Ассоль Молдокматованын «Кыргызстан лидерлери» автордук рубрикасы. “Согуш бизге жашоону баалай билүүнү, а шахмат ойлонууну үйрөттү” – шахмат легендасы Роза Вендрова менен маек
9 май

Ассоль Молдокматованын «Кыргызстан лидерлери» автордук рубрикасы. “Согуш бизге жашоону баалай билүүнү, а шахмат ойлонууну үйрөттү” – шахмат легендасы Роза Вендрова менен маек

Кыргызстандын 12 жолку чемпиону, спорт чебери, республикалык категориядагы калыс, көп жылдык тажрыйбасы бар машыктыруучу – дээрлик бүт өмүрүн шахматка арнаган. 

Анын артында ондогон муундагы шакирттер, көптөгөн жеңиштер жана Кыргызстанда интеллектуалдык спорттун өнүгүшүнө кошкон зор салымы бар. Бирок эң негизгиси – Роза Нисоновна өзүнүн укмуштуудай интеллигенттүүлүгүн, терең ой жүгүртүүсүн жана жашоого болгон сүйүүсүн сактап кала алды. Анын мууну согушту, жер которууну, жокчулукту жана оор сыноолорду башынан өткөргөн. Бирок дал ушул кыйынчылыктар алардын мүнөзүн чыңдап, жөнөкөй адамдык нерселерди: тынчтыкты, сый-урматты, боорукерликти жана эркти баалоого үйрөткөн.

Кыргыз шахматынын легендасы менен маектешүүгө гүлдесте жана Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, көрүнүктүү сүрөтчү Сабиджан Камалович Бабаджановдун картинасын ала барып, Роза Нисоновнага чоң урматтоо жана жылуу маанайда тапшырдым. Бул мен үчүн жөн гана жолугушуу эмес, доор адамына, таң калаарлык тагдырга жана өз кадыр-баркын бийик туткан адамга ыраазычылык билдирүү мүмкүнчүлүгү болду. Согуш, эс тутум, жер которуу, туруктуулук, азыркы муун жана эмне үчүн шахмат жөн гана оюн эмес, ал жашоо философиясы да болоору тууралуу сүйлөштүк. 

– Роза Нисоновна, согуштун башталышы сиздин жашооңуздагы өтө оор мезгилге туш келди. Ошол окуялар тууралуу эмнелерди эстейсиз? 

– Кичинекей кезимде апам менен Симферополго эс алууга баргам. Дал ошол учурда согуш башталды. Албетте, мен анда болуп жаткан окуялардын масштабын толук түшүнө алган жокмун, бирок тынчсыздануу сезими, чоңдордун коркуусу жана элдин эмне кылаарын билбей калганы абдан эсимде калды. 

Баары бир заматта өзгөрдү. Андан кийин оор жер которуулар башталды. Үй-бүлөбүз Казакстанга көчүүгө аргасыз болду. Заман оор болчу: туруксуздук, тиричиликтеги кыйынчылыктар, эң керектүү нерселердин жетишсиздиги. Бирок адамдар ошондо бири-бирин колдоп, бирге боло билишчү. 

Казакстандагы шаарда кенедей болуп туруп кенге барып, улууларга жардам бергенибиз эсимде. Согуш тандоо калтырган жок, чоң-кичинеге карабай баарыбыз эмгектендик. 

Ал убакта балалык такыр башкача өттү. Өтө эле эрте жетилдик, жоопкерчиликти түшүндүк жана пайдалуу болууга аракет кылдык. Эч ким даттанчу эмес, анткени баарыбыздын кайгыбыз жана үмүтүбүз бирөө болчу – тынчтык эртерээк орносо экен деп жашадык. 

Кийинчерээк тагдыр бизди Фрунзеге алып келди. Менин жашоомдун башка барагы дал ушул жерден башталды – окуу, жетилүү, андан кийин шахмат. 

Жашоомдо болгон бардык нерселер: жер которуу, сыноолор жана согуш мезгилинин атмосферасы мүнөзүмдү абдан чыңдады. Менин муунум нандын, тынчтыктын, адамдык колдоонун жана ички туруктуулуктун баасын эрте түшүндү.

– Согуш жылдарындагы кайсы окуялар көбүрөөк эсиңизде калды?

