Кыргызстандагы №1 киши өлтүргүч: Аны кантип тааныйбыз?
30 октябрь

Кыргызстандагы №1 киши өлтүргүч: Аны кантип тааныйбыз?

29-октябрь – Бүткүл дүйнөлүк инсульт менен күрөшүүнүн күнү. Инсульт, анын белгилери жана аны болтурбоо үчүн эмне кылуу керектиги И.Ахунбаев атындагы КММАнын А.Мурзалиев атындагы неврология жана клиникалык генетика бөлүмүнүн башчысы, медицина илимдеринин доктору, доцент Элмира Мамытованын маегинде айтылат.

Кыргызстанда бул күн адатта кандай белгиленет?

– Бул күнү бүткүл дүйнөдөгү калктын көңүлүн бул маселеге буруу максатында түрдүү акциялар жана башка иш-чаралар өткөрүлүүдө. Кыргызстан четте калбастан, неврология кафедрасы жана анын кызматкерлери, студенттер, республиканын невропатологдорунун медициналык коомчулугу, инсульт бөлүмдөрүнүн дарыгерлери жана мындай бейтаптар менен түздөн-түз иш алып барган башка адамдар тарабынан калк менен активдүү иш алып барышууда. Кыргызстандыктарга инсультту кантип таанып, күчөй баштаганда эмне кылуу керек жана алдын алууга кандай аракеттер зарыл экени тууралуу эскертүүлөр берилет.  

– Инсульт канчалык кооптуу жана дүйнөдө жана биздин өлкөдө калк арасында канчалык көп кездешет?

– Инсульт - бул Кыргызстандагы  улгайган адамдардын өлүмүнүн номер биринчи себепкери (өлүмдүн стандартташтырылган көрсөткүчү). Дүйнөдөгү киреше деңгээли жогору өлкөлөрдө бул боюнча абал жакшыраак.

Эгерде саламаттыкты сактоо системасы күчтүү, кирешеси жогору өлкөлөрдө инсультка каршы улуттук программалардын натыйжасында инсульт оорусунун жана өлүмдүн көрсөткүчтөрү төмөндөй баштаса, ал эми Кыргызстан сыяктуу туруксуз экономикалуу жана ылдый кирешелүү өлкөлөрдө оорунун көрсөткүчү мурдагыдай эле жогору бойдон калууда. Евроазиялык чөлкөмдө 100 000 калкка 185 учур туура келет жана ал акыркы 15-20 жылда өзгөргөн жок (болгону 0,5 пайызга ылдыйлаган). Бирок жакшы жаңылык бар – Бишкек инсульт реестринин маалыматы боюнча, инсульттан каза болгондордун көрсөткүчү 9,4 пайызга азайган.

– Бул эмнеге байланыштуу?

– Себеби, 2011-жылы инсульт менен ооругандардын 20 пайызы инсульт бөлүмүнө жаткырылган болсо, 2016-жылы бейтаптардын  90 пайызы оорукана шартында дарылана баштаган, б.а. бейтаптарга өз убагында жана квалификациялуу жардам көрсөтүлгөн.

Кыргызстандык дарыгерлер башка дүйнөлүк медициналык коомчулуктун дарыгерлери сыяктуу эле инсульт менен күрөшүү боюнча улуттук планга ээ болгону менен, статистика көрсөткөндөй, инсульттун өнүгүшүн алдын алууга багытталган иш-чаралардын көлөмү дагы эле жетишсиз.

– Эмне үчүн инсультту "кармап" калууга болбойт?

Инсульт - бул негизинен бири биринен айырмаланып турган эки түрдүү абал (ишемиялык жана геморрагиялык инсульт), алар бир аз башкача себептерге ээ, ага ылайык ар бирин башкача дарылоого туура келет, бирок алардын өнүгүшүн окшош факторлор жаратат, мисалы, кан басымынын жогорулашы (АД), жаш курак, ден соолукка зыян келтирген жашоо образы.

Көйгөй – мээнин кан айлануусунун бузулуш коркунучу бар экенинде, бирок аны дарыгерлер жана бейтап өзү көзөмөлдөй алат,  мисалы, кан басымын үзгүлтүксүз көзөмөлдөө, дары-дармектерди кабыл алуу, адистердин байкоосунда болуу, сергек жашоо образын, диета кармануу ж.б. Бирок таасир этиши кыйын болгон факторлор да бар – бул  жаш курак, жынысы, тукум куучулук ж.б.

