Манас Саматов: Азырынча 100 пайыз органикалык азык өндүрүү мүмкүн эмес
Жаз жакындап, талаа иштери башталуу алдында турат. Дыйкандар жерди үзүрлүү иштетип, көп түшүм жыйноо менен жакшы кирешеге чыгышы үчүн кандай ыкмаларды колдонушу керек, өсүмдүктөрдү ар бир аймактын топурактарынын өзгөчөлүгүнө жараша тандоо керекпи – мына, ушул жана башка суроолорго айыл чарба инженери, техника илимдеринин кандидаты, эл аралык агрокеңешчи жана тажрыйбалуу фермер Манас Саматов жооп берди.
– Ар бир жердин өзүнүн өзгөчөлүгү болот эмеспи, биздин жерге кайсы өсүмдүк эң ылайыктуу?
– Дыйканчылык, багбанчылык жөнүндө сөз кылсак, өлкөбүздүн ар бир аймагынын өзүнө таандык өзгөчөлүгү бар. Биринчи көрсөткүч – деңиз деңгээлинин бийиктиги. Экинчиси – жердин кыртышынын курамы: таштак, сугат же кайрак. Ага жараша биз өлкөбүздүн ар бир аймагына кандай өсүмдүктөрдү өстүрүү менен жакшы түшүм алууга болоору тууралуу кеңештерибизди айтып турабыз. Мисалы, тоо этегиндеги, салкын айылдарга алма менен гилас өстүрүү максатка ылайыктуу. Себеби, бул бактар суукка туруштук бере алат, кышында үшүп калбайт. Андан сырткары кара жана кызыл карагаттар суукка чыдамдуу. Бизде алардын көчөттөрү да бар.
– Топурактын сапатын дыйкандар өз алдынча текшерише алабы, аны кантип жасаса болот?
– Кыргызстанда Бишкекте Манас университетинде, Ош шаарында жана башка бир катар аймактарда жер кыртышын изилдөөчү лабораториялар бар. Фермер өзүнүн жеринен бир ууч топурак алып келип, анализ жасатып алса болот. Топуракты да туура алыш керек, аны лабораториядагылар үйрөтүшөт. Туура алынган үлгүнү алып келишсе, жер кыртышынын артыкчылыктары менен кемчиликтерин толук кандуу чыгарып беришет. Ошого жараша кандай жер семирткич колдонуп, кандай өсүмдүк өстүрүүнү тактай алат. Бул бир гана лаборатория аркылуу жасалчу нерсе, дыйкан өз алдынча жасай албайт.
– Жер семирткичтердин колдонуу ыкмасы, графиги болобу, аны кантип пайдалануу керек? Дыйкандардын ушул жаатта эң көп кетирген катачылыгы кайсы?
- Дыйкандар үчүн бүдөмүк, караңгы болгон маселе – дал ошол жер семирткичтерди туура пайдалануу. БУУ жер семирткичтерди пайдалануунун бир жылдык программасын түзгөн. Топурактын курамына жана аймактын өзгөчөлүгүнө карап туруп, адистер кандай жер семирткичин качан, кайсы убакта берүү керектигин тактап, бир жылдык /мезгилдик графигин түзүп берүүгө тийиш. Мисалы, күздүк айдаганда, бак отургузганда кандай дары бериш керек же технологиялык өсүмдүктөр үчүн жер семирткич кандай дозада керектелет деген маселе бар. Фермерлер мунун баарын негизинен билип калышты, бирок ошондой болсо да адистерге кайрылып, бир жылдык график түздүрүп алганы оң.
– Көп жылдар мурда жер арыктаганда кайсы бир өсүмдүктү өстүрүү менен жерди семирткен ыкмалар колдонулганы айтылып келет. Кайсы өсүмдүк жерди семиртет же бул чындыкка коошпогон маалыматпы?
