Элдос Жумаев: «Актёр бир өмүрдө миңдеген адамдардын тагдырын жашап өтөт»
Көрүүчү сахнадан актёрду гана көрөт. Бирок ар бир образдын артында узак изденүү, талыкпас эмгек жана көп учурда көзгө көрүнбөгөн күрөш жатат. Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын актёру Элдос Жумаев менен чыгармачылык жолу, таланттын табияты жана актёрдук кесиптин жоопкерчилиги тууралуу маектештик.
– Элдос мырза, актёрлук кесипти тандооңузга эмне түрткү болгон?
– Бала чагымдан бери кино дүйнөсүнө кызыгып, өзүмдү экрандан көрүүнү кыялданчумун. Университетке тапшырарда ар кандай багыттарды карап чыктым. Ошондо устаттарым: «Эгер кино тармагын гана тандасаң, мүмкүнчүлүгүң чектелип калат. Ал эми драмалык искусствону өздөштүрсөң, театрда да, кинодо да иштей аласың», – деп кеңеш беришкен.
Кийин бул сөздөрдүн чындыгына көзүм жетти. Анткени актёрлук кесип бир эле өнөрдү эмес, бир нече багытты камтыйт. Биз вокалдан, бийден, сахна кыймылынан, каскадёрдук өнөрдөн билим алдык. Актёр бир күнү дарыгердин, эртеси мугалимдин, дагы бир күнү саясатчынын же жөнөкөй дыйкандын образын жаратышы мүмкүн.
Мага ушул кесиптин чексиз дүйнөсү жакты. Ар бир роль жаңы адамды, жаңы тагдырды, жаңы дүйнөнү таанытат. Балким, ушул өзгөчөлүгү үчүн актёрлук өнөрдү сүйүп калдым.
– Чыгармачылык жолуңуздагы эң татаал роль кайсы болду?
– Мен үчүн эң чоң сыноо болгон роль тарыхый инсан Зыя Камалинин образы болду. Ал Галия медресесинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Ишеналы Арабаевдин устаты болгон.
Бул ролду мурда башка актёр аткарып жүргөн. Тилекке каршы, ал киши дүйнөдөн өтүп кетип, ролду тез арада өздөштүрүү милдети мага жүктөлдү. Болгону бир жуманын ичинде каармандын дүйнөсүн ачып, сахнага чыгышым керек эле.
Ошол күндөрдү азыр эстесем дагы толкунданып кетем. Себеби бул жөн гана роль эмес, тарых алдында жоопкерчилик болчу. Сахнада бир сөздү жаңылбай айтуудан да маанилүүсү ошол адамдын рухун көрүүчүгө жеткирүү эле. Бул образ мага актёрлуктун чыныгы салмагын сездирди. Ошондон кийин ар бир ролго мурдагыдан да жоопкерчилик менен мамиле кыла баштадым.
– Сиз үчүн чыныгы талант деген эмне?
– Көпчүлүк талантты Кудай берген өзгөчө касиет катары кабыл алышат. Мен муну толугу менен жокко чыгарбайм. Бирок талант өзү жалгыз эч жакка алып барбайт.Табиятынан шыктуу адамдар көп. Бирок алардын баары эле ийгиликке жетпейт. Себеби талант сөзсүз эмгек менен коштолушу керек.
Биздин өнөр дүйнөсүндө чоң мектептен өтпөсө дагы эл сүймөнчүлүгүнө ээ болгон залкарлар болгон. Алардын күчү талантында гана эмес, ошол талантты күн сайын өстүргөн эмгегинде жаткан.
Устаттарым бир сөздү көп айтышчу: «Талант бир пайыз болсо, калган токсон тогуз пайызы – эмгек». Жылдар өткөн сайын ушул сөздүн маанисин тереңирээк түшүнүп жатам. Талантты эмгек менен таптабасаң, ал акырындап өчүп калат.
– Сиз үчүн кесипкөй актёр деген ким?
– Мен үчүн кесипкөйлүк биринчи кезекте жоопкерчиликтен башталат. Кээде таланттуу адамдарды жолу болбой калды деп айтабыз. Бирок анын себеби жөнөкөй эле болушу мүмкүн: тартиптин жоктугу, убакытты баалабоо же ишке жеңил мамиле кылуу.
Театрда жана кинодо бир адамдын жоопкерсиздиги бүтүндөй чыгармачыл топтун ишине таасир этет. Ошондуктан режиссёрлор биринчи кезекте ишенимдүү адамдар менен иштөөгө аракет кылышат.
Албетте, образды терең ачуу да маанилүү. Бирок көпчүлүк учурда актёрго жаңы ролдор анын таланты үчүн гана эмес, ишенимдүү жана жоопкерчиликтүү болгону үчүн берилет.
– Бүгүнкү деңгээлге жеткенче кандай кыйынчылыктардан өттүңүз?
– Эң оор мезгилдер студенттик жылдарга туура келди. Ал кезде билим алууга болгон каалоо күчтүү болчу, бирок материалдык мүмкүнчүлүк ар дайым эле жетиштүү эмес эле. Биздин сабактар эртең менен башталып, кечке чейин уланчу. Ошондуктан иштөөгө убакыт дээрлик жок болчу. Айла жок түнкүсүн иштеп жүрдүм. Пекарняда нан бышырып, эки-үч саат уктап алып кайра сабакка жөнөгөн күндөрүм болгон.
Ал кезде бул жашоонун оор сыноосу катары сезилчү. Бирок бүгүн артка кылчайып карасам, ошол күндөр мени тарбиялаптыр. Эмгектин баркын, акчанын баасын, сабырдуулукту жана максатка бекем болууну үйрөтүптүр.
Азыр ошол кесип аркылуу эмгектенип, эл кызматында жүргөнүмө сүйүнөм. Мындан тышкары режиссёрлук боюнча дагы билим алып жатам. Анткени адам өнүгүүдөн эч качан токтобошу керек.
Мен дайыма бир ойго ишенем. Билим алуунун мөөнөтү болбойт. Эгер адамдын үйрөнүүгө болгон каалоосу өчпөсө, анын жолу дагы эч качан жабылбайт.
