Эскперт-врач Асылбекова Айнура: “Маркумдун жакындары сөөктү сойдурбай алып кетип калса экен дейм”
Биздин бүгүнкү каарманыбыз узак убакыттан бери өлүкканда иштеп, өлүктөрдү союу жолу менен изилдөөгө алып келген Айнура айым болмокчу. Бул кесипти аркалаган жамааттын ичиндеги жалгыз аялзатынын эркектер менен тең тайлашып иштеп келе жатканынан улам анын чыныгы кесипкөй инсан экенине баа бердим. Айнура айым башты айландырган жагымсыз жыты бар, туш тарабы коркунучтуу элес калтырып, жүрөк чыйрыктырган муздак илеп согуп турган өлүкканадагы эмгек жолу тууралуу буларга токтолду.
– Айнура айым, кепти бул кесипке келген жолуӊуздан баштасак?
– Негизинен бала чактан берки кыялым медицина тармагындагы кызматкер болуу болчу. Эс тартып калган кезде же акушер, же кайра жандандыруу бөлүмүнүн кызматкери болом деп кыялданчумун. Себеби, адамдарды жакшы жашоого, жарыкчылыкка тосуп алгым келчү. Бирок, эмне болуп бул тармакка тартылып кеткенимди өзүм да билбей калдым. Тилекке каршы, бир кездеги кыялыма карама-каршы иш алып барып адамдардын эӊ акыркы орду боло турган караӊгы жакка узатып калдым. Училищеде окуп жүргөн 16 жаш курагымда биринчи жолу өлүктүн үстүнө киргем. Кийин өлүктү изилдөөгө улам сайын кызыгып олтуруп ушул тармак үчүн эле туура 11 жыл окуптурмун. Ишимдин сапаттуу болуусу үчүн азыр деле изденип, өз алдымча окуп келем. Башка мамлекеттерде өлүктү изилдөө боюнча жаӊы ыкмалар ачылган болсо алар менен интернет аркылуу таанышып, өз практикамда колдонгонго аракет кылам.
– Ишиңиздин эң оор бөлүгү кайсы?
– Биздин изилдөөбүздүн негизинде кылмыштардын бети ачылат. Иш башталгандан баштап аяктаганга чейинки ар бир тепкич чоң жоопкерчиликти талап кылат. Негизинен өлүктөрдү кабыл алууга көнүп калгандыктан, аларды изилдөөнү оор деле көрбөйм. Ошондуктан, мага бул жагы эмес, маркумдун жакындары менен кез келишип калган учур оор болот. Бизге дайыма күтүүсүздөн каза таап калгандардын сөөгү келет да. Анан кечээ эле жанында аман-эсен жүргөн жакынынын өлүкканада жатып калышы ал адамдарды шок абалына дуушар кылат. Анан да ким эле болбосун жакынынын денесин бирөөгө кескилетүүгө ыраа көрбөйт да. Ошондуктан, алар менен түшүнүшүү кыйынга турат. Чын-чынына келгенде мен деле “өлүктүн жакындары сөөктү сойдурбай алып эле кетип калса экен” деп турам. Анткени, мен алардын абалын эң жакшы түшүнөм. Көбүнчө медициналык экспертизага берүүдөн кыргыздар баш тартышат. Бирок, бир жаман жери, убагында сөөктү изилдетишпегенинин айынан ызы-чуулары бүтпөй акыры сөөктү каздырганга да аргасыз болушкандар бар.
– Казылып алынган сөөктөр дагы ушул жерге алынып келинеби?
– Эми ал жагын шартка жараша кылабыз. Көбүнчө ишти ошол эле жерден бүтүрүп, изилдөөнү ошол жерден эле жүргүзгөнгө аракет кылабыз. Албетте, жер астында чирип баштаган сөөктү изилдөө кыйынга эле турат. Ошондуктан, сөөктү жалпы текшерип алган соң анын айрым гана керектүү бөлүгүнөн кесиндилерди изилдөө үчүн алып келебиз.
– Психологиялык жактан абдан эле чарчасыңыз керек?
