Элмира Иманкулова: Шакыйды кадимки баш оорудан кантип айырмалоого болот?
11 июль

Элмира Иманкулова: Шакыйды кадимки баш оорудан кантип айырмалоого болот?

Көп адамдар коркунучтуу белгилерди чарчоого, стресске же жаш курагына шылтап, неврологго көрүнбөй жүрө беришет. Бирок адиске өз убагында кайрылуу менен майыптуулуктун алдын ала аласыз, ал турмак өмүрүңүздү сактап каласыз. Биз жогорку категориядагы врач-невролог, саламаттыкты сактоонун отличниги Элмира Иманкулова менен кандай белгилерге көңүл коштук кылууга болбой турганын, шакыйды кантип таанууга болоорун жана эмнеге акыркы жылдары өнөкөт дартка кабылган бейтаптардын саны өсүп жатканы тууралуу маектештик.

– Кандай оору белгилери неврологго тез арада көрүнүү керектигин кабарлайт?

– Биринчи кезекте, капысынан беттин, колдун, буттун (айрыкча дененин бир тарабындагы) жансыз сезилип, алсыздануусу, сүйлөөнүн кескин бузулушу, эсти жоготуу, карышуу, капылеттен баштын катуу оорусу, координация бузулушу коштогон баштын оорусу. Булар инсульттун белгилери болушу мүмкүн жана тез арадагы медициналык жардамды талап кылат.

Дагы бир катар белгилерде дарыгерге пландуу түрдө кайрылуу зарыл: баштын тез-тез оорусу (эгерде мурда андай болбосо), денени “кумурска” каптоосу, эс тутумдун жана концентрациянын начарлашы, тремор, белдин бутка берген оорусу, баштын айлануусу, эсти жоготуу, өнөкөт чарчоо, уйкунун жана маанайдын бузулушу. Булардын баары нерв системасынын ооруларынын белгилери болуп саналат.

– Шакыйды кадимки баш оорудан кантип айырмалоого болот?

– Айырма – оорунун мүнөзүндө жана аны коштогон белгилерде. Шакый адатта, бир тараптуу, орточо жана катуу лукулдап оорутат. Көбүнчө көңүл айлануу, кусуу, жарыкка жана добушка сезимталдыктын күчөшү менен коштолот. Булар болгон сайын оору күчөйт.

Шакыйга кабылган бейтаптардын 15-20 пайызында көрүү жана туюу жаатында аура байкалат – көздүн чыбырашы, колу-буттун уктап калышы, сүйлөөнүн өзгөрүшү.

Кадимки баш оору эки тараптуу болуп, сыздатып, кысылып жаткандай ооруйт. Адатта, коштомо белгилери болбойт, интенсивдүүлүк ылдый жана иштөө жөндөмдүүлүк сакталат.

– Кандай учурда баш ооруну көңүл коштук кылбоо керек?

– Эгер ал мүнөзү жагынан өзгөрүп, тез-тез, узакка кармап жана катуу боло баштаса. Эгер неврологиялык белгилер жаралса, сокку алгандан кийин пайда болсо же кусуу, титирөө, көздүн көрүүсүнүн, сүйлөөнүн, координациянын бузулушу менен коштолсо.

Триггерди билүү маанилүү: шакыйга стресс, уйкунун канбоосу, айыз, ачка жүрүү, шоколад, сыр түрткү болуусу мүмкүн. Эгер оору 4 сааттан 72 саатка чейин созулуп, аура коштосо жана күнүмдүк жашоосуна таасирин тийгизсе – бул текшерүүдөн өтүүгө себеп.

– Өнөкөт ооруларга даттануулар көбөйүүдөбү?

– Ооба, бул ДСУнун маалыматында да айтылат, практикада да кездешип жатат: улуу адамдардын 20-30 пайызы өнөкөт оору менен жабыркашат. Барган сайын жаш бейтаптар көбөйүүдө. Бул аз кыймылдоо, стресс, бир орунда отуруп иштечү жумуштардын айынан. Моюн, бел, нейропатикалык оорулар жана шакый менен кайрылгандардын катары өсүп баратат.

