Кудайберген Базарбаев: Административдик-аймактык реформанын ийгиликтүү ишке ашканын эч ким тана албайт
КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамагенттиктин директору Кудайберген Базарбаев административдик-аймактык реформанын жыйынтыктары, кадрлар резервин түзүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутуу жаатында ой бөлүштү.
– Сиз жетектеген агенттик 2024-жылды кандай жыйынтыктады? Административдик-аймактык реформа кандай ишке ашты?
– Биз эгермендүүлүккө ээ болгон 34 жылдын ичинде бардык президенттер административдик-аймактык реформа жасагысы келген. Себеби, бул зарыл нерсе болчу. Иштеп жаткан система Совет доорунан калган пландуу система болгондуктан, жаңы, натыйжалуу башкаруу түзүмүн куруу керек эле. Бирок ар бир президент муну баштагысы келгени менен чечим кабыл алууга келгенде, бул иш-чаранын масштабдуу, терең, анан тобокелдүү экенин көрүшүп, токтоп калышкан.
Президент Садыр Жапаров гана саясий эркин көрсөтүп, ушундай кадамга барды. Анын натыйжасында, биз бүгүн админстративдик-аймактык реформанын бардык ийгиликтери менен артыкчылыктарын өз көзүбүз менен көрүп жатабыз. Өлкөбүздө админстративдик-аймактык реформа эмнеден башталды? Биз аны плюс-минустарын көрүп, бул иштин өзгөчөлүктөрүн эске алыш үчүн адегенде Түптөн, райондук деңгээлден баштадык. Бул райондо реформа ийгиликтүү ишке ашып, 13 айыл аймагынан бешөө калды. Ошондон улам дароо облустук деңгээлге өттүк. Облустук деңгээлдеги реформаны Нарын облусунда ишке ашырып, облустун губернатору Алтынбек Эргешов абдан ийгиликтүү иштеди. Бүгүн ал жердеги 63 айыл аймагы 27ге кыскарды. Кеп санда эле эмес, сапатта, биздин жарандарыбыздын турмуш-шарттарынын өзгөрүшүндө. Облустук деңгээлдеги реформадан кийин гана аны бүт республикада ишке ашырууга чечим кабыл алынды. Реформанын негизги максаты “Адамга багытталган саясат” деп түшүнсөк болот.
Муну менен биз адамдын укуктарын, эркиндигин жана жыргалчылыгын жогорку баага коюп, бардык саясий жана социалдык чечимдерди адамдардын кызыкчылыктарын эске алуу менен кабыл алуу принцибине негизделген. Реформа менен жарандардын социалдык жана экономикалык абалын жакшыртууну, теңдик жана адилеттүүлүк принцибин сактай алдык. Өзүңүздөр көрүп тургандай, ААРдин натыйжасында 452 айыл аймагынан 231 айыл аймагы калды. Дотациядагы начар айыл аймактары күчтүүлөрү менен бириктирилип, ийгиликтерге жетише башташты. Мен бир гана мисал келтирейин. Эң алыста жайгашкан, барууга кыйын болгон Чаткал районундагы Каныш-Кыя айыл өкмөтү бүгүнкү күндө 286 млн.сомдук жылдык бюджетке жетип отурат. Ал эми коңшулаш жайгашкан Терек Сай айыл өкмөтү 130 млн.сомдук бюджетке жетишти. Ушул эки сан эле биздин айылдардагы турмуш деңгээли бүгүн канчалык өскөнүн көрсөтүп турат. Биздин президетибиз Жапаров Садыр Нуркожоевичтин ААРдин башкы максаты адамдарга кам көрүү экенин айтты. Башкача айтканда, биздин жарандардын турмуш-шартын жакшыртууга багытталган саясат. Бүгүнкү күндө эч ким аймактык – административдик реформанын ийгиликтүү ишке ашканын тана албайт.
– Чет мамлекеттерден билим алып келген жаштарга сыноодон өтүүгө жардам берилеби? Негизи эле Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин билимин жогорулатууда кандай иш алып барасыздар? Анан да учурда санариптештирүү мезгил талабы эмеспи, бул багытта агенттиктин ишмердүүлүгү кандай болууда?
– Бүгүнкү күндө ААРдин жыйынтыгы боюнча буга чейин жайлап калган чөйрөлөрдүн баары иштей баштады. Президентибиздин тапшырмасы менен акыркы кездерде биз жергиликтүү бийлик органдарынын ишмердүүлүгүн санариптештирүүгө өткөрдүк. Буга мисал катары “Санарип аймак” порталыбыздын ийгилигин айтсак болот. Ага биз 6 миллионго жакын жарандарыбызды киргиздик.1 млн.340 миң үй чарбасы жөнүндө маалымат бар. Бүгүн биздин жарандар справка алыш үчүн айыл өкмөттөрүнө каттап, кезекке турбастан, керектүү маалыматтардын баарын үйдө отуруп эле ала алышат. Мындан тышкары, ар бир айыл өкмөтүндө муниципалдык ишканалар түзүлүүдө. Мурда биздин айыл өкмөттөрүбүздө таштанды ташуучу машиналар, таштанды таштоочу карьерлер жок болсо, бүгүн ар бир айыл өкмөттө муниципалдык ишканалар түзүлгөн. Буга турмуш шартын жакшыртуучу техникалар, ичүүчү суу, сугат суу менен камсыздоо жана жайыттарды туура багытка пайдалануу кирет.
