Орозбек Сыдыков: Эмне үчүн Кыргызстанга жеке соттук эксперттер жана сот аткаруучулар керек
Караван-Инф” редакциясы юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков менен Кыргызстандын соттук-эксперттик системасындагы реформа жана өлкөгө жеке соттук эксперттер жана сот аткаруучулары эмне үчүн керектиги тууралуу маектешти.
– Кыргызстанда жеке сот эксперттеринин инстутутун түптөө идеясы кайдан пайда болду?
– Баары жөнөкөй. Кыргызстанда экспертизаны талап кылган 17 иш категориясы бар, подкатегорияны кошуп эсептегенде 64 болот. Бирок бүгүнкү күндө өлкөдө экспертизанын болгону 49 түрү гана жеткиликтүү. Калгандарын жабдыктар же адистер жетишпегендиктен жасоо мүмкүн эмес. Биз бул ишке жеке эксперттерди жана лабораторияларды, ошол эле убакта чет өлкөлүктөрдү да, алар КР Сот эксперттеринин палатасынын курамына кириши керек деген шарт коюу менен тартууну сунуштап жатабыз.
– Эмне үчүн бул ушул кезде абдан маанилүү?
– Анткени, соттук экспертиза – бул жөн гана административдик кызмат эмес, а жогорку технологиялуу жабдыктарды жана үзгүлтүксүз профессионалдык өсүштү талап кылган толук кандуу илимий ишмердүүлүк. Биз техникалык жабдуу жактан бир топ артта калдык. Мисалы, бизде ушул убакка чейин ДНК-экспертиза жүргүзүлбөйт, болбосо ал кылмыш иштеринде да, жарандык иштерде да абдан суроо-талапка ээ. Адамдар коңшу өлкөлөргө кайрылууга же бир нече айлар бою күтүүгө аргасыз. Бул туура эмес.
– Жеке соттук эксперттер институту кайсы өлкөлөрдө иштеп жатат?
– Бул Казакстан, Өзбекстан, Россияда көнүмүш практика, ошондой эле Европа биримдигинин бир катар өлкөлөрүндө бар. Ал жакта мамлекет экспертизаны монополия кылбайт, тескерисинче жеке рыноктун өнүгүшүнө түрткү берет. Бул мамлекеттик лабораториялардын жүгүн жеңилдетет жана сапаттуу эксперттик кызматтарга жеткиликтүүлүктү күчөтөт.
– Соттук эксперттик палата кандай иштейт? Бул мамлекеттик органбы?
– Жок, биз көз карандысыз жана өзүн-өзү башкаруучу орган түзүүнү көздөп жатабыз. Ал методикаларды бекитет, адистерди сертификациялайт, эксперттердин бирдиктүү реестрин жүргүзөт жана тарифтик саясатты жөнгө салат. Бул жөн гана кесиптик коомчулук эмес, толук кандуу өзүн-өзү жөнгө салуу институту болот.
– Юстиция министрлигине караштуу мамлекеттик соттук-эксперттик кызматында азыр иштер кандай жүрүп жатат?
– Былтыр биздин кызмат 5700дөн ашык экспертиза жүргүздү, алардын 80%ы биринчилик. Бул чоң жүк. Мисалы, баллистикалык, трасологиялык жана жардыруу-техникалык экспертизалар бөлүмүндө болгону он адам иштейт, алар күн сайын маанилүү деталдар менен алектенишет: бут кийимдин изинен баштап куралды идентификациялоого чейин. Бирок мүмкүнчүлүгүбүз чектелүү — биз молекулярдык изилдөөлөрдү же татаал техникалык-экономикалык эсептөөлөрдү жүргүзө албайбыз.
– Жеке лабораториялар сот процессинин алкагынан тышкары экспертиза жүргүзө алабы?
– Албетте. Экспертиза сотко чейинки даярдыктын бир бөлүгү болушу мүмкүн же керектөөчүлөрдүн талаш-тартыштарында колдонулушу мүмкүн. Мисалы, эгер адам жасалма нерсе сатып алдым деп шектенсе, ал өзү эксперттик корутунду алуу үчүн кайрыла алат. Бул дагы далилдин бир түрү.
– Бул "коммерциялык адилеттүүлүктүн" пайда болушуна алып келбейби?
– Биз мындай тобокелдиктерди азайтуу механизмдерин карадык. Арыз ээси түздөн-түз экспертке кайрылбайт — ал Палатага арыз берет, а Палата сертификатталган адисти дайындайт. Мындан тышкары, тарифтер туруктуу жана ачык болот. Бүткүл система стандарттарга, сертификацияга жана ачыктыкка негизделген. Палата тарабынан аккредиттелген эксперттердин корутундулары юридикалык күчкө ээ болот. Ошондой эле бул чет өлкөдө иштеп жаткан адистерибизди өлкөгө кайтарууга мүмкүндүк берет деп үмүттөнүп жатабыз.
– Бул сот адилеттигинин сапатына кандай таасир этет?
– Олуттуу. Соттор жана жарандар кесипкөй эксперттик корутундуларды тез, объективдүү жана заманбап стандарттарга ылайык ала алышат. Бул сот системасы үчүн гана эмес, жалпысынан адам укуктарын коргоо үчүн да маанилүү кадам.
