Айпери Жусупова, уролог: 2 жашка чейинки балдарды горшокко мажбурлап көндүрүү келечекте бир катар кесепеттерди жаратышы мүмкүн
20 апрель

Айпери Жусупова, уролог: 2 жашка чейинки балдарды горшокко мажбурлап көндүрүү келечекте бир катар кесепеттерди жаратышы мүмкүн

Энелер арасында бир талаш суроо бар – баланы канча айынан/жашынан баштап горшокко үйрөтүү керек? Айрымдар бул жөрөлгөнү 2-3 айынан баштаса, кээ бир энелер бала акыл-эсине кирип, өз каалоосу менен бара баштагыча тим коет. Турмушта кездешет: баласы көбүрөөк памперс менен жүрүп калган энелерге айланадагылардан сөзсүз сын-пикир айтылат. Алар көбүнчө энени жалкоолукка, балага жетиштүү көңүл бурбагандыкка айыпташат. А медицинада баланы горшокко эрте үйрөтүү сунушталбайт. Анын себебин уролог Айпери Жусупова түшүндүрдү. 

– Медицинада баланы горшокко эрте үйрөтүү сунушталбайт экен. Эмнеге? 

– Албетте, менин бул түшүндүрүүм айрым энелердин каршылыгын жаратышы мүмкүн. Кээ бирлер памперсти зыяндуу деп эсептеп, андан баланы эрте чыгарууга аракеттенишет. Бул дагы туура, бирок медициналык жактан алганда баланы эрте горшокко отургузуунун терс жактары бар. Мен педиатр эмесмин, балдар урологу да эмесмин, бирок бул эки тармакты тең окуганбыз. 

Мен 2 жашка чейинки баланы горшокко отургузуу максатка ылайыксыз деп айтам. Себеби, бул куракта баланын заара чыгаруу буйругу баш мээден эмес, жүлүн аркылуу келет. Башкача айтканда, баланын заара чыгаруучу каналы толгондо, жүлүнгө сигнал барат дагы, булчуңдар жыйрылат, анан заара чыгат. 

2 жаштан кийин баланын мээ кыртышы бул процесске катыша баштайт, ошондон улам бул куракта бала горшок менен коопсуз таанышат. Алар заара кылуу зарылдыгы эмне экенин, даараткана баруу керектигин билип калышат. Ошол маалда горшокко отургузуу энеге да, балага да ашыкча эмоционалдык жүксүз ишке ашат. 

Бизди энелерибиз эмнеге эрте отургузган, анткени ал маалда кир жуугуч машина, памперс болгон эмес. Анын үстүнө алар биздей 2-3 эмес, эң болбоду дегенде 5-6дан балалуу болушкан. Мындан улам балдарын эрте күндөн горшокко барууга көндүрүп башташкан. 

Бирок бул нерсенин бир катар кесепеттери бардыгын эске алуу маанилүү: кыз балдардын циститке кабылуу коркунучу көбөйөт, а чоңойгондон кийин өнөкөт жамбаш оорусуна чалдыгышы да мүмкүн. 

– Ушул жерде энелерде бир суроо жаралат экен: эгерде 2 жашка чыга элек бала басып жүрсө, отура алса, анда эмнеге жамбаш оорусу пайда болушу мүмкүн? 

– Ооба, бала отурганды билет, бирок бул бала үчүн да, эне үчүн да эмоционалдык стресс. Мисалы, горшокко кантип үйрөтүшөт? Отургузуп коюп “заара кыл” деп урушушат, ага көнбөсө коркутушат. Бала коркконунан заараны ыйынып чыгарат. Бул жамбаш түбүнүн дисфункциясына алып келиши мүмкүн, албетте, 100 пайыз эмес, бирок коркунуч жаралат. 

Баланы горшокко эрте үйрөтүү энеге жеңил, бирок балага эмес. Бала 2 жашка чыккагдан кийин горшокту жанына коюп, биринчи анын эмнеге колдонулаарын көрсөтүп, шашпай үйрөтүп баштоо процессти жеңилдештирет, эмоционалдык жүктү азайтат жана бала үчүн ар кандай кесепеттердин болушун алдын алат. 

– Эгерде бала 2 жашка жетпей эле, мисалы 1,5 жарым жашында горшокко отурууга өзү даяр болуп калган учурлар да болот да? 

– Баары индивидуалдуу. Негизинен бала 1,5-1,8 жашынан баштап өзүнүн жүрүм-туруму менен горшокко даяр экенин көрсөтө баштайт. Башкысы аны мажбурлар заара кылдырбаш керек. Кээде энелер айтышат, “мен баламды горшокко отургузганда жамбаш сөөгүнө күч келбеши үчүн денесин өзүм кармап турам” деп. Бирок ошондой кылган учурда деле мажбурлап үйрөтүү туура эмес. Бала чоң заара кылгандан кийин жыныс органын алдынан артын карай жууш керек, бул циститтин пайда болуу коркунучун азайтат.