Гульмира Саматова, жеке ишкер: “Баткендин бозоргон талааларын лаванда талаасына айланткым келет”
Кадамжай районунун Кудук айылынын тургуну, мугалим Гүлмира Саматова Баткендин бозоргон талааларына жаңы түс кошту. Ал мындан үч жыл мурун көпчүлүк үчүн таң калычтуу көрүнгөн идеяны ишке ашырып, Кыргызстанда жаңы агромаданият болгон көп жылдык лаванда гүлүн өстүрө баштаган. Бүгүн Гульмира айымдын талаасы жыпар жытка бөлөнүп, туристтерди өзүнө тартып, жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эшигин ачууда.
– Өзүңүз тууралуу кыскача айтып берсеңиз.
– Менин атым Саматова Гульмира Каримовна. Баткен областынын Кадамжай районуна караштуу Кудук айылынын тургуну болом. Кесибим - мугалим. 35 жылдан бери бул ардактуу кесипти аркалап келем. Учурда Баткен шаарындагы "Баткен Ыйман" мектеп – комплексинде орус тили мугалими катары эмгектенем.
– Анда лаванда гүлүн өстүрүүгө кандайча кызыгып калдыңыз?
– Пандемия учурунда мен өзүмдү ар тараптуу өнүктүрүп, өстүрүү максатында ар кандай курстарды, вебинарларды сатып алып катышып жүрдүм. Ошондой күндөрдүн биринде Ысык-Көлдө лаванда өстүргөн Айсулуу айым менен япон донорунун биргелешип өткөргөн вебинарына катышып калдым. Ал сабакта мен лаванда гүлү тууралуу кенен маалымат алып, бул өсүмдүккө аябай кызыгып калдым.
– Лаванда десе эле чет өлкөдө өсөт деп ойлойбуз, Баткендин климаты лаванда үчүн канчалык ыңгайлуу экен?
– Ооба, ага чейин мен деле ошентип ойлочумун. Бирок ошол кечтеги вебинарда мен лаванданы Кыргызстанда деле өстүрүүгө болорун, ага климаттык шарттарыбыз туура келерин түшүндүм. Ошондон кийин мен лаванда гүлүнө абдан кызыгып, ал тууралуу өзүм маалыматтарды чогултуп жүрдүм. Лаванданын ысыкка да, суукка да чыдамдуулугу, сууну көп талап кылбаганы мени өзгөчө кызыктырды. Бир гана Баткен эмес, Кыргызстандын жети облусуна бул өсүмдүктү өстүрүүгө болот.
– Эң биринчи көчөттөрдү кайдан алып келдиңиз? Дароо эле өсүп кеттиби?
– “Кыргызпатенттин” “Кырк айылдан кырк демилге” гранттык конкурсу жарыяланганын угуп, ага катышып көрүүнү чечтим. Баткендин бозоргон талааларын сыпсыя болгон лаванда талаасы каптап жатканын көз алдыма элестетип долбоор жазгам. Кудай жалгап ал долбоорум колдоого алынып 500 миң сомдук грант утуп алгам. Ошол акчага Айсулуу айымдан ар бир көчөтүн 400 сомдон 1100 түп лаванда сатып алгам. Алардын өтө кичинелери өсө албады, күчтүулөрү өнүп кетти. Азыркы учурда 800 даана лаванданы 20 сотых жерде өстүрүп атабыз.
– Лаванда өстүрүүдөгү эң чоң кыйынчылыктар, тобокелчиликтер кайсылар экен?
– Эң эле биринчи кыйынчылык – үй-бүлөмдүн, жолдошумдун менин долбоорума ишеничинин жоктугу болду. Өстүрө алабызды, же ушунча каражат жумшалган өсүмдүктү өлтүрүп алабызбы деген коркунучтан улам каршылыктар көп болду. Андан кийин жер маселеси жаралды. Лаванда үчүн аз дегенде 20 сотых жер керек болду, а бизде андай жер жок эле. Ошондуктан алма багыбыздын эле арасына отургузууга мажбур болдук. Негизи лаванда күн тийген ачык, кенен жерди каалайт. Биздики көлөкө болгон үчүн бою эле сороюп өсүп, жакшы гүлдөбөй койду. Кийинки жылы кайнагам Исхак Полотхан айыл өкмөтүнө караштуу Абсамат айылынан арендага алып иштеткен жеринин 20 сотых аянтын бизге бөлүп берди эле, алма бактагы гүлдөрдү ал жакка көчүрүп барып отургуздук. Дагы бир гранттык конкурска катышып ACTED фондунан тамчылатма суугаруу үчүн 360 миң сомдук грант утуп алдым. Ал акча менен тамчылатып сугаруу идеямды ишке ашырып, азыр ушул ыкманы колдонобуз.