– Инсульттун бул түрлөрү бири-биринен эмнеси менен айырмаланат?

Ишемиялык инсульт - бул чоң тамырдын бүтөлүүсүнөн, мисалы, кандын уюп калышынан улам жаралат, мээнин жашоо үчүн маанилүү болгон бир бөлүгү өлүп калгандагы  абал. Геморрагиялык инсульт, негизинен, жарылган тамырдан мээге кандын агып чыгышы. Инсульттун экинчи түрү коркунучтуураак.

– Инсультту кантип тааныса болот?

– Инсультту байкабай калуу кыйын жана бир аз башкача, бирок ошол эле учурда ишемиялык жана геморрагиялык инсультка окшош белгилери бар. Мисалы, ишемиялык инсульт болгондо көпчүлүк учурда капысынан так сүйлөй албай калат, дененин бир тарабы жакшы кыймылдабай же координациянын бузулушу биринчи планга чыгат.

Геморрагиялык инсульт менен күтүлбөгөн жерден кусуу менен коштолгон катуу, чыдагыс баш оору пайда болот же бир же бир катар эпилепсиялык карышуу болуп, андан соң бейтап эсин жоготуп коюшу мүмкүн.

Инсультту таанууну жеңилдетүү үчүн невропатологдор FAST шкаласын (кыргызчасы –СОККУ, орусчасы – УДАР) ойлоп табышты, ошол аркылуу инсульт алган адамдар же андай адамдын жанындагылар  же тез жардам кызматынын диспетчерлери бул инсульт экенин тез түшүнүшү керек.

F (Face - бет) - адамдан жылмайып коюшун сурануу керек, инсульт болгондо  ооздун бурчу көтөрүлбөйт, А (Arm - кол) - колун көтөрүүнү суран, инсульт болгондо колун көтөрүүгө мүмкүн болбой калат же кыйналып жатып көтөрөт, S (Speech - сүйлөө) - адам менен сүйлөшүү керек, инсульт болгондо тили чайналып сүйлөйт же такыр сүйлөй албай калат, анан акырында T (Time) - эгерде бул симптомдордун жок дегенде бири аныкталса, тез жардам кызматын чакыруу керек же оорукана жакын жерде болсо жана оорулуунун абалы оор болбосо, анда  тез арада өзүңүз жеткириңиз, бул дарылоонун ийгиликтүү болушу үчүн маанилүү.

Ооруканага жаткыруудан мурун мээнин нейровизуализациясын, башкача айтканда, компьютердик же магниттик-резонанстык томографиянын сканерин колдонуп, инсульттун түрүн - ишемиялык же геморрагиялык экенин билүү зарыл. Бул оорулууну кабыл алуучу ооруканага жеткирген тез жардам бригадасы тарабынан жасалышы керек же кабыл алуучу ооруканада текшерүү мүмкүн болушунча тезирээк жүргүзүлүшү керек.

 – Инсультту айыктыруунун кандай ыкмалары бар?

Ишемиялык инсульт үчүн ар кандай ыкмалар бар, аларды тандоо инсульттун оордугуна, өлгөн аймактын өлчөмүнө жана коштолгон абалга жараша болот. Бүткүл дүйнө жүзү боюнча ийгиликтүү дарылоо ыкмаларынын бири  уюган канды эритүү (тромб) болуп саналат, ал илимий тромболизис деп аталат.

Бирок бир маанилүү нерсе бар - мындай дарылоону инсульт алгандан кийин 4,5 сааттан ашпаган убакытта баштоо керек. Эгерде бейтап бул мөөнөттүн ичинде жеткирилбесе, анда уюган кан тромбоэкстрактор деп аталган атайын медициналык аппараттын жардамы менен катетер аркылуу тамырдан түз алып салуу жүргүзүлөт. Мындай дарылоону оору башталгандан кийинки биринчи күнү жүргүзсө болот. Башка учурларда, дарылоо кандын уюп калышынын кесепеттерин азайтуу жана оорулуунун кыймылсыз болсо, көп учурда өтүшүп кетчү тобокелчиликтердин алдын алуу максатында жүргүзүлөт. Геморрагиялык инсульт үчүн ыкмалар да ар түрдүү, бирок алар мээнин шишигинен же мээнин ичиндеги басымдын жогорулашынан мээни сактап калууга негизделген.