Мындан тышкары, биздин агенттик кадрлар резерви менен иш алып барат. Жабык болбосун үчүн биз маалымат базасына жарандарды максималдуу түрдө киргизип жатабыз. Бүгүнкү күндө 22 миң 400 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер болсо, биз «е-Kyzmat» системасы менен активдүү иштеше баштагандан бери ага бюджеттен айлык алган башка да мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер киргизилди. Бүгүнкү күндө биздин маалымат базабызда 204 миң адам турат. Мындан тышкары, бул системанын ачыктыгынан улам 42 миң биздин жарандарыбыз маалымат базасына өздөрү киришти. Ошентип, маалымат базасында тигил же бул кызматка зарылдык болуп калса бул багытка ылайык келген параметрлерди карап көрсө болот. Биз ошондой эле Япония өлкөсүнүн JICA, Корея өлкөсүнүн KOICA линиясы боюнча окууну бүткөн бүтүрүүчүлөрдү да активдүү эске алабыз. Биз бүгүн Кытай Эл Республикасындагы кыска мөөнөттүү курстар менен да активдүү иштешип жатабыз. Мисалы, 2024-жылдын жыйынтыгында план боюнча 50 кызматкер окутулууга тийиш болсо, факт жүзүндө 580 кызматкер КЭРден тездетилген курстардан өтүп келишти.
Мындан сырткары Россия Федерациясынын Президентинин алдындагы Эл чарба жана мамлекеттик кызмат академиясы (РАНХиГС) менен келишим түзүүгө жетиштик. Бул окууга биздин мэрлерибиз барышат. Ал эми Түрк мамлекеттер уюмунун катышуучу өлкөлөрдүн 11-саммитинин алкагында Түркия Республикасынын Президентине караштуу Адам ресурстарын башкаруу кеңсеси менен кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлуп, райондук мамлекеттик администрациясынын башчылары окууга барып жатышат.
– Узак жылдар боюнча эмгек китепчеси биздин жарандар үчүн кыйын иш болуп келген. Себеби, пенсияга жылдын башында чыгышы керек болсо, улам бир мекемеге барып, тигил же бул жерде иштегенин, канча айлык акы алганын далилдөөгө туура келген. Ушундай болбосун үчүн биздин агенттик бүгүнкү күндө эмгек китепчелерин санариптештирүүгө киришип, Эмгек жана социалдык камсыздоо, Санариптештирүүнү өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте пилоттук режимде ишти баштадык.
Ал эми чет мамлекеттерден билим алып келген жаштарга сыноодон өтүүдөн жардам берилеби деген сурооңузга ошол чет мамлекетке тескерисинче биз жиберип, билим денгээлиңерди жогорулатып келгиле деп окутуп келип жатабыз. Ошол эле учурда четтен окуп келген жаштар өз багыты боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын жалпы жана ички резервине тура алат. Аларга эч ким жолтоо болбойт!
– Мурда мамлекеттик кызмат менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу өз-өзүнчө түзүм болчу. Бүгүн картина өзгөрдүбү?
– Эки агенттиктин бириктирилгени биринчиден, башкаруунун натыйжалуулугун арттырып, бири -бирин кайталаган керексиз түзүмдөрдү жоюуга, мамлекеттик жана муниципалдык кадрлардын квалификациясын жогорулатууга шарт түздү. Бизде Президентке караштуу Башкаруу академиясы бар. Анын башкы милдети – мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу. Бирок бюджеттик каржылоодогу кыйынчылыктардан улам ал билим берүү функциясына өтүп келген. Бүгүнкү күндө 108 млн. сом каражат бөлүнүп, окуу жайы кайрадан өзүнүн баштапкы милдетине өтүп отурат. Жергиликтүү деңгээлдеги мыйзам бузуулардын көбү кара ниеттиктен эмес, мыйзамды билбөөдөн улам жасалаары эч кимге жашыруун эмес. Ошондуктан, Президентибиздин тапшырмасы менен бүгүнкү күндө биз Башкаруу академиясын кайра курууну аяктап жатабыз. 2025-жылдан бардык муниципалдык кызматкерлерди кайра окутуп, квалификациясын жогорулата баштайбыз. Айыл өкмөттөрдүн, райондук, облустук админстрациялардын деңгээлинде. Анан албетте, министрликтерде жана ведомстволордо иштеген мамлекеттик кызматкерлер да окутулат.
– Кадрларды ротациялоо жакшы натыйжа берип жатабы? Кадр тандоодо билимине басым жасалады же тажрыйбасынабы?
– Өзүнүн жеке максаттары бар кээ бир кишилерге айыл өкмөттөрүндө өз кишилери иштегени ыңгайлуу. Ошонун кесепетинен тааныш-билиштик, мыйзамсыз мамилелер, коррупциялык көрүнүштөр пайда болот.Ошондуктан, президентибиз тарабынан райондордун башчылары ал райондон болбоого тийиш деген принципиалдуу чечим кабыл алынды. Бул айыл өкмөттөрүнө да тиешелүү. Бүгүнкү күндө айыл өкмөттөрү ирилешкендигине байланыштуу анын башчылары чоң саясий фигурага айланды. 60-70 миң киши жашаган айыл өкмөттөрү бар.Алардын ар бири өз жакындарын, тааныштарын кызматка тарта баштаса кандай болмок? Ошондуктан, айыл башчылары ал айылдан болбошу керек. Албетте, буга адегенде каршы чыккандар да көп болду. Бирок бүгүн бул этаптан толук өттүк. Биз бүгүн айыл өкмөттөрүнүн ишинин сапаты жөнүндө сөз кылып, көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын талкуулап жатабыз. Мен бул өтө маанилүү деп ойлойм.
