«Сынып калууга укугум жок болчу»: Венера Нигматулина – Талгатты жоготуу жана жашоого кайтып келүү тууралуу
20 июль

«Сынып калууга укугум жок болчу»: Венера Нигматулина – Талгатты жоготуу жана жашоого кайтып келүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, эл аралык элдик дипломатия союзунун, Чыңгыз Айтматов атындагы Ысык-Көл форумунун вице-президенти Ассоль Молдокматованын «Дүйнө лидерлери» автордук рубрикасы.

Атактуу ролдордун, көрүүчүлөргө таанылуунун жана кесиптик сыйлыктардын артында ар дайым өз сыноолорунан өткөн адам турат. Дал ушул сыноолор күчтүү мүнөздү ачып, ар-намысты сактап, өзүн жоготпоого жардам берет.

Венера Нигматулина – Казакстандын эмгек сиңирген ишмери, актриса, режиссёр, продюсер, теле алып баруучу. Казак киносунун патриархы Шакен Аймановдун ысымынан аталган «Шәкен жұлдыздары» («Шакен жылдыздары») Алматы эл аралык кинофестивалынын негиздөөчүсү жана туруктуу жетекчиси. Көптөгөн өкмөттүк сыйлыктардын ээси.

WhatsApp Image 2026-07-12 at 03.49.17

20 жылдан ашуун убакыт мурда Венера Нигматулинанын чыгармачылыгы жана жашоосу тууралуу документалдык очерк тарткам. Адеп таанышканда эле бир гана таланты эмес, таң калаарлык эмгекчилдиги, оор сыноодон өтө алгандыгы жана аны менен катар ар-намысын, боорукердигин жана жашоого болгон сүйүүсүн сактай билгендиги суктандырган.

Бир нече жылдардан кийин жолубуз кайра кесилишти. Бул жолугушуу чоң, ачык сүйлөшүүгө өбөлгө болду – бир гана кино эмес, тагдыр, сүйүү, кечирим, ички күч, эс тутум, Кыргызстан менен Казакстандын достугу жана адамга тагдыр анын бекемдигин сынап жатканда өзүн сактоого эмне жардам берээри тууралуу.

Венера, көрүшпөгөнүбүзгө көп жыл болду, бул жылдар ичинде сиз такыр өзгөрбөптүрсүз. Дагы деле сулуусуз, келбеттүүсүз. Бул жылдар аралыгында чоң жолду басып өттүңүз — жаш актрисадан продюсерге, теле алып баруучуга, теледолбоорлордун авторуна жана эл аралык кинофестивалдын жетекчисине чейин, бирок адам канчалык бийикке чыкса, ошончолук көп сыноого туш болот. Кайсынысы кыйыныраак болду: кесиптик атактуулукка жетишүүбү же, баарына карабай, ички эркиндикти сактап, өзүңүз бойдон калуубу?

– Кымбаттуу Ассоль, мен сиз менен болгон жолугушууну жана очерк тартууда чогуу иштегенибизди көп эстейм. Ошондуктан бүгүн мен мүмкүн болушунча бардык суроолоруңузга чын дилден жооп бергим келет.

Ачыгын айтсам, атакка жетишүү – бул биринчи кезекте талант, чоң эмгек, тартип жана амбиция маселеси. Бул жерде баары түшүнүктүү: эгер ишиңди чындап сүйүп, жан-дилиң менен иштеп, жеңил жолдорду издебесең, натыйжа сөзсүз келет. Жашоо эртеби-кечпи адамды өз кесибине берилгендиги үчүн сөзсүз сыйлайт.

Бирок эң кыйын сыноо таанууга жетишүү болгон жок. Жашоо сунуштаган бардык ролдорду — актриса, продюсер, теле алып баруучу, жетекчи, коомдук ишмер – аткарып жатканда ички эркиндикти сактап калуу алда канча кыйын болду.