– Бул өсүмдүктөн кандай продукцияларды чыгарасыз? Киреше таап баштадыңызбы?
– Биринчи эле кирешебизди көчөттөрүн сатуудан таап жатабыз. Анткени азыр лаванда өстүрүүгө кызыккандар көбөйө баштады. Форма берүү үчүн жаз, күз мезгилдеринде гүлдү кыркабыз. Ошондо ыргытып салбай калемче кылып өстүрүп, кайра аларды сатып жатабыз. Экинчи продукциябыз – лаванданын кургатылган гүлү. Мунун да өзүнүн кардарлары бар. Гүл саткандар букеттердин арасына кошушат, жаздыгымдын ичине салам деп алгандар болот.
– Бүгүнкү күндө бизнесиңиз канча адамды жумуш менен камсыз кылууда?
– Үч адамды туруктуу иш менен камсыз кылууда. Анын бири – өзүм. Экинчи жумушчубуз сугат жана талаа иштерине жооп берет. Андан тышкары агроном туура кароо, кам көрүү боюнча кеңештерди берип турат. Бирок лаванда эч кандай өзгөчө кам көрүүнү талап кылбайт. Бир дагы химия колдонбойбуз, биогумус менен эле өсөт. Жазында лаванданы чапканда, кескенде кошумча жумушчуларды жалдайбыз.
– Сезон кайсы учурга туура келет?
– Сезону - гүлдөгөн учуру. Бул май айынын ортосунан июнь айынын ортосуна чейинки убакыт. Азыр лавандаларым сонун болуп гүлдөп, талаага көрк берип турган учуру. Жумуш да кызуу жүрүүдө.
– Салган каражатыңыз акталдыбы?
– Эгер бизнес катары карасак, лаванданын кирешелүүлүгү үчүнчү жылдан башталат. Быйыл биздин үчүнчү жылыбыз. Былтыркы жылы 3,5 кг кургатылган гүлүн алганбыз, быйыл 8 килограмдан ашык алабыз деген божомолубуз бар. 5 граммын 100 сомдон сатканда буга чейинки эмгегибиз, каражатыбыз акталат деп үмүт кылып отурабыз.
– Лаванда талаасы аймактын туризмине кандай салым кошуп жатат? Талаага сүрөткө түшүү үчүн келген коноктор көп болобу?
– Ооба, быйыл лаванда жакшы гүлдөгөндүктөн, ушул кооздукту башкаларга деле көрсөтөйүн деп конокторду талаага чакырдым. Кадамжай районунун, айыл чарба департаментинин, Исхак Полохан айыл өкмөтүнүн жетекчилеринин колдоосу менен 28-майда лаванда фестивалын өткөрдүк. Ал жерге фермерлер, флористтер, жөн эле кызыккан айымдар келишти. Эмки максатыбыз – агротуризмди өнүктүрүү максатында шарттарды түзүү. Боз үйлөрдү, тапчандарды коюп, фотозона жасоону ниет кылып жатам. Эң өзгөчөлүгү – астротур да болот. Ал кандай? Алыс-жакындан келип түнөп калган коноктор лаванда талаасында жатып телескоп аркылуу асмандагы жылдыздарга саякат жасаса болот. Бул да өзүнчө ырахат.
– Лавандадан жаңы продукцияларды чыгаруу планыңыз барбы?
– Ооба, ал боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Өзүбүз ичине лаванда гүлү салынган башка, моюнга жаздоочу жаздыкчаларды жасайлы деп атабыз. Андан тышкары көзгө коюучу маскаларды чыгарууну пландап жатабыз.
– Экспортко чыгарууга мүмкүнчүлүк барбы?
– Бул боюнча ойлор бар. Бирок азырынча кантип чыгарууну билбейм. Буюрса, анын да жолун табарбыз...
