Эмгек министрлиги
10 июль
Эмгек министри эмгек акы төлөнбөй жатат деген «Шанс» кризистик борборунун өкүлдөрүн кабыл алды
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев 10-июлда жарандарды жеке кабыл алды.
Кабыл алуунун жүрүшүндө «Шанс» кризистик борборунун өкүлдөрү министрликтин мамлекеттик социалдык заказдын алкагында зомбулуктан жабыркаган аялдарга жардам көрсөтүү боюнча долбоорунда иштеген социалдык кызматкерлерге эмгек акы төлөнбөй жаткандыгы тууралуу кайрылышты.
Кайрылууну кароонун жыйынтыгында министр кырдаалды текшерүү, ар тараптуу иликтөө жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүү үчүн Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө инспекциясын жөнөтүүнү тапшырды.