Чоң долбоорлорго, адамдарга, эл аралык статуска жоопкерчилик жүктөлгөндө, байкалбай эле бир функцияга айланып кетүү оңой. Брондолгон калкан кийип, өтө эле туура, өтө эле рационалдуу болуп, жүрөгүңдү укпай калышың мүмкүн. Менимче, эң кыйыны – бул кандай болсом ошондой жандуу абалымды сактап калуу болду. Аялуу болуу укугумду. Кызматка, наамга кылчактап, айланадагылардын пикирине байланбай, күлкүлүү нерсеге чын дилимден каткырып, жан дүйнөм ооруганда ыйлай агнан укугумду.

WhatsApp Image 2026-07-14 at 12.07.03

Бир жолу сиз адамдын тагдыры бактылуу күндөрдө эмес, сыноо мүнөттөрүндө жазылат деп айткансыз. Артка кылчайып караганда, тагдыр сиздин жашооңуздун барактарына кандай башкы сабак жазганын түшүнөсүз?

– Жашоомдун барактарынан окуган башкы сабагымды Марк Аврелий абдан так берген: «Жолдогу тоскоолдук жолдун өзү болуп калат». Сыноо мүнөттөрүндө тагдыр мага эң маанилүү нерсени – чакырыктарды таарынычсыз кабыл алуу искусствосуна үйрөттү.

Сыноолор адамга чыныгы өзүн түз көрсөткөн күзгү болуп калат деп айтсак болобу?

– Ойлойм, ооба. Философ Фридрих Ницшеде Amor fati түшүнүгү – өз тагдырына, анын ар бир бурулушуна болгон сүйүү деген бар. Биз жагдайларды дайым эле тандай албайбыз, бирок алардан кандай чыгып кетишти дайыма өзүбүз тандайбыз. Артка кылчайып карасам, жашоомдун барактары кайраттуулуктун сыясы менен жазылганын түшүнөм. Бүгүн эң оор барактардын бирөөсүн да айрып салгым келбейт, анткени дал ошолор мени азыркы мен кылды.

Эмне үчүн кыйынчылык бизге китептер жана университеттер алмаштыра албаган мугалим болуп калат?

– Бактылуу учурларда биз жөн гана жашайбыз жана жашоодон ырахат алабыз. Ал эми сыноо учурунда өсөбүз. Дал ошондо «Өзүңдү тааный бил» деген байыркы акылмандыкты түшүнө баштайсың. Жашоо чыныгы сыноолорго туш кылмайынча, адамда кандай ички күч жашырылганы билинбейт.

Демек, күч баары жеңил болгондо эмес, андан ары кетүү мүмкүн эместей сезилгенде пайда болот экен да?

– Так ошондой. Жашоо мага бир маанилүү чындыкты ачты: адамдын ички күч булагы өзү ойлогондон алда канча чоң. Анан да мен бир нерсеге ынандым: түн канчалык узак болбосун, анын артынан сөзсүз эле таң атат. Убакыттын өтүшү менен эң терең жарааттар да айыгат, ал эми андан калган так кыйынчылыктын эмес, басып өткөн жолдун жана ички бекемдиктин символуна айланат.

WhatsApp Image 2026-07-14 at 15.24.01

Бүгүнкү күндө жашоосунун оор мезгилин өткөрүп жаткандарга эмне деп айтар элеңиз?

– Тагдыр таптакыр жаңы, чоочун жана өтө татаал сюжетти жаза баштаса дагы, жашооңуздун таза барактарынан эч качан коркпоңуз. Кээде эң татаал бөлүмдөр эң маанилүү болуп калат. Бир гана жылдар өткөндөн кийин, алар сени талкалабай эле, өзүң болууга жардам бергенин түшүнөсүң.

Бирок атак-даңк көбүнчө адамды өзгөртөт. Ийгилик өзүңдү өзүңдөн адаштыра баштаган чек кайда?

– Актрисадан жетекчиге чейинки бардык ролдорду аткарып, ички эркиндикти сактап калуу алда канча кыйынга турду. Чоң долбоорлор, адамдар, эл аралык статус үчүн жоопкерчилик жүктөлгөндө, функцияга айланып кетүү оңой. Байкабаган тейде калканга оронуп, өтө эле бир калыптагы, өтө эле туура жашаган, ошол эле учурда сезе билүү жөндөмүн жоготуп койгон адам болуп калуу жеңил.

