“Ялланын” жетекчиси Фаррух Закиров легендарлуу топтун аталышынын сырын ачты
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген маданият ишмери, Эл аралык элдик дипломатия ассоциациясынын вице-президенти, Ч.Айтматов атындагы Эл аралык Ысык-Көл форумунун вице-презентаты Ассоль Молдокматованын "Дүйнөнүн лидерлери" автордук рубрикасы
Жаңы чыгарылыштын каарманы – СССРдин эл артисти, легендарлуу "Ялла" ансамблинин көркөм жетекчиси Фаррух Закиров.
Анын ырлары бир нече муундун маданий кодунун бир бөлүгү болуп калды. "Үч кудук – три колодца", "Акыркы поэма" (“Последняя поэма”), "Бул сүйүү" (“Это любовь”), "Чайхана" жана башка көптөгөн композициялар Өзбекстандан тышкаркы жерлерде да белгилүү.
Фаррух Каримовичтин артында ондогон өлкөлөр, миңдеген концерттер жана миллиондогон көрүүчүлөр турат. Бирок анын жашоосундагы эң чоң байлыгы атак-даңк эмес.
Фаррух Каримович Закиров менен мени жыйырма жылдан ашык убакыт мурун башталган көп жылдык таанышуу байланыштырат. Анын чыгармачылыгына арналган даректүү тасмага тартылып жатканымда, биз биринчи жолу узакка маектешкенбиз. Ошол кезде эле мен анын талантына жана инсандык масштабына гана эмес, ой жүгүртүүсүнүн тереңдигине, акылмандыгына жана татаал маселелерди жөнөкөй жана чын жүрөктөн талкуулаган сейрек кездешүүчү жөндөмдүүлүгүнө таң калгам.
Кийинчерээк жаңы жолугушуулар жана жашоо, маданият, чыгармачыл адамдын коом алдындагы жоопкерчилиги тууралуу узак сүйлөшүүлөр болду. Өзгөчө Фаррух Каримович Өзбекстандын Маданият министрлигин жетектеген мезгил эсте калды. Баарлашууларыбыз искусствонун чегинен алыс чыкты. Биз улуттук өзгөчөлүктү сактоо, жаштарды тарбиялоо, маданияттын азыркы дүйнөдөгү ролу жана тез өзгөрүүлөр доорунда руханий багыттарды сактоонун канчалык маанилүү экендиги жөнүндө сүйлөштүк.
Жылдар өткөндөн кийин тагдыр бизге кайрадан Москвада, анын Өзбекстандын Россия Федерациясындагы элчиси катары дипломатиялык миссиясы учурунда жолугушууга мүмкүнчүлүк берди. Ошондо мен анда артист, мамлекеттик ишмер, дипломат жана жогорку ички маданияттуу адам канчалык органикалык түрдө айкалышканына дагы бир жолу ынандым.
Ондогон жылдар бою чыгармачылык ишмердүүлүгүндө Фаррух Закиров легендарлуу «Ялла» ансамблинин символу гана болуп калганжок. Ал өмүрү бүтүндөй бир доордун чагылышы болгон сейрек кездешүүчү адамдардын бирине айланды. Ошондуктан бүгүнкү сүйлөшүү музыка жөнүндө гана эмес, ошондой эле мезгил, эс тутум, маданият жана модага да, саясий чектерге да баш ийбеген адамдык баалуулуктар жөнүндө.

– Урматтуу Фаррух Каримович, экөөбүз көп жылдан бери тааныш жана дос болуп келебиз. Ар бир жолугушуубуз ар дайым кызыктуу, мазмундуу жана абдан жылуу маек болот. Сиз сейрек кездешүүчү адамдардын катарына киресиз, алардын жанында убакыт өз агымын жайлаткандай, ал эми эскерүүлөр жанданып, жаңы түстөргө ээ болот. Ошондуктан бүгүн мен өткөнгө бир аз саякат жасап, сиздин жашооңуздагы, чыгармачылык жолуңуздагы жана тагдырыңыздагы эң маанилүү барактарды эскерүүнү сунуштайм.
