Белгилүүлөрдүн классташтары эмне дейт?
Акыркы коңгуроо – ар бир адамдын жүрөгүндө өзгөчө орун алган күн. Мектепти бүтүргөнүнө 20-30 жыл өтсө да, ошол жылдардын элеси, классташтардын достугу жана окуучулук күндөрдүн кызыктуу окуялары унутулбайт. Биздин каармандарыбыз тууралуу алардын классташтарынан сурадык.
Ыраат, Нурдөөлөт Копоевдин классташы: “Жөндөн жөн эле мугалимден тил уккам”
– Нурдөөлөт экөөбүз Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылында Абыл Искендеров атындагы орто мектепти он бир жыл бирге окудук. Биз классташ эле эмес, кошуна да болчубуз. Балалык чагыбыз айылда, замандын сонун учурунда, адамдар ток пейил мезгилинде өттү. Чана тээп, эшек минип, суу ташып, мектепке бирге барган бактылуу күндөрүбүздөн бир топ жыл узап быйыл минтип 30 жылдыкты белгилейли деп жаткан чагыбыз.
Артты кылчайып караганымда окуучулук кездердеги бир окуя эсиме түшүп жылмайып алам. Ал кезде “эшек минмей” деген оюн бар эле. Бирөөнү төөбасты кылып бардык балдар басып алып минип алган оюн болчу. Адаттагыдай класста отурганбыз. Мен Нурдөөлөт отурган партанын артында отурчумун. Бир учурда балдарыбыз ойноп Нурдөөлөттү басып калышса болобу. Бир учурда мугалим кирип келип уруша баштады. Нукем ызаланып алган. “Оюнду ким баштады?” десе эч оюнга тиешеси жок мени көрсөттү. Ошентип жөндөн жөн эле досум үчүн мугалимден тил уккан элем. Ошол кезде Нурдөөлөт кандай болсо азыр да ошондой уюштургуч, таланттуу. Баарыбыздын башыбызды бириктирип антели-минтели деп турат. Классташтардан бир топ балдарыбыз бул дүйнөдөн өтүп кеткен эле. Аларды эскерип китеп чыгаралы деп Нурдөөлөт чуркап жүрөт. Буйруса июнь айынын аягы менен жолугушууга барабыз.
Кадича, Мээрим Касаболотованын классташы: “Мээрим жүрөк оорудан турбай калабы деп ойлогонбуз”
– Биз Ысык-Көлдүн Теплоключенко айылында мектепти бирге окудук. Быйыл 30 жылдыгыбыз. Мээрим кичинесинен эле таланттуу болгон үчүн мектептеги маданиятка тиешелүү кандай иш-чара болбосун баарын уюштурчу, ырдачу, бийлечү, комуз чертчү. Айтор, мектептин жүзү болгон десем жаңылышпайм. Окуучулардын арасынан министрлерди шайлашчу эле го. Мээрим болсо “Маданият министри» болчу. Ошондой күндөрдүн биринде Мээрим сабакка келбей калды. Сураштырсак жүрөгү ооруп абалы абдан начарлап төшөккө жатып калды дешти. Ушундай таланттуу ырдап, бийлеп жүргөн кыз жүрөк оорудан турбай калабы деп ойлогонбуз. Бирок кийин арабызга кошулуп жакшы болуп кетти. Азыр кинодон, спектаклдерден көрүп классташыбыз менен сыймыктанып калабыз.
Улан, Эржан Осмоновдун классташы: “Эржанды периште катары кабыл алып ыйлаганбыз”
– Эржан менен Таластагы Талды-Булак айылында 11 жыл бирге окудук. Азыркы тапта 20 жылдыгыбызга чогулуп мектебибизге барып, чер жазып жаткан учурубуз. Биздин айылыбызда спорттук оюн-зооктор, анын ичинде ат оюндары бүгүнкү күнгө чейин көп өткөрүлүп келет.