Ошондой эле биз психоэмоционалдык бузулуулар көбөйүп жатканын көрүүдөбүз, айрыкча, коркунучтуу-депрессиялык абалдагы, ал көп учурда өнөкөт ооруга айланат. Дарт аныктоо жакшырды – дарыгерлер барган сайын оорунун ар кандай түрлөрүн айра таанып башташты.

– Өнөкөт ооруларды өзүнчө бир дарт деп эсептесе болобу?

– Ооба. Эл аралык МКБ-11 квалификациясы боюнча өнөкөт оору өзүнчө нозология катары таанылды. Ал эки түргөн бөлүнөт:

  • баштапкы – фибромиалгия сыяктуу,
  • экинчи – нейропатикалык, онкологиялык, инсульт алдындагы.

Өнөкөт оорулар – бул жөнөкөй белги эмес, комплекстүү мамилени: дарылоо, профилактика, психотерапияны талап кылган өзүнчө оору.

– Баш оорусунун кандай белгилери врач-неврологго тез убакта кайрылууга чакырык таштайт жана эмнеге мындай учурда текшерилүүнү кечеңдетүү коркунучтуу?

– Ооба, баш оору, же башкача айтканда цефалгия, чынында эле ар кандай адистеги дарыгердин, өзгөчө неврологдун практикасында эң көп кездешүүчү даттануулардын бири болуп саналат. Бул абдан олуттуу симптом, кээде өмүргө коркунуч туудурган патология. Төмөнкү учурларда дарыгерге барууну кийинкиге калтырууга таптакыр болбойт:

 1. Өмүрүндө биринчи жолу пайда болгон, катуу, адаттан тыш баш оору, бейтап аны «мындай оору буга чейин такыр болгон эмес» деп сүрөттөйт. Күтүлбөгөн жерден пайда болгон, чагылгандай оору – субарахноидалдык кан куюлууну жокко чыгаруу керек.

2. Өтө катуу баш оору «асман чайыттай болуп туруп эле күн күркүрөп жибергендей» – мээге кан куюлуунун, веналык синустардын тромбозунун, гипертониялык криздин же гипофиз апоплексиясынын белгиси.

3. Баш оору ысытма, желке булчуңдарынын карышуусу, исиркектер, жүрөк айлануу, жарыктан коркуу, эс-учун жоготуу менен коштолсо – менингитти, энцефалитти жана нейроинфекцияларды жокко чыгаруу зарыл.

4. Баш оору фокалдык неврологиялык симптомдор менен коштолсо – сүйлөө, көрүү бузулуулары, бут-колдордун алсыздыгы, беттин асимметриясы, басуунун туруксуздугу – инфекцияларды, шишиктерди, сезгенүүлөрдү тез арада диагностикалоо керек.

5. Прогрессивдүү, күн сайын күчөгөн баш оору – шишик, баш сөөктүн ичиндеги гипертензия, абсцесс, псевдотумороздук синдром болушу мүмкүн.

6. Жатканда, эртең менен, жөтөлгөндө же чыңалуула күчөгөн баш оору – баш сөөктүн ичиндеги гипертензия.

7. Баш травмасынан кийинки баш оору – жеңил болсо дагы, гематоманы, мээнин шишигин жана ликвореяны жокко чыгаруу маанилүү.

8. Онкологиялык же иммундук жетишсиздиги бар бейтаптардагы баш оору – метастаздардын коркунучу.

9. Шакыйсыз жана гипертониясыз 50 жаштан кийин баш оорунун пайда болушу – убактылуу артериитке, шишиктерге, кан тамыр ооруларына шек пайда болот.

10. Эс-учун жоготуу, эпилепсиялык талмалар менен коштолгон баш оору – МРТ жана ЭЭГ талап кылынат.

Андан тышкары, оору басаңдатуучу дарыларга моюн сунбаган, көбүнчө түн ичинде башталган, циклдүү жана айыз менен байланышы жок ооруларга дароо реакция кылуу керек.