«Экстремист» операциясынын алкагында тинтүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө
25 август

«Экстремист» операциясынын алкагында тинтүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан жүргүзүлүп жаткан «Экстремист» аталышындагы ыкчам-профилактикалык иш-чаранын алкагында бир катар иш-чаралар аткарылууда.

Аталган операциянын жүрүшүндө экстремисттик багыттагы кылмыштарга тиешеси бар деп шектелген 4 жарандын жашаган үйлөрүндө тинтүү иш-чаралары жүргүзүлдү.

Тинтүүнүн жыйынтыгында алынган буюмдар жана материалдар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, учурда тергөө амалдары улантылууда.

Мындан сырткары, рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө экстремисттик багыттагы иштер боюнча профилактикалык каттоодо турган жарандардын жашаган жерлери текшерилип, алар менен алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Иш-чаранын негизги максаты — экстремисттик көрүнүштөрдүн алдын алуу, аларга бөгөт коюу жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу.

Текшерүү жана тергөө иштеринин жыйынтыгына жараша кошумча маалымат берилет.