– Ассоль, кубануу менен макулмун. Кээде артка кылчайып кароо өткөн жылдарды эстеп гана тим болбостон, кандай жол басып өтүлгөнүн, бул жолдо кандай адамдар жолукканын жана жашоо эмнеге үйрөткөнүн түшүнүү үчүн да пайдалуу болот. Эскерүүлөрүмдү чын дилимден бөлүшөм.
– Фаррух Каримович, сиздин артыңызда чоң чыгармачылык өмүр баян гана эмес, мамлекеттик кызмат тажрыйбасы да бар. Сиз маданият тармагын артист, жетекчи жана мамлекеттик деңгээлде чечим кабыл алган адам катары жакшы билесиз. Сахнанын башка тарабына өткөндөн кийин маданий саясатты түшүнүүңүз кандай өзгөрдү? Анан бүгүнкү күндө Өзбекстандын чыгармачыл коомчулугу үчүн кайсы милдеттерди эң маанилүү деп эсептейсиз?
– Мамлекеттик башкаруу системасындагы жумуш мен үчүн өтө олуттуу турмуштук тажрыйба болду. Буга чейин, көптөгөн артисттер сыяктуу эле, маданияттын көйгөйлөрүн чыгармачыл адамдын көзү менен көрчүмүн. Башкаруу чөйрөсүнө келгенимде, театрлар, музыкалык жамааттар, китепканалар, музейлер жана концерттик уюмдар күн сайын туш болгон көптөгөн маселелерди тез эле чечүүгө болчудай сезилген.
Бирок чындык алда канча татаал болуп чыкты. Тармактын чыгармачыл муктаждыктары менен административдик механизмдердин ортосунда тең салмактуулукту табуу канчалык кыйын экенин түшүндүм. Кээде, биринчи караганда эле айкын көрүнгөн чечимдер узакка созулган макулдашууну талап кылып, көптөгөн жагдайларга көз каранды болоруна туш болдум. Балким, дал ошондо маданий долбоорлорду түзүү гана эмес, алардын өнүгүшү үчүн шарттарды түзүү канчалык маанилүү экенин түшүндүм. Ошону менен бирге, мен акыркы жылдары Өзбекстандын маданий турмушунда чындап эле олуттуу оң өзгөрүүлөр болгонуна ишенем. Мамлекет искусство ишмерлерин колдоого, улуттук мурастарды сактоого жана чыгармачыл кызматкерлердин кызыкчылыктарын коргоого алда канча көп көңүл бура баштады. Автордук укуктарды коргоого байланыштуу маселелерди чечүүнү өзгөчө маанилүү деп эсептейм. Ар бир композитор, музыкант, аткаруучу же жазуучу үчүн бул материалдык колдоо гана эмес, ошондой эле интеллектуалдык эмгекке болгон урмат-сый маселеси. Бул багытта акыркы жылдардагы демилгелердин аркасында көп иштер жасалды.
Маком жана бахши сыяктуу салттуу музыкалык жанрларга болгон кызыгуунун кайра жанданышын да маанилүү деп эсептейм. Бул жөн гана музыка эмес. Бул элдин тирүү эс тутуму, биздин маданий өзгөчөлүгүбүздүн бир бөлүгү, аны кийинки муундарга өткөрүп берүү зарыл.
– Фаррух Каримович, бүгүн сиз үчүн ийгилик эмнени билдирет?
– Жаш өткөн сайын ийгилик сыйлыктардын саны эмес экенин түшүнө баштайсың. Эң негизгиси – бул элдин сүйүүсү. Эгер ондогон жылдар өтсө да ырларыңды уга беришсе, эгер көрүүчүлөр концерттерге балдары, неберелери менен келишсе – демек, сен өмүрүңдү текке кетирген жоксуң.
– «Ялла» ансамбли доордун чыныгы символуна айланды. Мындай популярдуулуктун сыры эмнеде?
