Ассоль Молдокматованын автордук рубрикасы. “Дүйнөдө маалымат, а адамдарда жалгыздык сезими көбөйүүдө”: Хусам Мустафа Аль-Атум менен маек
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Чыңгыз Айтматов атындагы Ысык-Көл форумунун вице-президенти Ассоль Молдокматова “Дүйнөлүк лидерлер” автордук рубрикасын тартуулайт.
Бул идеялары, тажрыйбалары жана дүйнө таанымы заманбап коомдун калыптанышына таасир берген учурдун көрүнүктүү инсандары – философтор, ойчулдар, журналисттер, руханий лидерлер, маданият жана искусство ишмерлери, коомдук фигуралар менен терең баарлашуунун мейкиндиги.
“Дүйнөлүк лидерлер” – бул жөн гана маек эмес. Бул дүйнөдө болуп жаткан процесстерди талдоого аракеттенүү, руханият, маданият, муундардын эскерүүлөрү, инсандын, адамзаттын ролу жана бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндөгү адамдарды өзгөчө тынчсыздандырган нерселер тууралуу баарлашуу.
Рубриканын каармандары – терең ой жүгүртө алган, коомдун алдындагы жоопкерчилигин сезген жана глобалдуу өзгөрүүлөр учурунда да ички жарыгын сактай алган адамдар.
Дүйнө маалыматтык толкундун алдында калган, а адамзат бири бирин угуу жана түшүнүү жөндөмүн улам жоготуп бараткан доордо терең ойлоно алган, болуп жаткан окуялардын себебин көрө алган жана бир гана саясат эмес, адамдын жандүйнөсүнүн тагдыры тууралуу да сүйлөп бере алган адамдар өзгөчө баалуулукка ээ.
“Дүйнөлүк лидерлер” автордук рубрикасынын бул жолку коногу – иордандык журналист, профессор, публицист жана эл аралык аналитик Хусам Мустафа Аль-Атум. Ал өмүрүн журналистикага, баарлашуу маданиятына, гуманитардык дипломатияга жана азыркы коомдун руханий процесстерин изилдөөгө арнаган.
Баарлашуу классикалык маектин алкагына камалган жок. Биз азыркы адамдын коркунучу, цивилизациянын руханий кризиси, маалыматтык манипуляциянын кыйратуучу күчү, ой жүгүртүү маданиятынын жоголуусу, искусствонун, жаштардын ролу жана эмнеге бүгүнкү күндө дүйнө боорукердик, маданият жана ички тынчтыкка өзгөчө муктаж экендиги тууралуу сүйлөштүк.
– Урматтуу Хусам Мустафа Аль-Атум мырза, сиздин оюңузча, бүгүнкү күндө адамзат өнүгүп жатабы же барган сайын өзүн жоготуудабы?
– Адамзат сырттан караганда өнүгүп жатат, бирок ички дүйнөсү өтө оор мезгилди баштан кечирүүдө. Биз технологияларды жаратууну, маалыматтын ири агымдарын башкарууну, космосту өздөштүрүүнү үйрөндүк, бирок ошол эле учурда өзүбүздүн эмоцияларыбызды, коркууларыбызды жана каалоолорубузду башкарууну барган сайын азыраак билип калдык. Адамдар руханий жактан абдан бошоду. Дүйнө ушунчалык ылдамдагандыктан, адам өзүн угууну токтотту.
Бүгүнкү күндө адамзат үйүнөн эмне үчүн чыкканын унутуп, максатына карай өтө тез чуркап бараткан жолоочуну элестетет. Биздин милдетибиз – прогресске адамдык жүздү жана Чыгыш кылымдар бою сактап келген этикалык багыттарды кайтаруу.
– Эмне үчүн азыркы адамдарда тынчсыздануу абдан көп?
