Гиннесс китебине кирген биринчи кыргыз Үсөн Кудайбергенов: тагдыры, карьерасы жана табышмактуу өлүмү
Үсөн Кудайбергенов 1949-жылдын 27-ноябрында Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун Сары-Булак айылында төрөлгөн. Ал эч бир каскадер жасай албаган трюкту жасаган жана анысы менен Гиннесстин рекорддор китебине кирген: 1980-жылы “Генийдин жаштыгы” өзбек фильминде Сырдарья дарыясына 27 метрдик бийиктиктен секирген. Каскадер катары 300дөн ашуун тасмаларга тартылган, анын ичинде Казакстанда, Өзбекстанда, Тажикстанда, Францияда, Италияда, АКШда, Германияда, Индияда жана Россияда. 30 жылдык карьерасында Ричард Тайсон, Эрик Норрис жана Марк Дакаскос сыяктуу дүйнөлүк жылдыздар менен иштешкен.
Ал 55 жашында – 2005-жылдын 10-апрелинде белгисиз жагдайда белгисиз адамдардын колунан көз жумган. Цирк өнөрүнө кыргыз күлүгүн кошкон, бир нече мамлекеттин башкы тасмаларына тартылган атактуу каскадер жана кыргыздын патриот уулу тууралуу анын иниси Карыбек Кожомбердиев менен маектештик.
– Маркум тууралуу сөз кылганда биринчи артында канча баласы калганы айтылат, агай канча балалуу болгон?
– Эки баласы бар: Ниязбек жана Жаныбек. Улуусу Ниязбек атасына куюп койгондой окшош: мүнөзү, баскан-турганы, күлгөнү, сүйлөгөнү... Жаныбек болсо илим жаатындагы адам.
– Кудайбергеновдун бала чагы 1960-жылдарга туш келген экен, ал жылдары цирк өнөрү кыргыздарда анчалык кеңири жайылбаса керек, кандайча ушул тармакты тандап алганынан кабарыңыз барбы?
– Үсөн байкем экөөбүздүн жаш айырмабыз 15 жаш. Ошондуктан ал кишинин бала чагын мен эстей албайм. Апамдардын айтуусуна караганда, кичине кезинен эле атка жакын чоңоюптур. Менин атам союз кезинде жылкычы болгон. Биздикине келип, атама жылкы карашканга жардамдашып, ат үйрөтүп минип эле атчу экен. Трюктарды жасоо да чыгармачылыкты талап кылат, издениш керек, жаңы ыкмаларды таап чыгуу керек. Байкемдин фантазиясы укмуш болчу, аттын түбүнөн кирип, ээрге бутун коюп тик туруп чапканды жаңылык катары киргизген. Мектепти аяктаган соң циркте билим алды. Кийин кинотармагына ооп, трюктарды коюучу болуп жүрдү. Бирок бул эми көшөгө артындагы иш да, ошондуктан көп эле жерде аты аталбай калып кетти. Бир гана “Жамийла” киносунда жүзү экранга даана чыккан.
– Агаңыздын жашоосунун кандай этаптары эсиңизде калды?
– Чынында, байкемдин жашоосу күрөштөрдөн турат. Улутка өтө берилген, жалганчылыкты, жасалмалуулукту жактырбаган киши эле да. Биринчи күрөшү деп союз убагында, Кыргыз ССРинин биринчи катчылыгында Т.Усубалиев турган кездеги куугунтукту айтар элем. Байкем кыргыздын улуттук ат оюндарына жаңы өмүр бергиси келген. Көк бөрү, улак тартыш ошол кезде такыр колго алынбай, унутулуп бараткан кез болчу. Ошого кабыргасы кайышкан байкем, улуттук оюндарды жандандыруу демилгесин көтөргөн. Азыр эми улак тартыш да, көк бөрү да кадыр-барктуу оюндардын катарында. Анда байкемдин мындай сунушун терс кабыл алышкан. Анын айынан Кыргызстандан чыгып, Тажикстанга барып баш калкалоого аргасыз болду эле.
– Улуттук оюндарга жаңы өмүр берем дегени үчүн советтик бийликтин куугунтугуна кабылды дедиңиз, Тажикстан деле союздун бир мамлекети болгон да. Ал жакка куугунтук жеткен эмеспи?
– Ошого мен да таң калам. Бул да болсо биздин мамлекеттин “баш ал десе бөрк алганга” жакын бийлигинин кылыгы болсо керек. Тажикстан тескерисинче, байкемдин талантын колдонуп калышты. Өлкөсүнүн жүзүн тааныткан бир топ көркөм тасмаларында Кудайбергеновдун трюктарын колдонушту. Негизи эле, байкемдин фильмографиясын карап көрсөм, басымдуу бөлүгү өзбек, тажик, түркмөн, казак, беларусь фильмдери экен. Кийинчерэк гана бирин-экин “Кыргызфильм” менен “Мосфильм” жүрөт. Бул да болсо биздин талантты убагында барктап, баалай албагандык адатыбыз болсо керек... Союз урап, Акаев бийликке келип, демократиянын шарданы башталган кезде гана мекенине кайтып келди.
– Анан улуттук оюндарды кайра жаратам деген максатына жете алдыбы?