Демек, чыныгы эркиндик бул милдеттердин жоктугу эмес, өзүң бойдон калуу мүмкүнчүлүгүбү?

– Так ушундай. Сыйлыктар, наамдар жана кызматтар – бул биз ишибиз үчүн кийген кийимдер гана. Ал эми ички эркиндик – бул бардык "костюмдарды" чечип, өзүң менен жалгыз калганда ким экениң. Мен үчүн бул ички жарык кол чабуулардан жана атактуулуктан ар дайым маанилүү болгон жана болуп келет.

WhatsApp Image 2026-07-12 at 03.49.17 (3)

Жаш кезиңизде дарыгер болгуңуз келчү экен, бирок жашоо күтүүсүз жерден сизди кино дүйнөсүнө алып келди. Бүгүнкү күндө кандай жыйынтыкка келдиңиз: адам өз жолун өзү тандайбы же жол адамдыбы?

– Жылдар өткөн сайын мен мунун бир беткей жообу жок экенин түшүндүм. Бул адамдын тагдырынын килеминдеги Жараткандын укмуштуудай оймо-чиймеси. Жол бизди туулган убактыбызды, жерибизди, тегибизди, тагдырдын күтүүсүз бурулуштарын, даярданууга мүмкүн болбогон сыноолорду аныктаганда тандайт. Жашоо биздин макулдугубузду сурабай эле, өзү декорацияларды орнотуп, маршрутту өзгөртүп, адамдар жана жагдайлар менен беттештирет.

Демек, адамдын эркиндиги жагдайларды тандоодо эмес, аларга болгон мамилени тандоодобу?

– Так ушундай. Бул жол менен кандай бараарыбыз бизден гана көз каранды. Тагдыр катуу бурулушту же кулап түшүүнү сунушташы мүмкүн, бирок кулагандан кийин кайра туруп чаңды күбүп салабызбы, андан ары кадамыбызды таштайбызбы же көңүл калуулардын туткунунда өмүр бою калабызбы – аны биз гана чечебиз.

Ал эми жашоо бир кездеги кыялдан алыс алып кеткенде өзүңдү жоготпоого эмне жардам берет?

– Биздин ички компасыбыз. Жол бизди үйүбүздөн алыс, гүлдөп-өнүккөн жана азгырыктуу жерлерге алып кетиши мүмкүн, бирок чыныгы тамырыбыз кайда экенин жүрөгүбүз гана тандайт. Жашоо бизди бышыктыкка сынайт, бирок бул сыноолордон кийин ким болуп — орой же акылдуу, талкаланган же ички өзөктүү болуп чыгарыбызды өз тандообуз аныктайт.

WhatsApp Image 2026-07-14 at 12.07.03 (2)

Сиз 18 жашыңызда бүтүндөй өлкө сүйгөн адамга турмушка чыккансыз. Бирок бул бакыттын аягы тез келди. Талгат Нигматулин каза болгондон кийин, жашоо анын өлүмү менен бүтүп калгандай сезилген учурлар болду беле?

– Ар бир адамдын жашоосунун бир бөлүгү болуп түбөлүк кала турган оорусу бар деп ойлойм. Убакыттын өтүшү менен ал кыйкырууну токтотот. Талгаттын түбөлүк жайга узашы жан дүйнөмдү талкалады. 23 жашта жашоо бир заматта "чейин" жана "кийин" болуп бөлүнүп кетишин элестетүү мүмкүн эмес.

Мен сүйүү жана бакыттан канат байлап жашадым, түбөлүк ушундай боло берчүдөй сезилген.  Жолдошум Талгат Нигматулин, актёр, режиссёр, сценарист, жазуучу, акын, спортчу, сонун ата жана бүтүндөй өлкө сүйгөн адам каза болгондо, анын жанына кошулуп, менин жанымдын бир бөлүгү кетти. Келечек жөнүндө ойлонууга мүмкүн болбогон боштук пайда болду. Бирок убакыттын өтүшү менен эгер тирүү жашап жатсаң, анда алдыда аткара турган дагы бир милдетиң бар деген түшүнүк келет. Жакындарың алдындагы, сүйүктүү адамыңдын элесинин алдындагы жоопкерчилик. Мына ушул нерсе мени алдыга кадам таштоого мажбурлап келет.