– Биз эч качан кимдир бирөөгө окшошууга умтулган эмеспиз. Өз жүзүбүздү сактагыбыз келген. Чыгыш обондорун, улуттук аспаптарды, элибиздин салттарын алып, аларды заманбап үн менен айкалыштырдык. Менимче, дал ушул чын ыкластуулук адамдарга бизди кабыл алууга жардам берди.
– Фаррух Каримович, сиз Өзбекстандын маданиятынын чыныгы легендасына айланган үй-бүлөдө төрөлгөнсүз. Атаңыз Карим Закиров, апаңыз Шахиста Саидова жана агаңыз Батыр Закиров искусство тарыхында жаркын из калтырышкан. Сиз үчүн бул көрүнүктүү династиянын бир бөлүгү болуу эмнени билдирет?
– Менимче, бул бир эле учурда бакыт да, чоң жоопкерчилик да. Искусство кесип эмес, жашоо образы болгон үй-бүлөдө төрөлгөндө, сен бала кезиңден эле өз тагдырыңдан да чоң нерсеге таандык экениңди түшүнөсүң. Ата-энем бизди эч качан өздөрүнүн жолун жолдоого мажбурлашкан эмес, бирок күн сайын өз үлгүсү менен ишке берилгендик, көрүүчүгө урмат жана маданиятка болгон сүйүү эмне экенин көрсөтүшкөн. Чыгармачылык жашоонун табигый бөлүгү, дем алган абасындай болгон атмосферада чоңойдук.

– Ата-энеңизден кандай негизги сабак алдыңыз?
– Атам: "Сахна - бул ыйык жер" деп көп айтчу. Жаш кезиңде бул сөздөрдү кооз сөз катары кабыл аласың, бирок жашың өткөн сайын тереңдигин түшүнөсүң. Ал бизге артист үнү же чеберчилиги үчүн гана жооптуу эмес экендигин үйрөткөн. Ал адамдарга кандай ойлорду жана сезимдерди алып келгени үчүн жооптуу. Апам болсо укмуштуудай көркөм сезимге ээ болчу. Кийинчерээк "Ялла" ансамблинин тагдырын аныктаган көптөгөн чечимдер анын кеңешинен кийин кабыл алынган. Азыр да кээде ичимден: "Апам эмне дейт болчу? Бул ишти кандай баалайт эле?" деген суроо берем. Адам кетет, бирок анын акылмандыгы сени менен түбөлүк калат.
– Сиздин иниңиз Батыр Закиров өзбек маданиятынын тарыхында өзгөчө орунду ээлейт. Сиз үчүн кандай ага эле?
– Ал миллиондогон адамдар үчүн легенда болду, а мен үчүн агам жана устатым. Батыр акамдин билимге болгон кумары абдан күчтүү болгон. Музыка, театр, көркөм сүрөт, адабият, тарых. Ал эч качан жетишкендиктерине токтогон эмес жана ар дайым чыгармачылыктын жаңы түрлөрүн издеген. Ал мага талант - бул өзүн-өзү тынчтандыруучу нерсе эмес, а өнүгүүгө түрткү берген нерсе дегенди сиңирген. Өмүрү кыска болду, бирок жашоосу ушунчалык жаркын бошгондуктан, бүгүнкү күнгө чейин көптөгөн адамдар анын мурасынан шыктануу алышат.
Ар бир адам өз жолу менен жүрүүнү каалайт. Бирок мен эч качан үй-бүлөмдү көлөкө катары көргөн эмесмин. Тескерисинче, ал алдыга жылууга жардам берген жарык. Мен эч кимди туурабашым керектигин түшүндүм. Милдетим эң мыкты үй-бүлөлүк салттарды сактап калуу жана ошол эле учурда өз үнүмдү, өз стилимди жана өз ордумду табуу болчу.
– Фаррух Каримович, "Ялла" ансамблинин артында жарым кылымдан ашык чыгармачылык өмүр бар. Музыка дүйнөсүндө эмгек жамааттар бир нече жылдан кийин тарап кеткен учурлар көп кездешет, а сиздердики чындап эле уникалдуу көрүнүш. Сиз кантип ушундай жолду басып өтүп, атын, көрүүчүлөрүн жана бир нече муундун сүйүүсүн сактап калдыңыз?