– Азыр көк бөрү, улак тартыш ж.б. көчмөн кыргыз элинин нукура табиятына таандык оюндар үзгүлтүксүз ойнолуп атат го, ошонун баары байкемдин эмгегинин акыбети. Аскар Салымбеков деле айтып калат: “Мени ат оюндарына жакын кылган Үсөн досум болду”, - деп. Совет учурунда да ушундай кылууну көксөгөн, бирок мезгилинен эрте аракеттенип алгандыктан, ал кездеги мыйзам ага жол бербей, куугунтукка кабылган да.
– Каскадерлугунан көп жаракат алганбы?
– Анын сынбаган жери калган эмес. Бул эми опурталдуу кесип да, анан кантип эч жери сынбай койсун. Боюу өтө узун эмес, бирок сөөктүү киши болчу. Каза болгон жылы 50дөн өтүп калган курагында да спорттук чымыр денесин жоготкон эмес. Бир ирет япондордун киносуна тартылып калды. Алардын киносунда өрттөнгөн эпизоддор көп болот эмеспи. Ошондой эпизоддун бирин тартып аткан мезгилде, өрттү убагында токтото алышпай калышыптыр. Тасма ишине аралашып жүргөн немец улутундагы адам өрттүн ичинде калып кетсе, байкем жалтанбай кирип сууруп чыгыптыр. Ал киши кийин да байкеме ыраазычылыгын айтып келип жүрдү. Ошол кырсыкта байкемдин бетинин 70%ы күйүп кеткен. Канча жолу операция жасатып атып калыбына келтирди, анткен менен тырыктар калды. Өзү сулуу киши болчу.
– Мүнөзү кандай адам эле?
– Аябай катаал болчу. Тартипти жакшы көрчү. Өзүнүн туугандарын экинчи орунга жылдырып, биринчи орунга бейтааныш адамдарды койгонду мен агамдан гана көрдүм. Бизге: “Силер шашпагыла, силерге жетет”, - деп койчу. Чабандестер тобуна да биздин айылдык жигиттерди албай, басымды Нарын тарапка койчу. Ал жактыктар кичине чагынан ат менен чоңоюшат эмеспи. Тааныштыкка эмес, талантка караганы ушул да. Муктаж болуп тургандардан жардамын аячу эмес, акыркы тыйынына чейин кармата берип, өзү отуруп калчу. Кол алдында жүргөн 100дөй жигитти балдарындай карап, айрымдарын үйлүү да кылды. Тартипти жакшы көрчү дебедимби, кээде туура эмес кылган иштерине ачууланып, катуу айтып алса да жигиттери таарыныч кармабай, жанынан кетишчү эмес. Ага деп айтпай, ата деп кайрылышчу.
– Атактуу каскадер табышмактуу жагдайда киши колдуу болду. Өлүмүнө кандай жагдайларды күнөөлөйсүз? Душмандары бар беле?
– Эч кандай душман күткөн эмес. Кишиге эмес, итке да жамандыгы жок эле. Чет мамлекетте жүргөндө да ал жактагы кыргыздарга жоктон бар кылып жардам берип эле атчу.
– Каза болоор алдында ал кишини көрдүңүз беле?
– 9-апрелде “Ала –Тоо” аянтынан көрдүм. Анда бир катар белгилүү инсандар Тарых музейинин алдында топтолгон элге сүйлөп, бери жакта байкем турган. Адамдар сүйлөп жаткандардын эмес, Кудайбергеновдун жанында үймөлөктөшүп алышыптыр. Кечинде баарыбыз тарап, мен үйгө кеткем. Анан эле агамды атып кетишкени тууралуу кабар жетти...
– Атып кетишкенде окуяны көрүп калган күбөлөр болгонбу?
– Орто-Сайдагы үйүнөн атышкан да. Кошунасы бар болчу, агам кайтыш болгондон кийин уулдуу болушуп, атын Үсөн коюшкан эле, азыр ал бала эр жетип калды. Ошол үй-бүлө айтышты, байкем кечки 10го жакын үйүнө келип, итине тамак берип, анан жаңы эле кошунасыныкына кирген экен. Артынан эле беткапчан бирөө кирип келип желкесине тапанча такаптыр. Байкем терезе тушунда турган карападагы гүлдү алып ура калса, тапанчасы “отсечка” берип, артын көздөй качыптыр. Бирок ошого да болбой эки жолу ок чыгарууга үлгүрүптүр. Иликтөө учурунда алар качкан жактан тапанчанын ок салгычы табылган. Жол менен ылдый көздөй качышкан экен.
– Ок кайсы жерине тийген?
– Бири каруусуна, бири колтук тарабына арттан атылган. Чынында ок жашоого зарыл болгон органдарды деле жабыркатпаган экен. Болгону кан көп кетип калган. Тез жардам кечирээк чакырылган да. Кийин мен медициналык экспертизада иштеген досторумдан сурадым, сактап калса болот беле деп. Алар медициналык жардам эртерээк көрсөтүлгөндө тирүү калмактыгын айтышты. Адамда 5 литр кан болот экен, анын 2,5 агып кетсе, болду... Байкемди ооруканага жок дегенде жарым саат эрте алып барганда да аман калмак беле...