WhatsApp Image 2026-07-13 at 19.40.44 (1)

Кандай учурда кайгы жашоодон күчтүү болушуна жол бербөө керек экенин түшүндүңүз?

– Мен бир абдан маанилүү нерсени түшүндүм: эгер кайгыга толугу менен алдырсаң, ал сенин гана жашооңду эмес, жаныңдагылардын тагдырын да талкалайт. Кызым чоңоюп жатты, ата-энем бар эле, менин колдоомо муктаж адамдар бар эле. Мен сынганга укугум жок болчу.

Бүгүн Талгат Нигматулиндин элеси сиз үчүн эмнени билдирет?

– Бүгүн сүйүктүү адамдын элеси күч-кубатты албашы керек, тескерисинче жашап кетүүгө жардам бериши керек деп түшүнөм. Адамдын көз жумушу сүйүүнү түгөтпөйт. Ал биздин иш-аракеттерибизде, ыраазычылыгыбызда, жүрөгүбүзгө жаркын элесин сактап, андан ары кадам таштоо дараметибизде жашай берет.

Жашоо философияңызды бир сөз менен айтсаңыз, ал кандай угулат?

– Мындай деп айтмакмын: тагдыр адамга ар кандай “Тагдыр китебин” сунуштайт, бирок анын барактары кандай сыя менен жана кандай ар-намыс менен жазылаарын биз гана тандайбыз. Тагдыр бизге полотно менен боёкторду берет, ал эми жашообуздун сүрөтүн ар кимибиз өз колубуз менен тартабыз.

WhatsApp Image 2026-07-14 at 15.24.01 (1)

Демек, бала кездеги кыялыңыз орундалды, бирок башка формада болдубу?

– Ооба, ошондой окшойт. Чындап эле дарыгер болгум келген, анткени адамдарга жардам бергим келчү, бирок жашоо кино дүйнөсүнө алып келди. Азыр болсо чыныгы искусство да дарылайт деп түшүнөм. Дарыгер денени айыктырат, ал эми жакшы кино жан дүйнөнү айыктыра алат. Эгерде тасмадан кийин адам акылдуу, боорукер болуп калса же өзү менен чынчыл сүйлөшө баштаса, анда искусство өз максатына жеткен болот.

Ондогон жылдар бою чыгармачылык жолуңузда ондогон тагдырларды ойногонсуз. Кайсы роль сизди өзгөрттү?

– Бул жылдарда ролдор эч качан кокустан келбей турганын түшүндүм. Ар бири – бул тагдыр адамга чыныгы өзүн көрүүгө даяр болгон учурда гана берчү күзгү. Биз каармандарга өз жүзүбүздү, үнүбүздү, көз жашыбызды берип жатабыз деп ойлойбуз. Бирок чындыгында тескерисинче болот – ар бир роль актёрдун өзүн да байкалбастан өзгөртөт.

Каарманы ойногон адам үчүн мугалим болуп калган учур болобу?

– Албетте. Ар бир роль өз изин калтырат, бирок мени чындап өзгөрткөнү "Кыргызфильм" киностудиясында Мелис Айткулович Убукеевдин 1980-жылы тартылган "Провинциалдык роман" тасмасындагы каарманым Гүлайым болду. Ошол кезде мен жаш, сезимтал элем, ал эми менин каарманым өзүмдөн күчтүү, акылдуу жана сабырдуу болуп чыкты. Ал менден чоң ички тынчтыкты, сабырдуулукту жана кечиримдүүлүктү талап кылды.

WhatsApp Image 2026-07-14 at 12.07.21 (1)

Бул эмгек сизге актриса эмес, адам катары эмне берди?

– Анын тагдырын өзүм аркылуу өткөрүп, байкабай эле туруктуулукту үйрөндүм. Ушул роль жаш максимализмден арылууга жардам берди. Ал дүйнөнү кара-ак түстө эмес, адам табиятынын бардык татаалдыгын көрүүгө үйрөттү. Мен бул тасмага бир адам болуп кирип, сүйүү, берилгендик жана жашоого жоопкерчилик жөнүндө тереңирээк түшүнүгү бар таптакыр башкача чыктым.

