Нурдин Төрөбеков: «Цветняшки» кыргыз тилинде сүйлөйт
2007-жылы Кыргызстанда көгүлтүр экранда “Керемет көч” аттуу биринчи мультипликациялык сериал чыккан. Ошондон бери жаш көрүүчүлөр башкы каармандар Актан жана Акылай менен бирге чоң сапарга аттанышты. Балдар жакшы көргөн сыйкырдуу каармандар аларга достуктун, маданияттын баалуулуктарына үйрөтүп, эне тилине болгон сүйүүсүн арттырды.
Бул мультсериал атамекендик анимациянын, жалпы эле өлкөдө анимация искусствосунун өнүгүшүнө түрткү берди. Жаратуучулардын бири, КТРКнын башкы үн режиссеру Нурдин Төрөбеков “Караван-Инфонун” окурмандарына мультфильм кандай жаралганын жана негизги идеясы менен бөлүштү.
– Мультипликацияга кандайча келип калдыңыз эле, айтып берсеңиз?
– Так ушул “Керемет көч” долбоорунун шарапаты менен келгем.
– Бул индустрия сиздин көз карашыңызда Кыргызстанда канчалык деңгээлде өнүккөн?
– Мурда бул иш, тилекке каршы, унутта калган. Бирок акыркы 2 жылдан бери өлкөдө “Козулар”, “Сыкырдуу калем”, “Билгичтер” сыяктуу жакшы долбоорлор, ошондой эле “Жаңыл Мырза” толук метраждуу мультфильми тартыла баштады. Өзгөчө белгилей кетким келет, мамлекеттик тил комиссиясынын көмөгү менен мындай мамлекеттик тапшырык көптөгөн жылдардан бери биринчи жолу болуп жатат. Жаш көрүүчүлөрдү кийинки жылы дагы 4 жаңы долбоорго күбө болосуңар деп деп кубандыргым келет. Менимче, кыргыз анимациясынын келечеги бар, учурда бул индустрия жаңылануу стадиясында.
– Албетте, бул сөзсүз кубандырат! Бирок бизге көшөгө артындагы сырлардан ачып берсеңиз: “Керемет көч” идеясы кантип пайда болгон, мультфильм кантип жаралган, анын башкы маңызы эмнеде?
– “Керемет көч” 2006-жылы ЮНИСЕФ тарабынан демилгеленип, 2007-жылдан тарта КТРК жана облустук каналдардан көрсөтүлө баштаган. Анын идеясы балдардын эрте өнүгүүсүнө түрткү берүү болгон, анткени мультфильмде тарбиялык жана дүйнө тааным боюнча материалдар камтылган, ошондой эле балдардагы эне тил маданиятын өнүктүрүүгө көмөктөшөт. Тасма жаш муундарга достуктун, адептүүлүктүн, тарбиялуулуктун канондорун үйрөтөт. Бул долбоордун аркасында биздин бүтүндөй командабыз тажрыйбага ээ болду: биз дагы окуп, каармандар менен бирге балдарга кызыктуу болгон сонун окуяларды жаратканбыз.
– Мультфильмдин канча сериясы жарыкка чыкты жана кичинекей көрүүчүлөр Актан менен Акылайдын окуяларынын уландысын көрө алышабы?
– Андан бери көп жыл өттү, ошондуктан канча серия чыкканын так айта албайм, бирок абдан көп жана ар кандай темада болгон. Ал эми долбоор уланабы же жокпу, ЮНИСЕФтен көз каранды, анткени автордук укуктун ээси ошол. Бирок мен айткым келет, мультфильм балдардын жүрөгүнөн орун таба алды жана Квинс университетинин изилдөөсүнө ылайык, бул алардын өнүгүүсүнө жардам берди, башкача айтканда, балдар жакшы сүйлөп, кошумча көндүмдөргө ээ болуп, каармандардын жүрүм-турумунун жакшы жактарын кабыл алышкан. Ошондуктан мындай долбоорлор Кыргызстанга керек деп ойлойм.
– Сиздин үн коштоодон сырткары мультфильмдер үчүн ырларды жазаарыңызды билебиз.
– Ооба, мен балдар үчүн “Керемет көчтөн” баштап өтө көп ырларды жараттым жана ушул күнгө чейин улантып келем, негизинен “Баластан” каналы үчүн.
– Сиздин тажрыйбаңыз көп болсо керек? Канча мультфильмде үн коштодуңуз?
– Азыр УТРКнын “Котормо” студиясында көптөгөн мультфильмдер кыргыз тилине оодарылып жатат. 2024-жылы 3500 мүнөттөн ашык балдар контенти кыргызчаланган, 2025-жылы 8000 мүнөттүк мультфильмдерди кыргызчалоо пландаштырылууда.
– Бүгүнкү күндө эмненин үстүндө иштеп жатасыз?
– Азыр “Мой мир” – “Менин дүйнөм” (“Баластан” эфиринде) жана “Цветняшки” – “Бойокчолор” (Цветняшки) сыяктуу кызыктуу музыкалык долбоорлорду которуп жатабыз. Кудай буйруса, жакында, кышкы каникулда балдарыбыз “Баластан” каналынан көрө алышат.
– Ишиңизге ийгилик жана чыгармачылык эргүү каалайм!
– Рахмат!