– Чынын айтсам, мен эч качан "Ялланын" тарыхын сандар аркылуу кабыл алган эмесмин. Бирок үн чыгарып, “сахнада элүү жыл” деп айтканда, өзүң да канчалык чоң жол басып өткөнүңдү ойлоно баштайсың. Бул убакыттын ичинде көрүүчүлөрдүн бүтүндөй муундары өсүп чыкты, өлкө өзгөрдү, музыка индустриясы өзгөрдү, жаңы технологиялар жана жаңы музыкалык багыттар пайда болду. Ал эми "Ялланын" ырлары уланууда.
– Сиздин оюңузча, коллективге тез өзгөрүп жаткан доорлордун жана музыкалык тенденциялардын арасында жоголуп кетпөөгө эмне жардам берди?
– Балким, сыры биз эч качан убакытты кууганга аракет кылбаганыбызда жаткандыр. Биз өз маданиятыбызга жана көрүүчүлөрүбүзгө чынчыл болууга аракет кылдык. Ар кайсы жылдары ар кандай агымдар модада болгон, бирок ар дайым биздин негизги милдетибиз — өзбек музыкасынын жанын сактап калуу жана ар кайсы өлкөлөрдүн жана улуттардын адамдарына түшүнүктүү тил табуу экенин түшүнгөнбүз.

– Сиз жаңы баштаганда, тарыхка кире турган коллективди түзүп жатканыңызды түшүндүңүз беле?
– Албетте, жок. Биз өз стилибизди издеп жүргөн жаш музыканттар элек. Биз заманбап музыка улуттук каада-салттардын тили менен сүйлөй аларын, элдик обон заманбап жана актуалдуу угулушу мүмкүн экенин көрсөткүбүз келди. Дүйнө жүзүндөгү элдер биздин ырларыбызды ырдап баштаганда, туура багытта баратканыбызды билдик.
– Бүгүн алгачкы топтун курамынан бир гана сиз калдыңыз. Бул кандай сезимдерди жаратат?
– Убакыт эч кимди аябайт. Менин көптөгөн досторум жана кесиптештерим ансамблдин башталышында турушкан. Ошондуктан мен үчүн ар бир концерт көрүүчүлөр менен жолугушуу гана эмес, "Ялланын" тарыхын мени менен бирге түзгөн адамдардын элеси. Кандайдыр бир мааниде мен бул ишти уланышы үчүн алардын алдында жоопкерчиликти сезем.
– Ансамблдин аталышы көптөн бери Өзбекстандын чегинен тышкары белгилүү бренд болуп калды. Анын “төрөлгөн” убактысы эсиңиздеби?
– Абдан жакшы эсимде. Алгачкы теле долбоорлордун биринде жаңы программаны даярдап жатканбыз. Залда мыкты режиссер жана педагог Анатолий Кабулов отурган. Бир учурда ал күтүлбөгөн жерден ансамблдин атын "Ялла" деп коюуну сунуштады. Аталыш бизге өзгөчө музыкалык, жеңил жана тез жатталуучу болгону үчүн жаккан.
– Сиз бул аталыштын тереңирээк мааниси бар экенин качан түшүндүңүз?
– Кийинчерээк. Ошондо мен өзбек маданиятында ялла жөн эле ыр эмес экенин билдим. Бул кубанычка, кыймылга, баарлашууга жана жарыкка толгон элдик чыгармачылыктын өзгөчө жанры. Бул адамдарды бириктирип, майрамдык маанайды жараткан музыка.
– Аталыштын өзү жамааттын өзгөчө тагдыры болуп калды деп айтууга болобу?
— Ооба деп ойлойм. Артка кылчайып карасак, ансамблдин бүткүл тарыхы бир максатка – адамдарды музыка аркылуу бириктирүүгө арналган. Алар кайсы тилде сүйлөшпөсүн, кайда жашабасын жана канча жашта болбосун. Эгер ондогон жылдар өткөндөн кийин да биздин ырлар угуучулардын жүрөгүнөн орун таап жатса, демек, жол туура тандалган. Балким, артисттин негизги бактысы — өзүңдүн музыкаң өз алдынча жашоосун улантып жатканын түшүнүүдө.