– Биринчи кезекте күтүү жана тынчсыздануу атмосферасы. Эл абдан жөнөкөй жашады, көп нерсе жетишсиз болчу, бирок ошол эле учурда укмуштуудай адамгерчилик  бар эле. Бири-бирине жардам беришти, акыркысын бөлүшүштү, кошуналарын жана жакындарын колдошту.

Согуштун балдары эрте жетилди. Биз энелердин көз жашын, чоңдордун чарчоосун, фронттон келген каттарды тынымсыз күтүүнү көрдүк. Бирок дал ошол муун тынчтыкты, нанды, адамдык жылуулукту жана жашоонун жөнөкөй кубанычтарын баалоого үйрөндү.

– Сиз көчүү жана үй-бүлө туш келген кыйынчылыктары жөнүндө айттыңыз. Бул сиздин мүнөзүңүзгө канчалык таасир этти? 

– Абдан катуу. Тынымсыз көчүүлөр, туруксуздук, белгисиздик сезими адамды чыйралтат. Кыйынчылыктарды башыңдан өткөргөндө, жашоого башкача карай баштайсың. 

Биздин муун кыйынчылыктардан корккон эмес. Күрөшүүгө жана эч нерсеге карабай алдыга жылууга көнүп калганбыз.

– Сиздин оюңузча, эмне үчүн дал сиздин муунуңуз ушунчалык чыйрак адамдар болуп чыгышты?

– Анткени бизди бала кезибизден эле турмуш өзү тарбиялаган. Эмгектин, жоопкерчиликтин жана өз ара жардамдашуунун эмне экенин эрте түшүндүк. Алсыз болууга мүмкүнчүлүгүбүз жок болчу. 

Бирок ошол эле учурда бизди адамдарга болгон урмат-сыйга, жөнөкөйлүккө жана ыраазычылыкка үйрөтүшкөн. Балким, ички дүйнөбүздү күчтүү кылган да ушул болсо керек.

– Азыр жаштар жөнөкөй кыйынчылыкка да даттанышат. Буга кандай карайсыз? 

– Ар муун өз жашоосун жашайт. Бирок мага азыркы адамдарга ички бекемдик жана чыдамкайлык жетишпегендей сезилет. 

Биз сөз жүзүндө гана эмес, иш жүзүндө да күчтүү болууга туура келген шартта өстүк. Аны менен катар улууларды урматтоого, башкаларга жардам берүүгө жана ачууңду сыртка чыгарбоого үйрөтүшкөн. 

– Согуш сиздин муундагы адамдардагы эмнени өзгөрттү? 

– Ал бизди жөнөкөй нерселерди: тынч асманды, нанды, жакындарды кучактоо мүмкүнчүлүгүн баалоого үйрөттү. Адамдар бир топ адамгерчиликтүү жана бири бирине көңүл бурууну билип калышты. 

Бүгүн жашоо абдан ыңгайлуу, бирок тилекке каршы, адамдар кээде муздак болуп калышат. 

– Сиздин жашооңузда сизге өзгөчө таасир эткен адам болду беле?

– Албетте, апам. Ошол муундун аялдары укмуштуудай күчтүү болушкан. Чарчап, кыйналып, коркуп турушса да, балдарына кам көрүүнү, үй-бүлөсүн колдоону жана үйдүн жылуулугун сактоону улантышкан. 

Мен ар дайым айтам: дал ошол согуш муунунун аялдары ошол кездеги адамгерчиликти сактап калышкан. 

– Эң оор учурларда рухуңузду жоготпоого эмне жардам берди? 

– Үмүт жана жанымдагы адамдар. Ошол кезде адамдар арасында чыныгы колдоо бар болчу. Кыйынчылыкта чогуу боло алышчу.

Ошондой эле бизди эмгек сактап калды. Биздин муун бала кезинен эмгектенүүгө көнгөн. Жумуш адамды тартипке салат жана ички дүйнөсүнүн сынышына жол бербейт. 

– Сиздин оюңузча, эмне үчүн бүгүнкү күндө жаштарга согуш жана ошол мезгилдер жөнүндө айтып берүү ушунчалык маанилүү? 

– Анткени эс тутум адамды акылдуу кылат. Жаштар тынчтыктын баасын түшүнүшү керек. Тарыхты билбеген адамдар жашоого жана адамдык  байланыштарга өтө жеңил ойлуулук менен мамиле кыла башташат. 

Оор сыноолордон өтүп дагы, адамгерчиликти сактап кала алган муун жөнүндө айта жүрүү абдан маанилүү. 

