Мээрим Алдаярова: Мени ишкерчиликке карыз алып келди
31 август

Мээрим Алдаярова: Мени ишкерчиликке карыз алып келди

Мээрим Алдаярова учурда “by Merry” брендди менен жарым фабрикаттарды чыгарат. Кол алдында бир нече адам иштеген ишкананы түптөөгө жетишкен айым убагында кыйынчылыкты басып өткөн. Колунда кичинекей баласы, мойнунда 200 миң доллар карызы менен жалгыз калган Мээрим тагдырдын сыноосун сабырдуулук менен жеңип, өжөрдүгү менен ийгиликке жетишкен. Ал кыйынчылыктан башталып ийгиликке алып келген жолу тууралуу айтып берди. 

– Ишкер айым болуу бала кезиңиздеги тилек беле? 

– Турмуш-жагдай мени эрте күндө эле ишкерчиликке үйрөттү десем болот. 6-класста окуп жүргөн кезимде атам каза болду. Апама жардам берейин деп, “Дордой” базарында балмуздак сатып жүрдүм. Биринчи жылы сатуучуларды кыдырып сатчумун, экинчи жылы балмуздак сатуу бизнесинин башында турган аялга менин жөндөмдүүлүгүм жагып калса керек, өзүнө жардамчы кылып алды. Мен эми балмуздак сатуучу эмес, аны сата тургандарга таратуучу болуп калдым. 8-класска көчкөн жылы ал эже декретке кетти, ордуна мени калтырды, сатуучуларды көзөмөлдөп баштадым. Ошентип жатып ишкерчиликке болгон шыгым да, кызыгуум да ойгонду. 

9-классты аяктагандан кийин Астанадагы таекем балдарын карашууга чакырды. Ошол жактан көп нерсе үйрөндүм, жеңемдин бизнес боюнча китептери көп эле, анын баарын окудум, 8 жыл Астанада жашадым. Кийин Бишкекке келип турмушка чыктым, балам бир жашка чыкканда ажырашып кеттим. Баламды алып апамдын үйүнө келдим, бирок “чыккан кыз чийден тышкары” дегендей, өз үйүңө да батпай калат экенсиң... Балама аны-муну алып бергим келет, акча кармап жүрүп көнгөн адамга жөн отуруп калуу да кыйын экен. Ошол маалда телефон сатып иштеген классташым менен чогуу иштеп, кийин чогуу банкрот болуп, дээрлик 200 миң доллар карыз моюнума илинди. Жолсуз абалда калгандай болдум...

– Сиз эки кесипке ээ экенсиз, бирок жарым фабрикаттарды өндүрүү менен алектенип калдыңыз? Бул сиз туш болгон карыздан уламбы? 

– Ооба, эки билимдин ээсимин: бухгалтер жана юрист. Карыз болгондон кийин аны кайтаруу керек да. Кесибим боюнча иштейин десем, айлык аз. Мага аз убакытта көбүрөөк сумма табыш керек эле. Эмне кылсам деп ойлондум. Россияга барып иштеп келсемби деп да ойлодум, бирок баламды таштай албадым. Анан эң жакшы иш – өз колуң менен бирдемени жасоо экенине көзүм жетти. Ошондо канча киреше болсо да жалгыз өзүмдөн, өз аракетимден көз каранды болмок. Ак-Босогодо жашачумун, “Шекер” деген дүкөндө иштеген Махабат аттуу курбум мага 8 миңдик азык-түлүк карызга берди. Анан самса жасоону баштадым. Ошол жакта маршруткалардын акыркы аялдамасы бар болчу, айдоочуларга алып барып сатып жүрдүм. Жегендин баары даамдуу экен деген жакшы пикирлерин айтып турушту. Анан Инстаграмга өттүм, ал жактан да тапшырыктарды алып, жасап турдум. 

– Ишкерчиликти баштагандар алгач бул боюнча ар кандай курстарга барып, үйрөнүп анан ишин жолго койгонун айтып калышат. Сизде кандай болду? 

– Мен өзүмдүн ички үнүмө, туюмума гана таяндым. Ошондуктан, кетирген катам да, жеткен ийгилигим да өзүмдүкү. Бирде жыгылам, бирде турам, кайра жасап көрөм. Мен кандай болот деп көп ойлонгон жокмун, андан көрө тезирээк жасап көрөйүн, болсо болду, болбосо башка ишти караштырам дедим.  

– Кичинекей бала менен калып, турмуштан ажырап, ага кошумча карызга батып турган маалда жакындарыңыздан колдоо болдубу? 

–  Биздин үй-бүлөдө ажырашкандар жок болчу. Ажыраштым, анан карыз болдум, баары “өз жазаңды өзүң тарт, бизден алыс болчу” дегендей эле кылып коюшту.  Самса жасап баштаганда түнү менен жасайм, таң атпай бышырам. Кээде түнү баламды жаныма телефон карматып отургузуп коюп жасайм. Самса жасаганда үй жыттанат, ашкана чачылат, анын айынан үйдө түшүнбөстүктөр пайда болду. Бир күн келди – мен баламды көтөрүп, илме бут кийимим менен үйдөн чыгып кеттим. Ошону менен өз алдымча жашоону баштадым. Бир нече ижарага алынган батирде жашадым, жакында өз үйүмө көчүп бардым. 

Үйдөн жаңы чыкканда тааныш эженин үйүндө жашап, андан соң дагы бир тааныш эженин үч бөлмө батиринин бир бөлмөсүн ижарага алдым. Терезени карасам, маңдайыбызда шаурма саткан дүкөндөр турат, бирөөсү ижарага берилет деп жазылыптыр. Чалсам, ижара акысы кымбат экен. Ээси менен сүйлөшүп, эки жума бериңиз, ишимди баштап алганга, андан соң төлөп баштайын дедим. Ал киши мага ишенбегендей болду, бирок көндүрдүм. Самсаларды үйдөн бышырып, анан сыртка чыгып сатып жүрдүм. Бир байке килейген машина менен атайын келип, самса алып кетчү. “Абдан даамдуу, ошон үчүн келем”, – дегени мага чоң мотивация болгон. Үйдүн ээси мага абдан колдоо көрсөттү, жарым жылда ошол үч бөлмөнү толук өзүм ижарага алып калдым. 

Акырындык менен ишим жандана берди, самсыга вареники, чүчпара коштук. Бир мүшөк унга каттама камыр жууручумун. 

Учурда үч тармакта иш алып барабыз: жарым фабрикаттарды жасоочу цех, нан азыктарын бышыруучу цех жана тамактануу жайы. Анда учурда 25-30 жумушчу оруну бар, аны 50гө жеткирүүнү пландап жатабыз. 

– Ишкерчиликте сиз үчүн эмне маанилүү?  

– Мен тартипке өтө көңүл бурам. Бала кезимде да кийимдерди бүктөгөндө кырын чыгармайынча жаным тынчу эмес. Экинчиден, мага кардарлардын ыраазычылыгы маанилүү. Кымбат болсо да сапаттуу азыктарды алып, кенен жасаганды жакшы көрөм. Кудайга шүгүр, бизнести жаңы баштаганда пайда болгон кардарларым бүгүнкү күнгө чейин мени менен келатышат. Бирдеме сатам десең, эптеп-септеп сатуу керек деген тема койбош керек. Анткени, ал сенин жүзүң жана сен жасаган азыкты канча адам жейт, алар чын дилинен ыраазы болуп бата берсе, сенин да жашооң жакшы жагына өзгөрөт. Мен ушундай түшүнөм жана кабыл алам.