– Сахнадагы ондогон жылдар ичинде ийгиликке болгон көз карашыңыз өзгөрдүбү?
– Абдан катуу. Жаш кезде ийгилик – бул популярдуулук, концерттер, кол чабуулар сыяктуу сезилет. Бирок убакыт өткөн сайын мунун баары кесиптин сырткы гана тарабы экенин түшүнөсүң. Чыныгы ийгилик – ондогон жылдар өткөндөн кийин да ырларың жашап, адамдар алардан дагы эле өзүнө жакын нерселерди таба алгандыгында. Артист үчүн мындан чоң сыйлык жок.
– Бүгүн Закировдордун үй-бүлөсүнүн негизги мурасы эмне деп эсептейсиз?
– Ырлар да эмес, сыйлыктар да эмес, атүгүл атак-даңк да эмес. Эң негизги мурас – бул кесипке жана адамдарга болгон мамиле. Бизди чынчыл жашоого, ак ниеттүү иштөөгө жана артист келип-кетсе да, маданият кала берерин эч качан унутпоого үйрөтүшкөн. Эгер эмгегиң менен анын өнүгүшүнө кичинекей болсо да салым кошо алсаң, демек, өмүрүңдү текке кетирген жоксуң.
– Сиз улуттук маданият жөнүндө көп айтасыз. Бүгүнкү күндө өз тамырыңды сактоо канчалык маанилүү?
– Тамырсыз дарак жашай албайт. Дүйнө глобалдуу болуп баратат, бирок бул өз өзгөчөлүгүңдү жоготуш керек дегенди билдирбейт. Тескерисинче, адам өз маданиятын канчалык терең билсе, ал дүйнөгө ошончолук кызыктуу болот. Улуттук маданият – бул өтмүш эмес. Бул келечектин пайдубалы.

– Сиз үчүн чыныгы артисттин башкы белгиси эмне?
– Өз ишине көп жылдар бою кызмат кыла билүү. Жолду баштоо кыйын, бирок ондогон жылдар өткөндөн кийин кесипке болгон урматты сактоо андан да кыйын. Чыныгы артист жашына жана жеткен бийиктиктерине карабастан, үйрөнүүнү, жашоону байкоону жана жаңы маанилерди издөөнү токтотпойт.
– Эгер бүгүн жаш музыкант сизден бир гана кеңеш сураса, ал кандай болмок?
– Өзүңдөн кантип атактуу болом деп сураба. Өзүңдөн сахнага эмне үчүн чыгасың деп сура. Эгер адам бул суроого жооп тапса, ал кесиптин бардык сыноолоруна туруштук бере алат. Эгерде жалгыз максат популярдуулук болсо, көңүл калуу абдан тез келет.
– Фаррух Каримович, сиз каттарды жумалап күткөн мезгилди башынан өткөргөн, ал эми бүгүн жасалма интеллект доорунда жашаган адамдардын муунуна киресиз. Убакыт менен бирге адам кантип өзгөрөт?
– Технологиялар адам табиятынан алда канча тез өзгөрөт. Бир кезде адамдар катты айлап күтүшсө, бүгүн билдирүүлөрдү секундада алышат. Бирок сүйүү, достук, үмүт, жоготуу кайгысы жана бакытка умтулуу өзгөрүүсүз калат. Мени башка нерсе тынчсыздандырат: биз убакытты үнөмдөөнү үйрөндүк, бирок аны сезбей калдык. Заманбап адам дайыма бир жакка шашат, бирок эмне үчүн жана кайда бара жатканын өзүнөн сейрек сурайт. Жаш өткөн сайын адамдын негизги байлыгы атак-даңк же материалдык жетишкендиктер эмес, тескерисинче, жашаган убакыт экенин түшүнө баштайсың. Бир күнү артка кылчайып, бул жылдар текке кеткен жок деп айта алуу абдан маанилүү.
– Сиз Чыгыш маданиятын көрсөтөсүз. Сиздин оюңузча, Чыгыш азыркы дүйнөгө эмне бере алат?