– Анткени ал дайыма басым астында жашайт: жаңылыктар, чыр-чатактар, агрессия, социалдык тармактар, келечектен коркуу — мунун баары адамдын ички тең салмактуулугун күн сайын бузат. Илгерки адамдарда тынчтык, пикирлешүү, китеп окуу, ой жүгүртүү көбүрөөк болчу. Бүгүнкү күндө адам дээрлик эч качан өзү менен жалгыз калбайт. Тең салмактуулукту калыбына келтирүү зарыл: Батыштын технологияларын колдонуп, бирок Чыгыштын жан дүйнө тынчтыгын сакташыбыз керек.
– Адамзат баалуулуктар кризисин башынан кечирип жатат деп айтууга болобу?
– Албетте. Көптөгөн адамдар эмне үчүн жашап жатканын түшүнбөй калышты. Дүйнө барган сайын керектөө, тышкы ийгилик жана тез ырахат алуу культун сунуштайт. Бирок адам бир гана материалдык нерсе менен жашай албайт. Материалдык баалуулуктар жана керектөө руханий жана философиялык таянычтарды сүрүп чыгарууда. Жан дүйнөгө ар дайым сүйүү, маданият, ишеним, боорукердик жана баалуулук керек.
– Адамды бүгүнкү күндө эң көп эмне кыйратат?
– Ички өзөктүн жоголушу. Адам жакшылык, кадыр-барк, абийир жана башка адамдарга болгон урматтоо деген эмне экенин түшүнбөй калганда, коом ичинен кыйрай баштайт. Салттардан жана руханий негиздерден баш тартылганда, адам оңой эле манипуляциялоого мүмкүн болгон камгактай жеңил нерсеге айланат.
– Биз социалдык тармактардын жана маалыматтык технологиялардын доорунда жашап жатабыз. Бул эркиндикпи же көз карандылыктын жаңы формасыбы?
– Экөө тең. Технологиялар адамзатка эбегейсиз мүмкүнчүлүктөрдү берди, бирок ошол эле учурда адамды тынымсыз маалымат агымына көз каранды кылып койду. Адамдар аз ойлоно башташты. Аларга узак ойлонуу, олуттуу адабияттарды окуу, талдоо кыйын. Биз технологиялар мыкты кызматчы, бирок үрөй учурган кожоюн экенин эстен чыгарбашыбыз керек. Биздин бүгүнкү эркиндигибиз телефондогу "өчүрүү" баскычынан башталат.
– Коом үчүн эмне коркунучтуураак: цензурабы же аң-сезимди манипуляциялообу?
– Манипуляция. Анткени адам өзүнүн ой жүгүртүүсүн башка бирөө башкарып жатканын билбей да калышы мүмкүн. Бүгүнкү күндө күрөш аймактар үчүн эмес, адамдардын аң-сезими үчүн жүрүп жатат. Манипуляция негизги куралга айланды. Ал адамдын чындыкка болгон муктаждыгы жоголуп, кимдир бирөөнүн колунда өзү да билбеген тейде тил алчаак куралга айланышы менен коркунучтуу.
– Бүгүнкү күндө чынчыл журналист бойдон калууга болобу?
– Бул абдан татаал жол. Чыныгы журналисттин ички кайраттуулугу болушу керек. Ал маалымат булагы гана эмес, абийирдүү адам да болууга милдеттүү. Адеп-ахлаксыз журналистика коркунучтуу куралга айланат. Көбүнчө бүгүнкү күндө чынчыл болуу – жалгыздык жолун же чакан көз карандысыз жамаатта иштөөнү тандоо дегендик. Бул каржылык жактан кыйыныраак, бирок бул манипуляция доорунда кесиптик жүзүңдү сактап калуунун жалгыз жолу.
– Эмне үчүн азыркы дүйнө акырындык менен диалог маданиятын жоготуп баратат?
– Анткени адамдар бири-бирин укпай калышты. Ар ким өзүнүн сөзү угулушун каалайт, бирок башканын арманын укканга даяр эмес. Дүйнө эмоционалдык жактан агрессивдүү болуп баратат. Адамдар барган сайын баарын "өзүбүздүкү" жана "жат" деп бөлүп калышты. Компромисс жоголуп баратат: баары эле түшүнгүсү келбейт, бирок жеңгиси келет. Чыныгы диалог башка пикирге урматтоо жана ички маданият болгон жерде гана башталат.
