиятка кызмат кыла бериңиз!