Анархан Амирдинова: Гаджетти ашыкча колдонуу баланын ден соолугуна, психикасына терс таасирин тийгизет
Психолог Анархан Амирдинова кибербуллинг деген эмне жана аны менен кантип күрөшүү керектиги тууралуу айтып берди.
– Жөнөкөй сөз менен айтканда кибербуллинг деген эмне?
– Кибербуллинг – баланы кемсинтүү, кодулоо же мазактоо дегенди түшүрдүрөт. Бирок мында зыян аракеттердин баары социалдык тармак же онлайн платформалар аркылуу болот. Азыр барыбыз эле интернеттеги ар кандай тиркеме, мессенджерлерди колдонобуз. Ошол эле WhatsApp, Instagram жана башкалар. Мына ошол жактарда кибербуллинг болушу мүмкүн. Мазактоо, кемсинтүү, баланын уруксаты жок жагымсыз билдирүү, сүрөт-видеолорду жарыялоонун бардыгы кибербуллингге кирет. Бул жерде балага мазактоого мазактоо менен жооп бербөө керектигин түшүндүрүү абдан маанилүү болуп саналат.
– Эмне үчүн кибербуллинг өспүрүмдөр үчүн мынчалык оор болушу мүмкүн?
– Кибербуллинг темасы ар бир бала үчүн оор темалардын бири. Анын белгилерин балдарга өз убагында жана туура түшүндүрүү керек. Кибербуллингдин даана белгилери байкалган кезде ага көңүл буроо керектигин балага айтуу абзел. Тескерисинче, кибербуллингге кабылган бала скриншот кылуу аркылуу фактыларды чогултуу керек. Аудио чалуулардын, билдирүүлөрдүн убактысын сактаңыз.
– Бала интернетте зыяндуу билдирүү алса биринчи кезекте эмне кылып, кимдерге кайрылуусу керек?
– Маанилүү пункттардын бири - бул сөзсүз түрдө улууларга кайрылуу. Биринчи кезекте ата-энеңизге, алар жаныңызда болбой калса байке, эжеңизге айтыңыз. Мында ата-эненин ролу абдан чоң. Өспүрүмдөр ишеним темасына кылдат мамиле жасашат. Анткени, балдар көп учурда ата-энесине ашыкча бир нерсе айтуудан, айрымдары арыздануудан коркушат. Ата-эненин баланы уга билүүсү, ага жардам берүүсү абдан маанилүү.
Айлана-чөйрө, мугалимдерге келе турган болсок, албетте биринчи кезекте балдарга карата сабырдуу болуу керек. Аларды кунт коюп угуп, теманы талкуулоодо баланын пикирин угуп, сүйлөшө билүү да маанилүү. Анткени бала колдоону биринчи кезекте ишенген адамынан күтөт.
– Сиздин оюңузча эмне себептен балдардын гаджетке болгон көз карандылыгы күндөн-күнгө өсүүдө?
– Ар бир ата-эне биринчи кезекте баласы үчүн жоопкерчиликтүү экенин эсинен чыгарбоосу керек. Өспүрүм куракка келип калган балага жакшы тарбия берип, туура багыт көрсөтүү маанилүү. Ата-эне ошол учурду колдон чыгарып албашы керек.
Гаджеттер тууралуу сөз кыла турган болсок, ата-эне биринчи кезекте өзү аз колдонушу керек. Гаджетти пайдаланууга уруксат алуу үчүн бала ыйлайт, кыйыктанат. Көп учурда ата-энелер баласына гаджетти берип коет, анткени өзү эртеден кечке интернетте отурат. Ар кандай виделорду көрүп, комментарийлерди жазат. Албетте анан бала ата-энесинин сүйлөгөнүн сүйлөп, жасаганын туурайт. Ата-эне өзү гаджеттен көз каранды болсо, баладан эмнени талап кылууга болот.
Ата-энелерге баласын урушпоону кеңеш берем. Жөн гана гаджетте көп отуруу зыян экендигин түшүндүрүңүз. Балаңызды спортко, ар кандай башка ийримдерге бериңиз. Түшүнөм, баарыбызда жумуш деген бар, убакыт аз, бирок ошентке да бала менен баарлашуу, ага убакыт бөлүү абдан маанилүү. Жок дегенде кечки тамактануу маалында анын күнү кандай өткөндүгүн, мектепте, бала бакчада эмне болгондугун сураңыз.
Гаджеттен көз каранды болуп калган бала аз сүйлөп, өзү менен өзү болуп калат. Ден соолугу, психикасы да начарлайт. Уйкусу канбай, тынчсызданып, агрессивдүү болуп баштайт. Ошондуктан ата-эне баласы эмне менен алектенип жаткандыгынан дайыма кабардар болуп турушу керек. Болбосо бул начар натыйжаларга алып келиши мүмкүн.
– Ата-энелер кибербуллингге кабылган балага кантип жардам бере алат?
– Балага эң жакын адамдар – ата-эне. Баланын жашоосуна алардын аралашуусу абдан маанилүү. Эгерде сиздин балаңыз кибербуллингге кабыган болсо биринчи кезекте тынчтыкты сактаңыз. Бала менен жай отуруп, ачык сүйлөшүңүз. Бала өзүн ата-эне тарабынан корголгон сезиши керек. Баланы урушпаңыз, тескерисинче ал сизге ишениши керек. Дагы бир ирет айтам, бала менен бетме-бет жай отуруп сүйлөшүү абзел. Ошондо гана бала ачылып, баарын айтып берет.