Эсимде, 2005-жылы 10-класста окуп жаткан учурубузда адаттагыдай улуттук оюн уюштурулуп, республиканын чемпиону болуп жүргөн улуу эле адамга Эржан эр-эңишке атаандаш болуп чыгып, тең-тең болгон эле. Эржандын күчтүүлүгүнө баарыбыз таң калып, бир чети сыймыктанып көпкө айыл ичинде кеп болгон. Биз Эржанды спорт жаатынан көрөбүз го деп калганбыз. Бирок ошол эле жылы адеп сабагынан ачык саат өтүлүп, ошондо Эржан Жабреил периштенин ролун аткарган. Ушунчалык жеткиликтүү аткаргандыктан аны чыныгы периште катары кабыл алып, баарыбыз таасирленип ыйлаганбыз. Мугалимдер да “артист бол, сенден чоң актёр чыгат” деп шык беришкен. Айткандай эле досубуз кыргызга төбөсү көрүнгөн актёр болду. Эржан манасты да катыра айтчу, кийин эле таштап койду окшойт.
Азат, ырчы Назира Токонованын классташы: “Назира комуз чертип ырдаса эле чыгарып алган колун эстейм”
– Биз Назира экөөбүз Сокулуктагы Муса Жангазиев атындагы мектепте 11 жыл бирге окудук. Бүгүн 20 жылдыкты белгилеп өткөн-кеткен кызыктуу күндөрдү эстеп отурган учурубуз. Назира кичинесинен эле таланттуу, маданиятка жакын, өтө кыялкеч кыз болчу. Кыялга батса айланада эмне болуп жатканы менен иши болбой, терезени карап калчу. Назиранын бала кези менин көз алдымда комуз көтөргөн кыз катары калды. Бир жолу Бакыт Кожокулов деген классташыбыз экөө ойноп жатып колунун бир манжасы курткасына илинип калып чыгып кетиптир. Назира ыйлап үйүнө кетти. Бакыт экөөбүз артынан барып кечирим сурап жатабыз. Же бизди Назира кечирип койбойт таарынып. Бир учурда аяш атабыз келип экөөбүздү кармап алып “эми комузду кантип чертет?” деп урушкан. Азыр теледен болобу, жанынан болобу, Назиранын комуз чертип ырдаганын уксам эле ошол чыгып калган колун эстей берем.
Дастан, актёр, тамада Алишердин классташы: “Досумдун айылда ачылбаган таланты шаарда ачылды”
– Алишер экөөбүз Токтогул шаарындагы Токтогул мектебин бирге окуганбыз. Ал кездерде азыркыдай телефон жок. Санарип, социалдык тармак деген түшүнүк кайда? Жаңыдан компьютердик оюндар келе баштаган кез эле. Биздин айылга Алишерлердин үй-бүлөсү заманбап деген түшүнүктү киргизген десем болот. Балдар үчүн компьютердик оюнду алып келгенде классташтардын баары Алишердин үйүнөн чыкпайт элек. Балабыз да, ачка-ток экенибизге деле кайыл болчу экенбиз. Аны байкаган аяш атабыз нанга сгущёнка шыбап ар бирибиздин колубузга карматчу. Ошол таттуу нан аябай эсимде сакталып калыптыр. Минтип килейген киши болсом деле сгущёнканы көрсөм Алишер менен өткөргөн балалык чагым эске түшө берет. Бирок биздин андай бирге ойногон бактылуу күндөрүбүз көпкө узаган эмес. 7-класста окуп жүргөн кезде борборго көчүп кетишти. Сүйлөөк, шайыр мүнөзү бар эле. Айылдан ачылбаган таланты борбордон ачылды окшойт. Кийин досубузду кинолордон актёр катары, тойлордон тамада катары көрө баштадык. Эл арасына тааныла баштаганда сыймыктанып калдык. Ар бирибиз өз оокатыбыз менен алек болуп жүрсөк да Алишерден кол үзбөгөн доско айландым. Минтип он жылдыгыбызды белгилеп жаткан чагыбыз.