– Биринчи кезекте, шашпоо жөндөмүн. Бүгүн бул дээрлик мүмкүн эместей сезилет, анткени дүйнө бат натыйжаларды жана тез жеңиштерди талап кылат. Бирок Чыгыш кылымдар бою адамды сабырдуулукка тарбиялап келген. Байыркы акылмандар “отоо чөп гана тез өсөт, ал эми күчтүү дарак өсүш үчүн жылдар керек” дешкен. Адамда дал ошондой. Кесипкөйлүк үчүн эмгек, акылмандык үчүн турмуштук тажрыйба, ал эми инсанды калыптандыруу үчүн бүтүндөй өмүр керек. Менимче, азыркы дүйнөгө дал ушул түшүнүк барган сайын жетишпей баратат.
– Сиздин артыңызда зор чыгармачылык өмүр жолу турат. Артисттик узак өмүрүндүн эң кыйыны эмне болду?
– Адамдарга болгон кызыгууну жоготпоо. Башкалардын тагдырына кайдыгер карабай, боорукердик кылып, дүйнөнү өзүңдүн гана сезимдериң аркылуу көрбөй турган кезде, сен тирүү адам жана чыныгы сүрөтчү бойдон каласың. Артист сахнага чыкпай калганда эмес, жашоого таң калбай калганда түгөнөт. Дал адамдар ар дайым искусство үчүн негизги илхам булагы болуп келген.
– Узак өмүрүндө адам көп нерсени кайрадан ойлонот. Азыркы дүйнөгө караганыңызда, сизде өзгөчө тынчсызданууну жараткан бир нерсе барбы?
– Мени тереңдиктин жоголушу тынчсыздандырат. Бүгүн баары абдан тез болуп жатат: жаңылыктар, окуялар, баарлашуу. Адамдар дүйнөнү кыска үзүндүлөр менен кабыл алууга көнүп калышты. Бирок маданият, искусство, чыныгы адамдык мамилелер убакытты жана ички эмгекти талап кылат. Мен адамдар айланасында болуп жаткан нерселер жөнүндө гана эмес, ичинде болуп жаткан нерселер жөнүндө да көбүрөөк ойлонушун каалайт элем. Анткени адамдын ички дүйнөсү коомдун келечегин аныктайт.
– Жыйырма-отуз жылдан кийин өлкөлөрүбүздүн өңүтүн аныктай турган Борбор Азиянын жаш муунуна эмне айткыңыз келет?
– Жаштарга заманбаптык менен салтты айкалыштырууну үйрөнүүнү каалайт элем. Бүгүн алардын алдында бүткүл дүйнө ачык, бул абдан сонун. Бирок адамдын горизонттору канчалык кеңейген сайын, анын тамыры ошончолук бекем болушу керек. Өткөн менен келечектин ортосунда тандоонун кереги жок. Чыныгы акылмандык ата-бабалардын тажрыйбасына таянып, ошол эле учурда алдыга ишенимдүү умтулууда турат. Дал ушундай жол менен күчтүү инсан жана күчтүү коом калыптанат.
– Эгер сизде урпактарга көп жылдардан кийин окуй турган бир гана ойду калтыруу мүмкүнчүлүгү болсо, ал кандай болмок?
– Адамдар эч качан жаратуу жөндөмүн жоготпосо экен деп каалайт элем. Адамзат тарыхындагы бардык улуу нерселерди кургандар, бириктиргендер, шыктандыргандар жана башкалар үчүн пайдалуу нерселерди калтыргандар жараткан. Дүйнө ансыз деле көптөгөн бөлүнүүлөргө туш болууда. Ошондуктан ар бирибиз өзүбүзгө суроо берүүбүз маанилүү: менден кийин эмне калат? Эгер жообу билим, жакшылык, маданият, музыка, өз жерине болгон сүйүү жана адамдарга болгон урмат-сый болсо, демек, ал адам татыктуу жашоону жашап өткөн.