Ушул тасма сиздин ички дүйнөңүздү гана эмес, кийинки тагдырыңызды да өзгөрттү десек болобу?

– Апыртмасы жок эле ушундай. "Провинциалдык роман" тасмасынын тартылуу учурунда Талгат Нигматулин менен таанышкам. Биринчи съемка аянтчадагы өнөктөшүм болсо, кийинчерээк тагдырыма айланды. Кээде биз киного роль үчүн келгендейбиз, бирок чындыгында тагдыр жашообузду өзгөртө турган жолугушуу үчүн бизди ал жакка алып барат.

Эмнеге бүгүнкү күндө чоң техникалык мүмкүнчүлүктөргө карабастан, кинонун адамды өзгөртүү жөндөмү алсырап баратат? Сиздин оюңузча, заманбап кинематограф эмнени жоготту?

– Убагында Владимир Ильич Ленин: «Бардык искусстволордун ичинен биз үчүн эң маанилүүсү кино жана цирк» деген сөздү айткан, аны көп учурда толук эмес цитата кылышат. Бир кылым өтүп, кинематограф укмуштуудай эволюцияны башынан өткөрдү. Массалык көрүүчүлөр үчүн көрүнүш катары башталган ал акырында татаал философиялык тилге айланды. Бүгүнкү күндө чыныгы кино – бул чындыктын күзгүсү. Ал коомдук травмаларды ачып, адам табиятын изилдеп, замандын рухун сактап калат.

Демек, улуу кино суроолорго жооп бергендин ордуна, адамды өз ичинен жооп издөөгө мажбурлайт?

– Так ушундай. Чыныгы режиссёрлор эч качан даяр жоопторду беришпейт. Алар ой жүгүртүү үчүн мейкиндик түзүшөт. Кадр, жарык, тыныгуу, метафора аркылуу алар көрүүчүнү өзү менен талашууга, шектенүүгө, чындыкты издөөгө мажбурлашат. Мындан тышкары, кино эмпатияны өнүктүрөт. Башка бирөөнүн тагдырын жашап өтүп, биз өз жашообузду жакшыраак түшүнө баштайбыз. Мына ушунда анын улуу күчү жатат.

WhatsApp Image 2026-07-14 at 15.23.29

Бүгүн эмне болду? Эмне үчүн техникалык прогресс кинону тереңдете алган жок?

– Парадокс, цирк – көрүнүштөр, трюктар жана аттракциондор менен цирк бойдон калды. Ал эми кино көп жагынан өзүнүн негизги максатын жоготту. Технологиялар укмуштуудай бийиктикке жетти, бирок атайын эффекттердин артында адам барган сайын жоголуп баратат. Маанилер жоголду. Көп нерсе ички мазмуну жок кооз таңгакка айланды. Мындай кино бир кечтеги көңүл ачууга айланат: көрдүң, эмоция алдың да, унутуп койдуң.

Демек, чыныгы искусство ар дайым режиссердун гана эмес, көрүүчүнүн да ички ишин талап кылат турбайбы?

– Албетте. Олуттуу кинематография ар дайым диалог. Ал жан дүйнөнүн күчүн талап кылат. Терең драманы түшүнүү үчүн көрүүчү да авторлош болушу керек. Анын жүрөгү жана акылы иштеши керек. Эгер кино жөн гана чексиз аттракционго айланса, адам акырындык менен ой жүгүртүү жана эмпатия жөндөмүн жоготот. Искусство адамды бийиктетүүгө, сулуулукка умтулууну ойготууга тийиш, ал эми жөн гана көңүл ачуу индустриясына айланбашы керек. Мен кинематография кайрадан искусстволордун эң маанилүүсү деген укугун кайтарып алышын абдан каалайм.

Сиз "Шәкен жұлдыздары" ("Шакендин жылдыздары") эл аралык Алматы кинофестивалынын негиздөөчүсү жана туруктуу жетекчисисиз. Бул долбоордо сиз үчүн эң башкысы эмне болду?