– Маданият адамзатты агрессиядан жана жек көрүүдөн сактап кала алабы?
– Маданият ар дайым адамзатты сактап калуунун бир жолу болгон. Менин оюмча, кулоодон жана кыйроодон маданият "сактагыч" болуп калышы мүмкүн. Искусство, адабият, театр, музыка адамга анын жан дүйнөсүн эскертип турат. Коом маданиятка кызыгуусун токтоткондо, ал орой жана катаал болуп калат.
Маданият “жашоо кара жана ак болуп бөлүнбөйт” деп үйрөтөт. Жашоонун татаалдыгын көргөн адамды манипуляциялоо кыйыныраак. Искусство - бул ар кайсы өлкөнүн адамдарын бириктирген көпүрө.
– Эмне үчүн бүгүн тарыхый эстутумду сактоо ушунчалык маанилүү?
– Анткени эс тутуму жок эл аялуу болуп калат. Тарых – бул өткөн чак гана эмес, келечек үчүн адеп-ахлактык сабактар. Коом өткөн трагедияларды унутса, аларды кайра кайталоо коркунучу бар.
– Сизди азыркы заманда эмне көбүрөөк тынчсыздандырат?
– Баарынан да чындыктын баасызданышы жана адамдык байланыштардын үзүлүшү, эки жүздүүлүк, мыйзам экинчи планга жылып, бардык маселе күч аркылуу чечилгени тынчсыздандырат. Адамдар ооруга, башкалардын азаптарына, агрессияга көнө башташат. Бул абдан кооптуу процесс.
– Сизге эмне үмүт берет?
– Жашоонун маанисин издеген жаштар. Искусство адамдары, окумуштуулар, ойчулдар, педагогдор, жарыкты жана маданиятты алып жүрүүнү уланткандар. Боорукердикке жөндөмдүү адамдар бар болсо, дүйнө жоголгон жок. Үмүт – бул керемет эмес, адам бойдон калуу үчүн биздин күнүмдүк тандообуз.
– Жаш муунга эмне айткыңыз келет?
– Жашоо жүрөгүңөрдү муздатпасын, ага жол бербегиле. Сезимтал болууга, билим алууга, ой жүгүртүүгө, улууларды сыйлоого, кадыр-баркты жана адамгерчиликти сактоого үйрөнгүлө. Адамдын чыныгы күчү бийликте жана акчада эмес, анын жан дүйнөсүндө.
– Эң башкы суроо: адамзаттын руханиятты жана тынчтыкты сактап калууга мүмкүнчүлүгү барбы?
– Ооба. Бирок адам дүйнөнүн ызы-чуусун гана эмес, өз абийиринин үнүн да угууга кайра үйрөнгөн учурда гана. Технологиянын кулу эмес, кожоюну болууга аракет кылуу керек: манипуляциянын курмандыгы болуп калбаш үчүн сын көз карашты өнүктүрүү жана жандуу баарлашууну сактоо зарыл, анткени чыныгы сезимдер жана баалуулуктар “офлайнда” гана жаралат.
– Бул маектешүүдөн кийин адамзаттын негизги кризистери экономикада же саясатта эмес, адамдын ичинде болуп жаткандай сезим калат. Ошондой эле, балким, маданият, руханият, эс тутум жана бири-бирибизди сыйлоо дүйнөгө жоголгон тең салмактуулукту кайтарып берет. Сизге ыраазычылык билдирем жана жан дүйнөңүзгө гармония, күч-кубат жана жаратуучулук энергия каалайм.
Маектешкен Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген маданият ишмери, Элдик дипломатия боюнча эл аралык ассоциациясынын жана Чыңгыз Айтматов атындагы Ысык-Көл форумунун вице-президенти Ассоль Молдокматова