– Роза Нисоновна, шахмат сиздин жашооңузга биринчи жолу кирген учур эсиңиздеби? 

– Албетте. Мен он төрт жаштарда элем. Мектепке машыктыруучу келип, кыздардан команда түзө баштады. Анда мен такыр ойной алчу эмесмин. Бирок шахмат дүйнөсү мени дароо эле өзүнө тартып алды. Бул жөн гана оюн эмес, бул бүтүндөй аалам экенин сездим. 

Кийин мен өзүм картондон шахмат жасадым, китеп издедим, үйрөндүм, машыктым. Ошентип он беш жашымда биринчи турниримде жеңүүчү болдум.

– Кыргызстандын чемпиону болгондо кандай сезимде болдуңуз?

– Бул мен үчүн атак-даңк эмес, чоң жоопкерчилик болду. Ар бир жеңиштин артында эмгек, тартип жана өзүмдүн үстүмөн тынымсыз иштөө турганын түшүндүм. 

Шахмат адамды тез эле жөнөкөйлүккө үйрөтүп коет. Бүгүн жеңсең, эртең партия башкача болуп калышы мүмкүн.

– Шахмат сизге адам катары эмне берди? 

– Шахмат мени ойлонууга үйрөттү. Жөн гана жүрүштөр жөнүндө эмес, жашоо жөнүндө дагы. Ал чыдамкайлыкка, тартипке, атаандашты урматтоого жана соккуга туруштук берүүгө тарбиялайт. 

Жашоо шахмат оюнуна абдан окшош. Кээде кырдаал туңгуюкка кабылгандай сезилет, бирок баарын өзгөртө турган жүрүш ар дайым болот. 

– Шахмат көбүрөөк акыл-эсти өнүктүрөбү же мүнөздүбү? 

– Чыныгы шахмат ар дайым мүнөздү тарбиялайт. Мүнөзү жок интеллект адамга бекемдик бербейт. 

Шахмат чыдамкайлыкка, урматтоого, татыктуу утулууга жана жеңиштен кийин башты жоготпоого үйрөтөт. Бул жашоо үчүн абдан зарыл сапаттар.

– Эмне үчүн шахмат балдардын өнүгүүсү үчүн ушунчалык маанилүү деп ойлойсуз? 

— Анткени шахмат акыл-эсти өнүктүрөт жана ошол эле учурда инсанды тарбиялайт. Бала анализ жасоого, алдын ала ойлонууга, өз чечимдери үчүн жооп берүүгө үйрөнөт. 

Бирок эң негизгиси – шахмат башка адамды урматтоого үйрөтөт. Бул азыркы дүйнөдө абдан маанилүү. 

– Азыркы балдарды шахмат тактасынын жанында көргөндө кандай сезимде болосуз? 

– Кубаныч жана үмүт. Айрыкча, бала чындап ойлонуп, анализдеп, чечим издегенде. Бул анын ички дүйнөсү өнүгүп жатат дегенди билдирет. 

Мен ар дайым балдар акылдуу гана эмес, боорукер адамдардан болуп чоңоюшун каалайм. 

– Шахмат аркылуу адамгерчиликти тарбиялоого болобу? 

– Ооба. Анткени шахмат атаандашын урматтоого үйрөтөт. Өзүң жөнүндө гана эмес, өз чечимдериңдин кесепеттери жөнүндө да ойлонууга үйрөтөт. 

Бул абдан терең оюн. Ал ой жүгүртүү маданиятын тарбиялайт.

– Бүгүнкү күндө балдардын телефондо жана социалдык тармактарда көп отурганы сизди тынчсыздандырбайбы? 

– Абдан тынчсыздандырат. Анткени бала жөн гана экранды тынымсыз карай бербестен, ойлонууга, окууга, баарлашууга үйрөнүшү керек. 

Адам терең ойлонууну токтоткондо, бардык нерсени үстүртөн жасап калат. Ал эми шахмат ойлонуу жөндөмүн кайтарат. 

– Жашоонун азыркы темпине кандай карайсыз? 

– Менимче, адамдар өтө эле шашып жатышат. Баары кайдадыр чуркашат, бирок эмне үчүн экенин дайыма эле түшүнө беришпейт.

Биздин муун жөнөкөй нерселерге: баарлашууга, китепке, жолугушууга, кечки тынчтыкка кубанууга жөндөмдүү болчу. Бүгүнкү күндө адамга кээде ички тынчтык жетишпейт. 