– Кыргызстан "Ялла" ансамблин ар дайым жылуу тосуп алат. Биздин өлкө сиз үчүн эмнени билдирет?
– Мен үчүн Кыргызстан – бул жакын адамдар, кооз жаратылыш жана укмуштуудай меймандостук. Элибизди тарых гана эмес, чын ыкластуу адамдык достук да байланыштырат. Бишкекке же Ысык-Көлгө ар бир келген сайын эң жылуу эскерүүлөр менен кетем.
– Фаррух Каримович, сиздин жашооңуз сахна, гастролдор, чыгармачылык издөөлөр жана элдин туруктуу көңүл буруусуна толгон. Бирок бардык чоң жетишкендиктердин артында ийгиликтин кубанычын гана эмес, жолдогу бардык кыйынчылыктарды да бөлүшкөн ишенимдүү адам турат. Анна менен үй-бүлөлүк биримдигиңиздин сыры эмнеде?
– Менимче, биринчи кезекте бири-бирибизди сыйлоо жана ыраазы болуу. Көп жылдар бою жубайым гана болбостон, эң жакын досум, шеригим жана мен толугу менен ишенген адамды жолуктуруу менен тагдыр мага чоң бакыт тартуулады. Анна менин жашоомдо өзгөчө орунду ээлейт. Ал ар бир чыгармачыл адамга керек болгон тең салмактуулукту жарата алат. Мени дайыма колдоп, түшүнүп, ишенип турду. Анысы менен чыгармачылык чечимдеримдин көбүнүн жеңилирээк жана тайманбастык менен кабыл алынышына себеп болду окшойт.

Мен көп айтам, артисттин жубайы болуу – бул өзгөчө талант жана өзүнчө кесип. Коомчулук концерттерди, кол чабууларды жана ийгиликти көрөт, бирок кадрдын артында туруктуу сапарлар, үйдө болбоо, тыгыз график жана жогорку жоопкерчилик менен байланышкан жашоонун чоң бөлүгү калат. Мунун баары чоң сабырдуулукту, акылмандыкты жана ички күчтү талап кылат. Чынын айтканда, менин көптөгөн жетишкендиктерим жубайымда байланыштуу. Ийгиликтерим жөнүндө сөз болгондо, дайыма Аннанын да чоң эмгеги бар экенин белгилейм. Ал жөн эле жанымда жүргөн жок – ал мага эң негизгисин, ички гармонияны сактоого жардам берди, ансыз чыгармачылык да, бактылуу үй-бүлөлүк жашоо да мүмкүн эмес.
– Бүгүн Фаррух Закиров эмнени кыялданат?
– Жер бетинде кастык азыраак болсо экен. Адамдар бири-бирин көбүрөөк угушса экен. Маданият элдерди бириктирүүнү уланта берсе экен. Жана жаш муун өз тамырын унутпаса экен.
– Окурмандарга кандай негизги ойду жеткиргиңиз келет?
– Суктануу жөндөмүңөрдү сактагыла. Тилекке каршы, жаш өткөн сайын көп адамдар айланасындагы кооздукту байкабай калышат. Алар таңдын атышына көнүп, жылдыздарга карабай, таланттуу адамдарга таң калбай жана башкалардын ийгиликтерине кубанбай калышат. Чындыгында, адамды руханий жактан жаш кылган дал ушул суктануу жөндөмү. Музыка бизди толкутуп, искусство шыктандырып, башка адамдардын тагдыры тынчсыздандырып, жөнөкөй нерселер кубантканда гана биз чындап жашайбыз. Күнүмдүк жашоо бул сезимди сизден уурдап кетишине жол бербеңиз.
Кээде тагдыр артистке популярдуулукту тартуулайт. Кээде – таанууну. Бирок ал эң негизгисин – бир нече муундун эс тутумунун бир бөлүгү болуу укугун саналуу гана адамдарга берет. Фаррух Закиров дал ушундай адамдарга кирет. Анын ырлары жүрөктөрдү бириктирүүнү улантууда, ал эми анын жашоо философиясы бизге эч качан өз баалуулугун жоготпогон жөнөкөй чындыктарды эске салат.
