Манас Бабакулов: Бүгүнкү эттин пайдасы канчалык, антибиотик эттин курамын кандай өзгөртөт
6 ноябрь

Манас Бабакулов: Бүгүнкү эттин пайдасы канчалык, антибиотик эттин курамын кандай өзгөртөт

Эттин курамында белок, май жана ар кандай витаминдер бардыгын билебиз жана бул азыкты тамак-ашка үзгүлтүксүз колдонууга аракеттенебиз. Бирок учурда бул азыктын коопсуздугу канчалык, антибиотик берилген малдын эти адамдын организмине кандай таасирин тийгизет жана деги эле Кыргызстандагы ветеринария тармагы кандай абалда  – бул тууралуу КР Ветеринардык палатасынын директорунун коомдук башталыштагы кеңешчиси Манас Бабакулов Караван-Инфого айтып берди.

Кыргызстанда ветеринардык көзөмөл системасы кандай иштейт?

– Өлкөбүздө ветеринардык көзөмөл системасы, азырынча туура жолго коюла элек. СССР урагандан бери эле  бул система толук колго алынбай келе жатат. Ветеринардык кызматты башкаруу, анын алкагында,  ветеринардык көзөмөл системасын жөнгө салуу биринчи кезекте, тиешелүү ченемдик-укуктук документтерды  (мыйзам актыларын) жаңылоодон башталышы керек эле.  Учурда андай болбой турат.  Кандай гана кызмат көрсөтүү болбосун, кызматты уюштуруу (аткаруу бийлиги) жана көзөмөл кылуу (надзор, контроль)  бийлиги бир министрликте болгондо кетирилип жаткан кемчиликтерди жаап-жашыруу болот эмеспи. Учурда бул эки багыттагы иш чараларды Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы  министрлиги  “Ветеринардык кызмат” бирдиги аркылуу жүргүзүп жатат. Мындай кезде, ал министрликте коррупциялык тобокелчилик болбойт деп айтуу кыйын. Мамлекетибизде көзөмөлдөөчү органдар  (кызматтар) “инспекциялар”  деп аталып, ал органдар министрликтин алдында эмес, Өкмөттүн алдында болуусу керек эле. Конституциялык мыйзамда ошондой талап бар, азыркы кезде ал аткарылбай жатат. Эми кандай кылуу керек? Менимче, же аталган мыйзамга өзгөртүү киргизилип, “Ветеринардык көзөмөл” Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы  министрлигинин курамында калуусу  керек, же “Ветеринардык көзөмөл” системасын Кыргыз Өкмөттүнүн курамына өткөрүү керек. Бул процессти түшүнгөн адистерди чогултуп, маселени чечүү учурдун талабы.  Менимче, жаңы парламент бул маселени колго алат го.

Бизде мал арасындагы эң көп жугуштуу оорулар кайсылар?

– Өлкөбүздө негизинен бир нече жугуштуу ылаңдар кездешип турат: аларга малдардан адамдарга жуга турган бруцеллез, эхиноккоз, альвеоккоз (өпкө жана боорду жабыркатат), чечек (оспа)  оорулары кирет.  Шарп  (ящур) жана күйдүргү (сибирь жарасы), кутурма  сыяктуу ылаңдар да кээде элибизге коркунуч туудурат, экономикабызга орчундуу зыян алып келүүсү ыктымал.

Чек ара аркылуу мал ылаңдарынын кирүү коркунучу жогорубу жана аны кантип көзөмөлгө алышат?

– Чек ара аркылуу мал ылаңдарынын кирүү коркунучу учурда жогору, себеби ички жана тышкы миграция процессин толук көзөмөлдөө болбой жатпайбы. “Ветеринардык чегара кызматы” деген бирдик бар, анын ишмердүүлүгун көзөмөлдөөнү  Ветеринардык кызмат  жөнгө салуусу керек. Бул багыттагы иш чараларды уюштуруунун жоболорун да кайра карап чыгуу керек. 

Малдарды эмдөө жугуштуу оорулардан сактай алабы жана эмдөө ошол малдан алынуучу продукциянын сапатына таасирин береби?

– Албетте, сактайт да. Жаныбарларды  жугуштуу  ылаңдарга каршы  эмдөөдөн өткөрүлбөсө, ылаңдардын таралып кетүүсү тез эле байкалат, фермерлер, мал ээлери чоң зыян тартат. Жугуштуу ылаң чыккан учурда мисалы, шарп ылаңы пайда болсо, республикабыздан сыртка чыга турган мал чарба продукциялары башка мамлекеттерге чыкпай калат. Мындай абал экономикалык чоң зыян алып келет.

Ал эми  эмделген малдан алынуучу продукцияга дарынын (вакцинанын) зыяны тийбейт, алардын сапаты начарлабайт. 

Фермерлерге ветеринардык коопсуздук боюнча маалымат берилип турабы? Алар кандай талаптарды аткарышы керек? Мисалы, этке төгүүдө кандай эрежелер сакталат?

– Учурда  фермерлерге ветеринардык коопсуздук боюнча маалыматтарды,  негизинен жеке ветеринардык адистер берип турат, себеби ошол адистер мал ээлери менен тыгыз иштешет. Аталган адистер мал ээлери менен келишимдин  негизинде иш-чараларды уюштурушат. Бирок алар жеткиликтүү иш уюштуруп, жеткиликтүү маалымат берип жатышат дегенден алысмын. Бүгүнкү күндө орто кесиптик билими бар адистер  (ветеринардык фельдшерлер) деле жогорку билимдүү ветеринардык адистердин (ветеринардык врачтардын) катарында өзүнчө иш алып барышат.  Орто кесиптик билими бар адистер ветеринардык врачтардын кол астында иштөөсү керек эле, ал мыйзам талабы. Бул багытта да бир топ реформалоочу иштерди уюштуруу келечектин иши деп ойлоймун.  

Ветеринарияга келген жаш адистер барбы? Тагыраак айтканда, азыркы учурда жаштардын арасында бул кесипке кызыккандар көп элеби?

–   Бул багытта акыркы жылдарда бир топ жылыштар бар. Бирок жаштарды айыл жеринде кармап калуу ойдогудай эмес. Ошондуктан, айыл өкмөттөрү жергиликтүү жаштарды окууга жөнөтүп, алардын окуусунун чыгашаларын өзүнө ала башташты, бул жакшы саамалык деп эсептейм.

Мал антибиотик алат, анын эти жеген адамдарга пайдалуу бойдон калабы же азыркы эттин мурдагыдай касиети жокпу?

– Антибиотиктерди колдонуу  ветеринардык врачтын көзөмөлүндө болуусу керек. Кайсы антибиотикти колдонду, дарылаган малды канча күндөн кийин союп, анын этин пайдаланса болот? Ушул сыяктуу маселелерди, ошол малды тейлеген ветеринардык врач  адис катары чечүүсү керек.  Мисалы, акыркы жылдары козгогучу “вирус” болгон жугуштуу ылаңдарга антибиотиктер колдонулбай калды, аларды бактериялар (микробдор) пайда кылуучу жаныбарлардын ылаңдарына каршы колдонушат. Бул маселени ветеринардык врач, малды (материалды) лабораториялык текшерүүдөн өткөрүп  (так диагноз койгондон кийин  гана)   чечиши керек.  Антибиотиктер малдын продукциясына терс таасирин бербейт, алар да белоктук заттардан турат.