Гүлзат Исабекова, психолог: “Балдардын зомбулукка кабылганын көрүп ишти таштагым келген”
17 апрель

Гүлзат Исабекова, психолог: “Балдардын зомбулукка кабылганын көрүп ишти таштагым келген”

Акыркы кездерде психологко кайрылып, анын кеңешин алуу учурдун талабы болуп калган. Балдар менен иштеген, кесипкөй психолог айым Гүлзат Исабекова мына буларга токтолуп кетти.

– Психология кесипти ар ким эле аркалай бербейт эмеспи. Кандайча болуп бул кесипти тандап калдыңыз?

– Бул кесипти аркалап калышыма жолдошум себепкер болгон. Мен буга чейин Жогорку окуу жайда  “финансы жана кредит” деген факультетти аяктагам. Эмнегедир өзүм тандаган кесип жакпай, иштегим келбей жүргөн кезде жолдошум телефон чалып, “Улуттук университетте  психология факультетине тандоо болуп жатат. Окуйт белең?” деп сурап калды. Өзү ал жакта иштеп,  документтерди кабыл алууда отурган эле. Ошентип тапшырып, жогорку окуу жайдын студенти болгом..

– Негизи социалдык түйүндөрдө абдан активдүүсүз. Учурда кайсы жерде эмгектенип жатасыз?

– Көбүнчө балдар, жаш өспүрүмдөр менен иштейм. Азыркы учурда Сокулук, Аламидин, 1-май жана Свердлов райондорунда мектептерди кезек-кезеги менен кыдырып балдар менен маек жүргүзүп, балдарга тесттерди берип, анын  жоопторунун аягын анализдеп ата-энелерге айтып түшүндүрүп, баланын жаш курагына жараша өсүшүнө жардам берип иш алып барам. Эгер ата-эне ажырашып жатса, анын арты менен бала сот жыйынына катышса,  же  болбосо ар кандай кылмыш кылып жабырлануучу же айыпталуучу  болуп сот жообуна тартылып жаткан болсо психолог катары сот просессине катышып турам.

– Кесибиңиздин оордугунан  таштап салгыңыз келген учурлар болду беле?

– Ооба,  ар кандай зомбулукка кабылган, ырайымсыз мамилеге туш болгон балдар менен иштейбиз. Андай учурду сөз менен айтып жеткире албайм. Турмуш эмне экенин түшүнбөй жатып зөөкүрлөрдүн курмандыгы болгон кичинекей балдардын окуясынын артында ыйлаган, кесибимди таштап салгым келген учурлар көп болгон. Башында апаларына же жакындарына чалып күн-түн дебей сарсанаа болуп ал баланы сурап турар элем. Кийин баарын кесибим катары кабыл алганга үйрөндүм.

– Психологдор өзүлөрү психологко барып турушабы?

– Жүрөгүмдө калган, оюмдан кетпеген окуялардын артында стресске кабылган учурларым көп болот. Мисалы, баланы зордуктап койгон адамга ачууң келет. Мындай учурда психологдун жардамын алам. Биз кесиптештер бир-бирибизге жардам берип турабыз,  ансыз болбойт.

– Көңүл көтөргөн жагдай болобу?

– Ооба, жашоодо катуу сынып калган, запкы жеген балдар болот. Андай учурда өз өмүрүнө кол салгандарды угуп-билип эле жүрбөйбүзбү. Жардамымды алып, анын арты менен айыгып, келечекке жакшы көз караш менен карап, элге аралашып, кийин окууну аяктап, чоң окуу жайга тапшырып, жакшы иштерде иштеп кеткендер болгон. Мындай учурда ишимдин жемиши деп абдан кубанып калам. Келип рахматтарын айтып калышат.

– Учурда эң көп кандай маселелер менен кайрылышат?

– Заман бузулдубу же адамдардын аң сезимиби айтор айланада балдар зомбулукка кабылган түркүн окуялар көп. Негизи мага кайрылган жабырлануучулардын окуясы аркылуу анализ жүргүзүп, өзүбүздүн менталитетке ылайыктуу кеңеш бергенге аракет кылам. Чет элдиктердин иш тажрыйбасына таянбайм. Ошол болуп өткөн окуялардын негизги маңызын алып, башкалар дагы бул  жагдайга кабылбасын, сабак болсун деген максатта  социалдык баракчалардан байма-бай кеп-кеңеш айтып жүрөм.

– Негизи канча жаштан баштап жаман жакшыны балдарга түшүндүрө башташыбыз керек?

– Бала бакчадагы 4-5 жаштагы балдардан баштап интимдик зона деген эмне? Ага эч ким тийгенге акысы жок. Эгер кимдир бирөө кармаса же тие турган болсо ата-энелерге жашырбай атыш керек деп үйрөтүш керекпиз. Көп учурда зордук зомбулукка кабылып, кеч болуп калгандан кийин өкүнүп калабыз. Ошол себептен балдарды уккула, алар ата энелерге эч нерсесин жашырбай айтыш керек деген кеп-кеңешти айтаар элем. Ар кандай адамдар бар. Ошол себептен эч качан балдарыңыздарды жакын тууганыңыздар болсо да, үйүнө түнөгөнгө ишенип таштабаңыздар  дээр элем.

– Балдар психологу катары иш тажрыйбаңызды балдарыңызга колдоносузбу?

– Менин түпкү тегим Нарындан болгону менен кичинебизден борборго көчүп келип Кожомкул  (Военно Антановка) айылына отурукташып калыптырбыз. Ошол жерде өсүп, ал жактан мектепти окуп бүтүрдүм. Нарындык жигитке турмушка чыгып ортодо үч балабыз бар. Азыркы заманбап жаштардын түшүнүгү боюнча эмне жагат жана жакпайт экенин билген үчүн аларды өз балдарыма сөзсүз колдоном.

– Жогорку Кеңешке депутаттыка талапкер да болуп калдыңыз?

– Ооба, зордук зомбулукка кабылгандар менен иш алып барып жүрүп балким элге керектүү мыйзамдарды жазып, жардам берермин дедим.  Элге жардам берүү менин негизки максатым десем жаңылышпайм.