Баткен ОИИБ
10 июль
Баткенде 1,7 тонна жапайы өскөн кара куурай өрттөлдү
Баткен облусунун аймагында «Кара куурай» аталышындагы комплекстүү рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Рейддин алкагында Зар-Таш айылынын Секиртме участкасында жайгашкан аймактарга кароо жүргүзүлдү.
Иш-чаранын жыйынтыгында Секиртме участкасындагы 1,5 гектар жер текшерилип, болжол менен 1 тонна 700 килограмм жапайы өскөн кара куурай орулуп, өрттөлүп жок кылынды.
