Кулчоро Кадыралиев: Кыргызча санарип детоксу. Эмнеге туристтер кымызды жана көчмөн жашоону издешет
28 апрель

Кулчоро Кадыралиев: Кыргызча санарип детоксу. Эмнеге туристтер кымызды жана көчмөн жашоону издешет

Кыргызстандагы кымыз менен дарылоо мезгилдик салттын чегинен чыгып, туризмдин жана аймактык экономиканын маанилүү драйверине айлана алат. Wellness жана “санарип детоксуна” глобалдуу кызыгуу жаралып турган чакта өлкө сейрек кездешүүчү артыкчылыкка ээ – табияттын, көчмөн маданияттын жана ден соолукту калыбына келтирүүчү табигый ыкмалардын айкалышы. Бирок бул потенциалды туруктуу туристтик продукцияга айлантуу үчүн стихиялык форматтан заманбап этно-комплекстерге өтүү, инфраструктураны өнүктүрүү жана сапаттуу тейлөөнү түзүү зарыл, деп эсептейт туризм боюнча эксперт Кулчоро Кадыралиев. Бул тууралуу ал «Караван-инфо» агенттигине берген маегинде билдирди.

Туризмдин көз карашы менен алганда, Кыргызстандагы кымыз менен дарылоо канчалык маанилүү?

– Кымыз менен дарылоо – бул биздин уникалдуу материалдык эмес актив жана кубаттуу улуттук бренд. Wellness жана биохакинг дүйнөлүк бумдун шартында, Кыргызстан рынокко ден соолукту чыңдоодогу кылымдар бою текшерүүдөн өткөн жана эң бир табыгый ыкманы сунуштай алат. Туризм үчүн бул башкалардан айырмаланууга мүмкүнчүлүк, анткени биз жөн гана эс алууну эмес, көчмөн маданиятына терең сүңгүүнү тартуулап жатабыз. Мындай нерсе өлкөбүздү Борбор Азиядагы ден соолукту чыңдоо жана эко-туризм жаатындагы потенциалдуу лидерге айлантат.

Кымыз менен дарыланууну экономикалык жактан пайдалуу багыт катары кароого болобу?

– Ооба, бул келечектүү багыт, бирок азыр ал сезондуулук менен чектелген. Анын мүмкүнчүлүктөрүн ачуу үчүн салттар ыңгайлуулук менен айкалышкан этно-комплекстердин заманбап форматына өтүү керек. Бул жерде экономикалык пайда бир гана кирешеде эмес, социалдык эффектте да жатат: бул багытты өнүктүрүү аймактарда жумуш орундарын түзөт жана жергиликтүү фермерлерди колдойт. Кымыз менен дарылануу айыл аймактарын өнүктүрүү үчүн реалдуу локомотив боло алат.

Учурда кымыз менен дарылоону туризмдин толук кандуу кыймылдаткычына айлантууга эмне тоскоол болууда?

– Негизги тоскоолдук – пландаштыруу горизонтунун кыскалыгы. Биз эки айлык «сезондук жайыт» форматына көнүп калганбыз. Кыймылдаткыч болушу үчүн кымызды сактоого инновацияларды киргизүү (сезонду узартуу үчүн) жана жыл бою иштей турган маданий кластерлерди түзүү сыяктуу пайдубал курушубуз керек. Стихиялык эс алуудан сапаттын так стандарттарына өтүү кажет.

Сиз дүйнөдө популярдуулукка ээ болуп жаткан wellness-туризм жөнүндө сөз кылдыңыз. Кыргызстандын бул багыттагы келечеги кандай?

– Келечеги абдан зор. Кыргызстандагы wellness – бул жаратылышка кайтуу: таза аба, табигый тамак-аш жана психикалык жактан эс алуу.  "Борбордук Азиянын Швейцариясы" болууга бизде бардык нерсе бар. Болгону өзүбүздүн артыкчылыгыбызды баса белгилөөдөн тартынууну токтотуп, аны бүткүл дүйнө үчүн эксклюзивдүү, жогорку сапаттагы продукт катары сунуштай башташыбыз керек.

Сиздин оюңузча, Кыргызстан кымыз менен дарылоону чет өлкөлөргө кантип жайылта алат?

– Кыргызстанды "чыныгы" аймак катары жайылтууга тийишпиз. Баары жасалма болуп бараткан дүйнөдө, биз алгачкы чынчыл тажрыйбаны сунуштайбыз. Чет элдиктерге негизги билдирүү: "Түпкү тамырыңызга кайтыңыз, жашоонун даамын татыңыз" – болушу керек. Жөн гана дарылоону эмес, эмоцияны дагы: тоолордогу таңды, чөптүн жытын жана мемиреген тынчтыкты сунуштоого туура келет. Бул Европанын же Азиянын чоң шаарларынын тургундарына өтө жетишсиз болуп жаткан нерсе.

Бүгүнкү күндө алдыга жылдыруу каналдарынын: социалдык тармактар, туроператорлор же мамлекеттик программалар – кайсынысы эң натыйжалуу?

– Ден соолук жана эко-саякаттар жөнүндө жазган инфлюенсерлер менен иштөө маанилүү. Мамлекеттик программалар өлкөнүн имиджин түзөт, бирок конкреттүү сатууларды жандуу сунуштар жана эксклюзивдүү тажрыйба менен иштей билген профессионалдуу туроператорлор жасайт.

Сиздин оюңузча, бүгүнкү күндө негизги керектөөчү ким жана туристтин портрети кандай өзгөрүүдө?

- Портрет тездик менен өзгөрүп баратат. Эгер мурда адамдар дарылануу үчүн гана келишсе, азыр барган сайын "маани издөөчүлөр" көбөйүп жатат. Алар ашыкча маалыматтык жүктөн жапа чеккен 30-45 жаштагы мегаполис тургундары. Аларга "санариптик детокс" зарыл: тоолордун тынчтыгы, байланыштын жоктугу жана көчмөндүн жашоо ритми. Биз продукцияны сатуудан жашоо образын сатууга өтүп жатабыз.

Азыркы туристке дагы эмне жетишпейт, балким, инфраструктура, сервис же маркетингдир?

– Бул бир да тармакты алып салууга мүмкүн болбогон бир чынжыр. Инфраструктура — бул жолдорубуз жана базаларыбыз. Сервис — бул тейлөө маданияты жана гигиена. Маркетинг — бул дүйнөгө өзүбүз жөнүндө кантип кабарлай турганыбыз. Көйгөй – көбүнчө маркетинг жомокту убада кылып, ал эми жеринде турист элементардык сервистин жоктугуна туш болгонунда жатат. Тейлөө сапатын дүйнөлүк стандарттарга жеткирмейинче, эң кымбат маркетинг да узак мөөнөттүү натыйжа бербейт.

Ошол эле учурда медалдын экинчи жагы да бар эмеспи, тез өнүгүү менен чыныгы көчмөн маданияты жоголуп кетиши мүмкүнбү?

– Маданиятты "конвейерге" айлантуу коркунучу бар. Бирок мен адаптация жолуна ишенем. Маданият талап кылынган учурда жашайт. Азыркы этно борборлорду түзүү - бул салттын өзөгүн сактап калуунун, аны заманбап адам үчүн түшүнүктүү жана ыңгайлуу кылуунун жолу. Эгер көлөмгө эмес, баалуулукка көңүл бура турган болсок, туризмди өнүктүрүү бизге ата-бабаларыбыздын мурасын сактоого жана көбөйтүүгө жардам берет.