Сайра Ызакова: «Мыйзамдар жөнөкөй жарандар үчүн түшүнүктүү жана туруктуу болушу керек»
7 июль

Сайра Ызакова: «Мыйзамдар жөнөкөй жарандар үчүн түшүнүктүү жана туруктуу болушу керек»

Эмнеге мыйзамдардын саны алардын сапатын билдирбей турганын, Юстиция министрлиги бюрократия менен кантип күрошүп жатканын жана мыйзамдарды талкуулоого эмнеге жарандардын катышуусу зарыл экенин КР юстиция министринин биринчи орун басары Сайра Ызакова айтып берди.

Өткөн жылы Министрлер Кабинети 173 мыйзам долбоорун демилгеледи. Өлкө үчүн бул көп эмеспи?

– 173 деген чынында көп көрүнөт, бирок карай келгенде мында өзгөчөлүү эч нерсе жок. Министрлер Кабинети мамлекеттик саясаттын дээрлик бардык багыттары үчүн жооп берет, бул демек экономикадагы, социалдык тармактагы, санариптештирүүдөгү же мамлекеттик башкаруудагы ар кандай өзгөрүүлөр эртеби-кечпи мыйзамдык каттоону талап кылат.

Бир жагынан алганда, мындай сандагы демилгелер мамлекеттик активдүү ишин билдирет. Экинчи жагынан, укуктук туруктуулукту эске тутуу маанилүү. Адамдар жана бизнес оюндардын эрежесин жатка билип жана алар эртең капысынан өзгөрүп кетпешине ишенимдүү болууга тийиш. Мыйзамдар бир калыпта болушу керек.

Бүгүн дебюрократизация тууралуу көп айтылууда. Бул процесстин артында эмне турат?

– Жөнөкөй сөздөр менен айта турган болсок, дебюрократизация – бул учурдагы мыйзамдарга ревизия. Жылдар бою актуалдуулугун же жоготкон же ашыкча административдик барьерлерди жараткан көп нормалар чогулду.

Биз мыйзамдарды алардын практикалык пайдасы боюнча анализдейбиз. Алар маселелерди чечүүгө жардам беришеби? Жарандар жана бизнес үчүн процесстерди татаалдаштырбайбы? Мамлекеттик органдар үчүн ашыкча талаптарды жаратпайбы?

Башкы максат – мыйзамдарды бир топ түшүнүктүү жана пайдаланууда ыңгайлуу кылуу. Мыйзам адамга иштеши керек, кошумча тоскоолдуктарды жаратпоого тийиш.

Ошол эле убакта дебюрократизация бир жолку акция эместигин түшүнүү маанилүү. Эртеби-кечпи реформанын конкреттүү этабы аяктайт, бирок бирок мыйзамдарды үзгүлтүксүз кайра карап чыгуу жана баалоо практикасы калышы керек.

Жакында Юстиция министрлиги ченемдик укуктук демилгелердин реестрин ишке киргизди. Ал эмне үчүн керек?

– Бул электрондук система, анда аткаруу бийлигинин органдарынын бардык мыйзамдык демилгелери иштелип чыккан этапта эле катталат.

Мурда ар кайсы мамлекеттик органдар окшош маселелердин үстүндө параллель иштеп же кийинчерээк башталып калган долбоорлорго кайтып келген учурлар көп болчу. Азыр мындай маалымат бирдиктүү базада чогултулат.

Реестр кимдин эмненин үстүндө иштеп жатканын көрүүгө, кайталанган иштерди аныктоого, ресурстарды натыйжалуу пайдаланууну баалоого жана институционалдык эстутумду сактоого мүмкүндүк берет. Чынында, бул ар бир демилгенин пайда болгон учурдан баштап жашаган тарыхы.

Система эми гана иштей баштады, бирок ал убакыттын өтүшү менен мамлекеттик органдардын ортосундагы координациянын маанилүү куралына айланат деп ойлоп жатабыз.

Келечекте мыйзам долбоорунун идеядан тартып кабыл алынганга чейинки жолун бир жерден байкоого болобу?

– Биз дал ушул багытта бара жатабыз.

Бүгүнкү күндө ар кандай санариптик платформалар бар. Демилгелердин реестри, "Коом Талкуу" коомдук талкуу порталы, колдонулуп жаткан ченемдик укуктук актылардын базасы бар. Алардын баары ар кайсы убакта түзүлүп, ар кандай милдеттерди аткарган.

Бирок келечекте документтин толук жашоо циклин - идеядан жана иштеп чыгуудан баштап кабыл алынганга же четке кагылганга чейин көрүүгө мүмкүн болгон бирдиктүү санариптик контурдун пайда болушу логикалуу.