– Жерди өсүмдүк эч убакта семиртпейт. Илгери беде айдасаң, жерде азот топтолот деген түшүнүк бар болчу. Бирок беденин өзү рентабелдүү эмес, беде өстүрүү жерди натыйжалуу пайдаланууга жол ачпайт. Экинчиден, бактын арасына беде айдаганга болбойт, анын тамыры бактын тамырына чырмалып, өстүртпөй коет. Жердин асылдуулугун арттыруунун ыкмалары такыр башкача. Азыр органикалык жер семирткичтер чыга баштады, болгондо да суюк түрлөрү. Ал өсүмдүктөргө тамчылатып сугаруу аркылуу берилет. Андан башка жалбырагына бериле турган жер семирткичтер бар. Бул дагы органикалык. Бирок азот, фасфор, калий топуракта өз нормасында болушу керек, андан ашырып жибербөө үчүн жогоруда айтылгандай, лабораториядан анализ чыгартып, ошонун негизинде гана адистин кеңешине таянып, жер семирткичти керектүү дозада жана керектүү учурда берүү зарыл. Ал эми өсүмдүк өстүрүү менен жерди семиртүү мүмкүн эмес. Туура, айрым учурда сидераттар колдонулат, аны майдалап, бактын арасына чачып кетсе, ал да өзүнчө бир жер семирткич катары кызмат кылат. Жерди семиртүүнүн варианттары көп, бирок беде менен эмес.
– Химиясыз, дарысыз зыянкечтерден сактануунун жолу барбы?
– Бүгүнкү күндө органикалык өндүрүшүнө бүткүл дүйнө аракет кылууда. Мүмкүн болушунча химияны аз пайдаланууну көздөгөн, химиясыз дыйканчылыктын жаңы технологиялары жаралды. Бирок химияны таптакыр эле, 100 пайыз колдонбой коюуга мүмкүн эмес. Максат башкада – зыянкечтер менен күрөшүүдө химиялык курамы азыраак дары-дармектер чыкты, аны колдонуу менен органикалык дыйканчылыкка өтүүгө далалат кылышыбыз керек. Азыр бул багытта изилдөөлөр абдан катуу жүрүп жатат.
– Акыркы жылдары органикалык азыктарга адамдардын суроо-талабы көбөйдү. Бирок сиздин жообуңузга караганда, толук кандуу органикалык азык алууга мүмкүн эмес окшойт.
– Тез эле толук бойдон органикалык азыктарды өндүрүүгө өтүп кетиш кыйын. Бирок жолдору бар – органикалык жер семирткичтер жана аны пайдалануунун технологиялары табылган. Тамчылатып сугаруу системасы буга мүмкүнчүлүк берет. Бирок эгерде биз алдыбызга толук кандуу органикалык азыктарды алууну койсок, аны өндүрүүгө мүмкүнчүлүк албетте, табылат.
– Аз жер аянтын иштетип чоң кирешеге чыгууга мүмкүнчүлүк берчү өсүмдүктөр кайсылар?
– Сиз рентабелдүүлүгү жогору болгон өсүмдүктөр тууралуу айтып жатат окшойсуз. Андай өсүмдүктөргө кулпунай, малина, ежемалина жана карагат кирет. Андан кийинки катарда техникалык өсүмдүктөр – кызылча, картошка жана сабиз. Азыр эл муну билип калды, акырындап баары үй-бүлөсүнө жакшы киреше алып келчү өсүмдүктөрдү өстүрүүгө ыктап баштады.
– Кайсы өсүмдүк көп күчтү албайт жана кайсы өсүмдүк көп кароону, багууну талап кылат?
– Бул жалкоонун өсүмдүгү – көп кароону талап кылбайт, а бул машакаттуу өсүмдүк деп бөлүштүрүүнүн өзү туура эмес. Бирок бир нерсени айтайын – малина, кулпунай, ежемалина өстүрүүдө дайыма кол күч керек болот, терими татаал, ошого машакаты көп. Багбанчылык бир аз жеңил, көптөгөн өндүрүш операцияларын механизациянын жардамы менен бүтүрүү мүмкүн.
– Дыйканчылыктын биздин дыйкандарга кеңири жайыла элек, көбү анчалык кабардар боло элек кайсы түрүн сунуштайт элеңиз?
– Акыркы жылдары дыйкандарга рентабелдүүлүгү жогору болгон өсүмдүктөрдү өстүрүүгө кеңеш берүүдөбүз. Мисалы, тоо этегиндеги салкын дагы, жайыктагы ысык дагы аймактарга мөмөлүү дарактарды өстүрүү мүмкүн. Суу болсо эле болду. Бизде өскөн мөмө-жемиштердин сапаты да жогору болот. Бирок жаңы технологияларга өтүшүбүз керек. Эски, бийик бойлуу мөмө-дарактар эскирип бүттү. Алардын түшүмдүүлүгү да аз, терими да кыйын. Анын айынан тиричилик иштери да татаалдашат, ошондуктан бүтүндөй интенсивдүү багбанчылыкка өтүү зарылчылыгы жаралууда.
