Назгүл Турдубекова: Өлүм жазасы киши өлтүрүү кылмыштарынын азайышына кепилдик бере албайт
Кыргызстанда 17 жаштагы кыз зордукталып, өлтүрүлдү. Бул өлкөдөгү биринчи окуя эмес. Коомчулук кыжырданып, өлүм жазасын киргизүүнү талап кылууда. А укук коргоочулар кандай ойдо? “Балдардын укуктарын коргоочулар лигасы” коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекова өлүм жазасын киргизүү керекпи, ал натыйжалуу курал болуп бере алабы жана биздин коомдо орун алган виктимблейминг менен кантип күрөшүүгө болоору тууралуу ой бөлүштү.
– Назгүл Үсөновна, Кыргызстан кезектеги жолу жаш кызды зордуктап, өлтүргөн окуяга туш болду. Буга байланыштуу коомчулукта кайрадан өлүм жазасын талап кылуу күчөдү. Укук коргоо коомчулугу буга кандай карайт? Өлүм жазасы ушундай кылмыштырда токтото алабы?
– Дээрлик бардык секелектердин, кыздардын жана аялдардын өлтүрүлүшү мурда зордуктоо жана киши өлтүрүү боюнча соттолгон адамдар тарабынан болду. Бул жөн гана өтүп бараткан адам эмес, а мыкаачылыкты көрсөтүүгө жөндөмдүү адам. Ошондуктан мамлекеттик органдар тарабынан ушундай адамдар дайыма коллекциялык терапиядан өтүп турушу жана ИИМдин көзөмөлүнүн астында болушу үчүн мониторинг системасын киргизүү маанилүү. Ошондой эле КМШ өлкөлөрү менен ИИМдин өз ара маалымат алмашуу системасын жолго коюу керек, анткени буга чейин кыздарды өлтүргөндөрдүн экөөсү Россияда адам өлтүрүү кылмыштары үчүн жазасын өтөгөн. Демек, максаттуу иш алып баруу менен балдарды жана аялдарды сактап калууга болот. Өлүм жазасын киргизүү боюнча айтсам, өлүм жазасы киши өлтүрүү кылмыштарынын санын азайтат деген ишенимдүү далилдер жок. Көпчүлүк изилдөөлөр туруктуу токтотуучу таасирди тастыктабайт. Бул факт.
Ошондой эле тергөөчүлөрдүн, соттордун ишинде каталар кетиши мүмкүн деген чоң тобокелчилик бар. Кыргызстанда ДНК-экспертизасы жок. Жаңылыш чечимдер кабыл алынса, күнөөсүз адамдар өлүм жазасына тартылып кетиши ыктымал, андай учурда адамдардын өмүрүн компенсациялоо мүмкүн болбой калат. Ошондой эле өлүм жазасы экономикалык жактан көп акча талап кылат: өлүм жазасы суралган иштер боюнча кылмыш процесстери жана андан кийинки апелляциялар мамлекетке өмүр бою эркинен ажыратуу варианттарына караганда кыйла кымбатка турат.
– Өлүм жазасы зордук-зомбулуктун деңгээлин азайтып, эл аралык мисалга алынган өлкөлөр барбы? Же тескерисинче, мындай жазадан баш тарткан учурда дагы кылмыштуулуктун деңгээли өспөгөн өлкөлөр?
– Amnesty International маалыматы боюнча, 2024-жылы 1 518 өлүм жазасы аткарылганы катталган (2023-жылга салыштырмалуу өсүш 32 пайыз), болгондо да өлүм жазасынын басымдуу бөлүгү бир нече өлкөлөргө туура келген. Ошол эле учурда өлүм жазасын жокко чыгарган өлкөлөр барган сайын көбөйүүдө (2024-жылдын соңуна карай 113 өлкө). Бул дүйнө жүзүндө ыкмалар айырмаланып жатканын көрсөтөт: аткаруучу өлкөлөрдүн саны азайды, бирок айрым юрисдикцияларда кескин өсүш орун алды. Менин оюмча, өлүм жазасына альтернатива ар дайым натыйжалуурак.
– Биздин коомдо зомбулукка толеранттуулук сиңип калды деп айтууга болобу? Эгер ошондой болсо, бул эмнеден билинет?
– Биз бардык зомбулук түрлөрүнө нөлдүк толеранттуулукту киргизишибиз керек. Эл зомбулук жөнүндө билет, бирок бул үй-бүлөлүк иш деп эсептеп, кийлигишпейт. Бул калыптанып калган көз караш. Ошондой эле, баланы уруп-согуп тарбиялоо зомбулукка болгон сезимталдуулукту төмөндөтөт жана мындай кылмыштардын "гүлдөшүнө" жол ачат. Жалпылап айтканда, зомбулукка каршы күрөштү системалуу түрдө жүргүзүү кажет.
– Коомчулук көп учурда жабырлануучуну күнөөлөйт. Бизде орун алган виктимблейминг менен кантип күрөшсө болот?
– Виктимблеймингди биздин менталитетке жана каада-салттарга байласак, анда ал жоопкерчиликтен качуу болуп калат. Бул биздин жалпы адамзаттык көйгөйүбүз, ал маалымдуулуктун төмөн деңгээли менен байланыштуу. Биздин менталитет ушундай деп айтылаары менен адамдар дароо эле эч нерсе кыла албайбыз деген үмүтсүздүккө кабылышат. Бирок андай кылуу туура эмес. Абалды оңдоо үчүн мамлекет биздин коомду агартууга, маалымдуулукту жогорулатууга, жабырлануучуну айыптоону болтурбоо үчүн алдын алууга акча бөлүшү керек. Биз калкты агартып, жабырлануучуларга болгон боор толгоону жаратышыбыз зарыл – жабырлануучу күнөөлүү эмес!