– Сиз үчүн жашоодо эң маанилүү нерсе эмне? 

– Адамгерчилик. Таланттуу, ийгиликтүү, белгилүү болушуң мүмкүн, бирок адамда боорукердик жана адамдарга урматтоо болбосо, мунун баары маанисин жоготот. 

– Сиз үчүн бүгүнкү күндө бакыт деген эмне? 

– Жан дүйнөнүн тынчтыгы. Жаныңда жакын адамдардын, урмат-сыйдын, жылуулуктун жана башкаларга пайда алып келүү мүмкүнчүлүгүнүнүн болушу. 

Жаш өткөн сайын жөнөкөй адамдык нерселердин баасын өзгөчө түшүнө баштайсың.

– Сиз көптөгөн шакирттерди тарбияладыңыз. Шакирттериңиздин ийгиликтерин көргөндө кандай сезимде болосуз? 

– Машыктыруучу үчүн бул чоң бакыт. Бала спортчу катары гана эмес, инсан катары да өссө, бул эң чоң сыйлык.

Мен ар дайым шахматка үйрөтүү менен эле чектелбестен, татыктуу адамдарды тарбиялоого умтулгам.

– Ички күчүңүздүн сыры эмнеде? 

– Балким, өз ишиме болгон сүйүүмдө. Адам өзү сүйгөн иши менен алектенсе, бул ага жашоого күч берет. 

Ошондой эле ачуулуу болбоо абдан маанилүү. Жашоо дайым эле оңой боло бербейт. Кандай болгон учурда да адам өзүнүн ичиндеги жарыкты сактап калышы керек. 

– Бүгүнкү күндө коомду эмне көбүрөөк бузуп жатат? 

– Агрессия, көрө албастык жана бири-бирине болгон сый-урматтын жоктугу. Адамдар өтө эле кыжырлуу жана чыдамсыз болуп калышты.

Менимче, дүйнөгө бүгүн интеллигенттүүлүк жана баарлашуу маданияты өтө жетишпейт.

– Сизге эмне үмүт берет? 

– Окууга жана өнүгүүгө умтулган жаштар. Шахматка мода үчүн эмес, чындап ойлонгонду жакшы көргөндүктөн келген балдар. 

Адамдары билимге умтулган коомдун келечеги бар. 

– Жаш муунга бир эле сөз менен эмне деп кайрылат элеңиз? 

– Адамгерчиликти сактагыла. Дүйнө өзгөрүшү мүмкүн, технологиялар өнүгүшү мүмкүн, бирок боорукердик, сый-урмат жана абийир болбосо, адам өзүн жоготот. 

– Өзүңүздөн кийин эмне калтыргыңыз келет? 

– Жакшы эскерүүлөрдү. Ошондой эле маданиятты, интеллектти жана адамгерчиликти андан ары улантып кетчү шакирттерди.

– Роза Нисоновна, жылуу жана терең маек үчүн ыраазычылык билдирем. Сиз бир гана кыргыз шахматынын легендасы эмес, интеллигенттүүлүктүн, акылмандыктын жана кайраттуулуктун чыныгы үлгүсүсүз.

Сиздин муунуңуз эң оор сыноолордон өттү, бирок адамгерчиликти, адамдарга болгон сый-урматты жана жашоого болгон сүйүүнү сактап кала алды. 

А бүгүн сиздин өмүр жолуңуз жаңы муундагы кыргызстандыктарды шыктандырууда. Сизге ден соолук, узак өмүр, окуучуларыңыздын сүйүүсүн, жан дүйнө жылуулугун жана дагы көп жылдык шыктануу каалайм. Жаныңызда ар дайым ыраазы болгон адамдар болсун, ал эми сиздин ысымыңыз Кыргызстандын акылмандыгынын, интеллектинин жана күчүнүн символу болуп түбөлүккө калат. 

– Чоң рахмат. Мен адамдарга көбүрөөк жакшылык, сый-урмат жана өзү жөнүндө гана эмес, башкалар жөнүндө да ойлоно билүүнү каалайм. 
Анткени адамды адам кылган нерсе ушул. 

Маектешкен: 
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, 
Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык Ысык-Көл форумунун вице-президенти, 
ASSOL кайрымдуулук фондунун президенти Ассоль Молдокматова