Бул татаал жана ресурсту көп талап кылган долбоор, бирок анын суроо-талапка ээ экендигин түшүнөбүз жана мүмкүн болгон чечимдерди иштеп жатабыз.

"Коом Талкуу" порталы жарандарга мыйзамдардын мазмунуна таасир этүүгө мүмкүнчүлүк береби?

– Албетте. Мыйзам боюнча мамлекет жарандардын укуктарына жана милдеттерине таасир этүүчү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкууга коюуга милдеттүү. Бул үчүн "Коом Талкуу" бирдиктүү порталы түзүлгөн.

Каалаган адам документтин долбоору менен таанышып, анын иштеп чыгуусунун негиздемесин окуп, өз сунуштарын же эскертүүлөрүн калтыра алат. Бардык комментарийлер ачык жарыяланат.

Ошондой эле, мамлекеттик орган келип түшкөн сунуштарды карап чыгып, аларга жооп берүүгө - макул болуу же макул болбоонун себептерин түшүндүрүүгө милдеттүү экендиги маанилүү.

Бирок жарандардын комментарийлери жоопсуз калат деген сын көп айтылып келет.

– Мындай көйгөй чындыгында бар, биз аны көрүп турабыз. Бирок мен муну атайылап көңүл бурбай коюу деп атабайт элем.

Көбүнчө бул системалык кемчиликтерге байланыштуу: кадрлардын көп кетиши, процедураларга жетиштүү көңүл бурулбашы же уюштуруу маселелери. Ошол эле учурда мамлекеттик органдар комментарийлерди көрүп, изилдеп турушат.

Юстиция министрлиги порталдагы иштерди квартал сайын мониторинг жүргүзөт. Эгерде жарандардын кайрылууларына системалуу түрдө жооп бербеген органдар аныкталса, тиешелүү чараларды көрүү үчүн Мамлекеттик администрацияга маалымат жөнөтүлөт.

Биз үчүн долбоорлорду жарыялоону камсыз кылуу гана эмес, мамлекет менен коомдун ортосунда чыныгы диалогду колдоо маанилүү.

Юстиция министрлигинин негизги функцияларынын бири - ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна экспертиза жүргүзүү. Ал эмнени камтыйт?

– Негизинен, бул келечектеги мыйзам кабыл алына электе эле аны кесипкөй баалоо.

Бүгүнкү күндө долбоорлор бир нече түрдүү экспертизалардан өтөт: укуктук, укук коргоочулук, коррупцияга каршы, гендердик жана экологиялык. Экологиялык экспертизадан тышкары бардык экспертизаларды Юстиция министрлиги жүргүзөт.

Биздин милдетибиз - келечектеги документ учурдагы мыйзамдарга кандайча интеграцияланарын жана практикада кандай кесепеттерге алып келиши мүмкүн экендигин түшүнүү. Ал Конституцияга туура келеби? Жарандардын укуктарын бузбайбы? Коррупциялык тобокелчиликтерди камтыйбы? Колдонууда көйгөйлөрдү жаратпайбы?

Ар бир мыйзам долбоору белгиленген методика боюнча ушундай анализден өтөт. Натыйжада, бардык тобокелчиликтер, эскертүүлөр жана сунуштардын негизинде эксперттик корутунду түзүлөт. Жөнөкөй тил менен айтканда, экспертиза мыйзамды кабыл ала электе эле мүмкүн болуучу көйгөйлөрдү көрүү жана алардын келечекте пайда болушуна жол бербөө үчүн керек.

(Кыстырма)

Бүгүнкү күндө Юстиция министрлигинин иши мыйзам долбоорлорун даярдоонун алкагынан чыгат. Мыйзам чыгаруу процессин реформалоо менен катар, ведомство мыйзамдарга жетүүнүн санариптик куралдарын өнүктүрүүдө.

Акыркы демилгелердин катарында - Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкын жүргүзүү эрежелерин жаңыртуу. Колдонуучулар документтердин актуалдуу редакцияларын тезирээк таап, мыйзамдардагы өзгөрүүлөрдү байкап, укуктук маалыматтар менен ыңгайлуу форматта иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат деп болжолдонууда.

Негизинен, бул юристтер жана мамлекеттик органдар, ошондой эле карапайым жарандар үчүн мыйзамдар менен иштөө үчүн бирдиктүү жана түшүнүктүү чөйрөнү түзүү жөнүндө сөз болуп жатат. Юстиция министрлигинин бул буйругунун долбоору коомдук талкууга коюлду.