– Ооба, бул иштин эң зыяндуу жагы да ушул деп ойлойм. Мен баарынан дагы жапжаш балдардын жансыз денеси келгенде абдан ойго чөгүп кетем. Айрыкча, алардын ата-энеси келип баласынын жакшы кылык-жоруктарын эскерип ыйлашса аябай жаман болом. Башынан жаш денеге аяр карап көнүп алгангабы, балдарыма абдан санаа тарта берген адатым болуп калган. Жолдо жүргөндө “сак болгула” деп эле айта берем. Анан кээ бир өлүмдөр тууралуу балдарыма сабак болсун деген мааниде айтып берем. Болбосо өзүм кечке кабатырланганым аз келгенсип балдарымды дагы жагымсыз маалымат менен ойлондургум келбейт.
– Ар бир адам кесибинен ырахат алышы керек го, сиздин кесибиӊиздин ырахаты эмнеде?
– Албетте, денеси эчак мууздалган, андан калса ар кандай оор, жеӊил жаракат менен келген өлүү денени союп, изилдеп олтуруудан ырахат алам деп айта албайм. Сотторго катышканда эки жаат болуп талашып, чырдашып жаткандарга эӊ туура маалыматты берип, чындыкты айтам. Алар бири-бирине макул болуп калууларына себепчи болом. Мен берген маалымат акыйкаттыкты чакырат. Мен ушуга кубанам. Анан албетте, билимим менен сыймыктана алам.
– Иштөө режимиңиз кандай?
– Жалпысынан кадимки медицина кызматкерлериникиндей эле. Атайын кезек менен күзөткө турабыз. Күн болсо да, түн болсо да келген өлүктөрдү кабыл алабыз. Саат канчада, кандай белгилер менен келди деген сыяктуу маалыматтарды чогултабыз. Күзөтүүнүн кезеги дем алыш, майрам күндөргө туура келип калган учурлар болот. Анда деле иштей беребиз. Биз өлүктөрдү гана эмес айрым оор жарадарларды, зордуктоого туш болгон кыз-келиндерди дагы кабыл алып, алардын иши боюнча дагы изилдөө жүргүзөбүз. Мен ушул жерден бир маалыматты берип кетишим керек. Бизге зордуктоого туш болгондор изилдөөгө кеч болуп калган кезде кайрылышат. Болгондо да алардын саны улам сайын арбып баратат. Ошондуктан, андай кырсыкка туш болгон кыз-келиндер бизге ошол замат келүүлөрү керек. Биз эч кандай документ, акча талап кылбайбыз жана дароо кабыл алабыз.
– Бул жердеги жагымсыз жытка кантип чыдайсыздар?
– Негизинен өлүктөр биринчи кабатта союлуп, изилдөөгө алынат. А башка кабаттарда дагы дары-дармектер менен сакталып турган көптөгөн жансыз денелер, дене бөлүктөрү бар. Ошолордун баарынын жыты көтөрүлүп олтуруп 4-кабатка такалат. Эшик-терезелерди ачып желдетүүдөн башка андан кутулуунун жолу жок. Негизинен бул имарат туура эмес курулган. Жагымсыз жыттарды сыртка чыгаруу үчүн аны кайрадан куруш керек экен. Анан айла жок чыдоого гана туура келет.
– Сизге абдан жаман таасир калтырган жансыз дене болду беле?
– Кайсы жылдар экени эсимде жок. Бир жолу бизге жапжаш кыздын сөөгүн алып келишти. Изилдей келсем 19 гана жашта экен. Ошол жылы окууга жаңы келиптир. Анан өзүн 9-кабаттан таштап жиберип каза тааптыр. Жаш кыздын бул ишке барышына эмне себеп болгонун тактадым. Эң өкүнүчтүүсї – кыздын эки айлык боюнда бар экен. Бир адамдын жарыкка келбей калганы аз келгенсип бир кыздын кырчындай өмүрү кыйылганына абдан жаман болдум. Кызы менен жакын мамиледе болуп, анын сырын биле жүрбөгөн ата-энесине катуу таарындым. Кызына психологиялык жактан жардам берип коюшса, балким, ал түйүлдүк ошол кыздын бактысы болот беле?.. Негизинен жаштардын өлүмүнө үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири-бирине болгон жакындыктын жоктугу чоң себеп болот.
