Шарип  Мешанло: “Спорт менен дос болгон балада сколиоз болбойт”
17 июль

Шарип Мешанло: “Спорт менен дос болгон балада сколиоз болбойт”

Балдар арасындагы сколиоздун көбөйүшү көбүнчө аз кыймылдуу жашоо образы, гаджеттерди узак колдонуу жана булчуңдардын алсыздыгы менен байланыштуу. Ортопед-кинезиолог Шарип Мешанло ата-энелер омуртканын кыйшайышын кандай белгилерден байкай аларын, оорунун күчөп кетиши эмнеси менен кооптуу болоорун жана эмне үчүн сколиозду алдын алуунун эң мыкты жолу спорт экенин айтып берди.

– Шарип Тахирович, акыркы жылдары сколиоз менен кайрылган балдардын саны көбөйүп жатабы? Буга эмне себеп?

– Мунун себеби, биз жашап жаткан коом, социалдык чөйрө. Биз кантип ойночубуз? Чуркап, даракка чыгып, турникке асылып, бири-бирибиз менен күрөшүп... Кыскасы, кыймыл көп эле. А азыркы балдарчы? Алардын алаксыган нерсеси – жалгыз эле телефон. Сааттап телефонду тиктеп отурган балада кайдагы кыймыл? Физикалык жактан активдүү эмес баланын булчуңдары алсыз болот. А булчуңдардын алсыз болушу – сколиоздун негизги себептеринин бири. 

– Дагы кандай себептери бар?

– Сколиоздун пайда болушуна бир нече фактор таасир этет. Мисалы, тукум куучулук, туулгандан болгон омуртка кемтиктери; омуртка жаракаттары, кальций жана D витамининин жетишсиздиги деген сыяктуу.

– Сколиозду убагында дарылабаса эмне болот?

– Убактысында дарылабаса, кабырга дүңкүйүп чыгып калат, дем алуу системасы бузулат, жүрөккө күч келет жана башка ички органдардын иштеши начарлайт. Анан да бала өзүн башкалардан кем сезип, психологиялык комплекске учурайт.

– Негизи сколиоздун белгилери кандай? Ата-эне эмнеге көңүл бурушу керек?

– Баладан төмөнкү белгилер байкалса, ортопедге кайрылуу сунушталат:

  • Ар дайым бир капталына жөлөнүп отурса;
  • Басканда ийини же жамбашы кыйшайып көрүнсө;
  • Бир бут кийиминин таманы тезирээк жешилсе;
  • Тез чарчаса;
  • Узак убакыт отурганда бели ооруп кетсе.

Сколиозду дарылоону канчалык эрте баштаса, ошончолук жыйынтыгы жакшы болот. Оору өзү 4 даражага бөлүнөт. Биринчи даражасында ийиндердин бийиктиги бирдей болбойт, бир лопаткасы экинчисине караганда чыгып турат. Жана ошондой эле бир аз бүкүрөйүү байкалат.

Ал эми экнчи даражасында омуртка 10–25 градуска чейин кыйшаят, дененин оң жана сол тарабынын симметриясы бузулат, бала эңкейгенде лопаткалар ар кандай деңгээлде көрүнөт.

Үчүнчү даражасында болсо бир ийин экинчисинен кыйла жогору турат, жамбаш сөөгү кыйшайып кетет, бала бат чарчап, басканда демигип калат.

Төртүнчү даражасында дененин жалпы деформациясы байкалат, кабырга дүңкүйүп чыгып калат, жүрөк менен өпкөнүн иштеши начарлайт. Мына ушул белгилерди ата-эне карап, баланы көзөмөлдөп туруусу зарыл.

– Сиздердин борбор сколиозду дарылоонун кандай ыкмасын колдоносуздар?

– Биз кинезиотерапия жана физиотерапияны колдонобуз. Кинезиотерапия - булчуң менен байламталардын байланышын бекемдөөчү ыкма. Пациентти өзү кыймылдоочу атайын керебеттерге жаткырып, омуртканы түздөөгө багыттайбыз. Андан кийин физиотерапияга жаткырабыз. Мындай жолдор менен болушунча түздөп алабыз да, үй шартында жасалуучу көнүгүүлөрдү берип кетиребиз, сууда сүзүүгө багыт беребиз. Сколиоздун түрүнө жараша пациент 2-3 жылга чейин биздин көзөмөлүбүздө болот. 

– Кыйшайган омуртка 100 пайыз түзөлөбү?

– Бул дагы сколиоздун деңгээлинен көз каранды. Убагында байкап, 1-2-даражасында эле бизге алып келсе, ал тез эле түптүз болуп оңолуп калат. Ал эми 3-даражасын дарылоого убакыт көбүрөөк керек болот. Аны түптүз кылып коюу кыйын. 4-даражасында болсо операция кылууга туура келет.

– Сууда сүзүү сколиоз үчүн канчалык пайдалуу?

– Сууда сүзүү сколиозду дарылабайт, болгону алдын алат. Сууда сүзгөндө дененин бардык бөлүгү бирдей кыймылдайт. Жөн эле сууда жүрө бербей туура сүзүү керек.

– Сколиоздун алдын алуу үчүн ата-энелерге кандай кеңеш берет элеңиз?

– Биринчи эле кеңешим: балдарыңарды кичинесинен спортко бергиле демекмин. Спорттун кандай түрү экени маанилүү эмес, эң негизгиси кыймылда болуу. Анан албетте, баланын дене түзүлүшүнө маани берип, текшерип турууну сунуштайм. Бир аз эле өзгөрүү болсо дароо адиске кайрылыңыз. Канчалык эрте кайрылсаңыз, ошончолук жакшы. Анткени бала активдүү өсүп жаткан маалда оңдоп калбасак, сөөк катып калганда кыйын болуп калат.