– Казакстандын таланттуу жаштарын колдоо жана жаш режиссерлор, сценаристтер жана операторлор кесипкөй өсүп, дүйнөлүк кинематография коомчулугунун бир бөлүгү болушу үчүн шарттарды түзүү биздин негизги милдетибиз болгон. Ушул максатта чоң иштерди аткардык: мыкты дебюттук фильмдерди издедик, жаш авторлорго гранттарды алдык, дүйнөнүн көрүнүктүү кинематографисттерин чакырдык.

WhatsApp Image 2026-07-12 at 03.49.17 (2)

– Жыл сайын программага дүйнөнүн 35-45 өлкөсүнүн өкүлдөрү катышчу. Белгилүү актёрлор, режиссёрлор, продюсерлер, ири кино академиялардын профессорлору, кино таануучулар жана журналисттер келишчү. Фестиваль акырындык менен жаш кинонун дүйнөлүк картасында татыктуу орунду ээледи. Бир жолу Рио-де-Жанейродогу жаш кино фестивалдын директору өзү бизге чакыруу жөнөткөн. Бул абдан жагымдуу болгон, анткени бизди чындап эле билишерин жана сыйлашарын түшүнгөнбүз.

Фестиваль кайрадан жанданат деген үмүт барбы?

– Ооба. Азыр Алматы шаарынын жетекчилиги менен кинофестивалды жандандыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Чындап эле бул долбоор жаңы жашоо табат деп үмүттөнөм, анткени жаш таланттарга таяна турган аянтча ар дайым керек.

Адам жашы өткөн сайын убакытка башкача мамиле кыла баштайт. Сиздин оюңузча, адамдар жашоосун көбүнчө эмнеге коротушат?

– Талгат бир жолу кереметтүү притча жазган. Анын каарманы жашоосун байлыкка, көркөмдүүлүккө, ийгиликке арнаган, бирок бардыгына жетишкенден кийин күтүлбөгөн жерден түшүнгөн: ички боштукту материалдык жетишкендиктер менен толтурууга мүмкүн эмес. Ошондо ал: «Жаратуучу! Мен жашоомду ушул үчүн гана жашадымбы?» – деп кыйкырат. Бул окуя мага дайыма Сенеканын сөздөрүн эске салат: «Бизде убакыт аз деген жалган, чындыгында биз анын көп бөлүгүн жоготуп жатабыз».

WhatsApp Image 2026-07-14 at 14.34.12

Сиздин оюңузча, адам өмүрүн эмнелер көп уурдайт?

– Баарынан мурда башкалардын сценарийи боюнча жашоо, кийинкиге калтырылган жашоо синдрому, чексиз тынчсыздануулар, таарынычтар, маалыматтык ызы-чуу жана тынымсыз иштейм деген иллюзия. Эң коркунучтуусу – бул менин жашоомбу деп өзүңдөн сурабай, автопилотто жашоо.

Анда чындыгында жашоо деген эмнени билдирет?

– Жагдайлардын туткуну болбой, өз тагдырыңдын режиссёру болуу. Баалуулуктарыңды эркин тандоо, убакытты сүйүүгө, жаратууга жана маанилерге жумшоо. Анткени убакытты топтоого болбойт. Аны толтурууга гана болот.

Венера, чынчылдыгыңыз, акылмандыгыңыз жана бул сүйлөшүүнүн тереңдиги үчүн рахмат. Көп жылдардан кийин сиз менен интервью форматында болсо да кайрадан жолугушуу мен үчүн абдан баалуу болду.

– Сизге да Ассоль, рахмат. Чынын айтсам, суроолоруңузга жооп берип жатып чыныгы ырахат алдым. Алар көп жыл мурункудай эле, жашоо окуяларын эске салып гана тим болбостон, ойлонууга, сезүүгө жана анын эң маанилүү барактарын кайрадан жашоого түрткү берет. Чындап сүйлөгүң келген суроолорду берген сейрек талантыңыз үчүн рахмат. Биздин жолугушуулар улана берсин, ал эми мындай сүйлөшүүлөр адамдарга жашоону да, өздөрүн да бир аз тереңирээк түшүнүүгө жардам берсин.