– Инсульттан айыууга мүмкүнбү?

– Инсультка алып келген тамырлардагы өзгөрүүлөр бейтапта узак убакыт бою сакталат, бирок аларга таасир этүүгө болот. Кабырга ичинде атеросклеротикалык так пайда болгондон улам тарып  кеткен чоң мээ тамырынын кууш бөлүгүндө кан уюп калышын эске сала кетейин.

Качан тамырдын кескин тарышы 75 пайыз же андан жогору болсо, тамырларга реконструкциялоо операциялары жасалат же бул аймакта кандын уюп калышына жол бербөөчү стенттер орнотулат же аневризма учурунда тамырдын дубалы ичкерилген жерлерге операция жасалып, аны хирургиялык жол менен кандан чыгарууга болот, бул операция аневризманы эмболизация деп аталат. Жогорудагы операциялардын баары Кыргызстанда мамлекеттик да, жеке менчик клиникаларда да жүргүзүлөт.

Тамырды тоскон тромб же өзүнөн-өзү эрип кетиши мүмкүн же мээнин белгилүү бир бөлүгүндө кан айлануу бузулушу мүмкүн, эгерде айланып өтүүчү тамырлар жардамга келсе (ал коллатералдык тамырлар деп аталат), мындай учурларда, кан айлануу жүрө баштайт, ал эми кадимки  абалда алар иштебейт.

Бул ишемиялык инсульт үчүн. Геморрагиялык инсультта агып калган кандын көлөмү кичине болсо жана мээнин маанилүү структураларына таасир этпесе, өзүнөн өзү сорулуп кетиши мүмкүн.

Андан кийин бейтап  ооруканага жаткырылган алгачкы күндөрдөн баштап эрте реабилитациялык чараларды көрсө, калыбына келүүсү да тез болот.

– Кыргызстандын кайсы жеринде инсульттан жабыркагандарды дарылоо жүргүзүлөт?

– Бишкек шаарында Улуттук госпиталда жана №1 шаардык клиникалык ооруканада нейрореанимация бөлүмү, 2 адистештирилген ангионеврологиялык бөлүм, Нарын шаарында дагы бөлүм бар. Инсульт менен ооруган бейтаптар Бишкектеги жеке клиникаларга кабыл алынат, алар да зарыл жабдыктар менен жабдылган. Инсульт менен ооруган бейтаптарды реабилитациялоо боюнча иш-чараларды өткөрүү үчүн Бишкек шаарында Таш-Дөбө айылындагы КНИИКиВЛ базасында адистештирилген ангионеврологиялык бөлүм иштейт.

 – Инсульт болбошу үчүн алдын алуучу кандай чараларды көрүү керек?

– Сергек жашоо образына ыктап, салмакты байкап, жаман адаттардан баш тартып, органикалык жана пайдалуу тамактарды жеп, акыл-эс жана физикалык жактан активдүү жашоо өткөрүү керек. Жаш курак менен күрөшүү пайдасыз, бирок саламаттыгыбыз болушунча чың бойдон калышына жардам бере алабыз жана беришибиз керек.

Бул үчүн, 50-60 жаштан кийин, кан басымы, ритминин бузулушу же жүрөк оорулары боюнча дарыгерлерге үзгүлтүксүз көрүнүп туруу керек, дарыгер холестериндин деңгээлин же кандагы кантты, жогорку кан басымды көзөмөлдөөгө жардам берет жана зарыл текшерүүгө жөнөтөт.

Биз, неврологдор, бардык дарыгерлер сыяктуу эле, оорунун алдын алуу аны дарылоого караганда ар дайым натыйжалуу, арзан жана жеңил экенин билебиз. Дарыгерлер инсульттун себептерин жана аны дарылоонун жолдорун билишет, бирок өлкөбүздө жана дүйнөдө адамдардын бул ооруга кабылып, өлүмгө дуушар болушуна жол бербөө үчүн дагы көп иштерди жасоо керек.

Дарыгерлер, мамлекет жана КР  Саламаттык сактоо министрлиги өз жарандарынын ден соолугуна кам көрүп, бул багытта активдүү иш алып барууда. Окурмандарыбызга узун өмүр, ден соолукта активдүү болушун каалайм. Өзүңүздүн жана жакындарыңыздын ден соолугун сактаңыз!