Ольга Федорова: Унутпайбыз!
9 май

Ольга Федорова: Унутпайбыз!

Чоң атамдын атасы, менин бабам Никита Иванович Власов согуш жаңы башталганда Фрунзе облусундагы Кызыл-Аскер айылынан (Бишкектин райондорунун бири ошол убакта ушундай аталчу) фронтко чакырылган. Ал квардиялык аткычтар полкунда салгылашкан. Бирок туулган жерине кайтып келүү тагдырына жазылбаптыр. Жеңиш күнүнө саналуу айлар калган чакта, 1944-жылдын соңунда Литваны коргоп курман болгон. 41 жашында. 

Аскердик даярдоо курсун аяктаган чоң атам Николай Никитович дагы атасынын артынан эле, 1942-жылы фронтко кеткен. Бирок Берлинге чейин жетүү ага буйруган эмес. 1943-жылы Орловск-Курс багытындагы айыгышкан салгылашууларда санынан оор жараат алат. Ал убакта 19 жашта болгон. Чоң атам сыйлык алууга жетишпеди, бирок ал чыныгы баатыр эле. Чоң атам өрттөнүп жаткан үйлөрдү, анын тегерегинде кишенеп тыбырчылаган аттарды, асманга уюлгуган коюу кара түтүндү эстечү. Окоптун жанында өзүнөн бир аз улуу сержант жигит менен отурганын, тишине чейин куралгандан душмандарга жөнөкөй мылтык менен кантип каршы турушканын, снайпердин огу ошол жаш жигиттин башына тийип, өмүрүн алганын эскерчү. 

А чоң атам аскердик госпиталда узак айлар дарыланып, апасына, үйүнө кайтып келген. Бул чыныгы бакыт болчу – канча деген эр азаматтар 20 жашка чыкпай жатып курман болгон алаамат күндө чоң энем уулу менен жүз көрүштү. 

Көп өтпөй чоң атам сүйүүсүнө – Евдокия чоң энеме жолуккан, ага 1945-жылдын сентябрь айында баш кошуп, анан алардын туңгуч перзенти жарык дүйнөгө келген. 

Оор жараатына карабай  чоң атам эч убакта жумушун калтырган эмес, өмүрүнүн 50дөн ашуун жылын ага арнады. Ал уникалдуу өндүрүшчү-адис болгон, пенсияга чыккандан кийин деле бир боорундай болуп калган заводуна көп жолу жардам берди. 

Чоң атам көп жылдар бою атасынын көмүлгөн жайын издеди, ар кандай аскер мекемелерине кат жазды. Акырында, өткөн кылымдын 70-жылдарынын ортосунда чоң атам атасынын жайын тапты жана анын бейитине барып келүү мүмкүнчүлүгүн алды. Литвада Укмерге деген шаар бар, чоң атамдын атасы ошол жерде жерге берилген экен, ал жакка чоң атам менен чоң энем барып келишкен. Бул шаар үчүн чоң окуяга айланган. Үй-бүлөлүк архивибизде ушул убакка чейин Кыргызстандан барган коноктордун сүрөтү жарыяланган Литванын жергиликтүү гезиттеринин кесиндилери сакталып турат. Литвалыктар аларды жылуу, боор толгоо менен кабыл алышкан. Чоң атам ал жактан досторду тапкан,  ардагер достору  чоң атамдын чакыруусу менен Кыргызстанга келип кетишкен. 

Чоң атамдын кызыгуусу ар түрдүү болгон, майыптуулугу бардыгына карабай, көп саякаттады, аң уулоого жана балык уулоого абдан жакын эле, баян жана балалайкада ойночу, сүрөттү жакшы тартчу. Аны биздин аймактагылардын баары таанычу. Тигүү машинкесин оңдош керекпи же мискейди ширетиш керекпи? Чоң атам жардам сурап келгендердин эч кимисине баш тартчу эмес. Ошондой эле чоң атам мекендештери сүйлөгөн тил менен жооп кайтарчу, орус жана кыргыз тилинде бирдей сүйлөчү. 

Кыскартып айтканда, чоң атам жашоону сүйдү жана акыркы күнүнө чейин үй-бүлөбүздүн башкы таянычы болуп берди. Арабыздан кеткенине 14 жыл болду. Бирок Улуу Жеңиштин 80 жылдыгынын алдында биз баарыбыз – балдары, неберелери жана чеберелери аны ыраазы болуу жана жүрөк түпкүрүнөн чыккан сыздоо сезими менен эскеребиз. Биз сени унутпайбыз, кымбаттуу карыябыз! 

Ольга Федорова